"Агым", 18.04.08 - 6-7-бет: MegaCom:...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  MegaCom:

Престиж, ыңгайлуулук, келечек

Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда башка компанияларга салыштырмалуу жакында эле пайда болгон MegaCom компаниясы ишенимдүү түрдө алдыңкы орундарды ээлеп келе жатат. Мунун далили катары компаниянын күндөн-күнгө өскөн популярдуулугун жана 780 миңден ашкан абоненттери арасындагы ишкананын кадыр-баркын белгилөөгө болот. Жогорку рейтингдин жана Кыргызстандын жашоочулары менен меймандарынын арасындагы конкуренттик артыкчылыгынын дагы бир көрсөткүчү - компания тарабынан өткөрүлгөн "MegaCom компаниясына суроо бер" аттуу Интернет-акциянын жыйынтыгы. Уюштурулган ишчарага кыргызстандыктар кайдыгер болбой, MegaCom компаниясынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, көрсөтүлгөн кызматтарга чындап кызыкдар экендигин көрсөтүштү. Беш күн ичинде компания сайтына келген суроолор топтолуп, аларга директор Андрей СИЛИЧ жооп берди.
Бүгүн биз виртуалдык диалогдун кызыктуу фрагменттерин алдыңыздарга тартуулап турабыз.

Андрей Силичтин өмүр таржымалы
Билими: 1994-1999 жж. Владивосток, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик техникалык университети, Экономика жана башкаруу институту, экономика жана менеджмент факультети, квалификациясы: "менеджмент" адистиги боюнча менеджер.

Ишмердиги: 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин. "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын директору, Бишкек ш./MegaCom уюлдук оператору, Кыргызстан.

2006-2007 жж. "БиМоКом Лтд" ЖАКнын коммерциялык директору, Бишкек ш./MegaCom уюлдук оператору, Кыргызстан.


2005-2006 жж. МегаФон - Ыраакы Чыгыш дирекциясы. Коммерциялык департамент. Сатуу боюнча коммерциялык директордун орун басары.

2004-2005 жж. МегаФон - Ыраакы Чыгыштын Приморье филиалынын коммерциялык бөлүмү. Дилерлер менен иштөө боюнча улук менеджер.

2003-2004 жж. МегаФон - Ыраакы Чыгыштын Приморье филиалынын коммерциялык бөлүмү. Дилерлер менен иштөө менеджери.

1999-2003 жж. "АКОС" ЖАКы. Владивосток (регионалдык уюлдук оператор, Приморье крайы). Абоненттерди тейлөө бөлүмүнүн адиси, Сall-борбор менеджери.

Мыкты байланыш үчүн ыраазычылык билдиребиз
Саидхон МИРХАМОВ, студент:
- Ушу тапта мен Европадамын. Бул жерде көпчүлүк уюлдук компаниялар 3G пайдаланышат. Биздин GSM стандартындагы уюлдук операторлор качан 3G коммерциялык пайдаланууга киргизишет?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы GSM-түйүндөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылып бүтөлек, потенциалы чоң. 3G кызматтарын пайдалануу жөнүндө сөз кылуу али эрте. Негизги себеп - абоненттик жабдык баасынын кымбаттыгы. Андан да жаңы кызматтын тарифи 2-муун системасына салыштырмалуу кыйла кымбат болот. Демек Кыргызстанда 3G кызматын ченелүү адамдар гана пайдалана алышат. Андыктан биз азырынча 3G стандартына өтүүгө шашылган жокпуз. 2008-жылы GSM стандартынын базасында кызматтарды киргизип өнүктүрөбүз.
Александр ИВАНОВ, студент:
- Ылдамдыктын жогорулашы жана ошондой эле трафик тарифтеринин төмөндөшү күтүлөбү?
- Ушу жайда биздин компания EDGE технологиясын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул технология MegaCom компаниясынын абоненттерин жогорку ылдамдыктагы Интернет менен камсыз кылат. Ал эми сиз бүгүнкү күндө GPRS-Internet кызматынын активдүү пайдалануучусу болсоңуз, MegaCom-Modem тарифтик планына кошулуп алсаңыз болот. Арзан баасынан тышкары бул тарифтик план ай сайын 50Mb бонус тартуулайт. Бул тарифтин абоненттик төлөмү 190 сом. MegaCom-Modem тарифтик планынын кызматын пайдаланууда сиз Интернеттен алган жана Интернет аркылуу жиберилген маалыматтын көлөмү үчүн гана акча төлөйсүз, ал эми эфирдик убакыт бекер. Аталган тариф тууралуу кененирээк маалыматты биздин сайттагы "Тарифтер" бөлүмүнөн алсаңыз болот.
Карина ДАМИРОВА, котормочу:
- Биринчи кезекте сизге жана сиздин командаңызга мыкты байланыш үчүн ыраазычылыгымды билдирем. MegaCom - forever! Абоненттерди кандай жаңылыктар күтөт?
- Жылуу сөзүңүзгө ыракмат. Биздин компаниянын адистери абоненттер үчүн жаңы кызматтарды киргизип, ар дайым компания ишин мындан да жакшыртуунун үстүндө иш алпарышат. Жакын арада EDGE базасындагы кызматтарды жана электрондук дарек, ICQ жана башка белгилүү Интернет-сервис пайдалануучулары менен SMS-билдирүүлөрдү алмашуу кызматын сунуштоону пландаштырып жатабыз.
Рустам ТИБАКУНОВ, администратор:
- "Сизге чалышты" кызматынына кошулуу тууралуу билейин дедим эле.
- "Сизге чалышты" кызматы ушу тапта тест режиминде. Ага кошулуу үчүн биздин Call-центрге *500 номуру менен чалып же сайтыбыздагы "Суроо бер" бөлүмүнөн табыштама жөнөтүңүз. Аталган кызматка кошулуу үчүн телефон номуруңузду жана SIM-картанын PIN же PUK кодун жазып жиберишиңиз керек. Кызмат акысыз.
Аида ЖУМАБЕКОВА, финансы чөйрөсүнүн адиси:
- Номурум блокко салынып калды, эмне кылуу керек?
- Эгер SIM-картанын PIN же PUK кодун туура эмес киргизип алсаңыз, кайра калыбына келтирүү үчүн абоненттерди тейлөө Борборуна кайрылуу керек. "SIM-картаны алмаштыруу/калыбына келтирүү" кызматынын шарты боюнча SIM-картанын өзү жана анын пластикалык негизи талап кылынат. Кызмат акысы - 117,86 сом. Бирок алгач MegaCom компаниясынын колдоо кызматына *500 телефону аркылуу байланышып же биздин сайттагы "Суроо бер" бөлүмүнөн кенен маалымат алууну сунуштайм. Биз сөзсүз түрдө жардам беребиз.
Сүйүктүү өлкө, сүйүктүү тариф
Евгений ШЕВЧЕНКО, студент:
- Европага болгон чалуулар арзандайбы? Өткөн айларда сүйлөшүүгө канча убакыт жана акча сарпталганын билүүгө мүмкүнчүлүк барбы?
- Европага байланышуу акысы жакынкы арада төмөндөйт деп сизди кубандыра алам. 15-апрелден баштап биз "Сөз" жана "Сөз+" тарифтериндеги эларалык багыттар тизмесин төмөнкү Европанын 15 катталган байланыш операторлору менен толуктадык: Австрия, Бельгия, Франция, Германия, Түркия, Чехия, Испания, Италия, Швеция, Польша, Нидерланды, Улуу Британия, Эстония, Латвия жана Литва. Эми, мындан ары "Сөз" жана "Сөз+" тарифтик пландарынын абоненттери ушул мамлекеттердин катталган байланыш операторлоруна абдан ыңгайлуу арзан баада телефон чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ай сайын сүйлөшүүгө корогон каражатты билүү кызматы көптөн бери пайдаланылып, абоненттер арасында кеңири тараган. Бул үчүн *080# - USSD командасын терүү жетиштүү.
Аблемит САЛИМОВ, 16 жашта:
- Корпоративдик кардарлар үчүн жаңы кызматтар качан пайда болот жана "видеочалуу" кызматын ишке киргизүү каралганбы?
- Бардыгы кардарлардын талабына жараша болот. Биздин сайттагы "Суроо бер" бөлүмүнөн пайдаланууну каалаган кызмат түрү боюнча табыштама жөнөтсөңүз болот.
"Видеочалуу" кызматы 3G стандартында гана пайдаланылат. Анткени анын иштеши үчүн маалымат берүүдө жогорку ылдамдык талап кылынат. Жакынкы арада жаңы стандартка өтүү планыбызда жок, бирок келечекте бул тууралуу ойлонуп көрөбүз.
Эсенбай НУРМАНБЕТОВ, банкир:
- Платина номурларын сатуу аукционуна виртуалдык түрдө катыша аламбы?
- Алтын жана платина номураларын сатуу аукционуна виртуалдык түрдө катышууга эреже жол бербейт. Ал эми реалдуу катышуу үчүн компаниянын башкы кеңсесинен каттоодон өтүү керек. Дареги: Раззакова көчөсү 33/2, ?3 кабинет. Каттоо 7- апрелден карай жүргүзүлүп, акысы 500 сомду түзөт. Толук маалыматты 0 555 501080 телефону боюнча алсаңыз болот.
Алиева Рахат Арзиевна, 21 жаш:
- "Мага кайра чал" деген өтүнүч менен SMS жөнөтүп жаткан абоненттин балансы чын эле түгөнгөндүгүн билсе болобу?
- Сизге кайра чалуу өтүнүчү менен кайрылып жаткан абоненттин балансында чын эле акча каражаты түгөнгөн болот. Себеби бул кызмат балансында 0 сом калып, чыккан чалууларды жүргүзө албаган абоненттер гана пайдалана алат.
Айбек Базарбаев, финансист:
- Эмнеликтен башка операторлордун тарифи силердикине караганда арзан? Түнкү сүйлөшүүнү бекер кылууга мүмкүнчүлүк барбы?
- Биз ар кыл тарифтик пландарды сунуштоодобуз. Ар бир абонент өзүнө ылайык каражаты туура келген тарифти тандап алса болот. Тейлөө борборлорундагы адистерге кайрылсаңыз, өзүңүзгө ылайыктуу тариф тандап алууга жардам беришет. Ошондой эле биздин тарифтик пландардын артыкчылыгы менен компаниянын сайтындагы "Тарифтер" бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
Түнкүсүн сүйлөшүүлөргө каражатты үнөмдөө максатында 00.00дөн 06.00гө чейин бекер сүйлөшүүнү камсыз кылган "Түнкү сүйлөшүүлөр" кызматына кошулсаңыз болот. Аталган кызматка кошулуу тууралуу биздин сайттан толук маалымат алаласыз.
Түнкү сүйлөшүүнү таптакыр акысыз кылууга болбойт, анткени, бардык абоненттер ушул кызмат түрүн пайдаланууну каалашат. Натыйжасында түйүнгө оорчулук келип, түнкү убакта сүйлөшүүгө таптакыр мүмкүн болбой калат.
Эрнис Исаков, бюджет кызматкери:
- Арзан баадагы жаңы тариф качан ишке киргизилет? Мындан тышкары, компаниянын кайрымдуулук иштери жөнүндө билсек болобу?
- Тарифтерге баа коюуда биринчи кезекте өздүк баасын эске алабыз. Акыркы эки жылдын ичинде өтө активдүү иш алпардык, ири инвестиция тартылды. Компаниянын мындан аркы өнүгүшү да көп каражат талап кылат, аларды тартуу үчүн ушундай баа менен иштөөгө мажбурбуз.
Кайрымдуулук иштери MegaCom компаниясынын корпоративдик багытынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. 2007-жылдын башында кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишмердигин координациялоо Кеңешин түзгөнбүз. Аталган Кеңеш түшкөн табыштамаларды кароо үчүн ай сайын чогулуп турат. Ошондой эле компания тарабынан табыштама толтуруудагы талаптар, кайрымдуулук демилгелердин негизги багыттары жазылган жобо иштелип чыккан. Бул туурасында толук маалыматты сайтта жайгашкан "Корпоративдик жоопкерчилик" бөлүмүнөн алаласыздар.
Күрөш али алдыда
Эмил БӨРҮБАЕВ, бухгалтер:
- Качан камтуу аймагы кеңейет? Ош-Бишкек жолунукучу?
- Пландарыбызга ылайык, 2008-жылы MegaCom түйүнү Жалалабат облусунун Чаткал, Токтогул, Тогузторо, Нарын облусунун Акталаа, Жумгал жана Ош облусунун Чоң-Алай райондорун камтыйт. Ошондой эле биздин байланыш камтыган калктуу пункттардагы базалык станциялардын курулушу улантылат. Натыйжада, радиосигналдарды кабыл алуу жана жалпы республика боюнча байланыш сапаты жакшырат. Ушул жылдын аралыгында түйүн көлөмүн кеңейтүүчү жаңы жабдыктарды интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Ош, Жалалабат шаарларында коммутатор курууну пландаштырып жатабыз, бул өз кезегинде борбордогу коммутатордун жүгүн жеңилдетип, түйүндүн өткөрүү жөндөмүн жогорулатат. Ош-Бишкек жолун байланыш менен камсыздоо ушу жылдын жайына пландаштырылган.
Максим, студент:
- Акыркы убакта байланыш сапаты төмөндөп, байланышуу кыйындап кетти. "Абонент жооп бералбайт" ж.б. ушул сыяктуу билдирүүлөр келеберет. Кандай иш-чара көрүлүп жатат?
- MegaCom түйүнүнүн ишиндеги кыйынчылыктардын бирден-бир себеби - электроэнергия көйгөйү. Февраль, март айларында эле электроэнергиянын жоктугунан компанияда 2700дөн ашык байланыш объектисинин өчүп калуу учуру катталган. Ушундан улам компания трафик боюнча бир нече миңдеген долларга чыгаша болду. Албетте, MegaCom компаниясынын бардык базалык станциялары электроэнергиянын жоктугуна карабастан түйүн ишин жөнгө салуучу аккумулятордук батареядан алынган резервдик кубаттануу менен камсыз кылынат. Бирок, көп убакытка чейин электроэнергиянын жоктугу батареялардын да ишин чектеп, байланышуу мүмкүнчүлүгүн татаалдаштырат. Ушу жылы сыйымдуулукту кеңейтүү эсебинен байланыш сапатын техникалык жактан жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшап атабыз. Бүгүнкү күндө компания коммутациялык жабдыктардын жана базалык станциялардын сыйымдуулугун кеңейтүүгө аракет көрүп жатат. Ушундан улам MegaCom түйүнүнүн ишинде, өзгөчө байланышка чыгууда, баланс толтурууда айрым кыйынчылыктар болушу мүмкүн.
Тилекке каршы, техникалык себептерден улам иши зыянга учурабаган дүйнөдө бир да уюлдук байланыш оператору жок. Түйүндүн иш жөндөмү сырткы таасирлерден кандай көзкаранды болсо, күтүүсүз жагдайлардан да ошондой эле жабыр тартышы мүмкүн.
Ушунун баарын эске алып биздин компания күтүлбөгөн жагдайларды жөнгө салуу системасын күчөтүп, техникалык дежур адистердин санын көбөйттү.
Тынчтык КАДЫРОВ, студент:
- Кыргызстандагы байланыш тармагынын келечеги кандай?
- Телекоммуникациялык багытта өнүккөн бирден бир лидери уюлдук байланыш болору талашсыз. Бүгүнкү күндө атаандаштык күчөп, өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла төмөндөгөн баалардын так динамикасы байкалат. Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү укугуна D-AMPS, GSM жана CDMA стандарттарынын уюлдук байланыш операторлору ээ, эми буга 3G кошулду. Уюлдук байланыш компанияларынын базалык станциялары республика калкынын 90%ы жашаган аймакты камтыйт. Бул тармактын активдүү өнүгүшүнө карабастан, Кыргызстандагы байланыш рыногу жетер чегине жетти деп айтууга эрте, кардар үчүн болгон күрөш али алдыда.
Давид Ерец, студент:
- Сиздин компания өлкөбүздө тажрыйбалуу жана туруктуу маркетингдик жана экономикалык саясат жүргүзүп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Менин суроомдун маңызы мындай: "Биздин республикабыздын калкы анча деле көп эмес, бирок бир нече жылдын ичинде Сиздин компания бир топ абоненттерге ээ болду, ошентсе да өлкөбүз совет бийлигинен кийинки кризистен акырындык менен чыгып келе жатат, чоң-чоң инвесторлор биздин рынокко кирип жатышат. Сиздин компания да дайыма эле ушинтип өнүгүү боло бербей, абоненттердин саны эртели-кеч азайа баштап, акыры жергиликтүү уюлдук компаниядай болуп сызга отуруп калаарын билген прагматик жана келечекти көрө билген адистер иштээрине мен ишенем. Келечекте Сиз, жетекчи катары компанияңыз башка, ири инвесторго сиңип кетишинен коркпойсузбу? Компанияңыздын келечекте кандай ойлору бар, биздин рынокто толук лидер болууну көздөп жатасыңарбы, сиздердин атаандаштай ири техникалык бузулуулар болбойбу жана ошондой эле уюлдук байланышты алдыга жылдыруу боюнча ойлор, пландар түгөнүп калышынан коркпойсузбу?
- Кызыктуу жана маанилүү сурооңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда уюлдук байланыш республикада 50% гана түзөт жана рынок толук кандуу толо элек. Ушуга байланыштуу алдыга умтулуубузду токтотпойбуз деп ойлойм. MegaCom Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда туруктуу лидердик позицияны ээлеген күндө дагы биз MegaCom түйүнүн, тейлөө системасын жана инновациялык сервистерди жана кызматтарды көрсөтүүнү андан ары өнүктүрө беребиз деп ишенем. Компания ээлеринин алмашышы жана башка компанияга сиңип кетүү боюнча жалпы жонунан буларды айтмакчымын: бул көпчүлүк компаниялар үчүн көнүмүш бизнес-процесс, андан коркуп кереги жок.

Болот БАЗАРБАЕВ, СоТеЛ компаниясынын бренд-менеджери:
- MegaCom Кыргызстандагы бирден бир динамикалуу компания болуп эсептелинет. Айтыңызчы, жылдын аягына чейин рынок үлүшүнүн кандай бөлүгүн камтууну пландаштырып жатасыздар? CDMA стандарты менен иштеген операторлордун келечегин кандай баалайсыз? MegaCom түйүнүнүн катардагы абоненти, айталы, Фонекстин абонентинен эмнеси менен айырмаланат? Ыракмат. Ишиңиздерге ийгилик.
- Рынок үлүшүнүн кандайдыр бир бөлүгүн ээлөөгө умтулганыбыз жок. 2008-жылы биз уюлдук байланыш рыногунда кирешенин 30%на жетишүүнү максат кылганбыз.
Бардык эле стандарттагы операторлордун келечеги көптөгөн факторлордон көзкаранды деп ойлойм, ар бир стандарттын өзүнө тиешелүү артыкчылыгы, кемчилиги бар, ар бир абонент өзүнө ылайык стандартты тандап алат. Бул стандарттын келечеги кең, болбосо тиги стандарттын иши келечексиз деп бирооздон айтуу туура эмес.
Уюлдук операторлордун колдонуучуларын чектөөгө болбойт. Бирок мен MegaCom абоненттерин заман менен кадамдаш, ишкер, активдүү, ар дайым кыймылда жүрүүчү адамдар деп элестетем. Ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлкө боюнча, чет мамлекеттерге иш сапарларына көп чыккандыктан кеңири роуминг системасынын болушу абдан маанилүү. Мындай адамдар үчүн уюлдук байланыш жөн гана телефон менен сүйлөшүү эмес, коммуникация, көңүл ачуу каражаты, ошондой эле жеке аброюн, даражасын белгилөөчү бирден бир мүмкүнчүлүк.
Иштермандар, чамдагыла
Тынчтык КАДЫРОВ, студент:
- Практиканттар менен иш алпарасыңарбы? MegaCom компаниясынан практиканттар стажировкадан өтө алабы? Эгер өтө алса кайсы ЖОЖдордон кабыл аласыздар? Мени КОСУнин "Байланыш түйүндөрү жана коммутация системалары" факультетинин студенти катары ушундай адистиктеги адамдарга ко мпаниянын суроо-талабы кызыктырат.
- Сурооңузга ыракмат, студенттер ишке баш-оту менен кирүүгө даяр экендиги кубандырат. Жакшы адистикти тандап алыптырсыз, ал сөзсүз талап кылынат.
Биздин компаниянын эшиги жаш адистер үчүн дайым ачык. Бирок бул бардык каалоочуларды эле стажировкага ала беребиз дегендик эмес. Практика эмес, стажировка экенин белгилеп кетким келет. Анткени, практика - бул студент бир ай иштеп кетип калгандагысы, ал эми стажировканын шарт-талабы башка. Биринчиден, стажировкага 4-5-курстун студенттерин кабыл алабыз. Экинчидени, кабылдоо өтө катаал шартта өткөрүлөт: тестирлөө жана маектешүү. Ушундан кийин гана студенттин компанияда стажировкадан өтөр-өтпөсү тууралуу чечим кабыл алынат. Албетте, каалоодон тышкары билим да керек. Стажировканын мөөнөтү 6 айга созулушу мүмкүн. Эгер стажировкадан өтүп аткан студенттин иши көңүлүбүзгө туура келсе, ага компаниядагы бош орун сунушталат. Жыйынтыгында эгер кабылдоонун бардык баскычынан өтүп, стажировканы ийгиликтүү аяктасаңыз, биздин команданын мүчөсү болуп каласыз. Чамдаңыз, бардыгы сиздин колуңузда!
Азат КОЗУБЕКОВ, студент:
- "Реклама" же "Маркетинг" адистиги боюнча ЖОЖду бүтөр замат эч кандай иш тажрыйбасы жок туруп сиздердин компанияда иштөөгө мүмкүнбү?
- 4-5-курстун студенттери жана техникалык адистиктеги ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн биздин компанияда "Стажировкалардын программасы" бар. Башка багыттар боюнча ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү бош орундарга жалпы негизде кабыл алынуучу талапкер катары каралат.
Эгер сиз биздин компанияда иштөөгө кызыкдар болсоңуз, hr@megacom.kg электрондук дарегине резюмеңизди жөнөтүп жиберсеңиз болот. Бардык резюмелер маалымат базасынан катталат. Эгер сиздики жарыяланган бош кызматтын талаптарына жооп берсе, маектешүүдөн өтүүгө чакыруу аласыз.
Канышай, юрист:
- Сиздин командаңызда кандай улуттагы адамдар эмгектенет? Кыргыз улутундагы кызматкерлердин кызматы боюнча алдыга жылуу мүмкүнчүлүгү барбы?
- Биздин жамаат көп улуттуу, бизде кыргыздар, орустар, дуңгандар, корейлер, украиндер, өзбектер, литвалыктар ж.б. улутундагы адамдар эмгектенет.
Мисалы, MegaCom кызматкерлеринин составы боюнча статистикалык маалыматтар төмөнкүдөй: 49% кыргыздар, 38% орустар жана 13% башка улутундагы кызматкерлер. Ал эми негизги позициялар боюнча кыргыздар да, орустар да бар. Мен өзүм белорусмун. MegaCom компаниясынын топ-менеджментинин улуту боюнча маалымат алуу үчүн биздин сайтыбыздын "Жетекчилик" деген бөлүмүнө кирип таанышсаңыз болот.
Ал эми кызматынан өйдө жылган кызматкерлер тууралуу - биздин компанияда алдыга жылгысы келген кызматкердин бардыгы кызматтык абалын жогорулата алат. Бул, кызматкердин болгон каалоосу жана тийешелүү профессионалдык компетенциясы болушу керек дегендик. Андай кызматкер жалпы негизде ички сыноолорго катыша алат. Эгер ал ошол кызмат ордуна татыктуу болсо, ал ошол бош орунду ээлеп калат. Бул жерде улуту эч кандай ролду ойнобойт, эгер биз негизги талап кылып улутун койсок, анда учурда жетишкен ийгиликтерге жете алмак эмеспиз.
Роман ПЕРФИЛЬЕВ, IT окутуучусу:
- Сиздердин компания жогорку билимдүүлөрдү гана кызматка алат окшойт? Ал эми айрым жогорку билимдүүлөр замандын талабына жооп бералбай жатпайбы. Менин суроом мындайча: сиздерге керектүү кадрларды даярдоо мекемелери менен кызматташууга компания кандай карайт? Мисалы, биздин техникум маалымат технология жаатында дипломдуу адистерди даярдайт, бирок орто билимдүү болгондуктан бүтүрүүчүлөрүбүз жумушка орношууда көп кыйынчылыктарга тушугушат.
- Биздин компания кызматкерлерди жумушка алууда жогорку билимге басым жасабайт. Компанияда ушу тапта жогорку билим алып жаткан стажерлор да иштейт. Кызматкерди тандоодо эң башкы критерий - талапкердин ушул тармактагы билими жана шык-жөндөмү. Кызматташууга биз дайым даярбыз. Кызматташуу боюнча сунушуңузду компаниянын адам ресурстарын башкаруу боюнча директору Светлана Волобоевага hr@megacom.kg дареги боюнча жөнөтүп жиберсеңиз болот.
Кызматташууга
даярбыз
Адылжан ШАМШИЕВ:
- Райондордогу дилер түйүндөрүн кеңейтүүнү пландаштырып жатасыздарбы?
- Бүгүнкү күндө MegaCom компаниясынын дилерлик түйүнү өлкөнүн бардык аймагын камтыйт, андыктан азырынча мындай иш-чара планда жок. Керек болгон учурда конкреттүү калк жайгашкан пунктту өзүнчө карайбыз да, кошумча дилерлик түйүндөрдү ачууга чечим кабыл алабыз.
А.ШАБДАНОВ, такси кызматынын директору:
- Менин сунушум бар. Сиздердин брендиңиздерди пайдаланып, MegaCom-такси ачсак кандай болот? Тейлөөнүн жогорку сапатына кепилдик берем. Сиздердин компаниянын кызматкерлерине арзандатуулар болот эле. Таксиде сиздердин төлөм карталарды пайдаланууга киргизебиз.
- MegaCom компаниясынын планында франшизинг менен алектенүү жок, анткени бул биздин тандап алган өнүгүү стратегиябызга, брендибиздин чыңдалышына терс таасирин тийгизет. Эгер кызматташууга дилгир болсоңуз MegaCom компаниясынын кызматкерлери сиз менен сөзсүз байланышка чыгышат.
Материал MegaCom кызматы тарабынан даярдалды