"Агым", 18.04.08 - 21-бет: Дєєлєрдїн махабаты..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дөөлөрдүн махабаты

"Дүйнөлүк атакка мен Кудайдын... анан өзгөчө аял - менин жубайым Галанын колдоосу менен жеттим" дечү дүйнөнүн сенсациялуу сүрөтчүсү Сальвадор Дали. Ал айым ким эле, Кудай менен бирге күйөөсүнө даңк алып келген?
Сальвадор Дали жана Елена Дьяконова
Ал 17 жашында энеси, өгөй атасы менен Казандан Москвага көчүп келет. 1913-жылы туберкулез менен ооруп, Швейцариядагы Клаваделе курортуна кетет. Мына ошол жактан өз ысымын Гала деп өзгөрткөн. Ал жерден жаш акын Поль Элюар менен таанышып, бирнече жылдан кийин экөө үйлөнөт. 1929-жылы жубайлар автомашина менен Европаны кыдырууга жөнөшөт. Жолдон анча чоң эмес Кадакес деген шаарга токтоп, Польдун чала таанышы, жаш сүрөтчү Сальвадор Далинин чакыруусу менен аныкында болушат... Гала өтө чарчаңкы, зериккендей көрүнсө да Далинин көзүнө тез эле илинип, сүрөтчү карегин андан үзө албады: сүйүү ага чагылгандай тийди. Ансайын Гала тигиге кыжыры келип, бул "жагымсыз көрүнгөн" адамдын алдында өзүн өтө токтоо, муздак кармады. Сальвадор ошондо жыйырма беш, Елена отуз беш жашта эле.
Күндөрдүн биринде экөө жаратылышка жөнөйт. Дөңсөөлөрдү басып өтүшөт, аскага чыгышат... Сальвадор Галага сүйүктүү Испаниясынын бир бурчун көрсөтүп, табияттын ошол кучагында, ошол көз ирмемде өзүн бактылуу жана күчтүү сезет. Ал эми Гала махабаттын ошондогу илебине жеңилип берип, "Биз эчкачан бөлүнбөйбүз" деп, жүрөгүн ачат. Ал Далинин улуу келечегин көөдөнүндө туюп, "Мен сени жашоодо кандай көргүм келсе, жакында баары дал ошондой болот" деп сүрөтчүнүн көңүлүн сергитет.
Эки ай өтүп, Галаны абдан сагынган Дали ал жашаган Парижге келет. Поль Элюар жубайы менен ажырашкысы келбей, таштап кетпешин суранат. Бирок, аялы тандаган жолунан кайтпайт. Баарын түшүнгөн Поль качандыр өзү чын ыкласынан жасалгалаган квартирасын экөөнө таштап баса берет. Галанын башына жаңы түйшүк түшөт: тамак-ашка, сүрөт тартканга, жалгыз эрмеги киного акчаны кайдан табыш керек? Сальвадордун сүрөттөрүн сатуу кыйынчылыкка турат. Ошондо да ал үй оокаты менен алышканды, сүрөтчүнүн чыгармачылыгына дем, андан аркы иштешине шык бергенден тажабай. Бара-бара картиналар жакшы сатылып, оокат-аштары оңоло баштаганда, чыгармачылыкка ыңгайлуу деп Испаниядагы Порт-Льигат кыштагына көчүшөт. Гала ооруп, операция болуп, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бирок, экөө тең балалуу болууну эңсешкен эмес. Бири-бирине байланган аларга чөйрөдөгүлөр да кызыксыз эле. Далинин атагы күндөн-күнгө таш жарып, экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында алар АКШга кетип, америкалыктар анын картиналарын өтө кымбатка сатып ала баштайт. Ошол жактан сүрөтчү сүрөт гана эмес, китеп да жазат. Ал китеп - Галага арналган сүйүү гимни эле. АКШда аялы анын көргөзмөсүнүн мыкты уюштуруучусу, сатып алуучулар менен, музей директорлору менен ийгиликтүү келишим түзгөн жардамчысы болду. Чыгармачылыгынын ийгилиги күндөн-күнгө артып, акырында 94 чыгармасы миллиардерлердин жеке коллекциясына сатылган. Мындан тышкары Дали китеп мукабаларына, балет декорацияларына сүрөт тартып, чоң дүкөндөрдү кооздоп, кинопродюсерлерге декорация жагынан жардам берип, гезиттин биринчи мукабасына макала жазып иштейт. Мунун баары чоң акча булагы эле.
1965-жылы сүрөтчү-миллиардер чырайлуу модельер Аманда Лир менен таанышат. Узун чачтуу, кыска юбкалуу, бою бир метр жетимиш алты сантиметр келген аны - Дали сулуулуктун архетиби деп атайт. Алгач Амандага сүрөтчү толук, башы таз, күлкүлүү көрүнгөнү менен, бара-бара андан кызыктуу маектешти, акылдуу, фантазиялуу адамды көрүп, он жыл бою убактысынын көбүн сүрөтчүнүн компаниясында өткөрүп, картиналарына тартылып жүрдү. Ошондо да Гала Далини бапестеп, сыркоологондо дарылап, ката кетирсе анысын оңдоп, жөлөк-таяк болду. Алгач Амандага ишенич кылбаганы менен, ал сулуунун жанында Сальвадордун көңүлү ачылып, чыгармачылыгы жаңырып, шыгы артып жатканын түшүнөт. Чарчаганын сезген Гала Аманданы өзүнүн шакирти катары санап, алыска кетүүгө камынат. Биротоло кетип калуусунан корккон сүрөтчү аялына табият койнунан кереметтүү турак жай тартуулайт. Жылдар өтүп, Дали денсоолугунан ажыраганда гана Гала кайрадан ага кайрылып келет. Сүрөтчү Паркинсон жана Альцгеймер оорулары менен ооруп, көзүнө арнерселер көрүнүп, бирөө аны мына-мына өлтүрүп койчу абалда жашайт. Гала болсо түнт тартып, ойго басылып, сүйлөшүүгө келгенде ажаандык кылып койчу болду.
1982-жылы 10-июнда өз бөлмөсүндө эс алып отурган Дали күтүүсүз катуу кыйкырат. Көз алдында Гала көз жумат. Жашоодогу музасын жоготкон экстраваганттуу сюрреалист сүрөтчү жубайы менен кошо өзүнүн эрктүүлүгүн, кайратын, денсоолугун жоготуп коомчулуктан алыстайт да, жеке жашоосу, оорусу, эскерүүлөрү тууралуу чыгармаларын жаратат.1983-жылы кылкалеминен таптакыр баштартып, жашоодон кеткиси келет. Май айындагы "Чабалекей куйругу" анын акыркы сүрөтү, 1989-жылдын 23-январы анын өмүрүнүн соңку күнү болуп калат.
"Дүйнөлүк жубайлар" сериясынан которгон Салтанат КЫДЫРМАЕВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
Алтынайдын Алмаздын үйүндө баласын багып, жашап, окуурун уккан Гүлнара аны айнытууга аракет жасап көп сөздөрдү айтты. Бирок, эси-дартынын баары кичинекей балада болгон Алтынай окуган окуусуна деле кайыл. Эртеси кийим-кечектерин алып, Алмаздын үйүнө көчүп барды. Алтынай жашаганга өзүнчө бир бөлмө бошотуп берди Замира.
???
Алмаз айткандай эле Алтынайды таң атпай айдоочусу окуусуна жеткирип атты. Түшкө чейин бала менен калган Замира Алтынайдын сабактан келишин күтүп, эч нерсе жасабайт. Үй түйшүктөрү, бала бакмай бүт Алтынайдын мойнуна жүктөлдү. Анын ушундай тың экенин көрүп, Замира да ичинен ыраазы боло, майда-чүйдө кийимдеринен берип, эри келгенде аны мактап калчу болду. Кечинде Алтынай жасаган тамакты ичкен Алмаз даамдуулугун баса белгилеп, Замирага мисал келтирип, үйрөн дей баштады. Эринин Алтынайга жасаган өзгөчө мамилесин байкаса да, Замира айылдык кыздын эмнесин жактырып, сүймөк эле деп кош көңүл болуп койду. Анүсүтүнө Замира билимсиз, орусчаны да тыңыраак сүйлөй албайт, интеллеги да меникинен төмөн деп аны теңсинчү эмес. Алтынай сабактан келери менен Замира "мени кетти деп эч кимге айтпа" деген боюнча Рашидге жолугуу үчүн кетип калат. Алмаз бир-эки жолу телефон чалып, Замираны сурады эле Алтынай аны сыртта жүрөт, же ваннага түшүп атат деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жашырып койду. Күналыс жолуккан Замира менен Рашиддин мамилеси тереңдеп, ортолорундагы сүйүү күндөн-күнгө күч ала баштады. Улгайган эринен жаш жигитке кеткиси келген Замира айла издеп табалбайт. Күнүмдүк көңүл ачуудан тажап, бир күнү Замира Рашидге "үйлөнүп албайлыбы" деген сунушун айтты. Бирок, Рашид "азыр үйлөнүүгө али эрте, ата-энем макул эмес" деген. Ошондон кийин Замира ал темага экинчи кайрылган жок. Рашидге турмушка чыгып жашасам, жашоом кызыктуу болуп, жаштардай жашайм деп ойлоду. Эринин дискотекага, көңүл ачуучу жайларга барбасы Замирага жакчу эмес.
???
Ошентип күндөр өтө берди. Керээлди-кечке бала багып, үй оокаттары менен алек болуп, окуусун карабай калган Алтынай сабактан начарлай баштады. Атүгүл сессиясы башталганда экзамен тапшыралбай кыйналды. Сабак окуюн десе үйдөгү түйшүктөн бошобойт. Гүлнара анын кыйналганын көрүп, "бала баккандан баш тартып, окубайсыңбы, сага эмне жетпейт, ата-энең деле айылдан акча берип атышат го" деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Бирок, Алтынай көгөрүп, курбусунун сөзүн уккан жок. Бир күнү Гүлнара таякеси Алмазга өзү телефон чалып, Алтынайдын сабактан кыйналып атканын айтып, аны бошотпойсуңарбы деген кыязда түшүндүрдү. Кечинде Алмаз жумуштан келип, Алтынайдын окуусунан кыйналып атканын сурады эле, ал жашырып эч нерсе айтпай койду. Мүмкүн мени кетирип жибереби деп чочулады. Күнү-түнү жанында жүргөн балага аябай көнүп алгандыктан, андан алыстоо Алтынай үчүн тозокко тете көрүндү. Анүстүнө кээде эч кимге көргөзбөй Алтынай балага сүт чыкпай, байып калган эмчегин эмизип, өзүнүн баласындай элестетип, эркелетип отурчу. Кичинекей бала да Алтынайдын эмчегин чочуркабай чопулдата соруп алчу. Бир жолу кечинде кичинекей бала Алмаздын көзүнчө Алтынайдын боорун тытмалап, эмчек эмем дегендей ыйлай баштады. Баланы ары-бери алаксытып көтөрсө да болбойт. Анын эмчек сурап атканын Алмаз билгени менен түшүнбөй таңгалды. Алтынай келгенден бери бала Алмаз менен Замирадан алыстай түшкөн. Эч кимге барбай, Алтынайдын артынан калбайт. Баланы жакшы карагандыктан Алтынайга көнүп кетти деп эч ким андан шек санабай, тескерисинче, Алмаз аялын ушинтип багыш керек деп бир сыйра жемелеп алат. Ошентип, күнүгө бала багып, үй түйшүктөрү менен жүрүп, Алтынай экзамендерин толук бере албай, окуудан чыгып калды. Айла жок, окуудагы жетишпегендерин Алмазга айтып, жардам суроого туура келди. Алтынайдын айткан сөзүн уккан Алмаз институттагы тааныштарына телефон чалып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бирок, Алтынайдын өтүнүчү менен сырттан окуу бөлүмүнө которултуп алды. Мурда түшкө чейин сабакка кетчү Алтынайды күткөн Замира эми анын дайыма үйдө болгонуна сүйүнүп, каалаганын жасап калды.
Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен эрин жумушка узаткан Замира жаш сүйгөнү Рашидге телефон чалды. Экөө түшкө чукул дайыма жолугушчу жерден кезигишмей болду. Адаттагысындай кычырап кийинип, ойсоктоп, баланы Алтынайга калтырып, Замира Рашид менен жолугушуу үчүн чыгып кетти. Мурда кетип баратканда дайыма Алтынайга эскертип, "эгерде Алмаз келип калса, жаңы эле чыккан, азыр келет деп айт" деп үйрөтчү. Азыр эмнегедир Алмаз баарыбир келбейт деген кыязда унчукпады. Анын каякка, эмнеге кетип атканын Алтынай да сураган жок. Замира кетери менен Алтынай баланы көтөрүп, үй жыйнай баштаган. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылып, Алмаз кирип келди.