"Агым", 18.04.08 - 2-бет: Хайл, Сайракан!..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Куликова "куйрук" кызматы менен казна толтурат
"Акжолчу" депутат Галина Куликова эсеби маселең, казна толтуруунун ушундай эсебин парламентке алып чыкканы туру. Анын логикасын ээрчисек, жалаптардын этегин жаап, жанкумарын жакшылыкча кандыралбайт экенбиз, демек, алардын денесин сатууга мыйзам жүзүндө ыракым кылалы, алардан алынган салыкты кары-картаңдардын пенсиясын, депутат-сепутаттардын айлыгын көтөрүүгө жумшайлы. Ага кыргыздын ой-кырды сүйлөгөн молдокелери эмес, "МК Кыргызстан" орус гезити ойда жооп берди: "бачабаздыкты, баңгизат соодасын, атургай коррупцияны мыйзамдаштырсак, казнабыз андан да ашык толуп жүрбөсүн?"

Данчикке даңк жана дүңк!
Данияр Үсөнов кыйын экен. Көрсө, Данияр Токтогулович Кедейкан, тоюс, биразга өлкөнүн 1-вице-премьери боло калганда, Ысыккөлдөгү 4 пансионатты Казакстанга берүү жөнүндө документти Астанага "асынып" барып, Нурсултан ака Назарбаевге жагыныптыр. Мындай эрдиги үчүн Үсөновго үч мерте алкыш айтышыбыз керек экен, анткени ал казак пансионаттарынын 80% кызматкерлерин кыргызга алып берген имиш. Минтип кандосу айтып жатпайбы.

Севандан Ысыккөлгө секирди
Генрих Балян деген бизнесмен кезинде атактуу Б.Силаевдин "секретин" билип, акча "силасы" аркылуу борбор шаардын чок ортосуна "Төрт мезгил" ресторанын курган. Азыркы бийлик аны мыйзамсыз деп атат. Балян болсо "Бешинчи мезгилди", Ысыккөл жээгинен баштады. Элиталык эки чоң үйлөрдүн шаарчасын куруп таштады. Жалган-чынына кепил болуш кыйын-ов, бирок арбир шаарчада жүздөй үй бар дешет. Анын арбирине жарым миллион доллар доолап турган кербези. Кыргызым, кыйынмын деп төш каксаң, дүйнө кулагы дүңгүрөйт, эр болсоң Севан боюна серүүнчө эле салып көрчү?!

Генсектер келатат!
Ушул апта ичинде Россияда урунттуу окуя болду. КПССтен кийинки "Единая Россия" партиясы Владимир Путинди бир добуштан Генсек кылып шайлады. Съезди да кудум КПССтикиндей өттү. Брежнев, тоюс, Владимир Путин дегенде тура калып кол чаап турушту. Путин ошолеле учурда Россия өкмөтүн башкарып берүүгө да макулдугун берди. Хрущев, Брежневден кийин өлкөнү Генсектер башкаруу кезмети Россияга кайрадан келди. Орто Азия ойрон бийлигине орустардын дени сактыгы жукпайт, оорусу жугат. Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан диктатурасын эсепке албаганда, Н.Назарбаев менен К.Бакиев камылганы небак көргөн. Эртеңки эки Генсекти элестете бергиле.

Исабеков АКШда ийне жоголду ойноду
ЖК төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков атайын түзүлгөн жумушчу топ менен АКШнын Невада штатына барып, "Центера голд инк." компаниясынын REN долбоору менен таанышып, талдамак. Ошого жараша Кумтөр тагдыры чечилмек. Исабеков мырза барарын барыптыр, бирок вицелиги эске түшүппү, айтор кыргыз өкмөтү менен бирге түзүлгөн маршрутка "чыйт" түкүрүп, Вашингтон базарларын аралап кетиптир. Ошентип жумушчу топ "Манас" аэропортуна Исабековду ийне издегендей илээлеп түштү дейт. Барыш-келиш, ичиш-кусуш чыгымын бүт төлөгөн "Центера..." ЖК спикерине, тышкы иштерге, кен байлыктарына тиешеси бар бардык мекемелерге Исабековдун чыгымын төлөбөйбүз маанисинде кат жолдоду. Анын ортосунда ардактуу Исабеков "Манаска" өз алдынча конуп, тигил "эргулдун" күүсү менен өлкө президентин, анын администрация жетекчисин достош, тосттошторуна көөлөп жиберген имиш. Исабековго эми даана ийне жоголду болобу деген жоромол көп.

Аскар Шадиев асманга шаты даярдаганда
Өткөндө Транспорт жана коммуникация министри Н.Сулайманов "Манас-менеджмент" компаниясын бүт салыктан бошотуу мыйзамын парламенттен өткөрө албай шайы ооганын жазганбыз. Депутаттар ал мыйзам долбоорунан коррупцияга гана доолдай тиктирүүгө болот деген. Бирок депутат Шадиев аны өткөрүүгө бүт амал-айласын жумшаган. Адал, арамдыгына карабай. Айталы, "Манас" аэропортунун андагы президенти, "акжолчулардын" мындагы депутаты Э.Арсалиев Санкт-Петербургдан алты саны аман келгенине байланыштуу анын оюн угалы десе, Шадиев мырза "ал макулдугун берди" деп шадыраңдаган. Эртеси Э.Арсалиев анын карандай калп экендигин айтып чыкты.

Косполит Курманов космостун депутатыбы?
Каркыра менен 4 пансионатты Казакстанга өткөрүүгө каны-жанын аябай кызмат кылган Зайнидин Курманов болду. Чегарабыз жок, территориябыз гана бар, демек мамлекет да бололекпиз маанисинде илимий "манас" айтты "киргиз" депутат. Мамлекети жок болсо, анда Казакстандан депутат шайланып, Казакстан парламентинде отурабы? Анын айтымында, аскерибиз алсыз, танкыбыз жок экен, Казакстанга жер, пансионаттарды таркылдабай эле бергиле дейт. Биздей алсыз өлкөлөр дүйнөдө көп. Мисалы, 3,4 млн.калкы бар Бурунди электр кубатын Заирден алат. Анын колкосуна мамлекет территориясынан чучуктай кесип жер карматканын азырынча эчким угалек.

Каниметов менен Молдошева кара кылды как жардыбы?
Кечээ Каркыра жайлоосу менен Ысыккөлдөгү 4 пансионатты Казакстанга берүү тууралуу парламентте добуш берүүгө келгенде Коммунисттер менен СДПК каршыгып каршы чыкты. Бирок көлдүктөр аларга эмес, "акжолчул" депутаттар Жангороз Каниметов менен Динара Молдошевага эки дүйнөдө ыраазы болуп, эстелик курабыз деп атышкан имиш. Анткени көлдүк эки депутат тең "калыспыз" деп добуш бериптир. Билгенге ушунун өзү чоң "эрдик", бекем "позиция".

Пархат Төлөндиев паркырата той берет
Айтылуу депутат айтпай койду, укпай калдык дебегиле. 27-апрелде кызын турмушка узатып, Кырым менен Урумга жетер той берет. Арийне, ал жалдаган эң кымбат ресторандын аты менен адреси гана такталалек. Бирок кыргыздын менменсиген атка минерлерине алакөлдөй арак-шарап, алатоодой казы-карта тартам деп убаданы катуу берди дешет.











??.??