"Агым", 18.04.08 - 19-бет: "Кайдасыў?.."...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Кайдасың?.."

Издешкендер табышаар...
Улуттук биринчи канал 2007-жылдын 5-апрелинен баштап "Кайдасың?.." аттуу телекөрсөтүүсүн баштаган. Аталган убакыттан жылдын аягына чейин 168 адамга издөө жарыяланып, алардын ичинен 48 адам жакындары, тууган-уруктары, издегендери менен табышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылы 68 адам изделип, алардын жетиси табылды. "Кайдасың?.." телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана автору Нуркамал Асканова менен маек курдук.

- Бул долбоор кандайча жаралып калды?
- Он жылдан ашык убакыттан бери атуулдарыбыздын арыз даттанууларын иликтөөгө алып, укуктарын коргоого багытталган жана КР Конституциясынын мыйзамдарын үгүттөгөн "Адилет" программасы иштеп келген. Бул долбоордун идеясы ушуга байланыштуу 2005-жылдын башында бышып жетилген, бирок ошол жылдын март айындагы окуялардан кийин убактылуу токтотконбуз. 2007-жылдын башында гана долбоордун жетекчиси Нышанбек Кочкоровдун аракети менен ошол кездеги көркөм жетекчинин колдоосуна татып, алгачкы көрсөтүү эфирге чыккан.
- Россиядагы 1-каналдын "Жди меня" программасына окшошуп кетет го?..
- Улуттук каналдан он жылдан ашык убакыт "Шок-факт" программасы аркылуу жер-жерлердеги милиция бөлүмдөрүнөн келген билдирүүлөрдү кыска убакытта маалымдап коюу менен гана чектелип келгенбиз. Он мүнөттүк көрсөтүүгө батпай калган кайрылууларды мазмунуна жараша бөлүп, жоголуунун себептерин иликтеп көрүү максатында ушул программаны ачтык. "Шок-факт" программасына расмий каттоого алынган адамдар изделген болсо, "Кайдасың?.." программасына республиканын булуң-бурчунан, алыскы райондордон милиция бөлүмдөрүнө кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок, укугун коргоого алсыз, социалдык жактан төмөнкү деңгээлде жашаган калктан кат аркылуу кабарлар тынымсыз келе баштады. Натыйжада, бир топ кишинин сообуна калып, табыштырдык.
- Жоголгон адамдардын басымдуу жаш курагы?
- Бизге бардык курактагы, катмардагы адамдар жардам сурап кайрылышат. Бирок, алардын ичинен өзгөчө былтыр жана быйыл бойго жетелек, жаш балдар басымдуулук кылат. Үч жаштан он беш жашка чейинки жоголгон балдарга издөө салгандар көп. ИИМдин билдирүүсүнө таянсак, 2008-жылдын январынан март айына чейин 361 адам жоголсо, алардын 154ү кичинекей балдар экен. Жоголгон балдардын ата-энелери ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылышат. Бирок, узак убакыт өткөндө гана ал жактан натыйжа чыкпай калды деп, бизге келишет. Алардын айрымдары табылып, эфирден берип атабыз.
- Кичинесинде ата-энеси ажырашып , бирин-бири табалбай калгандар да болот эмеспи…
- Эмнегедир мурда ажырашып, кайра издешип табышкандар эфирден өзүлөрүн көрсөткүлөрү келишпейт. Табышкандарды эфирдин сыртынан гана жолугуштурабыз, кээ бирин сүйлөшүү жолу менен эфирге алып чыгабыз. Андан тышкары бул жерде кылмыш ишине кабылып, түрмөгө түшүп, жакындарына кабар бералбай калгандарды да тапканбыз. Таптакыр дайынсыз жоголгондорду өлүкканалардан тапкан учурларыбыз да кездешкен. Ошондуктан, ар бир адам жанына дайыма өзү тууралуу бир документти алып жүргөнү оң.
- Жоголгон кишилерди кандай жол менен издейсиңер, силерге кимдер жардам берет?
- Биз көбүнчө өзүбүздүн эфир аркылуу кеткен маалыматка таянабыз. Андан тышкары сыртка кетип жоголгондорду айрым учурда Россиянын "Жди меня" жана казак туугандарыбыздын "Бармысың баурум" көрсөтүүлөрүнө интернет аркылуу байланышка чыгабыз. Албетте, алар биз менен байланыш түзүүгө каршы болбогону менен иликтөө иштеринде биз унутта калабыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Россиянын өзүндө эле миллиондон ашык киши издөөдө турат, демек, ар бир өлкөдө дайынсыз жоголгон өз атуулдарын издеп тапканга шарт болушу кажет. Ошондуктан, быйыл биздин чет өлкөдөгү элчиликтер жана консулдук кызматтар менен, Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү, Миграция жана ишке орноштуруу комитети менен иштешүүнү колго алдык.
Үмүттүн оту өчпөйт дегендей, үмүтсүз адам болбойт эмеспи. Жакшылыктан үмүт үзбөй, жоголгон жакындарыңыздарга "Агымдын" мындан аркы сандарынан баштап, "Кайдасың?.." телекөрсөтүүсү менен биргелешкен долбоор аркылуу издөө салсаңыз болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Түнкү канал:

"Келбетүү бол"
Телевизиондук шоунун жеңүүчүсү бир ай аралыгында 8 килого, 5 размерге арыктаган. "Келбеттүү бол" долбоору туура 8-март алдында Улуттук биринчи теленин Түнкү каналы тарабынан уюштурулган. Катышууну каалаган бийкеч-айымдарга уюштуруучулар тарабынан - салмак - 70-75 кг дан кем эмес, бой 165 см ден узун эмес болсун деген гана жөнөкөй талаптар коюлган. Ал эми өң-түскө таптакыр көңүл бөлүнгөн эмес. Түнкү канал директору Ассоль Молдокматованын пикиринде, катышуучулардын келбеттүү мүчөгө ээ болууну катуу самаганы гана жетиштүү болчу. 67 айым-бийкечтердин арасынан бардык талапка жооп берген үчөө гана тандалып, алар кыска убакыттын ичинде ашыкча салмактан арылып, келбеттүү болууга мүмкүн экендигине ынандыра алышты.

Ашыкча салмактан арылууга кыздарга машыктыруучу, бий мугалим, диетолог жана албетте, психологдор жардам берип турушту. Аталган телеберүүнүн каармандары бир айдын аралыгында спорт залга калтырбай барып, диетологдордун кеңештерин аткарып, телекөрүүчүлөрдүн көз алдында тамактануу стилин да, мүчө-келбетин да өзгөртө башташты.
Долбоордун биринчи бөлүгү да жыйынтыкталып, аталган шоу-программанын алкагында эң келбеттүү болалган айым да аныкталды. Кыска убакыт ичинде, денсоолукка эч зыян келтирбей келишкен келбетке ээ болууга мүмкүн экендигин 32 жаштагы Бишкек тургуну Базаркүл Самиева далилдеп берди. 31 күндүн ичинде Базаркүл айым 8 килого, 5 размерге арыктаган. "Көнүгүүлөр алгач аябай оор эле, үйгө кайтканда денең бүт ооруксунуп, соо жериң калбай калгандай сезилчү. Бир гана бассейн ырахат тартуулап турду. Башында телекамеранын кайда бассак аңдыганы ыңгайсыз эле, ага да бара-бара көнүп кеттик" дейт долбоордун жеңүүчүсү. Жеке ишкерлик менен алектенген Базаркүл мындан ары да спорттук машыгууну токтотпой турган болду. Анткени, ал өжөрлүгү жана эмгекчилдиги үчүн Бишкектеги эң мыкты спорт клубдарынын биринде машыгып турууга мүмкүнчүлүк алды.
Ал эми алты кило ашыкча салмак таштап, экинчи орунду ээлеген Асема Уланбек кызы коңшу Казакстандан. Бишкектеги КЭУнун 1-курсунун студенти. 18 жаштагы Асеманы аталган долбоорго катышуусуна курбусу түрткү болгон. "Бул убакыттын ичинде көп "курмандыктарга" барууга туура келди: таттуу азыктардан, диета карманып, татаал дене көнүгүүлөрүнөн улам жаралган ачкалык сезимин жеңип турууга далалат жасадым. Ашыкча салмактан арылып, өзүмдү абдан жакшы сезип калдым. Өз күчүмө ишенип калдым" деген Асема балалыктан берки кыялы болгон эстрадага баш багууну чечти.
Долбоордон кийин турмушу жаркын түс ала түшкөнүнө телешоунун коло байгесинин ээси Мээрим Койкелова жетиналбай жүргөн чагы. Бул бийкеч бир айлык долбоор соңунда 5 килого арыктаган. Оюнда, бул деле жакшы жыйынтык. Алгачкы эки жумада аябай кыйналып, кол шилтеп кетип калгысы да келген. Бирок, машыктыруучу жана долбоор катышуучулары айнытып атып, аягына чейн жеткиришкен. Алгач Мээрим эртерээк жыйынтыкка жетиш үчүн тамак да ичпей жүрө берген. Машыгуудан башы айлана баштаганда гана мойнуна алып, машыктыруучуга ачыгын айтууга мажбур болгон. Андан соң, Түнкү каналдын директору сунуштаган диетага өткөн.
Албетте, арбир катышуучу өз жыйынтыгына ыраазы. Биринчи кезекте алар өз эркин башкарып, өз кемчиликтерин жеңе алышты. Туура тамактанууга багыт алышты. Сергек жашоо мүнөзүн өздөрүнө ылайык таап, ушул жолду тандашты. Бул көрсөткүч менен бул телешоу токтоп калбайт. "Келбеттүү бол-2" жакында эфирге чыкмакчы. Айтмакчы, эми бийкечтер эмес, жигиттер келишимдүү болууга ат салышышмакчы. Каалоочулар 656624 номурун бураса болот.
Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы