"Агым", 18.04.08 - 18-бет: Цех..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Цех

Темирлан Сманбеков:
"Жатпасаң да жаткандай, сүйүшпөсөң да сүйүшкөндөй…"
КР эмгек сиңирген артисти, кино, театр актеру, акыркы мезгилде театр жетекчиси болуп жүргөн Темирлан Сманбеков менен маек

- Темирлан мырза, Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрын жетектеп жүрүп эле М.Жангазиев атындагы куурчак театрына өтүп кетипсиз?
- Мунун себеби бар. Жаштар театрында үч жыл иштедим. Театр үчүн үч жыл жаман болгон жок. Үч жыл катары менен гранприлерди алдык. Мурда аты анчалык белгилүү эмес театрды эл алдына алып чыктык. Ошол учурда министрликтен бир тыйын бөлүнбөй калгандыктан, өзүм спонсорлорду, досторду, тааныштарды издеп, алардын аркасы менен жакшы спектаклдерди чыгардык. Темирлан театрга келип, иштете албай койду деген сөз болбосун деп намыс үчүн көрүнгөндөн акча сурап, үч жылдын ичинде тогуз спектакль койдук. Буга чейин төрт жыл бою бир да спектакль коюлбаптыр. Театрдын ремонту жок, төбөсү түшүп калганда министрликке чуркап, имаратты баланска өткөрүп бергиле, жардам бере турган адамдардан акча алып, оңдотоюн десем, макул болушпады. Мен ушулардан чарчадымбы, акыры куурчак театрына жетекчи болуп келдим. Бул куурчак театрына келгенимдин дагы бир себеби, мен өзүм балдарды абдан жакшы көрөм. Мындайча айтканда, бул жерден балдар үчүн бир нерсе уюштурушум керек.
- Бирок бул жакка келгени сахнага чыгып роль ойнобой каласыз да?
- Албетте, актер болгондуктан роль ойноп, сахнага чыккың келет. Кээде киного, же спектаклдерге роль ойноо үчүн чакырып калышат. Жаштар театрында иштеп жүргөндө драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектаклинде Чыңгыздын ролун ойногом. Жакында Чыңгыз Айтматов ушул спектаклди кайра көрөт элем деп авторго жолугуп айтыптыр. Спектаклди 10-майга көрсөтсөңөр жакшы болот эле деп суранганынан, автор эмне үчүн ушул күндү болжоп атат деп ойлонуп көрсө, 10-май Бүбүсара Бейшеналиеванын дүйнөдөн кайткан күнү экен.
- Акыркы кездерде тартылып аткан кыргыздын жаңы сериалдарынан сизди көрө баштадык. Эмне үчүн мурда киного тартылган эмессиз?
- Мурда чоң ролдордо ойнобосом да, кинолорго тартылып жүрчүмүн. Ысыккөл театрында он жыл иштедим. Гастролго чыкканда көп эле киного чакыруулар түшчү. Бирок, жетекчилерибиз театрдагы планды толтурушсун, буларга кинонун эмне кереги бар дегендей мамиле кылып коюшчу экен. Кийин Бишкекке келгенде эмне үчүн кабарыңды билдирип койбойсуң, жакшы ролдон калдың деп урушкан режиссерлор болду.
- Эгерде Голливуддан киного тартылууга чакырып калса, бирок, сиз ойной турган роль кыргыздын менталитетине туура келбесе, барат белеңиз?
- Голливуд фильмдеринде баштан-аяк үйбүлөң менен көрүүгө мүмкүн болбогон көрүнүштөрү бар. Кинодогу өбүшүү, бул жөн эле өбүшүү эмес. Анын ары жагында сулуулук жатат. Эгер ошол сулуулукту, ыйманды, касиетти бере алсаң, эмне үчүн жанагындай нерселерди жасаганга болбойт. Кинодо ал эч нерсе эмес, жатпасаң да жаткандай, сүйбөсөң да сүйүшкөндөй, өбүшпөсөң да өбүшкөндөй болот. Анын баары актердук чеберчилигиңе байланыштуу. Балакеттин баары кинодо эмес, чыныгы турмушта болуп атпайбы. Эгерде ошондой чакыруу болсо, барып тартыла бермекмин. Анткени менин кесибим ошондой.
- Сизди көпчүлүк Феликс Куловго окшоштурушат…
- Мындан бир нече жыл мурун Кулов камалалек, кызматта турган учурда, ал тууралуу фильм тартабыз деп бир топ сценаристтер Куловдун ролун сен ойнойсуң деп келишкен. Бул сунушту Куловго да айтып, менин сүрөтүмдү көргөзүшүптүр. Бир жолу опера-балетте чоң майрамдык иш-чара болуп, Акаев, Кулов дагы бир топ жетекчилер келишти. Ошол майрамда мен алып баруучу болгом. Жыйын бүткөндө эмнегедир Кулов токтоп, көшөгөнүн артынан кимдир-бирөөнү издеп калды. Бир нерсе сурайт го деген кыязда чыга калсам, мага кол жаңсап, сүйлөшөбүз дегендей белги берип кетти. Ошол боюнча аны менен жолуккан жокмун. Кээде көчөдөн орус кемпирлер токтотуп алышып, "Сиз Куловсузбу?" деп сурашат. Мен ал эмесмин десем, ишенбегендер да бар. Бир жолу Ысыкатага курортко барып калсам, эки чал уруша кетишиптир. Бир чал: "Мен Куловду көрдүм, ал келиптир" десе, экинчиси: "Ал түрмөдө жатат, чыгарбайт" деп экөө бир топ айтышышыптыр. Анан бир топтон кийин бир эже келип, ал Кулов эмес, ал деген актер, Куловго окшош деп айтып, эки чалды жараштырыптыр. Мен барсам, күлүп отурушкан экен.
- Азыркы учурда чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү тамадалык кылып, акча таап калышпадыбы. Элдин айтымында, сиз мыкты тамадалардын катарына кирет экенсиз?..
- Мен башкалардай болуп тамадалыкка көп кызыкпайм. Чакыргандар көп болот, бирок, көңүлүн калтырбай турган адамдар болсо, айла жок барып калам. Негизинен ызы-чуу, шаан-шөкөттү анча жактыра бербейм. Кээ бирөө ойлойт, Темирлан минип жүргөн машина, дача, үйү тамадалыктан тапкан акчасына келди деп. Анткени, театрдын акчасы аз. Бирок, мен жайкысын айылдан жер айдатып, түнкүсүн резина өтүк кийип өзүм сугарып, күзүндө түшүм алам. Ошол түшүмдөн жакшы пайда табам. Менин негизги кирешем ошол жактан.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Өстөн

Туризм канткенде бутуна турат?
Туризм, миграция - кыргыздардын бүгүнкү жашоосундагы көнүмүш түшүнүк. 27 жылдан бери Москвада жашап, өз мекенине туристтерди тартуу менен шугулданган жердешибиз Адилет ШАМЫРКАНОВду ушул багыттагы маекке тарттык.

- Москвадагы кыргыздар арасындагы кадыр-баркыңыз чоң. Эки өлкө элдери ортосундагы алакага кандай баа бересиз?
- Орустар - кеңпейил, досчулукка бекем калк. "Россия - щедрая душа" деп айтылат эмеспи. Кыргыздарга эмгекчил, орусча билген сабаттуу эл катары сый менен мамиле кылышат. Акыркы учурдагы терс көрүнүштөрдө эки жак тең жооптуу. Эчким күтпөгөн Москвага келип, кыйналып, кеталбай калгандар көп. Каттоодон өтүү жолдорун билбей шылуундарга кабылгандар андан көп. Скинхеддерге кабылгандардын бири документтеринин туура эместигинен милиция кызматкерлерине кармалып, түнкү үчтө чыгып көчөдө баратканда кырсыктаган. Балким, документтери туура болгондо үйүнө эрте эле кетмек. Расмий түрдө документтерди каттоо оңой эле процедура. Биз Москвада "Алатоо" коомдук фондун түзүп, бизге кайрылган бардык кыргыздарга документтерден баштап, ооруканага көрүнүүгө чейин жардамдашабыз. Кыргыздар ачкан "Рус-партнер" кадр агенттигине кайрылышса болот. Негизинен, ал шаарда иштегендер айына орточо 150 миң (650 АКШ доллары) табышат, балким бул акча үчүн Кыргызстандан кетүүнүн кажети деле жок беле?..
- Сиз кандайча москвалык болуп калдыңыз эле?
- 1981-жылы аскерге барып, андан кийин Айылчарба академиясында, анан аспирантурада үч жыл окуп, биология илиминин кандидаты болдум. Көп жыл илимге кызмат өтөдүм. Бизнести фито-жасалга, ландшафттык-дизайн багытындагы "Агропарк" фирмасынан баштадым. Москвалык болгонум менен балдарым жайкысын Кыргызстанда болушат. Эс алып, денсоолукту чыңдоо үчүн биздикинен өтөр жер жок эмеспи. 2003-жылы "Белый пароход" туроператор ишканасын ачтым. Москвадагы туристтик көргөзмө-жарманкелерге Кыргызстандын атынан катышып, мекенибизге туристтерди тартуу аракетиндебиз.
- Кыргызстан туризмди жаңы жолго сала баштады. Сырттан караганда кайсы багыттарга басым жасаса болот?
- Москвалык туристтер бүт дүйнө жүзүн көрүп чыгышты. Аларды кызыктырган - биздин жаратылыштын сулуулугу. Тейлөө жагынан аксайбыз. Шарттары жакшы жайлар өтө кымбат, арзанында эч кандай шарт жок. Турмушу орто адамдар үчүн орточо баадагы тейлөө уюштуруу зарыл. Биздин дарыгерлер КМШ өлкөлөрү арасында чоң кадыр-баркка ээ. Денсоолук чыңдоо жайлары эларалык стандарттарга жооп бербейт. Бул тармак жыл бою сезонго карабай иштейт. Мисалы СПА-курорттор, ат минип сейилге чыгуу, таласса-терапия кирешелүү келет. Тартип жок. Алсак, Григорьев капчыгайын эчким көзөмөлдөбөйт. Каалагандар тоого чыкканга атын мүнөтүнө 50 сомдон 500 сомго чейин баалап, мас болушуп, туристтерге тийишип жүрүшөт. Сый конок алпаргандан тартынасың. Туристтерге сый мамиле жасап, тейлөөнү жакшыртсак, сезонду узартууга болот. Учурда Ысыккөлдөгү сезон үч айга жетпейт.
- Мамлекет тарабынан колдоо учурда кандай?
- Биз Росиядан Кыргызстанга туристтерди жөнөтүүчү туроператор катары Мамлекеттик туризм агенттигине, жетекчиси Турусбек Мамашовго ыраазыбыз. Москвадагы өткөн Туризм жарманкесинде өзү баш болуп келгендиктен, Кыргызстанды эларалык коомчулукка татыктуу көрсөтө алдык. Биздин туризм мамлекет тарабынан колго алынганын көрсөтүү чоң мааниге ээ. Көргөзмөгө катышуу акысын, туризм жана эсалуу боюнча каталогдорду "Белый пароход" туроператору өз эсебинен чыгара алат, болгону биз жөнөткөн туристтерди жакшы тосуп алышса. Биз Кыргызстан багытынан тапкан кирешени мисалы, Чехияда эки-үч эсе көп табабыз, бирок Атамекен үчүн эмгек өтөгүбүз келет. Чет жакта жүргөндө патриоттук сезим курчуйт экен.
- Демек, "Белый пароход" россиялык туроператор катары иш алпарат турбайбы?
- Тактап айтканда, Кыргызстандагы бардык туристтик авиаагенттиктер, мейманканалар, эс алуу, денсоолук чыңдоочу жайлар "Белый пароход" туроператорун өзүнүн Россиядагы өнөктөшү катары караса болот.
Беш жылдан бери туризмде эмгектенип, мекендештердин ишке мамилесин өзгөртүүсүн самап келем. Кээ бир эс алуу жайларынын ээлери квоталарды берүүдөн качат. Сезон учурунда казакстандык туристтерге гана үмүтөтүшөт. Квоталар боюнча иш алпарсак, сезонду узартууга мүмкүн. Кышкы туризмди өнүктүрүүгө да шарт түзүлмөк. Бизнес көп уюлдуу болушу керек. Жалгыз эле казак туугандарды күтө бербей, башка өлкөлөрдөн да туристтерди тартуу оң.
Келерки жылы, буюрса, түштүк жергесинде туристтик маршруттарды уюштуруу иштерин баштайлы деп турабыз. Кыргызстан жаратылышы, Улуу Жибек Жолу, Орто Азия салттары ар бир туристти таңгалтырып, эсинде калат.
Биздин эл да туристтерге мамилесин өзгөртсө, сылык-сыпаа мамиле жасап, тоноп калууну эле көздөбөй, дагы келгисин келтиргендей тосо билсе - туризм гүлдөйт. Кыргызстанды туризм өлкөсү катары чет мамлекетке реклама, PR жүргүзүү жетишпейт. Мисалы Түркияны алсак, биздин Бишкекте да ТВ роликтер, чоң рекламалык щиттер "Түркияга келип эс алгыла" деп чакырат. "Белый пароход" туроператору колдон келишинче эларалык туристтик көргөзмөлөрдө, ар түрдүү иш-чараларда Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытууда.
Нуржан АЛЫМКАНОВА