"Агым", 15.04.08 - 7-бет: Жол таптыўарбы, жолдоштор?..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жол таптыңарбы, жолдоштор?

Оппозициянын бийликке жолдогон саламы
жэ курултайдан кулак кагыш
Ошентип, эмне болуп кетет экен деп бийлик кыжалаттанган, кандай өтөт деп оппозиция күмөнсүгөн күн да келип, 12-апрелге белгиленген элдик курултай Спорт сарайында өттү.


Эртең мененки саат 9дар чамасында ИИМ министринин орунбасары генерал Субанов башында турган бир нече полковник чининдеги милиция кызматкерлери Горькийдин эстелигинин чыгыш четинен көрүнгөндө эле Болот Шерниязовдун ачуусу келип: "Боз үйдүн түндүгүн тебелеген акмактар, генералың болобу, башкасы болобу, силер жооп берчү күн да келет. Эртеби-кечпи сөзсүз жооп бересиңер" деп жерден алып көргө салган сөздөр менен ашатып сөгүп алды. Шерниязовдун өзүнө гана таандык күңгүрөнгөн дикциясы кызыл шапкечендерди бир кыйла сестентип жиберди.
Аңгыча эле шаар башчысы Д.Үсөнов жете келип, милициялардын келген себебин түшүндүрдү. Анткени элди көп чогултуу максатында оппозиция концерт уюштуруп жатыптыр деген маалыматтан улам ИИМдин кызматкерлери жете келген экен. "Эгер концерт болбосо, силер бул жерде турбагыла, - деди Д.Үсөнов милицияларга, - булар тынч өтөт деп убада берген, сөз эркекче болгондон кийин ошол сөзүндө турушат" - деп ишембиликке жөнөп кетти.
Анда-санда оппозиция тобунан көрүнгөн Б.Ааматов бир топтон бери эс алуудагы саясатчыларды чогултуп алып кызыктуу кептен баштады.
- Мына азыр Каркыра кетти деп жатасыңар. Эсиңерге эми келдиңерби, Үзөңгүкууш Кытайга сатылганда кайда жүрдүңөр эле? 90 миң гектар кыргыздын жери сатылып жатканда бириң унчукпадың, - деп Каркырага кейигендерди жарга такады.
Ар дайым оппозиция митинг баштаса, аларга каршы антимитинг уюштурган Т.Тургуналиев бул саам алардын катарынан көрүндү. Атургай кандай максатта жүргөнү белгисиз Ишенбай Кадырбеков да оппозициянын анабашылары менен кучакташып өбүшүп жатты. (Азыр саясатчы эркектер арасында Брежневчесинен өбүшүп саламдашуу салтка айланган.) Дин иштери боюнча агенттикти жетектеп, бирок кызматынан кол жууганына бир ай бололек Тойгонбай Калматов да курултайга делегат болуп катышты. Бир эле Калматов эмес, Дооронбек Садырбаев айткандай он ооз сөз сүйлөсө жарымын "Улуу урматтуу Аскар Акаев, урматтуу Курманбек Салиевич" деп убагында кызматта тургандардын саны оголе көп болду.
Акыры белгиленген убакыт жетип, курултайдын делегаттары Спорт сарайын көздөй жөнөштү. Алгачкы сөздү баштаган Өмүрбек Текебаев акыркы кезде кыргызстандык мекендештерибиздин өзүн-өзү өлтүрүү фактысы көбөйгөндүгүн, чет жерге кетип жаткандардын агымы токтобой жаткандыгын, алар мекенине жөнөтүп жаткан 1,5 миллиард доллардын Кыргызстанда иштебей, ишкерлик жүргүзүүгө өкмөт кам көрбөгөндүгүн айтып келип, азыркы бийлик толук саясый банкротко учурап, алсызданып, кудурети кеткенин баса белгиледи. Ал эми экономикалык баяндама жасаган Темир Сариев мамлекеттин энергетика тармагын башкаруудагы чабалдыгын, энерго секторду менчиктештирүү калкка оор залакасын тийгизерин, энергия кошуна мамлекеттерге арзан баада сатылып жаткандыгына токтолду. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, чыгып сүйлөгөндөрдүн арасынан жалгыз Сариев гана экономикада аз болсо да өсүү байкалганын айтып өттү. Булардан башка сөзгө чыккандардын бүт баары шайлоонун адилетсиз өткөндүгүн, азыркы парламенттин легитимдүү эместигин, коррупциянын күчөп баратканын, энерго сектордогу абалды, азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүн, казак пансионаттарын, Каркыра жайлоосун айтышып, азыркы бийлик элди жакшы күнгө алып барбастыгын белгилешти.
Баарынан жаманы - бийлик тараптан эч кимдин катышпаганы болду. Курултайга эки миңдей киши катышты (1,5 миң делегат). Ушундай болгон соң президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, сот органдардан өкүлдөр келишсе калыстык болмок. Ошончо адам арыз-муңун айтканы, өлкө тагдырына тынчсызданганы үчүн келип олтурушат. Албетте, эл болгондон кийин аша чаап сүйлөп, ачуу сөз айткандар болот. Муну бийлик бутактары чыдап угуп, анан жыйынтык чыгарса артыкбаш болбос эле. Себеби, курултайдын катышуучулары деле кыргыз жарандары.
Акырында курултай чечим кабыл алды:
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык эмес деп табуу;
- 2007-жылдын 21-октябрында болгон референдум мыйзамдуулуктан четтеп, добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмалоо, добуш берген элдин санын көбөйтүү менен өткөн. Ошондуктан КР Конституциясы жана Шайлоо Кодексин легитимдүү эмес деп табуу;
- 2007-жылдын 16-декабрында өткөн ЖК депутаттарын шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилген. Ушу кезге чейин шайлоонун жыйынтыгы жарыя боло элек. Ушуга байланыштуу ЖКнын курамы жана алар кабыл алган мыйзамдар жана чечимдер толугу менен легитимсиз экени тастыкталсын. Ошондой эле БШКнын төрагасы, мүчөлөрү сот жообуна тартылсын;
- Энергетика тармагын менчикке сатууну токтотуу;
- Эркин массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотуу;
- Элдик курултай тарабынан коюлган талаптар чукул арада аткарылбаса жалпы өлкө боюнча жарандык моюн сунбоо, митинг жана аркандай нааразылык акцияларын уюштуруу башталат.
Чечимди кыраатына келтирип Азимбек Бекназаров окуду. Албетте, резолюция менен чечимдин канчалык деңгээлде калыс экенин окурман журту өзү таразалайт.
Ошондой эле курултайда таңгак-таңгак үйүлгөн "Аалам", "Де-Факто", "Ден соолук" гезиттери бекер таркатылды. Аны менен кошо Ф.Куловдун билдирүү баракчалары да элге жайылтылды. С.Момбеков ырдап, манасчылар "Манас" айтышты. Ушуну менен оппозициянын жазгы аракети аяктады десек да болот. Сыягы мындан ары олуттуу иш-чара деле өтпөйт сыяктанат. Деги эле бийлик күткөн саясый стабилдүүлүк эми келди. Мындан аркы маселелер жалгыз бийликке байланыштуу. Экономиканы өстүрүп, эл турмушун оңойбу же чылк коррупцияга малынып, 2010-жылы элдин жаңы толкунун жаратабы - баары бийликтен көз каранды. Эгер чындап эле эл турмушу оңолуп, аны ар бир жаран сезе турган болсо, азыркы курултай өткөрүп ачуу сөздү сүйлөгөндөрдүн сөзүнө эч ким деле кулак салбай калат.

Келдибек НАЗИРОВ