"Агым", 15.04.08 - 16-бет: Жаз. Суйуу. Жандуйно...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жаз. Суйуу. Жандуйно

Сүйүү - сезимдердин ичинен эң кереметтүүсү, күчтүүсү. Бирок, ал жалаң кубанычты гана эмес, жүрөккө чоң түйшүктү да салып коет. Арзыганың менен араздашканда, аялууңан айрылганда, сүйгөнүң сүйүүңө жооп кылбаганда, ишенген адамың чыккынчылык кылганда - кайгынын түйшүгү тушайт. Сүйүү - ааламды башкарат, хандын да, карапайымдын да тагдырын бурат. Акылманды акмак, даанышманды дендароо кылат. Сүйүү жашоого жаратат, жашоодон алып да кетет. Ал адамдарды сезимдин кулуна айлантып, тарыхка да төңкөрүш жасайт.


Жаз
Жаз келди да, жадырады туш тарап,
Жаңылыктай сергек нурга чайканып;
Жапырт, жымжырт гүлдөп жатты алмалар,
Таң каларлык тааныш болуп кайтадан.

А биз болсо чакан, күүгүм бөлмөгө
Чогулдук да, ырдап жаттык: "Жарыгым,
Жок дегенде ушул жазда кайтсаң не,
Күтө берип, күтө берип карыдык".

Сыртта дүйнө - акыл жеткис, эс жеткис
Эбегейсиз кереметке чөмүлүп...
Аңкып жатты, чалкып жатты алма бак,
Жаз ташкыны көзсүзгө да көрүнүп.

А биз болсо үлпөт куруп... Эченчи
Жаз келгенин каалабастан билүүнү;
Жаңылыш деп узап жаткан кечтерди,
Эңсеп жаттык дале улуу сүйүүнү.

Эңсеп жаттык, ырдап жаттык: "Сыртта жаз -
Неге анча мелтирейсиң, жарыгым.
Өмүр даамы супсак тартты өзүңсүз,
Эч болбосо бул жазда бир кайрылгын!"





"Жөнеле" махабат
"Кандайсың?" "Жакшы". "Маанай жайындабы?" "Жайында". "Ошону эле билейин дегем". "Рахмат".
Ошону менен биздин сөз бүтөт. Жөнеле чалып, жөнеле сурагандайсың. Жөнеле учурашып, жөнеле жооп бергендеймин. А бирок, бири-бирибизге айтчу нерсенин көптүгүнөн, экөөбүздөн сөз чыкпайт. Ошол "жөнеленин" ичинде эле канча сыр, кандай бук жатканын туюп-сезип коюп, унчукпай келатабыз... Амандыгымды сурагандагы доошуңду укканда, доорго жетчү күч алгандай болом да, баардык түйшүгүмдү унутам. Уч-кыйырсыз узаган ушул мезгил ичинде жүзүңдү, күлкүңдү, бүтүндөй өзүңдү кусадар сагынып, жүрөктө бапестелген кыял-сүйүүм менен кыяматтан да аман калчудаймын...

Исида

Х андын кызы Жанайдын ажарына баары азгырылышты, жароокерлигине жылынышты, мээриминен пайдаланышты. А бирок, анын көкүрөгүнүн тереңинде эчкимден табылгыс жандүйнө жатканын бир гана ал көрдү. Бир гана ал чырайын эмес, жандүйнөсүн сүйдү.
Тулпарын чаап жигит өзүнүн Исидасына келатты (Асман менен Жердин кызы Кудайпери Исиданы уктуңар беле? Чырайы менен акылы тамшанткан ал тирүүлүктү сүйүүгө жаралып, жек көрүү менен кек сактоону таанычу эмес. Жашоодогу негизги таланты, шыгы, сапаты - адамдарды барктоо эле. Бул сезимден айрылуу - жашоосунан айрылууга барабар болчу. Мына ошол Кудайпери Исидага сүйгөнүн теңеген жигит ашыгып келатты). Жол боюнда ал да жаныбары менен күтүп турганын элестетти. Таңгалычтуусу, Исидасынын көздөрү күтүүгө толгондо, анын жаныбарынын да көздөрү күтүүгө батат. Бирок, эми алардын ааламында күтүү жашабайт. Себеби, экөө бири-биринен жандүйнө кенчинин окшоштугун таап, табылга ачкычын жүрөктүн сыр сандыгынын түпкүрүнө катышкан...

Интернет сүйүү имне дейт?
Милана: "Сүйүүнүн чегарасы жок! Анын мекени да, ата-энеси да, үйү, адистиги, улуту, өңү-түсү да жок!"
Сюзанна: "Бир көрүп эле сүйүп калдым деген курбуларымды өлө шылдыңдачумун. Кеңешим: эчкачан эчкимди шылдыңдабагыла. Бир көрүп сүйүү өз башыма түштү!"
Нур: "Сүйүүмдү интернет аркылуу таптым. Достор, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө!"
Жамиля: "Жаздагы бүчүр сүйүүбүздү үшүк алып кеттиби, Жора?!"
Салават: "Көңүл дегдеп башкошуу, наристени чыдамсыздык менен күтүү, ардайым сагынышуу - үйбүлөдөгү чыныгы сүйүү".
Нури: "Гезиттеги SMSка менен таанышкан Самат, сени баардык жактан издеп жүрөм. Сени тапмайынча жаным жай албайт".
Самара: "Чын сүйүү чыккынчылыкты билбейт. Мен сени денем менен да, жүрөгүм менен да сүйөм".
Бакыт: "Жашоону сүйөсүңбү же мениби деп сурайсың, жашоону деп жооп берем. Ошондо сен таарынып кетип каласың да, мен үчүн жашоо өзүң экениңди эчкачан билбей каласың".
Камила: "Дүйнөдөгү эң кымбат нерсени сага тартуулайын десем, эң кымбат нерсе өзүң экенсиң".
Айжан: "Сүйүп калуу менен Сүйүүнүн айырмасын бил! Сүйүп калуу өтөт. Ал эми Сүйүү көкүрөктөн чыкпай жүрөгүңдү мыжып, кыйнап, эңсетип жүрө берет".

Бетти даярдаган
Кымбат ЖОЛДОШЕВА