"Агым", 15.04.08 - 12-бет: Кытайлык кыргыз, кандайсыз?..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кытайлык кыргыз, кандайсыз?

Кайрат ЭМИН:
"Табигый шарты начар жердин эли эмгекчил болот"
- Кайрат мырза, кытайлык кыргыздардын салт-санаасы, экономикалык жактан жашоо-шартынын айырмачылыктары барбы?
- Кытай Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун Бишкек шаарындагы соода өкүлчүлүгүндө иштейм. Бул жактагы кыргыздар менен кытайлык кыргыздардын салт-санаасы негизинен окшош. Кытайда 160-170 миң кыргыз бар. Тоо-ташта жашаса да кыргыздын салт-санаалары сакталып калган. Экономика жагынан болсо, жашоо-шарт колунда жок дегендин короосунда жүздөн ашык малы бар. Былтыртан баштап турмушу начар, кирешеси аз үйбүлөлөрдүн киши башына элүү доллардан жардам ирээтинде мамлекет тарабынан берилип атат. Айыл жергесинде мектеп окуучуларына окуу акысын жоюп, бекер кылып койду. Үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап шаар тургундары ооруп калса дарылануунун 70 пайызын өкмөт көтөрөт, 30 пайыз гана өзүнүн чөнтөгүнөн кетет. Ал эми айылда болсо, жылына мамлекеттин казынасына 10-15 кой төлөйт, эгерде үйбүлөсүндө бирөө-жарым ооруп калса өкмөт 70-80 пайызын ошонун эсебинен дарылайт. Бул жактагы кыргыздар менен кытайлык кыргыздардын жашоо-шарты экономикалык жактан айырмаланып турат. Кыргызстандагы туугандардын жашоосун начар деп айталбайм. Бирок, мен Кытайдагы кыргыздардын жашоосун билем, ал жакта өсүш, оңолуш, өзгөрүш өтө чоң.
- Кытайдагы кыргыздар үркүндөн калгандарбы, же ошол жерде илгертеден отурукташкандарбы?
- Бул суроого так жооп бере албайм. Бирок, үркүндөн баргандар толук кайтып келишкен. Булар мурунку эле кыргыздар. Кытайдагы кыргыздар менен бул жактагы кыргыздар илгери Тяншань тоосунун тияк-биягында жашашкан. Кийин, Кытай эли менен Россия чегараны бөлгөндө Тяншань тоосу чек болуп, кыргыздар бөлүнүп калышкан.
- Кыргыздардын кытайлардан, же башка улуттан кыз алып, же узаткандар болобу?
- Аны жок деп айтууга болбойт. Башка улуттан куда күткөндөр болуп турат, бирок, кыргыздарда анча көп эмес.
- Кытай элинде эки баладан ашык төрөгөнгө болбойт эмеспи. Ушул талап кыргыздарда кандай?
- Кытайдын өзүндө адам жагынан чектөө болбосо болбойт. Себеби, 1 млрд. 300 млн. киши жашайт. Ошондуктан адамдын сапатын, коомдун турмуш деңгээлин жогору көтөрүш үчүн элдин санын чектеш керек. Айыл жериндеги кыргыздарга үч, шаарда жашагандарга эки балалуу болууга уруксат. Кытай улутундагылар шаарда болобу, айылда болобу бир гана балалуу боло алышат. Чынында элдин жашоосун, коомдун жагдайын көрүп да баланын көп төрөлүшүнүн анча кереги жок деп ойлойм. Үйбүлөдө бала канча аз болсо, аны сапаттуу окутасың, ошондой сапат болгон соң элине, мамлекетине жакшы кызмат кылат да.
- Кыргыздардын кытай тилин билбегендери да болсо керек?
- Айылдагылардын көпчүлүгү билбейт. Бул жакта деле айылдагы кыргыздар орус тилин анча билишпейт го, Кытайда да ошондой. Шаардыктар кытайчаны толук билишет.
- Бизде кыз алакачуу деген салт бар, ушул силерде да сакталып калганбы?
- Жок, кыз алакачуу деген жат көрүнүш. Бизде андай болгон эмес.
- Абаырайы Кыргызстанга окшошуп кетеби, же?..
- Быйылкы кыштын абаырайы бирдей эле болду. Бирок, бул жакта аба ным, жаан-чачын көп болот. А бизде кургак аба, жаан-чачын азыраак. Кыргызстан табигый жашылча жер-жемиштерге бай. Кытайда табигый жашылча аз. Биз баарын өзүбүздүн колубуз менен жасайбыз. Силерде кудай берген жайлоолор, суулар, чөптөр, токойлор бар, а бизде андай табигый нерселер жок. Өзүбүз таш жерлерди казып көчөт тиккенбиз. Кыргызстандан барган делегациялар биз тиккен токойду көрүп, аябай таңгалышты. Мындай татаал жерде биздикилер акча берсең да иштебейт дешет.
- Кытай эли эмгекчил эмеспи, өзүңөр менен бизди салыштырып көрдүңүз беле?..
- Эмгекчилдик дагы табигый шартка байланыштуу экен. Бул жактагы табигый шарт жакшы болгондуктанбы, кытайлык кыргыздарга салыштырмалуу кичине жалкоорок болушат окшойт. А табигый шарты анча жакшы болбогон жердин эли эмгекчил болот экен.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
- Жубайымдын аты Турдугүл Кадыр кызы, Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун ансамблинде ырчы. Бекмурат, Калмурат деген эки уулум студент.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Борборубуздагы Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде картон кагаздын үстүнө беш-алты сагыз, он чакты тамекини коюп сатып отурган жүдөңкү, жупуну кийинген, жашы отуздардан ашып калган кыргыз келин менен маектешүүнү чечтим. Атын атагысы келбеген келин оор тагдырын төмөнкүчө баяндап берди.
- Менин ушундай тагдырга кабылышыма ыраматылык күйөөм Жолдошбек күнөөлүү, - деп оор үшкүрүнө сөзүн баштады маектешим. - Мектепти жаңы аяктаганда эле Жолдошбек мени алакачып алган. Өзү менден бир топ жаш улуу, бир аял кетиргенине карабай, ата-энемдин астынан өтүп, өмүр бою төбөмө көтөрүп, бактылуу кылам деп сөз берген. Анүстүнө колунда бар, бай күйөөгө тийгениме ата-энем да каршы болгон эмес. Үстүмдө заңгыраган үйүм, астымда казаным, жокчулук эмне экенин билбей жашадым. Удаа эки уул төрөп, үйдө отуруп калдым. Күйөөмдүн эмне иш кылганына маани деле берчү эмесмин. Арадан үч-төрт жыл өткөндө күйөөмдүн мүнөзү өзгөрүп, кылдан кыйкым таап, мени урушуп, атүгүл кол көтөрчү адат таап алды. Көрүнгөн эркектерден кызганып, сен соо эмессиң деп, биз менен чогуу жашаган инисинен да шектене баштады. Айла жок, баарына чыдап жашай бердим. Актанып, сөз кайрысам ого бетер сабайт. Бир-эки жолу төркүнүмө качып бардым. Бирок, ата-энемен кечирим сурап, акча-тыйын берип, кайра мени алып кетип калчу. Жакшы эле чырылдап, барбайм десем, апам: "Эрлүү аял ошентип токмок жейт, чыда, эч нерсе болбойт, мындан артык дагы кандай күйөөгө тийесиң" деп Жолдошбектин берген акчасына алданып, мени колуна салып берип коюшчу. Ошондой күндөрдүн биринде жумуштан дагы мас болуп келди. Баягы адатын карматып, ур-тепкиге алып, сени өлтүрсөм да артыңан эч ким сурап келбейт деди. Буга чейин анын далай токмогуна чыдап келген жаным, азыр унчукпай тура албадым. Мени кемсинтип, адам оозуна алгыс сөздөр менен сөккөнүнөн, аны менен айтышып, үйдөн качып кетейин дегенимде кармап калып, жаздык менен бетимди катуу басып, тумчуктурду. Ага каршылык көрсөтүүгө алым жетпей, эс-учумду жоготуп коюптурмун. Бир маалда эсиме келсем, үстүмдү жууркандар менен бастырып салыптыр. Дем алалбай, кыйналып ордуман араң турдум. Денемде соо жер жок, баары жанчылып, көгала болгон. Эшикке чыгып баратып, босогодо турган балтаны көрдүм да, аны колума алдым. Андан аркысы эсимде жок…
Ооруканадан эсиме келдим. Көрсө, короодо жүргөн күйөөмдү балта менен башка чаап өлтүрүп салган экенмин. Күйөөмдүн тууган-туушкандары чогулуп, мени сегиз жылга кестирип жиберишти. Заңгыраган үй, оокат-кече, машинабыз, байлыгыбыз күйөөмдүн тууган-туушкандарына калды. Көздөрүн жалдыраткан эки баламды төркүндөрүм багышты. Сот процессинде Жолдошбектин баңгизат колдоноору, өзү да марихуана, нашаа сыяктуу баңгизаттарды сатып иштегени белгилүү болду. Бирок, анын мындай кылмыш ишине аралашып жүргөнү сот процессинде менин күнөөмдү жеңилдеткен жок. Эгерде мен Жолдошбекти өлтүрбөсөм, эртеби-кечпи ал баарыбир менин көзүмдү тазаламак.
Түрмөдөн жакшы жүрүм-турумум үчүн беш жылда бошонуп келдим. Балдарым мени тааныбай калышыптыр. Айылга баргым келбеди. Колумда дипломум жок, иштегенге иш табалбай кыйналдым. Анүстүнө түрмөдөн чыккан адамдарды оңой менен ишке да албайт экен. Азыр өлбөстүн күнүн көрүп, көчөдө ушинтип тамеки, сагыз сатып оокат кылып атам. Мен күйөөмдү өлтүрөйүн деген эмесмин, бирок…
Назира КУЛМАТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
Алтынай үйгө кийчү бир сыйра кийимдерин көтөрүп алып, бала багууга Замираныкына тез эле жетип барды. Аны Замира кучак жая, жадырап-жайнап тосуп алды. Жанатан жаагы басылбай ыйлап аткан кичинекей баланы Алтынайдын колуна кармата салып:
- Мен эки саатта келип калам, Алмаз жаңы эле кетти. Азыр келбейт болуш керек. Баланы жакшылап карап тур. Акчаңды Алмазга айтып, жакшы төлөтүп берем. Үйдөгү телефон чырылдаса, мени ваннага түшүп атат деп кой, - деди да, ойсоктоп көчөгө чыгып кетти. Алтынай кичинекей баланы бакканга тагдырына чексиз ыраазы боло, анын айтканына макул болуп отуруп калды.
Замира бойдок курбулары менен жүрүп, Рашид деген жаш, сулуу жигит менен таанышып алган. Өткөндө аны менен дискотекада бийлеп, сыртынан өзү да жактырып калган эле. Кол телефонунун номерин берип, эри жокто анда-санда сүйлөшүп турчу. Үйдө отуруп буулугуп, жаштыгын өзүнөн улуу адам менен кор болуп өткөргөнү аз келгенсип, көчөдөн таап келген баланы бактырып, күнүгө кыжылдап урушуп эле турат деп эрине нааразы боло берчү. Күйөөсү менен урушканда "карап тур, сенин көзүңө чөп салып, өчүмдү гана албасам элеби" деп ичинен кекенип алчу. Аны менен айтышып, уруша албайт. Эгерде ага ашыкча сөз айтып, баш көтөрсө эле барагой деп чемоданын көтөртүп, үйүнөн чыгарып салары айдан ачык. Эринен жеме угуп үйдө отурган Замирага жаш жигит сүйүүсүн арнап, жакшы сөздөрдү айтып, телефон чалганы башын айлантты. Кары деп эсептеген эрин таштап, баарына кайыл болуп басып кетейин дейт, бирок Алмаздын акчасы, байлыгы, бийлиги гана кармайт. Рашид Замирадан эки жаш кичүү, өң десе өңү, бой десе бойу, ой десе ойу бар, далай кыздарды артынан чуркаткан келбеттүү жигит. Анын сулуулугуна суктанып ашык болгон кыздардын катарына Замира да кирет. Рашид Замираны жолукпайлыбы деп бир нече жолу телефон чалып чакырган. Бирок, кичинекей баладан бошонуп кете албай, андан телефон аркылуу гана сүйүүсүн угуп жүргөн. Эми Алтынайдын жардамга келгени, Замиранын убактысын анча-мынча болсо да бошотуп койду.
Замира түз эле Рашидге жолугууга жөнөдү. Экөө эч ким көрбөгөн жерден жолугушуп, эки сааттай сүйлөшүп отуруп, эри билип калбасын деп коркуп, кайра үйүнө шашып келди. Бул убакта Алтынай баланын курсагын тойгузуп, аны уктатып, үйүн мизилдете жыйнап коюптур. Эри да телефон чалбаптыр. Замиранын жүрөгү ылдыйлап, дагы анча-мынча Рашид менен отура турсам болмок экен деп ичинен өкүнүп алды. Алтынайдын жасаган оокаты Замирага майдай жакты. Баягыдай үй жыйнайм, баланы багам деген түйшүктөн кадимкидей алыстап, жону сергий түштү. Кечке маал Алтынай жатаканага кетейин деп атканда Алмаз ишинен келип калды. Эринин астынан чыккан Замира жойпулана, Алтынайды мактап кирди. Анан:
- Алтынай биздин үйдө эле жашап, сабагына ушул жерден эле барып турбайбы? - деди эри эмне дээр экен деген кыязда.
- Бул жактан окууга баруу алыс болуп калат го. Мен бала баккандан тажаган жокмун, керек болсо таң атканча деле өзүм менен алып жатып бакмакмын. Бирок… - деп Алтынай андан ары сүйлөйүн дегенде Алмаз:
- Эгерде бул жакта жашаганга макул болсоң, айдоочум сени машине менен окууңа жеткирип турат. Макулсуңбу? - деди. Алтынай сүйүнүп, Алмаздын айтканына дароо көндү.
- Анда кийимдеримди алып, бул жакка көчүп келейин, - деп ошол күнү жатаканасына кетти.