"Агым", 15.04.08 - 10-бет: Байкапчык..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Байкапчык

Тамчы тамбайт, ысык өтпөйт
Кыргызстанда базар аттуудан көп неме жок. Бирок, көпчүлүгүндө соодагерлер үчүн шарт түзүлгөн эмес. Керээлден кечке ысыкта мээси какталып, суукта шыйрагы тоңуп күн өткөрүшөт. Ал эми базар администрациясынын бул боюнча башы да оорубайт. Аларга акча болсо болгону. Сен кыйналып атасыңбы, орунпулга төлөгөндөн сырткары үйбүлөңдү, бала-чакаңды баккыдай акча табарыңа кызыкпагандай. Ошентсе да борбор калаабызда жайгашкан айрым базарларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, соодагерлер үчүн кичине болсо да шарттар түзүлүп аткан экен. Мына ошолордун бири - "Аламүдүн базары" ЖЧКсы. Аталган базардын директору Ырысбек Мааткабыловго жолугуп, базар турмушу, андагы көйгөй, аткарылып аткан иштер жөнүндө маектештик.
- Ырысбек Шаршенбаевич, мурда базардын абалы кандай эле, азыр кандай деңгээлге жетти? Дегеле кандай иштерди аткарып атасыздар? Кепти ушул нуктан баштасак.
- Аламүдүн базары 1984-жылы курулган. Курулгандан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөптүр. Базардын абалы эң начар шартта болчу. 1997-жылдан бери бул жерде иштеп келем. 1998-жылдан бери акырындан реконструкция кылып, соодагерлерге жакшы шарт түзгөнгө аракет кылып келатабыз. Өткөн жылы учредителдер бир бүтүмгө келип, мени деректирликке шайлашты.
Базардын түштүк тарабында канцелярдык буюмдар сатылат. Мурда төбөсүнөн тамчы таамп, соодагерлерге оорчулук жаратчу эле. Бир жылдын ичинде үстүн жаңыртып, кайрадан жаап чыктык. Аккан сууну канализацияга кошуп, жакшы реконструкция кылып атабыз.
Базар администрациясынын милдети кандай? Эң биринчиден, соодагерлерге жакшы шарт түзүп беришибиз керек. Үйүнө уктаганы эле барганы болбосо, калган бир күндүк өмүрүн соода кылуу менен өткөрөт эмеспи. Базар турмушу таңкы саат алтыда башталат. Алтыдан саат сегизге чейин буюм-тайымдарын жайышат. Кечинде жыйнайт. Соодагерлерибиз мурда ушинтип убаракерчилик тартчу эле, азыр андай эмес. Чакан бутиктер бар. Буюм-тайымдарын толугу менен ошонун ичине калтырышат. Үстүлөрүнөн жаан акпайт, күн тийбейт.
- Жалпы жонунан оңдоп-түзөө иштерине канча акча каражаты кетти?
- Өз күчүбүз менен асфальттап чыкканбыз. Ал үчүн 4 млн. сом жумшалды. Базардын түндүк тарабындагы 6 миң кв/м жерге брусчатка төшөп чыгуу үчүн 10 млн. сом кетти. Ошол аймактагы жертөлөдө муздаткычтар бар болчу. Ал жер таштандыга толуп, селсаяктардын жайына айланып калыптыр. Учурда аталган аймакка курулушмаркетин салдык. Шаар тургундары керектүү курулуш материалдарын ошол жерден сатып алышат.
- Орунпулдун наркы соодагерлер үчүн оор болсо керек?
- Бутиктер айына 1500-1700 сомдун тегерегинде төлөшөт. Ал эми прилавкаларда соода кылгандар күнүнө 36 сом төлөшү тарифте каралган.
- Анын ичинен шаардык салыкка канчасы кетип, жылына мамлекеттин казынасына канча акча төгөсүздөр?
- Бир бутиктен чогулган акчадан 450 сом, ал эми прилавкалардан алынган 36 сомдун 33%ы шаардык салыкка кетет. Бизде миңден ашык адам соода кылат. Орто эсеп менен жылына мамлекетке 15 млн. сомго жакын пайда алып келебиз.
- Базардын эң башкы көйгөйү - санитардык абалы болуп эсептелет эмеспи. Силерде бул маселе боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп турат?
- Кафе-ресторандардын атайын санитардык китепчеси болот. Тамак-аш сатылчу жайлардын канализациясын карайбыз. Идиш жууган, тамак-аш бышырган жерин тыкыр текшерүүдөн өткөрүп туруу абзел. Анын баарын көзөмөлдөп турган санврачтар бар. Тамак жасаган адамдын саламаттыгынын чыңдыгын тастыктаган документи болуш керек. Ошондой эле эт, сүт, жер-жемиштер алгач текшерүүдөн өтүп, документ берилгенден кийин сатыкка чыгат. Ансыз соода кылууга уруксат жок.
- Ош базарында 70тен ашык объект бар экен. Демек, ошончо кожоюн бар дегенди түшүндүрөт. Ал эми силердечи?
- Аламүдүн базары бир кишиге баш ийет. Базардын тегерегинде 6 объект бар. Баарыбыз тең ынтымакта иштейбиз.
- Маегибиздин аягында, базардагы көйгөйлүү маселелерге токтоло кетсеңиз.
- Бизде деле шарт эң мыкты дегенден алысмын. Албетте, көйгөйлүү маселелер жок эмес. Алардын бири - базарды европалык стандартка көтөрүү. Чет элден меймандар келсе, базарыбызды көрүп, суктана турган деңгээлге жеткирүүнү максат кылганбыз. Буюрса, ошол тилегибизге жетебиз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Кылмышка кылтак

Абайла!
детектив агенттиги аңдууда
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Өткөн саныбызда "Эсквайр" детектив агенттигинин жашыруун, кызыктуу жүргүзүлгөн иштери тууралуу жазганбыз. Бүгүн агенттиктин изге түшкөн иштерине болгон баянды улантабыз.
Жасалма дипломдуу айым
Кээ бир фирмалар ишке жаңы алган кызматкерин текшерип бергиле деп кайрылышат. Азыр эч кимге деле сыр болбой калбадыбы, бизнес структураларына уюшкан кылмыштуулук өзүлөрүнүн кишилерин билгизбей кызматка орноштуруп, кийин алардан кандайдыр бир жол менен акча өндүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан фирма жетекчилери мурун ал адам кайсы жерде иштеди эле, соттолгон эмеспи, кылмышкерлер менен байланышы барбы-жокпу, жакшылап билип бергиле дешет. Өткөндө ушундай сунуш менен белгилүү бир фирманын жетекчиси кайрылган. Башкы бухгалтерлик кызматка тажрыйбасы чоң деген адамды алышыптыр. Эмнегедир андан шек санап, мурдагы эмгек китепчесинде жазылган иш тажрыйбасына анча ынанбай шектенип бизге кайрылган эле. Текшере келгенде ал эмгек китепчесиндеги печаттарды жасалма жол менен бастырып алган экен. Өзү үч айлык бухгалтерлик курсту гана аяктаптыр. Бир да жолу бухгалтерлик кызматта иштебеген. Аз убакыт ичинде эле аталган фирманы иш билбегендиктен бир топ чыгымга учураткан. Мен баарын билем деп башкарып да алыптыр. Кийин кызматтан бошоткондо менин жогорку билимдүү дипломум бар деп жасалма дипломун да көргөзүптүр.

Жашыруун аял алган эргул
Өткөндө дагы бир белгилүү айым күйөөсүнөн шектенип, үйгө түнөбөйт, акчаны ашыкча чыгымдайт, каякта жүрөөрүн билип бергиле деп сунуштады. Күйөөсүнүн машинасын, иштеген жерин, өзүн сыртынан көргөзүп, сүрөттөрүн да кошуп берди. Биз ал кишинин каякка бараарын, кимдер менен жүрөөрүн изилдеп, адегенде эч кандай шектүү нерсе таппай койдук. Бирок, арадан бир аз убакыт өткөн соң анын шаардын четиндеги кичирайондордун бирине кечке маал барганын көрдүк. Аңдып, ал кишинин качан чыгаарын күтсөк чыккан жок. Ошондо бизге кайрылган айымга телефон чалып, күйөөсүнүн каякта жүргөнүн айтсак, дароо машинасы менен жетип келди. Түз эле күйөөсү кирген квартирага кирип барды. Өлтүрүп, же сабап коебу деп коркту окшойт, бизди да ээрчитип алды. Эчак жайланып, үйгө кийчү кийимдерин кийип алган күйөөсү эч нерседен капары жок эшикти ачты. Колунда көтөргөн беш-алты айлык баласы бар экен. Ары жакта жаш келин жүрөт. Бизди көрүп коркуп, ууру кылган кишидей өңү бузулуп кетти. Тиги эже айгайды катуу салды... Жолдо баратып, күйөөсүн окутуп, жакшы жерге иштетип адам кылган мен элем, колу байлыкка жетип, көзүмө чөп сала баштаган тура деп наалып алды. Анын айтуусунда, экөөнүн ортосунда эки кызы бар экен. Тиги киши уулдуу болгусу келип, кыязы ушул жолго барган го. Ишибизди аткаргандан кийин алардын үйбүлөлүк жеке көйгөйлөрүнө кийлигишкен жокпуз.

Жегич бухгалтер
Жакында кызматкерлеринин аванстык отчетун текшерип бергилечи деп дагы бир фирма кайрылды. Алардын айтуусунда, бухгалтерлери чыгымды 25000 сом деп эсептеп коюшуптур. Биз базар баасын билип, баардыгы 7500 сомдук эле чыгым экенин айттык. Көрсө, ортодогу сумманы эки бухгалтер тең бөлүп, сол чөнтөккө солошкон экен. Мындай фактылар көпчүлүк учурда жеке фирмаларда кездешет. Жакын тааныштарын, ишенген кишилерин же туугандарын кызматка алышат да, аларды укук коргоо органдарына өткөрө алышпай, ич ара өздөрү чара көрүшөт.

Үйүнөн уурдап атасын баккан бала
Жакшы кызматта иштеген дагы бир айым 12 жашар баласынын үйдөн акча, тамак-аш, кийим-кече уурдап жок кылып атканын айтып, каякка алып барып атат, билип бергилечи деп кайрылган. Өзү керээлди-кечке аңдый албасын айтты. Баласынын мектепке кантип барганын, достору менен жолуккандарынан бери карадык. Түштөн кийин колуна пакет көтөрүп, өзү жашаган үйдүн ары жагынан жашы кырктардан өтүп калган адамга жолукканын көрдүк. Экөө жакын адамындай жакшы учурашып, бир топко чейин сүйлөшүп турушту. Колуна көтөрүп чыккан пакетти алиги кишиге берип, бала үйүнө кирип кетти. Биз аларды сүрөткө тартып, камерага түшүрүп алганбыз. Энесин чакырып, баарын көргөздүк. Көрсө тиги киши баланын атасы тура. Баласы бир жашында эле эне-атасы ажырашып кетиптир. Буга чейин атасы баласын бир да жолу сурап келбегендиктен, аны тааныбай деле калды го деп ойлоп жүргөн. Үйдөгү жоголгон буюмдарды баласы апасына көргөзбөй атасына берип атканы белгилүү болду.

Жасалма арак
Спирт ичимдиктерин чыгарган заводдон да кайрылуу түшкөн. Заводдун жумушчулары кароолчулары менен сүйлөшүп алышып, арак, вино, коньяк уурдап чыккандыгын далилдеп бердик. Жакында колго жасалган аракты чыгарган кишилерди таап, финансы полициясына карматтык. Бизге финансы полициясы тарабынан ыраазычылык билдирилди.
Мына окурман, жогоруда аталган фактылар "Эсквайр" детектив агенттиги аткарган иштер. Эгерде сизде да ушул сыяктуу укук коргоо кызматкерлерине айтуудан уялган көйгөйлөр болуп калса, төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот: (0772) 54-43-71, (0772)55-57-38. esguvaer@.pk.ru. Андан тышкары детектив агенттиги каалоочуларды окутуп, сертификат берет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА