"Агым", 11.04.08 - 7-бет: Таўгалбагыла!..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Таңгалбагыла!

Депутатпы же жеп-жутатпы?
Жакында Эсеп палатасы Жогорку Кеңештин финансы чарбасын текшерип, не бир үрөй учурган былыктарды таап чыкты. Жогорку Кеңеш жегичтердин уюгуна айланганын ырастады. Бирок Эсеп палатасы ийне-жибине чейин текшербей маселени үстүртөн гана сыйпап өткөнү турулуу дешет. Мисалы, турак- жайга муктаж депутаттардын маселесин чечүү оңойго турбай жатат. Эгер 95-жылдан берки кызматтык квартиралар менчиктеш-тирилбегенде бүгүнкү кырдаал түзүлмөк эмес.
2005-жылдын башында Жогорку Кеңештин карамагында 37 кызматтык квартира болгон. Кызматтык квартира шаарда турак-жайы жок депутаттарга берилип, алардын мөөнөтү бүткөндөн кийин бошотуп берүүгө тийиш эле. Бул жерде башка сөз болушу да мүмкүн эмес болчу. Бирок биздин парламентте андай болгон жок. Турак-жай кодексинин 112-статьясын, ЖКнын кайсы бир токтомун өздөрү үчүн өзгөртүп, мөөнөтү бүткөн депутаттар элдин каражатына курулган үйлөрдү менчиктештирип алууга үлгүрүштү. Бүгүн Жогорку Кеңештин карамагында болгону 13 эле кызматтык квартира болсо, анда парламенттин азыркы депутаты А.Турсунбаевден башкасынын баары экс-депутаттар. Алар бошотуп берүүнү ойлоп да койбойт. Демек партиялык тизме менен шайланган квартирага муктаж депутаттардын эч кимисине кызматтык квартира берилген эмес. 7 кызматтык квартира турак-жай кодексинин 112-статьясынын негизинде Жангороз Каниметовго, Борис Гогаевге, Бөрүбай Жураевге, Дооронбек Садырбаевге, Алымбай Султановго, Адахан Мадумаровго, Алишер Абдымомуновго бекер берилген.
Ал эми бир квартира экс-депутат Жеңиш Эшенкуловго "Согуштун жана тылдын ветерандары" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде менчикке берилиптир. Дагы 16 квартира 2005-жылдын 14-октябрындагы №508-III токтомунун негизинде Бектур Асановго 1070 118 сомго; Токтокан Боромбаевага 782 184 сомго; Эркин Булекбаевге 668 736 сомго; Ш.Медетбековго 668 820 сомго; А.Раимкуловго 426 060 сомго;Т.Чекиевге 520 182 сомго; Зайнидин Курмановго 938 682 сомго; Ишенбай Молдоташевге 582 102 сомго; Догдурбек Адамбековго 361 165, 97 сомго; Самат Бөрүбаевге 1093 158 сомго; Жыпар Жекшеевге 24 966 АКШ долларына; Бакыт Керимбековго 21 180 АКШ долларына; Закир Шараповго 32, 408 АКШ долларына; З.Акматбековго 464 219, 00 сомго жана 2000 АКШ долларына; Ж.Жоробековго 22356 АКШ долларына сатылган.
2006-2007-жылы 16 кызматтык квартирадан түшкөн 7 966 820, 97 сом жана 102 910 доллар акчаны сомго айлантканда 11 563 838, 14 сом болуп, республиканын бюджетине тапшырылган. Жогорудагы экс-депутаттар кызматтык квартираларын кудум экинчи дүйнөлүк согушка катышып келгенсип 40 пайыз жеңилдик менен алганына таң калгандан башка айла жок. Бул бир. Экинчиси, жогорудагы үйлөрдүн баары базар баасынан алда канча төмөн бааланган. Болбосо шаардын эң жакшы райондорунда жайланышкан 16 квартиранын акчасы кантип эле 11 миллион 563 миң сом болсун.
Адистердин айтуусунда шаарда турак-жайга болгон баа 2006-жылдан бери доллардын курсунун төмөндөгөнүн кошпогондо сомго карата туруктуу болуп келе жатат. Жогорудагы квартиралар бери эле дегенде 70 миң доллардан 200 миң долларга чейин бааланууга тийиш эле. Тилекке каршы андай болбостон, жумшартып айтканда, итбекер сатылып кеткен. Т.Чекиев, З.Шарапов, Б.Асанов, Б.Керимбаев, З.Акматбеков ж.б. Жогорку Кеңеште эл өкүлү болуп кандай жумуш жасады, кандай мыйзам жазды, муну коомчулук жакшы билбейт экен. Оңой олжолуу үйүңөр кут болсун дегенден башка айтар сөзүбүз жок.
Экс-депутаттардын көпчүлүгү колуна тийген үйдү мейманкана катары көрбөй, менчик кылып алууга жанталашып, кээ бири ушул үйдөн сөөгүм чыгат маанисинде азыркыга чейин көгөрүп олтургандары бар.
Скрябин көчөсүндөгү 21-үйдүн 42-квартирасын Бакир Жолчиев ээлеп турса, Турусбеков көчөсүндөгү 48-үйдүн 12-квартирасында Самаган Маматов жашап жатат. Жунусалиев көчөсүндөгү 87-үйдө Курманбек Шарипов; Москва көчөсүндөгү 164-үйдүн 41-квартирасын Анвар Артыков; Табышалиев көчөсүндөгү 72-үйдүн 1- квартирасын Болот Худайбергенов; К.Акиев көчөсүндөгү 57-үйдүн 23-квартирасын Мухтар Орозбековдор бошотпой келишет. Себеби, алар алда качан эле бул кызматтык квартираларды менчиктештирип алышып, ЖК иш башкаруучуларына колуңдан келгенин кылып ал деп турушат.
Болот Шерниязов Шота Руставели көчөсүндөгү 4 бөлмөлүү квартирасын, Азимбек Бекназаров Жумабек көчөсүндөгү эки бөлмөлүү квартирасын бошотуп беришкен. Алар азыр ЖК карамагында турат. Ал эми Карганбек Самаков (Куйбышев, 93, кв. 98), Ө.Текебаев (Баетов 73, кв 29), Сайдулла Нышанов (Аламедин-1 2-үй, 40 кв), Асланбек Малиев (Чүй 30, кв 4) көшөрүп чыкпай жатышат. Эң эле кызыгы: А.Малиевге Жогорку Кеңеш мурда дагы 5 бөлмөлүү үйдү менчикке берген. Бирок Арсланбек мырза Малиев ЖКдан дагы 3 бөлмөлүү үй алып, азыр аны кайра бергиси келбей эки квартираны ээлеп турган чагы.
Жогорку Кеңештин үйүнөн К.Самаков менен С.Нышановдун да чыккысы келбей, бошотуп берүүнү ойлонуша элек. Эгер депутаттарга чын эле менчик үй бериле турган болсо, төрт жолку чакырылыштын депутаты болгон бир гана Өмүрбек Текебаев татыктуу экенин адилеттүүлүк үчүн белгилеп кеткенибиз оң. Ал эми тагдырдын берешендиги менен бир чакырылышка же үч жылга депутат болуп, кыргызды жоодон коргогонсуп үч бөлмөлүү, төрт бөлмөлүү үйлөрдү менчиктеп алышканы өздөрү жол тапкан мыйзамга туура келсе да, уят деген мыйзамга каршы келерин айтып коелу. Анткени ошол эле Арсланбек Малиев ээлеген 5 бөлмөлүү үйдүн акчасына айыл жергесинде кошумча мектеп куруп, таза суу чыгарса болот. Багар-көрөрү жок, жетим-жесирлердин отузуна 100 миңден бөлүп берсе да жетет. Себеби, ЖК үйлөрү элдин салыкка төккөн акчасына келген. Андыктан ал үйлөр элдики.
Ошол эле убакта азыркы парламенттеги үйсүз депутаттар үйлөрдү ижарага алышып, олчойгон долларды ЖК өз эсебинен төлөп турат. Эгер жогорудагы 37 квартира бош турганда, азыркы ижара үчүн төлөнүп турган миңдеген доллар акчалар казынада калып, башка керектөөгө жумшалмак.

Келдибек НАЗИРОВ




 

Элдик курултай өткөн атат. Ал кыргыз бийлигине кандай таасир тийгизет?
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, медицина илиминин доктору, профессор:
- Элдик курултай канчалык деңгээлде элдик болорун убакыт көрсөтөр. Не дегенде, анын айрым мүчөлөрү убагында кызматта жүрүп, кийин креслодон жылмышкан азаматтар. Мага алар бийликке жеталбагандай элес калтырууда…
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу:
- Мурда бийлик оппозицияны элди козутуп, пикет-митинг өткөрүүдө деп күнөөлөп келчү эмес беле. Эми курултай имаратта өтүп, маселелерди оппозиция гана эмес, региондон келген өкүлдөр дагы талкуулашат. Цивилдешкен коомго баратканыбыздын бир белгиси катары баалайм.
Ибрагим НУРАКУН уулу, Би-Би-Си радиосунун кабарчысы:
- Буга чейин оппозиция басынып, жоголуп кетти деген сөздөр тараган. Элдик курултайда оппозиция жаңы программалар менен чыгып, элди ынандыра алса, жогорудагыдай сөз төгүнгө чыгат. Анда өлкөбүздүн эртеңине оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Тескерисинче, баштагыдай "кетсинизм" деңгээлинен чыгалбаса, курултайдын уюштуруучуларына аброй алып келбейт.
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, "Эркиндик" партиясынын лидери:
- Элдин бир бөлүгүнө кандайдыр бир деңгээлде оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчи бөлүгү курултайды жактырбайт. Себеби, аны уюштуруп аткан адамдардын айрымдары - Акаевдин убагында жеп-ичкендер. Убагында бийликтин бийик тепкичинде жүргөндөрү да бар. Ал эми үчүнчү бөлүгү - кайдыгерлер. Алар күнүмдүк турмушу менен гана алек.
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Жыйынтыгы кандай болорун алдынала божомолдоо кыйын. Менин түшүнүгүмдө, курултайда мамлекетибиздин эртеңине болгон маанилүү маселелер каралат. Жаңы бийликтин келгенине үч жылдан ашты. Элдин талабын аткара алган жок. Демек, курултайды өткөрүүгө негиз бар. Оппозициянын айтканын бийлик угуп, жакшы жыйынтык чыгарса, кеп башка. Жок, өзүбүздүн билгенибизди бербейбиз дешсе, оң натыйжа чыкпайт. Менимче, эки тарап тең түшүнүшүү менен иш алып барышы керек.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ










??.??