"Агым", 11.04.08 - 24-бет: Шоу калаасынан...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу калаасынан…

Жаныбек АЛЫКУЛОВ ыс-сык шорпосун кайнатып алып, күлкү жаратмандарын автордук "Куудул-олтурушка" чакырып турган чагы. Улуттук телеканал менен "Чоңко" уюштурган бул долбоор 17-апрелде Спорт ордосунда өткөрүлөт. Ага күбө болгон көрүүчүлөр да мыкты анекдоттордон шиңгилдеп таштай турган болсо, үйлөрүнө атайын байге менен узамакчы.

Учурда Кыргызстан-Казакстан шоу ааламында тең иштеп аткан "МКД" тобу жакында бишкектик күйөрмандарын ыр кечеге чакырып турган чагы. Көптөн бери убада кылынган бул концерт 17-18-майга белгиленип турат.

"СТАРДЭНС" шоу-балети кеңейгенден кеңейип барат. Курамы да, репертуары да мактоого татырлык. Жакында күйөрмандарына аталган шоу-балет сахнада бир жылчык калтырбай тизиле, көчө бийи менен улуттук колорит айкалыштырылган бийди тартуулады. Айтмакчы, студент-окуучулар менен катар шоу-балеттин жетекчиси Асел жөжө бийчилерди да таптап, сахнага алып чыкты.

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ эң алгачкы анимациялык клип ээси болуп калышы ыктымал. Ырчынын "Өзүм билбейм" деген аталыштагы ырына таланттуу жаш режиссерлордун бири - Айбек Дайырбеков тарабынан тартылып жаткан мындай өзгөчө клипке жай мезгилинде күбө болуп каласыздар.

Аида КУЛУЕВА Францияда өтө турган эларалык фестивалга катышууга жолдомо алды. Ыр созгон коңур үнү гана эмес, ырчы бийкечтин Кыргызстанды таанытуу мүмкүнчүлүгүнө татышына анын өңдүү-түстүүлүгү жана комузда кол ойното алгандыгы да көмөк болгон.

Ирлан ТААЛАЙБЕКОВ жаш болсо да, өлкөдөн тыш гастролдоого жетилип калган чагы. Жакында Россиянын бир нече шаарларына чакыруу алды. Баракелде дейли!

Юрмалада өтүүчү эларалык "Жаш толкун" сынагына Кыргызстандын атынан алгач ирет Омар ат салышканы турат. Ырчыга бөтөн жерде дем-күч болчу каалоо-тилек жолдогуңуз келсе, "Агымдын" сүрөөн-бурчуна кат жазыңыз, смс жөнөтүңүз. Ырчынын көңүлүн алган кат же смс ээси гезит аркылуу Омар менен кезигип, эстелик сүрөткө түшүп, каалоо-тилегин бет-маңдай олтуруп айтууга мүмкүнчүлүк алат. Биздин дарек: Чүй проспекти 132, электрондук дарек: aika01@mail.ru, ал эми смс үчүн кыска номур: 3030 (Agym деген сөздөн кийин аралык калтырып, смсиңизди жөнөтө берсеңиз болот).

АЛИХАН өз "Махабатын", ал эми ага продюсерлеш ДАНИЭЛЬ "Садагасын" издеп жаткандарын эшиттик. Тактасак, дал ушундай аталыштагы ырларына клип тартуу үчүн сулуулардын кастингин гана жарыялагандарын кабарлашты.

Жаным АЙЗАТ
Курагы: 17
Жерлиги: Бишкек шаары
Окуу жайы: Алыкул Осмонов атындагы ? 68 гимназиянын 11-классынын окуучусу
Зодиак белгиси: балык
Хоббиси: бий
Ишенгени: ата-эне жана Кудай
Сүйүнгөнү: ата-энесинин жана жакындарынын кубанычы
Кызыкканы: дүйнөлүк адабий классиканын бай казынасы
Кыялданганы: дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын биринде билим алуу
Ыйык тутканы: апасы
Өзүнө жаккан сапаты: чынчылдыгы, бетке айтканы, максаттуулугу
Өзүнө жакпаган сапаты: жалкоолугу, пунктуалдуулуктун аксаганы
Сүйгөн тасмасы: "Прогулка по воспоминаниям"
Сүйгөн ыры: AR. Kelly "I believe I pan fly", "Алымкан"
Сүйгөн тамагы: бешбармак
Сүйгөн жаныбары: панда
Кумири: Мыскал Өмүрканова, дүйнөлүк жылдыздардан Amy Wainthous
Жашоо урааны: "Бардыгын багындырам!"