"Агым", 08.04.08 - 9-бет: Кїлазык...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  Күлазык


Жандүйнө да ачка калган маал болот. Суусап-кургап, азык сурайт. "Күлазыктан" жандүйнөңүзгө азык ала жүрүңүз, окурман. Көп кырдуу талантты тескеп, бирок, элден айырмаланбай, карапайым турмуш кечирген инсандар арбын. Чыгармачылыгына байкоо салып, акыры издеп барып жазбасаң, алар гезит-журнал, телерадиого эч качан өздөрү кайрылбайт. Атак-даңкка жанталашпайт. Турмуш принциптери ушундай. Бул ирет дал ошондой инсандардын бири - театр жана кино актеру, музыкант, андан сырткары керамика чебери Алтынбек МАКСҮТОВдун дүйнөсүнө сүңгүдүк.
"Жашоонун эмес, сахнанын гана артистимин…"
Кичинемден музыкант болом деп кыялданчу элем. 8-классты аяктаган соң, Күрөңкеевге тапшырып, өтпөй калдым. Ызаландым, музыканттарга өчөшүп, актер болом деп чыктым. Мектепти аяктаган соң, Москвадагы Щепкин окуу жайынан актердук чеберчиликти өздөштүрдүм. Баарыбир көңүлүңдө музыкага болгон каалооң кытыгылап, өзүнчө бир дарт сымал сакталып жүрө берет экен. Москвадан келип алып, кайрадан Күрөңкеевге тапшырып, флейтада окудум.
***
Кол өнөрчүлүк кичинемден эле мага кызык дүйнө болчу. Шык болгондон кийин, баарыбир айланып келип, ошол нерсеге колуң байланат экен. Адегенде өз алдымча жасап, чеберлердин устаканасында кошо иштешип жүрүп, анан өздүк устаканамды ачып алдым. Быйыл ага тогуз жыл толот.
***
Баягы эле убакыт өксүк. Бирөөнө жетишсең, экинчи жумушуң калат. Бирок, эбин таап келем. Арсен Умуралиев атындагы театр ачылган жылы мен окууну аяктап келгем. Андан бери 15 жыл өтүптүр. Атайын санабапмын, болжол менен жараткан ролдорумдун саны 30га чамалап калды окшойт. Алгачкы ролум - "Керээз" спектаклиндеги Кожожаштын образы. Жүрөккө жакыны, мени ачып бергени - ошол кездерде аткарган "Гадкий утеноктун" ролу болсо керек. Анткени, ошол ролдон кийин актер катары калыптанып калганымды көптөр белгилеген. Бирок, арбир жараткан ролго дит кое ойнойм. Антпесе, эч бир көрүүчүнүн купулуна толо албайсың. Кээде образ жакшы жаралып, кээде ийгиликсиз да чыгып калышы мүмкүн. Бул мыйзамченемдүү нерсе.
***
Башка театрларга биргелешкен спектаклдерди койгондо барып турам. Негизги ишимден сырткары "Сахна" театры менен иштештим. Кыргыз драма театрынын көчмө театрында келишим менен ойнойм. Азыр киностудияда да иштеп жатам. Былтыр беш тасмага тартылгам.
***
Сый-наам кудайга шүгүр, ийгиликке жетишип келатабыз. Бирок, ушул нерсеге көңүл бурбай эле койгон жакшы. Анткени, арбиринин деңгээлин карап келгенде, көп учурда адилет эмес болуп калат.
***
Музыкант катары "Саамал" тобу менен иштешип жүрдүм. Үйлөмө аспаптарда - сыбызгы, чогойно чоор, чопо чоордо ойнойм.
***
Кээ бир адамдар жашоонун, айрымдар сахнанын артисти болушат. Жашоомдо мен түпкүлүгүмдөн кандай адам болсом, дал ошондой жүрөм. Артисттик сапаттар сахнада калат, жашоомдо аны колдонгум да келбейт. Сахнадагыма караганда жашоодо анча кызыксыз адам болушум мүмкүн.
***
Эл театр эмес, жашоосуна каражат таппай, кыйын кезди баштан кечирип турган маалда окуумду бүтүп келген элем. Бирок, ошондо Москвада деле, Ленинградда деле ачкачылык болчу. Ага карабастан, театрда тынбай спектакль коюлуп, зал ошол күндөрдө да толуп турчу. Биздин эл өзү театрчыл эмес көрүнөт. Мисалы, театрды өмүрү көрбөгөн жаштар да бар. Жаш муундун 20-30 пайызы эле келет театрга.
***
Былтыр Польша, андан мурун Монголияга барып келдик. Биздин театр менен Европанын көп жерлеринде ар кыл сынактарга катышып жүрөбүз. Ошондо дүйнөлүк театр кандай багытта кетип баратканын көрүп, башкалардын спектаклдерин биздики менен салыштырып, өз деңгээлибизди баалап калабыз. Европада эксперименталдык, бир жолку гана спектаклдер күч алды.
***
Классиканы көп ойнойбуз. Бирок, нукура кыргыз нуктагы бир спектаклди койсок деп тилек кылып жүрөм. "Керээздеги" Кожожаштан бери кыргыз каарманды ойной элек экенмин. Тарыхый чыгармалардан "Сынган кылыч" өзгөчө эмеспи, сахналаштырсакпы деп жүрөбүз.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы










??.??