"Агым", 08.04.08 - 7-бет: Пай-пай, парламент!..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Пай-пай, парламент!

Байды бай десе күлкүсү келеби же "Кыздын сыры" жалгыз КыГыБыга эле маалымбы?
Эгемендик жылдарында Жогорку Кеңеш шайлоолору карапайым эл үчүн дүркүрөгөн той болуп жатып калчу. Алгач шайлоочунун добушун сатып алуу кир самын же бир куту чайга бааланса, кийин бул нарк 200 сомго жетти. Бирок акыбети жакшы болгон жок. Дал ушул парламенттик ыплас шайлоонун айынан 2005-жылдагы март окуясы жүз берип, туңгуч президент мекенин таштап кетүүгө аргасыз болду. Ошол кезде жалаң акчалуу байлардын депутаттык орун үчүн атсалышканы өнөкөт ооруга айланып, эл парламент өкүлүн мыйзам жазып, аны кабыл алат деп түшүнбөстөн, депутат шайлоодо акча чачат, шайланып Жогорку Кеңешке барган соң беш жыл бою чачкан акчасын чогултат деп түшүнүп келишти.
Азыркы партиялык тизме менен шайланган депутаттардын арасында да аңдай келсең байлары көп. Бирок биздеги мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын дүнүйөсүн эсептөө деги эле мүмкүн эмес. Сөз жүзүндө баланча ишкана, базар же соода борбору тигил же бул депутатка тиешелүү деген менен документте башка адамдын ысмы турат. Ошол эле акаевдердин жүздөгөн ишкана, соода борборлору бар деп олтуруп, акыр-аягында эч нерсе табылбады.
Ырас, мамлекеттик кызматкерлер, чиновниктер кирешелери боюнча декларация тапшырышат. Бирок ал жерде бай эсептелген депутаттардын жылдык кирешеси 20 миң доллардан ашпайт. Демек, бизде чиновниктердин кирешелери боюнча айкындык жоктугунан алардын байлыгын имиш сөздөр аркылуу гана эсептей алабыз. Алар өздөрү жаап-жашырып, мамлекеттик сырдан да бекем сактагандыктан, ушактардын, апыртма сөздөрдүн чыгышы мыйзамченемдүү. Анан калса эл оозунда бай аталып жүргөндөргө "сиз байсызбы?" деген суроо узатсаң "ооба, баймын, менин байлыгым - балдарым, кыргыз элим, ажайып мекеним Кыргызстан" деп чөнтөгүндө чолок тыйыны жок акындарчасынан жооп беришет.
Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик чиновниктердин дем алган абасы гана эсептелбесе, кылт эткен кыймылынын баары коомчулуктун көз алдында турат. Ал гана эмес, азыр Россия парламентинде да миллиардер депутаттардын аты атала баштады. Биз сиздердин назарыңыздарга парламенттеги эң бай деген он депутаттын ысмын сунуштадык. Эгер алар "жок, туура эмес, кедей-кембагалдын үйүндө туулгам, ошолеле бойдонмун" десе, кур моюнда.

Аскарбек ШАДИЕВ
Токсонунчу жылдардын орто ченинде "Азнур", "Корпорация Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдордо эмгектенип, алгачкы миллиондорун тапкан. Жашылча-жемишти дүңүнөн сатуучу "Баткен" базары да Аскарбек Алимбаевичке тиешелүү. Финансы министринин орунбасары, Салык инспекциясынын төрагасы болуп иштеген учурда мурдагы бийлик менен жакшы ымалада болуп, бизнесин бекемдегенге жетишти. Бирок, Шадиевди шар деп угалекпиз. Аскарбек мырзанын бир күндүк кирешеси эле 100 миң сомдун тегерегинде. Анткени Баткен базарында көптөгөн контейнерлер менен оор жүк ташуучу жүздөгөн машинелер күнү-түнү кирип турат. Эгер алар ижарага бери дегенде күнүнө 200 сомдон таштаса деле жогорудагы сумма эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

Шарипа САДЫБАКАСОВА
Өткөн шайлоолордо Шарипа эже байлыгы көп экенин жакшы эле ырастагандай болду. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында аялдардан жалгыз өзү олтурду. "Кыргызстан" банкынын негизги акциясы ушу кишинин колунда. Орто жана чакан бизнести колдоп, кайрымдуулук иштерди көп жасайт.

Мелисбек МЫРЗАКМАТОВ
Карасуудагы "Оомат" базарынын ээси. Анда 1500дөн ашуун ижарачы акы төлөп турат. "Мигрант Сервис" ЖЧКнын уюштуруучусу. "Юг Керамзитстрой" кирпич заводун салдырган. Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. Төрт миң жумушчу орунга эсептелген "Таатан-Ош" соода өндүрүш комплексин куруунун алдында турат. Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Мелис мырза труба, темир жасаган, кирпич чыгарган заводунан тышкары эле "Оомат" базарынын өзүнөн күн сайын 100 миң сомдон ашуун таза киреше алат.

Советбек САКЕБАЕВ
Эң алгачкы Кант шаарында "Азамат" коммерциялык фирмасын уюштурган. Ал эми 2000-жылдан тартып "Абдыш-Ата" ЖЧКны уюштуруп, 700 жумушчуну иш менен камсыз кылган. Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Спортко такай колдоо көрсөтөт. Пиво сүйүүчүлөр "Наше пивонун" наркын жакшы билет. Мындан тышкары, "Абдыш-Ата" компаниясы суусундук, вино да чыгарат. Ошондуктан Советбек мырзанын да күнүмдүк кирешеси 100 миң сомдон өйдө.

Алишер САБИРОВ
1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин креслосунан түшпөй келет. Бишкек жана Ош шаарында базарлары, көптөгөн соода түйүндөрү бар. Маселен, Карасуу, Турбаза базарларында катар-катар контейнерлери бар экенин эскертип коелу. Милициянын полковниги диний иштерге кайрымдуулукту көп жасайт. Эң негизгиси, байлыгынын бар экенин да, жок экенин да билдирбейт. Бизнес чөйрөсүн аялы тейлейт. Алишер мырзанын деле базарлары контейнерлеринин ижара акысын азайтып эсептегенде эле күнүмдүк кирешеси 100 миң сомдон ашуун. Себеби, базарларда контейнердин ижара акысы 500 доллардан 1500 долларга чейин. Салыгын ж.б. чыгымдарын кошподук.

Жаныш КУДАЙБЕРГЕНОВ
Кесиби боюнча экономист. "Кудайберген" базарынын, бир канча соода борборлорунун, май куюучу станциялардын ээси. Бизнес чөйрөсүндө 1996-жылдан бери иштейт. Мындан тышкары, шаарда бир канча соода түйүндөр Жаныш мырзанын кол алдында. Кудайберген базарындагы контейнерлердин ижара акысын эң төмөнкү нарк 200 доллар менен эсептегенде эле Жаныш мырзанын айлык кирешеси 3 млн.доллардан ары жогорулайт.

Аскар САЛЫМБЕКОВ
Кыргызстандагы эң бай адамдардын көч башында турат. "Дордой" ассоциациясы (Дордой, Аламүдүн, Ортосай базарлары, "Дордой-Плаза", Кыргызмебель ж.б.) Аскар Мааткабыловичке тиешелүү. Мындан тышкары, бир канча ишканалар, спорт имараттары, супермаркет, маданий борборлор да кол алдында. Ошого жараша кайрымдуулук иштерди көп жасайт. Спортко такай колдоо көрсөтөт. Андыктан, бу кишини бай дээрден мурун меценат адам дегенибиз оң. Эң алгачкы ишкердигин 1993-жылы Бишкек шаардык базарлар башкармалыгын жетектеп турганда баштаган.

Бегалы НАРГОЗУЕВ
1993-жылдан баштап "Ак калпак" туристтик фирмасын уюштуруу менен алгачкы кирешесин тапкан. 2003-жылы "Аман Эйр" авиаагенттигин жетектеген. Андан кийин "Алтын Эйр" ААКда иштеп, 2007-жылдан бери "Эсен Эйр" авиакомпаниясынын президенти. Компаниянын менчигинде батыш үлгүсүндөгү эки "Боинг-737" самолету бар. Бүгүн Москвага 110 орундуу "Боинг-737" самолетунун төмөнкү наркы бир киши үчүн - 295 доллар. Эми жумасына бир жолу учуп барып келгендеги акчаны эсептеп, пайдасын азайтып чыгара бериңиз.

Динара ИСАЕВА
1995-жылдан баштап "Асман-Тур" менчик авиакомпанияны түзүп, ошондон бери бизнес чөйрөсүндө иштеп бир канча ири фирмаларды түзгөнгө жетишти. Азыр анын колунда миңдеген жумушчулар иштейт. Эң негизгиси, миллионер үйбүлөлөрдүн көч башында. Эгер өмүрлүк жубайы Данияр Үсөнов экенин эске алсак, чынында миллионер. Баса, Данияр мырза 4 млн. ашык доллар акчам бар деп ар дайым алакан жаят. Бул бир жагы, а көмүскөдө канча? Казакстанда канча? Бул эки жубайдын капиталы биздин экономикага караганда Казакстанга катыра иштеп жатат дешет.

Сергей ИБРАГИМОВ
1995-жылы "Эридан" акционердик коомунда иштеген. "Бакай" компаниясы, "Банк Бакай", Карабалтадагы "Кристалл" арак заводу, кечээ жакында Д.Үсөнов итбекер сатып берген шампан комбинаты С.Ибрагимовго тиешелүү. СССР мезгилинде КГБ Жогорку мектебин бүтүргөн. Парламенттеги он бай депутаттын бири - Сергей Мухамедович. Башкасын айтпаганда да, Сергей мырзанын арак заводу жинди суунун бир нече түрүн чыгарат. Кыргыздар ичкиликке жакын экенибизди эске алып, бери дегенде 5 млн. калктын эки жүз миңи бир бөтөлкөдөн сатып алганда эле Сергей Мухамедовичтин бир күндүк кирешеси жүз миңдеген сомдон ашып түшөт. Ал эми банктарын, шампан комбинатын кое туралы.

P.S. "Агым" парламент миллионерлерин изилдөөнү улантат. Көз жүгүртө жүрүңүз.
Даярдаган Келдибек НАЗИРОВ










??.??