"Агым", 08.04.08 - 3-бет: Тїш ооп кеткен...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Түш ооп кеткен
"Арнамыска" ар-р деди
5-апрелде "Арнамыс" партиясы баланча закүндүн түкүнчө пунктуна ылайык өткөн парламент шайлоосунда кайсы партия кандай добуш алгандыгы тууралуу маалымат жарыялоого милдеткерсиңер маанисинде Борбор шайлоо комитетине (БШК) суроо-талап жөнөткөн. Ага БШК эмес, кечээ пресс-конференцияда ЖК төрагасы Адахан Мадумаров Боршайком эчкимге отчет берүүгө милдеткер эмес деп кесе жооп берди.

Шапке алмашты
Адашпагыла, айланайындар!
12-апрелде боло турган оппозициянын элдик курултайы митингичилерге Акаев чектеген эски аянтта эмес, Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Бирок курултайдын катышуучулары саат 10.00дө Горький аянтына чогулуп, андан спорт сарайга беталышат. Ага болжол менен бардык аймактардан бир жарым миңдей адам катышат. Өлкөнүн акыркы үч жылы жана келечеги талкууга алынат. Курултайга президент да чакырылмакчы.

Чиниби? Чениби?
Исаковдун короосуна бусаам таш ыргыды
Аймактык коопсуздук боюнча эксперт Леонид Бондарец Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы жасап аткан армия реформасы шектенүүлөрдү жаратат дейт. Чындыгында алар Куралдуу күчтөргө каражатты тартууга гана кызыкдар, а чыныгы реформалар жасалган жок. Армияны реформалоодо Кыргызстан моджахеддер менен вьетконгочулардын тажрыйбасына таянган ылайыктуу. Исаков "ии-и" дейби же?

Эрке бала энесин чукуп тамашалайт
Элибиздин эки кулагына "кесме" илинди
"Общественный рейтинг" гезити 3-апрелдеги санына Business AKIpress агенттигине таянып, "Кыргызстан тышкы карызынын 60 пайызынан кутулду" деп жазган. Биз да бул маалыматты окуганда адегенде ишенбей, анан "эгер чын эле ушундай болсо, өсүш" деп өлө катуу сүйүнгөнбүз. Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 2 млрд. доллардан ашуун. Маалыматты кайдан алганын тактоо үчүн Business AKIpress агенттигинин башредакторуна чалганыбызда, "бул 1-апрелдик тамаша болчу" деп жооп берди.

Рублдин курсу
"Замандаш" заманга кабатыр
Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспора ассоциациясынын төрагасы Муктарбек Өмүракунов ушу кезде 100 миң кыргыз Россия жарандыгын алгандыгын, ал эми кезметте тургандар да өтө арбын экендигин билдирди. А кыргыз бийлиги сырткы миграция күчөгөн сайын кыйынсынып кырданууда.

Булчуңу буура саныбы?
Бирөө үрсө, бирөө күлөт
Өткөн ишемби күнү "Жунхай-Дордой" базарында өрт чыгып, 80 өрт өчүргүч 13 саат бою өрттү өчүрүшкөн. Ушундан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы башкармалыгынын начальниги Жаныбек Иманов "Дордой" базарын жаптырабыз деп чыкты. "Дордойдо" кайсы күркүлдөрдүн куйругу күлтүйүп жатканы менен кабарсыз сыяктанат.

У-у, Лужков!
"Баракелде бергениң, барбая түштү чеңгелим"
Бусаам акындын эмес, Бишкек шаар мэриясынын чеңгели барбайды. Москвада "Мегаполис: XXI кылым" эларалык форуму өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн 64 шаар катышты. Арасында "ажайып" стенди менен Бишкек да бар. Ошого жараша Бишкек КМШдагы эң мыкты шаар деп табылып, диплом менен сыйланды. Москва мэри Ю.Лужков эми инвестицияны Бишкекке илгиртпей агытам деди. Деди эмес, шаар мэрия басмасөз кызматы ошентип билдирди. Эмнесине десек, шаарды шаңкылдатып башкарып, майда бизнестин таманына май сүйкөп атыптыр.

Алы жетпеген алиментчи...
Казак туюп, өзбек муйуйбу?
ОАО "Электрстанциялар-ынын" башдеректири Бакирдин Сартказиев "Кыргызстан суу сурай турган Казакстан менен Өзбекстандын өтүнүчүн күтүп жатат" деди. Газ, нефтинин бааларын төмөндөтүү жөнүндө сөз болбойт, электрэнергиянын наркын көтөрүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн деп жең ичинен муштум көргөздү.

"Агым-пресс"




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Сочи. Мөөнөттөрү аяктап бара жаткан Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жорж Буштун жолугушуусу болуп, орус-америка мамилелеринин стратегиялык багыты тууралуу декларацияга кол коюлду. Стратегиялык коопсуздук жаатында, биринчи кезекте ПРО системасын Чыгыш Европага жайгаштыруу боюнча көпчүлүк маселелер талаш бойдон калды. Бул В.Путин менен Ж.Буштун президент катары акыркы жолугушуусу.
Черногория. Жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында учурдагы президент, социалисттердин Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Филипп Вуянович 52,3% добуш менен жеңишке жетишти. Тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, Ф.Вуянович мамлекетти Евросоюзга мүчөлүккө киргизүүгө жана жашоо деңгээлин жакшыртууга сөз берди.
Пакистан. Голландиялык депутаттын куранга каршы тартылган "Фидна" тасмасына нааразылык билдирген акция катышуучуларынын саны 25 миңге жетти. Алар Голландия өкүлүн мамлекеттен чыгарып жиберүүнү талап кылышып, Карачинин башкы көчөсүндө тасма автору Вилдерстин сүрөтүн өрттөшкөн.
Түштүк Корея. Мамлекеттин түштүк-батыш аймагындагы өрдөк өстүрүүчү фермасында кайрадан куш тумоосу катталган. Илдет айынан өткөн жума аралыгында 6 миң канаттуу өлүп, 6,5 миң өрдөк жок кылынган.
Кабул. Согуш талаасына айланган Афганистандын Гельменд айылында атайы айымдардын эс алуусу үчүн "Малалай" паркы ачылды. 8 га жерди ээлеген паркты Американын эларалык өнүгүү агентствосу каржылаган. Эми согуш азабынан чарчаган афган айымдары кооз жерде каалаганча эсалууга мүмкүнчүлүк алышат.
Казакстан. Тараз шаарында жайгашкан "Казхиминвест" ТООсунун аймагындагы 550 кубометр нефть менен толтурулган нефть сактагыч жарылган. 350 чарчы метр аянтты каптаган өрт 16 саатка чейин созулуп, аны өчүрүүгө 108 адам жана 15 атайы техника катышкан. Жабыркагандар жок.
Өзбекстан. Өзбек масс-медиа кызматкерлерине чет элдик уюмдар жөнүндө жазууга тыюу салынат. Мамлекеттик телерадиокомпаниядагы журналисттердин батыш уюмдары тууралуу материалдардын эфирге кетиши үчүн башдиректордун жеке уруксаты талап кылынат. Ал эми Евросоюз жана АКШ өкүлчүлүгүнө кирип-чыккан журналисттер милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат. Мындай жагдай өлкө президенти Ислам Каримов НАТО саммитине катышып келгенден кийин да өзгөргөн жок.
WWW маалымат булактарынан