"Агым", 08.04.08 - 2-бет: Кимиси казак: Їсєновбу же Садыркуловбу?..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

 

Кимиси казак: Үсөновбу же Садыркуловбу?
Бишкек шаар мэри Данияр Үсөнов соңку кездери ичи күйгөндөнбү же аргументи түгөнгөндөнбү, айтор, президент администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун улутуна асылып, "казак" деп тийише баштады. Кебетеси, "ажого ким жакын" сымал мелдеш көркүнө чыгып бараткандай. А биз болсо Медет Чокановичтин ата-энеси, уруусуна кызыгып, сүрүштүрүп, келерки санга сенсациялуу кабар даярдап койдук. Күткүлө.

Мадумаров депутаттарга "бөө-ө!" деди
ЖК төрагасы Адахан Мадумаров парламент ишмердигинин 100 күндүгүнө пресс-конференция уюштуруп, "айрым депутаттар мени мокочодой көрүшөт, туура кылышат" деди. Анын "арифметикасы" боюнча төрага "бөө-ө!" көз түйрүп турбаса, парламенттеги мамлекет казнасын казып жеп, талап кетишет имиш. Андан да аркимге жага бергидей аял эместигине айрыкча басым жасады. Аял эместигин Аксынын кыз-келиндерине небак эле далилдеп, атагы Кыргызстанды жарганын негедир унутуп койду.

Сыйданов тележылдыз болгусу келеби?
Чүй губернатору Кубанычбек Сыйданов өзүн тележылдыз сезгиси келип, КТРге чыкпаса башы ооруйбу, өткөндө Акүйгө кирип ажого арызданып, Улуттук телерадиокомпаниянын жетекчиси М.Эшимкановдун ишмердигин шыбап чыгыптыр. Анын уландысы катары кечээ Чүй облтелерадиокомпаниясынын жетекчиси Ж.Максимова пресс-конференцияда тотукушча кайталап, түшкө кирбеген калптарды айтып, Мелис мырзаны жөөлөдү. Бу жөнүндө да кызыктуу кепти кийинки санда козгойбуз.

Керексизов сатпайт, белекке берет
Керексизов "Рух Ордо" эс алуу комплексин сатыптыр деген кеп тараган. А киши муну калп дегени бар. Чын экен. Ташкул мырза: "Рух Ордодо" үч диндин символу жайгашкан, сатканга болбойт, белекке ал" деп депутат Борис Санга бериптир. Белекке алган "Рух Ордо" акысына Борис мырза "Аалам Ордонун" курулушуна жардамдашып аткан кербези

Раев кайда? Кувейтте
Өткөн аптада Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" аттуу спектаклинин тушоосу кесилип, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана театр, адабият каймактары бул чыгарманы шедевр катары баалашты. Султан палван өзү Кувейтте жүрөт.

Болжурова из жашырууну болжоп атабы?
Билим жана илим министри Ишенгүл Болжурова жакында өлкө президентине кирип, кыргыз өкмөтүнөн окуу китептерин чыгаруу үчүн 100 млн. сом бөлдүртүп алмай болгонун жазганбыз. Атын азырынча ачыкка чыгаргысы келбеген депутат "Ишенгүл айым мунусу менен из жашыргысы келип атат. Анткени андан мурда да билим министри боло калып, миллиондорго, илимпоздор пикиринде "итке" өтпөгөн окуу китептерин чыгарткан" дейт. Анын ак-карасын министрдин өз оозунан угууга аракет жасайбыз.

Акылбек Жапаров аттан оодарылабы?
Коопсуздук кеңешинин секретары Токон Мамытов Баткенде болгон ишсапарын өлкө президентинин алдында саймедиреп берди. Сөз ортосунда Акылбек Жапаров финансы министри кезинде Баткенге барып, милийсага он штат ачып, сегиз туракжай куруп берүүгө убада бергенин, бирок бирин да аткарбаганын кыстара кетти. Мамлекет башчысынын кабагы катуу түйүлүп, убада берген соң аткарууну эскертти. Эмнегедир А.Жапаров мырза кийинки мезгилде катуу атакага кабылчу болду. Же иштеген тиш... тоюс, тил угабы?

Акаев Питерде пикеттегидей качты
Санкт-Петербургда, "Старая таможня" ресторанында депутаттар Б.Иманалиев, Д.Исаева, Д.Кадыров, Л.Сидоренко түштөнүп отурса, Аскар Акаев, жубайы Майрам, Ленинград университетинин ректору болуп ал жерге кирип келишет. Ошондо Сидоренко атасын көргөндөй: " Аскар Акаев" деп кыйкырып жибербеспи. Ары кетип калалбаган экс-ажо амандашып, эл-журтту сурамыш этип эле чыгып кетиптир.

Алтоо жана бирөө
Көлдүк "акжолчу" алты депутат: Жанкороз Каниметов, Табылды Орозалиев, Дүйшөнбек Кадыров, Бакыт Иманалиев, Жылдыз Рахимдинова казактарга төрт пансионатыбызды жана Каркыра жайлоосун кертип берүүгө каршы добуш беребиз. Ошентип бирге болсок, "Ак жол" депутаттыктан айдап чыгалбайт деп антташкан имиш. Ал эми көлдүк дагы бир депутат Кубанычбек Исабеков казактарга каргыш берип койдум эле деп актанганы менен, "Ак жолдон" айбыгып турат дешет.

"Агым-пресс"




 

Жаңы парламенттин түзүлгөнүнө жүз күн болду. Анын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
Турсунбай БАКИР уулу,
"ЭрК" партиясынын лидери:
- Партиялык тизме менен шайлоону өткөрүү идеясы жакшы. Себеби, жердешчиликке, трайбализмге жол бербейт. Бирок, шайлоонун өтүшү туура эмес болуп калды. Бул боюнча президентке дагы кайрылган болчумун. Парламент кандай шартта жемиштүү иштеши мүмкүн? Президенттен көзкаранды болбосо гана. А азыр мыйзам чыгаруу бийлиги аткаруу бийлигине баш ийип калып атпайбы.

Илим КАРЫПБЕКОВ,
"Медиа өкүлчүлүк" институтунун директору:
- Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүүгө али эрте. Ачыгын айтканда, парламенттик шайлоо таза, акыйкат өткөн жок деп нааразы болгондордун саны арбын. Парламенттин курамын үч партия түзгөнү жалпыбызга маалым. Депутаттардын иштөө тартиби өзгөрүлгөнү жаңылык болду. Жыйынтыгында, эл өкүлдөрү мобилдүү иштеп атышат. Көптөгөн жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Бирок, санына эмес, сапатына маани беришсе жакшы болмок. Дегеним, айрым убакта жакшы талкуулабай эле, мыйзамдарды кабыл алып атышканы өкүнүчтүү.

Азиза АБДРАСУЛОВА, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- Шайлоо маалында байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар бул парламентти легитимсиз деп тапканбыз. Азыр дагы ошол оюмдан жаза элекмин. Жаңы келген депутаттар адам укуктарына, мамлекеттүүлүккө доо кетире турган мыйзамдарды кабыл алабы деген кооптонубуз бар эле. Ойлогондой эле Ысыккөлдөгү төрт пансионатты, Каркырадагы жерибизди карматканы турушат. Андыктан, мындай парламенттин ишмердүүлүгүнө кантип оң баа бермек элек.

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти:
- Өлкөнүн турмушун жакшырта турган мыйзамдар кабыл алынган жок. Энергетиканы менчиктештиребиз деп ызы-чуу түшүрүп атышат. Бирок, аны дагы караша элек. Бир сөз менен айтканда, парламенттин көзгө көрүнүктүү иш жасай албай аткан убагы.

Жаныбек ТУРДУБЕК уулу, Бишкек шаарынын тургуну:
- Азыркы парламент кантип түзүлгөнү жалпыбызга маалым. Жогорку Кеңеште көпчүлүк орунга ээ болгон бийликчил партия өз алдынча иш алып баралбайт. Акүйгө көзкаранды. Калган эки партиянын колунан эчнерсе келбейт. Ошондон улам, кыргыз тарыхында биринчи жолу парттизме менен шайланып келген эл өкүлдөрү мамлекетибиздин келечегине балта чаап койбойбу деп кооптонот экенсиң. Мына, жакында Көлдөгү пансионаттарыбызды казак туугандарга карматканы турушат. Минте берсек эртең эмнебиз калат? Бийлик кумарына мас болуп отура бербей, эл камын деле ойлоп коюшса болбойт беле…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ










??.??