"Агым", 08.04.08 - 16-бет: Жаўырык...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңырык

Анжелика:
"Азыр сүйүүм үчкө бөлүндү"
- Анжелика, азыр эмне иш менен алектенип атасың, чыгармачылыкка аралашайын деген оюң барбы?
- Азыр Айчүрөк эже менен иштешип, Эрик Кадырбаевдин "Ардагым" деген ырын жаңы жаздырып бүттүк. Ушул ырга клип тарттырсамбы деп пландап атам. Андан тышкары үйбүлөдө мээримдүү эне болуп, кызымды багып отурам.
- Кичинекей балаңды өзүң эле багып атасыңбы, же атайы бирөөнү жалдадыңбы?
- Төрөгөндө 40 күн өзүмдүн апам келип, жардам берди. Андан кийин менин кичинекей инилеримди баккан эже бар болчу, ошол каралашып жүрдү. Бирок, ал Россияга кетип, азыр эки кайынсиңдим бар, ошолор жардамдашып атышат. Кичинекей эки инимди апам бир жашында эле мага калтырып, кээде жумуштары менен кетип калчу. Ошондо аларга буламык жасап берип, жалаяктарын которчумун. Бул жагынан анча-мынча болсо да тажрыйбам бар эле.
- Келечекте канча балалуу болсок деп пландаштырып жатасыңар?
- Он тогуз жашымда балалуу болом деп мурда ойлогон эмесмин. Азыр менин кызым бар, удаа эле балалуу болууга шашылбайм. Мүмкүн үч-төрт жылдан кийин дагы балалуу болуу тууралуу пландаштырабыз. Кудай канча бала берсе, ошончо балабыз болот. Албетте, үйбүлөнү пландаштырууну да эске алабыз.
- Үйдө кандай кожейке болуп атасың?
- Турмушка чыкканча эрке болгондуктан эч нерсе жасачу эмесмин. Атүгүл апам "камыр жууру, тамак жаса, турмушка чыкканда кантесиң" десе да жасагым келчү эмес. Азыр тамак жасаганды аябай жакшы көрөм, ал менин хоббим болуп калды. Торт, самса сыяктуу тамактарды, соустарды түрлөп жасайм. Жолдошум үйгө менин таттуу жасаган тамагымды ичүү үчүн жумуштан шашып келдим деп айтат. Көп конокту деле өзүм жалгыз тосо алам. Баардык нерсеге адамдын каалоосу гана керек деп ойлойм.
- Аял төрөгөндө фигурасы бузулат эмеспи, аны калыбына келтирүүчү ыкмаларды колдонуп атасыңбы?
- Жаңы төрөгөндө анча-мынча айырма байкалган. Азыр фигурам мурункудай эле. Үйүбүздө спорт бөлмөбүз бар. Спорт менен машыгып турам. Кызым кичине чоңойгондо жолдошум экөөбүз фитнес клубга, бассейнге барсакпы деп пландаштырып атабыз.
- Бала төрөлгөндө сүйүү наристеге өтүп кетет деп коет эмеспи, ошону сездиңби?
- Турмушка чыга электе биринчи сүйүүм ата-энеме арналчу, кийин жолдошума бөлүндү, азыр кызыма да бөлүндү. Сүйүүм үчкө бөлүндү десем болот.
- Мүнөзүңдүн өзгөргөнүн байкадыңбы?
- Ооба, турмушка чыкканда мүнөзүм өзгөрдү. Мурда аябай эрке элем. Жолдошумдун мүнөзү токтоо болгондон кийин, анын жанында жүрүп өзүм да токтолдум. Турмуш, үйбүлө, кызым жөнүндө көбүрөөк ойлонуп калдым.
- Үйбүлө куруу мансапка тоскоол болбойбу?
- Албетте, үйбүлөлүү адамга мансап жасоо кыйын. Бирок, мен жети жашыман Айчүрөк эже менен сахнада ырдап, атым чыгып калды. Азыр кайра эле жакшы ыр жаздырып, ырдай берем. Элдер ырчы десе эле үйүнө токтобойт деп ойлошот. Ырчылар деле башкалардай үйдө отурат. Мамлекеттик кызматчыларга караганда, ырчылардын убактысы көбүрөөк болот.
- Жолдошуң сага "Сулуулук салонун" ачып бергени жатыптыр деп уктук эле?
- Аны бир жылдан бери пландаштырып атабыз. Кудай буюрса, бул планыбыз жакында ишке ашып калат деген ойдобуз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Айназиктин аксандык

Махабат дартына чалдыкпаган ким бар.
Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер сүйүүдөн
баш айланып, бактыңыз ашып турса да,
арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы
бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же
жаңыдан сүйүүгө кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай
жатсаңыз, а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, "Агымдын" Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык!

Бактыңды алыстан издебечи!

Сага балакезден ашыкмын. Бирок, ушул кезге дейре сенин жүрөгүңдү ээлей албайм. Мени өзүңдүн кароолчуң гана катары көрсөң керек. Мектептен бери эле баарынан коруп, бирөөнүн колу, дагы башкасынын сөзү тийбесе экен дечүмүн. Кыялың да мынчалык неге чатак экенин билбейм. Кичинеңдеги эркелигиң азыр да калалек. Мурда кандай көңүлүңдү көтөрөм деп убара тартсам, мага карап бир күлүп койсо экен деп, клоунчасынан сага бар болгон шыгымды тартууласам, азыр андан бир канча эсе арта түштү. Аялзаттан сендей катаал жан кайдан жаралган, билбейм. Баарынан да сөз айткандар, мамиле түзгөн жигиттериң туурасында төкпөй-чачпай баян салганың жүрөктү эзет. Дос катары элес албай, бүт жашооңдун сырын ачып, сезимдериңди төгө бересиң. А мен сенин ишенимиңди актайын деп, алоолонуп жанган сезимди да ооздуктап келем. Билбейм канчага чыдайм. Мага буйрудуңбу, же башканын бактысына жаралдыңбы, ким билет. Бирок, сен дегенде жанын да аябай турган бирөө дайым сени жандап, бардык кылык-жоругуңду көтөрүп келатканын сезсең экен. Өзүмдү алтынга теңебейм, бирок, чындап сүйгөн, айланчыктап жаныңдан алыс узабаган мен жүрсөм, кайдандыр бактыңдын ээсин элеңдеп издейсиң. Колдо бар алтындын баркы жок белем…
Акылбек
Каттарды төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Агым" гезитинин "Айназиктин аксандык" рубрикасына же aynazik01@yandex.ru электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот.




  Келаткан жума күнү,
11-апрелде окуйсуздар!

"Агымдын" мырзасы, келечекте ырчы болгусу келген Кулмамбетов Искендер кабарлайт:
l Курултайга оппозициянын даярдыгы кандай?
l Бишкектеги детектив агенттиги көңүлдөштөрдүн айыбын ачабы?
l "17 жылдык аракечтиктен арылууга күчүм жетти".