"Агым", 04.04.08 - 8-бет: Экстер эмне дейт?..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Экстер эмне дейт?

Накен КАСИЕВ:
"Президент болоюн деген дымагым жок"
- Накен Касиевич, мамлекеттик башкаруу мурда кандай эле, азыр эмне болуп атат?
- Ийкемдүү башкаруу саясатка да, экономикага да таасирин тийгизет. Мен совет доорунда 16 жыл жетекчи болуп иштедим. Агездеги менен азыркы башкаруу асман менен жердей. Жөнөкөй участкалык врачтан министрдин орунбасарлыгына чейинки бардык тепкичти басып өттүм. Мурда кадрларды тандоо, көзөмөлдөө, таптоо чоң роль ойночу. Советтик системада кадрларга чоң көңүл бурулчу. Коррупция, трайбализм боюнча кичине эле илинчектери барларды кызматтан четтетип койчу. Бүгүн так ушундайларга даңгыр жол ачылды. Башкаруу тепкичи жогортон ылдый коррупцияга баткан. Колунда акчасы, таанышы барлар иштеп атат. Мыкты профессионалдарыбыз чет жерлерде жүрүшөт. Жакында эле Москвада Чазовдун, Бакулевдин клиникаларында болуп, биздин таланттуу дары герлерибиз иштеп атканын көрдүм. Башка тармак боюнча адистер да кетип атышат. Себеби, бизде кадрды тандоо ага татыктуу кызмат берүү эки бутунан аксоодо. Акаев доорунда биртопко чейин советтик инерция менен келдик. Акыркы жылдары үйбүлө башкарууга кийлигишип, башкаруу төрт баштуу ажыдаардай болуп, төрт тарапка чоюлуп калды. 2005-жылкы шайлоодо ушул төртөө төрт жакка тартып туруп алды эле, акыры бийлик кулап түштү.
- Казакстандын төрт пансионаты коомчулукта чоң резонанс жаратты. Президент Германиядан келери менен "пансионаттарды казактарга арендага берип пайда көрүп, аларда көлдүктөр чоң айлык менен иштешип, пайдалуу эле болуп атпайбы" деди. А Казакстандын биздеги элчиси "биз жерге гана аренда төлөйбүз, имараттарды совет мезгилинде өзүбүз курганбыз, аларга эчтеке төлөбөйбүз" маанисинде айтканы бар. Эмне үчүн мындай ача пикир чыгып атат?
- Бул маселе мен мамлекеттик катчы болуп турганда эле көтөрүлгөн, казактар пансионаттарды алууга ошондо эле биртоп аракет жасашкан. Акаев Назарбаев менен канкуда болуп турганда да мындайга жол берген эмес. Жаңы эле куда болушса, бири-биринин сөзүн кыйбай турган учурда берип коер бекен деп ойлодум эле, Акаев кыйыр түрдө болсо да аткез кылган. Негизги кеп бул төрт пансионатта эмес, андан башка өзбектердин, союз убагында ведомстволор үчүн курулган пансионаттары да бар. Эгер биз буларды 20-40 жылга берип коюп, чоң акчага, беш жылдыздуу болоруна кызыксак, чоң жаңылышкан болобуз. Себеби, арендага берилген күндөн тарта алар Казакстанга өтөт, андан ары Көлдүн жээгин эмне кылса өздөрү билишет. Башка мисал, совет доорунда Кенесанархайда чоң кыштоо бар эле, аны биз - кыргызстандыктар курганбыз. Союз тараганда ал Казакстанга өтүп кетти, казактар анүчүн бир тыйын да компенсация төлөшкөн жок. Союз тарап атканда кимдин жеринде кандай объект болсо, ошол өлкөдө калат деген документке кол коюлган. Казактар союз убагында курганбыз деп доомат артып жатышса, анда биз башка өлкөлөрдө курган объекттер эмне үчүн кайтарылып берилбейт? Көлдөгү объекттерди эч кимге арендага же башка жол менен болсо да бербешибиз керек.
- Бизде оппозициялык уюм, кыймылдар жетишерлик. Бирок эл эмне үчүн буларды колдобой жатат?
- Мурда оппозициялык жыйындардын, митингдердин башында тургандар аркы жээкке секирип өтүп кетишип, эл алдында саткын катары оппозициянын аброюн түшүрүп салды. Ошонүчүн эл азыркы кырдаалга ишенбей турат. Табият, натурасынан оппозициячыл адамдар бар. Айрымдар үчүн оппозиция ыңгайлуу жээк. Кээ бирөөлөр саясый рейтингин көтөрөбүз деп чыгып алышып, жели чыгып кайра кетип жатышат. Мен Абсамат Масалиевдин позициясын абдан сыйлайм. Он беш жыл бою оппозицияда турду. Бирок бийлик да ага урмат-сый менен мамиле жасады.
- Өзүңүз эмне үчүн ошо жээкте жүрөсүз?
- Мен радикалдуу эмесмин, бирок оппозициялык маанайда жүрүп атам. Отуз жылдан бери мамлекеттик башкарууда жүрүп, бүгүнкү Акүйдүн кадрларга, элге мамилеси менин көңүлүмдү калтырды. Референдум, шайлоо кандай өткөнү саясатчы эмес, адам катары мени иренжитти. Ошонүчүн ушу жээкте жүрөм. Болбосо, менин президент болоюн деген дымагым деле жок. Бу оппозицияда бийлик иш бербей койгондор жүрөт деп атышпайбы. Мен бул бийликтен эчкандай кызмат сурабайм.
- Атамбаев оппозицияга кошулду деп айтып атышат. Оппозиция аны кандай кабыл алат?
- Атамбаевдин кошулган-кошулбаганын укпадым. Бирок кандай болсо да ал оппозициянын аброюн көтөрүп же түшүрүп жибере албайт. Анын ким экенин коомчулук көрбөдүбү.
- Курултайдан эмне күтүүгө болот?
- Курултай өткөрсө болот деп Конституцияда жазылып турат. Ага текебер мамиле кылган болбойт. Бийлик өтсө-өтпөсө койсун деп турат. Курултай өтүш керек. Анда кечээки эле шайлоо жыйынтыгы, бийликтин үч жылдыгы каралат. Көчөдө дүрбөп митингде жүргөндөн көрө, тынч курултай өткөнү дурус, эгерде бизде демократиялык жышаан калса. Болбосо ачык асман алдында деле өтөт да.
- Кайда иштеп жатасыз?
- Кыргыз-орус славян университетинде кафедра жетектеп, кесиптештеримди окутуп атам.
- Ушунча жыл бийликте жүрүп, эчнерсе менчиктештирбедиңизби?
- Бир аптека алып койбой, ак жүрөктөнүп жүрө берипмин. Мен түбөлүк эле ушундай иштеп жүрө берет экем деп ойлоптурмун. Бул советтин тарбиясы. Качан болсо калыстык болот, ар ким колунан келгенин иштейт деп жүрүпмүн.

Аскер САКЫБАЕВА




  Саясый санат

Жеңишбек НАЗАРАЛИЕВ
эл, бийлик жана оппозиция жөнүндө

Доктор Назаралиев - өлкөнүн коомдук-саясый турмушунда кандайдыр дайыма обочолонуп турган адам. Саясый түзүлүштөр, бийлик башчылары алмашса да, ал өзүнө ишенип, багытын өзгөртүп жибергени жок. Бирде трансконтиненталдык автомарафонду удургутса, бирде "Баңгизатсыз акыл-эс" Бүткүл дүйнөлүк лигасын же "7-аалам" программасын уюштуруп ийет. Жеке өзүм аны жыйырма жылдан бери билсем да, ал мени таңгалдырганын токтото элек.
Назаралиев саясатта да катуу таскак салып, 2005-жылы марттагы "жоогазын революциясынын" авторлорунун бири болуп калды. Кийин президенттикке ат салышты, ал эми өткөн жылдын декабрындагы Жогорку Кеңешке шайлоодо күтүүсүз жерден "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын тизмесин баштап... ошондой эле күтүүсүздүк менен бойкот жарыялап, шайлоодон баш тартып койду.
Анан эле үч айдан ашуун үн катпай жатып алды, ММКларга да интервью бергенден баш тартты. Бирок, ошентсе да биз аны "колго түшүрүп" алып, "Мекенди жана бизди эмне күтөт?" деп ырдагандай, эң талылуу маселе боюнча ачык-айрым маек курууга аракет жасадык.
Жыйынтык чыгарчу убак келди
- Ошентип, доктор, Жогорку Кеңешке шайлоонун шайтан оюндары, анан айтмакчы, парламенттик орундан адилетсиз ажыраган оппозиция тууралуу бүйүр кызытуулар тынчыгансып калды. Сиз кырдаалга кандай баа берер элеңиз?
- Кырдаал бүгүнкү күндөн алганда жана жакынкы келечекке көз салганда азыркы бийликтин пайдасына алдын-ала чечилген болчу. Бул Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүндөгү ушул мезгил үчүн дурус жагдай деп ойлойм. Эмне үчүн? Коомубуз азырынча демократиялык терең жаңыланууларга даяр эмес, көпчүлүк эл дагы да болсо ың-жыңсыз, демилгеси жок, шаабайы суз, анча билимдүү эмес, күнүмдүк жан багуу, нан табуу - элди биринчи кезекте ойлонткон нерселер. Социалдык-саясый турмушта урук-тууган, жек-жаатчылык, кландык мамилелер басым жасап турат, өзгөчө региондордо. Кландар менен аларды саясатка аттандырган топтор жана лидерлер өлкөнү өнүктүрүү жолдору тууралуу бирдиктүү пикирге жана планга токтой албай жатышат: биз кайда бара жатабыз, ким менен? Ар ким өз көмөчүнө күл тарта бергендиктен, биз, бир сөз менен айтканда, хаос деген башаламандыкка келдик.
Тилекке каршы, өткөн шайлоолордо партиялардын лидерлери жеткиликтүү программа сунуш кыла алышкан жок. Андыктан шайлоочу идея үчүн эмес, бирөөнүн кишиси жана 300 сом үчүн добуш берүүгө келип жетти. Жеке өзүм оппозициянын башын бириктирүү үчүн бар күчүмдү жумшап, шайлоо кампаниясына чейин эле анын лидерлери Сариев, Байболов, Текебаев менен бир нече ирет жолугушкам жана өзүмдүн жардамымды сунуш эткем, бирок алар андан баш тартышкан. Ошондо менде аракеттеги "Асаба" партиясынын тизмесин баштоодон башка арга калган эмес. Шайлоо учурунда да партияларды бирдиктүү коалицияга бириктирүү үмүтү мени жетелеп жүрдү, бирок, баш тартып коюшту.
Бизде деген кандай: ар ким өзүн Атажурттун сактоочусу катары эсептейт! Тилекке каршы, мен өзүн эл алдында акыйкаттык үчүн күрөшкөн адам катары жарыялап, ал эми иш жүзүндө ушул турган Акүйгө чуркап барышып, Жогорку Кеңештен орун сурап жүргөн көптөгөн оппозиция жетекчилерине далайга алданып келипмин.
Алардын турмуштагы жана саясаттагы максаты - кандай гана болбосун бийликке жетүү. Андыктан өткөн шайлоолордун түпкү маанисин минтип бааласа болот: бул социалдык-саясый жана экономикалык программалардын күрөшү эмес, бул портфель үчүн күрөш. Мен бийлик менен уят-сыйытты жыйыштырган чоң соода жүрүп жатканын, "баары небактан белгилүү экендигин" так билгенимде, негизги партиялардын бардык жетекчилерине шайлоого бойкот жарыялоону сунуш эттим. Бирок, мени эчким колдогон жок. Кийин, шайлоого төрт күн калганда бойкоттон "Асабанын" лидерлери да баш тартышты: ошондо жалгыз өзүмө шайлоо жарышынан чыгууга туура келди.
Оппозиция өзүнүн биримдиксиз жана алсыз экенин көрсөттү, ал эми бийлик болсо дал ушундан пайдаланып, оппоненттерин көтөрүп урду. Кандай гана саясый топ болбосун, өзүнүн каршылашын жеңип чыгуу үчүн далбастайт. Анысы начар, алсыз болсо огобетер жакшы. Андыктан оппозицияга карата өтө катаал кысым көрсөтүлдү: саясый күрөштүн сыйымдуулугу ушундай, бардык жерде ушинтип өтөт.
- Канткен күндө да, эмне үчүн сизди эч ким колдогон эмес, атургай "асабачылар" да сиз кетип калгандан кийин "доктор бизди таштап кетти", "доктор бизди сатып кетти" деген кептерди айтышты...
- Менимче, кептин баары кыргыз "лидерлеринин" жандүйнөсү алсыз жана интеллектиси жетишерлик өнүкпөгөндүгүндө. Жаратылышында биз - кыргыздар маргинал, көралбас жана өтө коркок калкпыз. Биздин Кудайыбыз да, динибиз да жок, андыктан анык элитабыз да жок. Ушундан улам күчтүү инсандарды коомдо жактырышпайт жана алар табигый обочолонууга туш болушат. Өзүңүздөр билгендей, дүйнө жүзүндө эки коом жашайт - цивилдүү (өнүккөн) жана варвардык (өнүкпөгөн же маданиятсыз). Андыктан, өнүккөн коомдо адам акыл-эси жана интеллектиси менен кубанычты жана суктанууну чакырат, ал эми варвардык коомдо ал түшүнүксүз, кызык адам, б.а., "келесоо чалыш" катары кабылданат. Мен көрсө партия жетекчилерине алардын бири көркөмдөгөндөй, түшүнүксүз, таңгалыштуу жана сентименталдуу патриот болуп көрүнүптүрмүн. Партия боюнча кечээки эле пикирлештериме "доктор Назаралиев парламентке келиш үчүн гана демөөрчү, кадыр-барк, туу катары зарыл" болуптурмун. Мен бул бей пайда иш-аракетти каржылоодон баш тартканымда, алардын кыжыры кайнады. Бирок, мен аларга жаалдангым, таарынгым да келбейт: аларда бир эмоционалдык жарылуу, акыл-эстен сезим күчтүүлүк кылган учур болсо керек.
(Уландысы бар)
Ибрагим РУСТАМБЕК