"Агым", 04.04.08 - 17-бет: Дєє-шаасы...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дөө-шаасы

Диего Марадонна
Менимче, бул ысымды укпаган бир да футбол күйөрманы жер планетасында болбосо керек. Дүйнө чемпиону, XX кылымдын мыкты футболчусу… айтор, ал жөнүндө кандай мактоо болбосун айта берсек жарашчудай. Футбол королу жашоосунда мындан да бийик ийгиликтерди жаратмак. Бирок, анын жашоосуна бүлүк салган, кетип бараткан түз жолунан адаштырган - баңгизат.

"Увы, самый большой футбольный талант хранится в самом ненадежном месте - в теле Марадонны. Это тело, этот храм разрушен наркотиками"
Хорхе Вальдано, тренер

Он жаш. Сенсациялуу ийгилик
Келечектеги дүйнө чемпиону 1960-жылдын 30-октябрында карапайым үйбүлөдө жарык дүйнөгө келген. Диего өспүрүм кезинен тартып бир жерге тынч туралбаган бала болуп чоңойду. Ата-энеси белекке берген топтун артынан сая түшүп, өзү теңдүү балдар менен керээлден кечке үй бетин көрбөй футбол ойноор эле.
Алгач "Архентинос Хуниорс" профессионалдык клубуна келип кошулат. Мына ошол кадамынан тартып футбол чөйрөсүндө өчпөс из калтырып кеткен, тирүү легендага айланган Марадоннанын жаңы жашоосу башталган. "Архентинос Хуниорсдун" базасында түзүлүп, Диего жетектеген "Лос Себболитас" өспүрүмдөр командасы бир жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Жада калса атак-даңктын туу чокусуна жеткен Ривер Плейтанын командасы "Лес Себболитаска" туруштук бералбай, 7:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартканга мажбур болду. Бул сенсациялуу жаңылыкты, Марадоннанын мыктылыгын жазбаган гезит, көрсөтпөгөн телеканалдар калбаса керек. Ал кезде жаш футболчу болгону он жашта болчу.

Атак-даңкка болгон саякат
Ошентип, Диего спорт жылдызына айланды. "Архентинос Хуниорс" клубунда ойногон беш жыл аралыгында атаандаштарынын дарбазасына 116 топту жорголото киргизип, рекорд койгонго да жетишти. 1977-жылы Аргентина курама командасына кошулуп, тилекке каршы, бир жылдан кийин өтчү дүйнө чемпионатына катыша алган жок. Ага карабастан, Марадонна ийгиликтин, атак-даңктын туу чокусун көздөй өрлөп кете берди. Алсак, 1979-жылы Аргентинанын жаштар курама командасы дүйнө биринчилигинде Япониянын командасын багындырганы жалпыбызга маалым. Мындан улам Диего Түштүк Американын мыкты футболчусу катары таанылды.
1982-жылы Барселонадан чакыруу кагазын алат. Бирок, ошол кезде футболчунун денсоолугу начарлап, күтүлбөгөн көйгөйлөрдү жаратты. Жыйынтыгында команданы жетектөө укугунан ажырады. Албетте, мындай кырдаал өсүү жолунда бараткан жаш жигитке тескери таасирин тийгизери турган иш. Андыктан, спорттогу карьерасын жыйынтыктоо чечимине келген учурлары да болгон. Минтип кыйналып жүргөн маалында кокусунан Наполиден сунуш түшүп, жаңы ийгиликтин, атак-даңктын эшигин ачкан Италияны көздөй сапар алды.

Унутулгус гол
Марадоннага болгон көпчүлүктүн ишеничи ашыгы менен акталды десек жаңылышпайбыз. Себеби, анын өзү ойногон клубка кошкон салымы зор - чемпиондук наамды алып келди. 1986-жыл гениалдуу футболчу үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Англия менен болгон беттеште колу менен гол киргизип, британ массалык маалымат каражаттарында чоң чууну жаратканы футбол күйөрмандарына маалым. Ошол эле беттеш маалында төрт коргоочуну жана дарбазачы Питер Шилтонду буйтап өтүп, футбол тарыхында жазылып калган көркөмдүү гол жаратканы футбол сүйүүчүлөрүнүн эсинде сакталып калды.
1990-жылы Италияда болуп өткөн дүйнө чемпионаты Марадоннага алтын медалды тагынууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал үчүн күйөрмандар жана жергиликтүү журналисттер жалгыз гана футболчуну күнөөлөштү. Ызасына чыдабай Диего жаш балача солкулдап ыйлаганын көргөндөр бар. Ооба, бул анын жашоосунда жагымсыз окуялардын башталышы гана эле.

Өнөкөт "оору"
Депрессияга туш болгон спортчуну баңгизаттар өзүнө тарта баштады. Муну менен эле чектелип калбастан, кылмыштуу топ менен байланышканын айтып чыккандар да бар. Жүрүп отуруп наркотикалык заттар анын түбүнө жетти. Өз өлкөсүнө кайтып келгени менен спорт чөйрөсүндө ийгилик жарата алган жок.
1996-жылы "Аликанте" мейманканасында эс-учун билбей жыгылган. Ошондон бери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Саламаттыгынын начардыгына карабастан ичип алып чуу чыгарып, баштапкы өнөкөтүн калтыра албады. Учурда Марадоннанын жүрөгү начар деген да кептер жок эмес. Бирок, кандай кырдаал болбосун легендарлуу футболчу көпчүлүктүн кумири, сыйлаган адамы. Жер шарындагы миллиондогон адамдар Пелени эмес, Диегону футбол королу катары эсептешет.




 

Сууда сүзүү
Кыргызстандын спортчулары Англиянын Манчестер шаарында өтө турган сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышмакчы. Аталган иш-чара 9-апрелде башталып, үч күнгө созулат. Жердештерибиз Юрий Захаров төрт, Василий Данилов үч аралыкта күч сынаша турганы маалым. Учурда эки спортчубуз Москвада машыгууда жүргөн чагы.
Дзюдо
КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кайбылда Касымалиевдин жаркын элесине арналган эларалык турнир кечээ спорт ортосунда башталды. Коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген меймандарды кошкондо 100гө чукул балбан күч сынашууда. Эске салсак, бул мелдешке 16-18 жаштын тегерегиндеги дзюдоисттер катышуу укугуна ээ. Алардын арасында Азия чемпиону Азамат Түгөмбаев (60 кг салмакка чейин) менен жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону Адилет Жусупов да бар. Айтмакчы, аталган турнир 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Футбол
"Алатоо" эларалык турнири кечээ соңуна чыкты. Финалдык беттеште "Абдыш ата" "Шер" командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке ээ болду. Ал эми Кыргызстандын учурдагы чемпиону "Дордой Динамо" жакшы оюн көрсөтө албай, коло медалга ээ болуп, ыза болуп турган кези.
Самбо
"Балтика" компаниясынын кубогуна арналган биринчи эларалык мелдеш эмки шейшемби күнү Өзбекстандын борбор шаарында башталат. Ага Кыргызстандын курама командасы да катышмакчы.
Олимпиада - 2008
Бээжинге жеткирилүүчү Олимпиада оту элдик революция күнү Грециядагы байыркы Олимпиа стадионунда жагылып, жолго чыккан эле. Ушул жумада Казакстандын президенти Олимпиада отун Алматы шаарынын жанында жайгашкан лыжа тебүүчү жайдан кабыл алды. Грецияда жагылып, сапарга чыккан Олимпиада оту 20 өлкөнү аралап, ошону менен эле бирге дүйнөнүн Эверест чокусу, Тибет аркылуу өтүп, 137 миң чакырым аралыкты басып өтөт. 8-август күнү ал Олимпида оюндарынын ачылышына карата Бээжинге жеткирилиши керек.
Бокс
Эки салмакта (IBF, WBC) дүйнөнүн экс-чемпиону Диего Корралес жол кырсыгынан каза тапты. Мотоциклде баратып жеңил автомобилдин алдына кирип кеткен. Каргашалуу окуя Лас-Вегастан 10 км алыстыкта жайгашкан аймакта болду.
"Чико" каймана аты бар бул мушкер 18 жашынан тартып спорттогу карьерасын баштаган. Ал өз өмүрүндө 45 таймаш (анын ичинен отуз үчү нокаут менен) өткөрсө, беш жолу жеңилүү ызасын тарткан эле.