"Агым", 04.04.08 - 13-бет: "Кумтєр Оперейтињг Компани" эл камында...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Кумтөр Оперейтиңг
Компани" эл камында

"Кумтөр Оперейтинг Компани" жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча 3 жылдык программасынын алкагында Барскоон булуңунда балыктардын уругунан чыккан майда балык чачуу акциясына демөөрчүлүк кылышууда. 28-мартта өткөн иш-чаранын жүрүшүндө Ысыккөлгө 6,0 млн. уруктан чыккан майда балыктар чачылды. Майда балыктарды уругунан өстүрүп, көлгө коеберген - "Инкубация заводу". Бул акция Ысыккөлүбүздөгү балыктардын санын сактап калууга орчундуу салым кошот.
Сиг балыгы Советтер Союзунун учурунда биологиялык чечимдин негизинде интродукцияланган. Ал эми мурун деле жана азыркы учурда Кыргызстан илимпоздорунун чечими менен жүргүзүлөт. Төрт жылдын ичинде "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" колдоосу менен уругунан чыккан майда балыктардын чачылган саны 16 миллиондон ашат. Статистика боюнча алардын 10-20% ы тирүү калып, көлдүн фаунасына аралашат. Быйыл "Кумтөр Оперейтинг Компани" балыктын уругун өндүрүүгө "Биосистемалар жана суу ресурстарынын экология институту" Коомдук Бирикмесине 150 миң сом өлчөмүндө жардам бөлдү. Ысыккөл менен эле чектелбестен, "Кумтөр Оперейтинг Компани" Соңкөл менен Чатыркөлдө да балыктандыруу боюнча иш алпарат.
"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" аймактагы жардамы муну менен чектелбейт. Жергиликтүү калктын талаа иштерин жүргүзүү боюнча жеңилдиктерине да алардын салымы зор. Барскоон, Эки Жаргылчак айылы, Тосор жана Тамга айылдарын бириктирип, "Жарак" техсервис уюму аркылуу үч жылда 3 комбайн, 3 пресс-подборщик, тракторлор, трактордун соколорун белекке тартуулашкан. Дыйкандар жаз жарышында ар бир күндү баалашат. Башка айылдан унаа таап келгиче убакыттан уттуруп коюу коркунучу болгон. Бүгүнкү күндө өз техника менен жер айдап, эгин жыйнап тыңгылыктуу оокат кылышкан дыйкандар "Кумтөр Оперейтинг Компани" көрсөткөн жардамына кубанычтарын жашырбай ыраазы. "Жарак" техсервисинин директору Сапар Сагалиев өз оюн билдирди:
- Быйыл 26-мартта жер айдап баштадык. Район боюнча биздин айылдар биринчи болуп жол башташты. Район администрациясынан күткөн күйүүчү май, урук кечигип, "Кумтөр Оперейтинг Компани" дагы жардамга келди. 200 миң сомдук ссуда алып, чыгымдарыбызды жаап атабыз. Күзүндө эгин жыйгандан кийин кайтарып беребиз. Жаздын бир күнү жыл бою багат дегендей, убакыт алтын баасында. Дагы өзүбүздүн унаа тетиктер болуп, айдоо иштерине кеткен чыгымдар унааны башкалардан алганга караганда үч эсе арзанга түшөт.
Каржы маселесин чечип берүү жолдору көп болгон. Маселен, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жаңы ишке киришкен жылдары жергиликтүү башкармалык бюджетине которулган каражаттар көп учурда дарексиз колдонулуп, айрым кезде дайынсыз болуп кеткен. Каржыны дарегине жеткизүү максатында микрокредиттик агентство түзүлгөн. Үч айыл өкмөтүнүн тургундары тоскоолсуз 5 миңден 10 миң сомго чейинки кредит алып, бизнес-планында каралган иштерине жумшай алышат. Агентство иштеген үч жылдын ичинде "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" жардамы менен кредиттик портфель 10 млн. сомго жетти. Микрокредиттик агентствонун төрагасы Жапаров Талантбектин айтымында, кредиттердин кайтарымдуулугу 100%.
- 427 кардарды тейлеген агенттик төмөнкү - 15-12 % дагы кредиттерди берет. Иликтөөлөр боюнча республика боюнча эң төмөнкү пайыз. Кардарлар негизинен айыл, мал чарбага колдонууга акчага муктаж. Биз аларга жөн гана акча берип тим болбостон, бизнес-план түзүүгө, аны так аткарууга да көмөктөшөбүз. Колунда жок адамдар да келип, мал багып, жер иштетип буттарына туруп кетишет. Кардарлардын 30%ы экинчи жолу кайрылышат. Эгерде биринчи кредитти мүчүлүш кетирбей жапкан болсо, пайызын дагы түшүрүп беребиз. Кредит алуу мөөнөтү 1-3 күн. Бул дагы башка компаниялардыкынан тез деп мактансак болот. Жергиликтүү тургундар "Кумтөр Оперейтинг Компани" көрсөткөн жардамына ыраазы.
Аймактагы башкы проблема - жаштар санынын азайгандыгы жана бруцеллез оорусу. Ал жактан да кайдыгер калбастан "Кумтөр Оперейтинг Компани" болгон күч-аракетин жумшоодо. Маселен, жергиликтүү калк, компания жана аймактын башкармачылыгы ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн "Кумтөр жана айкын" коомдук фонду уюшулган. Коомдун лидерлери жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн тургундары. Анткени компаниядан алынган жардамды да туура пайдалана билүү акыл калчап иш кылууну талап кылат.
Жетөгүз районунун Барскоон айылында 2006-жылы компания Дартты аныктоо борборун куруп, ишке киргизген. Кезектеги ишке ашчу долбоор - АРИС уюму менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" биргелешип мектеп жана бала бакча куруу. Эң башкы тилек - биргелешип ынтымакта иш алпаруу. Ошондо элдин турмушу оңолуп, келечек кең болмокчу.
Нуржан АЛЫМКАНОВА
®