"Агым", 01.04.08 - 9-бет: Ууч кур эмес...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ууч кур эмес...

ОМАР кыргыз үнүн Юрмалада жаңыртат

Жыл сайын Юрмалада өтүүчү "Жаш толкун" эларалык сынагына Кыргызстандан ОМАР аттанмакчы. Буга чейин коңшу Казакстан өз жылдыздарын ат салыштырып келсе да, аталган сынактын негизделишинен берки тарыхында кыргыз жылдызы финалда таймашууга мүмкүнчүлүк алганы алгачкы көрүнүш. Ырчы жигит адегенде Ортазия боюнча чейрек финалдан өтүп, андан соң, Москва шаарындагы жарым финалда 130 катышуучунун арасынан калыстардын купулуна толду. 23-28-июль аралыгында өткөрүлө турган эларалык сынакта биздин Омар дүйнө бурчунан тандалган 16 жаш аткаруучунун катарында ат салыша турган болду. Сынактын жүрүшүнөн ырчы өзү кеп чубасын.

- Конкурс башталарда мен Астанада стажировкада жүргөн элем. Алгачкы тандоо сынагынан өткөнүмдү кабарлап, продюсерим Кыргызстанга чакырды. А.Румянцев менен Е.Орлов башкы калыс эле. Алар жактырышты. Атургай музыканы токтотуп, менден А.Румянцев: "Тентексиңби? Эгер андай болсо, көрсөт. Сахнадан секир, дивандан аттап өт, элди жандандыр" деп калды. Мага чейин жай ыргактагы ырлар жаңырып аткан эле. Ал айткандай аткардым. Жарым финалга Кыргызстандан Мирбек экөөбүз өттүк. Ал эми Москва шаарында калыстар курамында Е.Орлов, И.Николаев, И.Крутой, А.Румянцев, М.Фадеев болду.
- Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн музыкалык сапатын салыштыра алдыңбы?
- Эларалык сынактарда биздин музыканын деңгээли, кимдин ким экени так билинип калат тура. Биз башкалардан үлгү алчудай эле экенбиз.
- Мурда аракет жасап жүргөн ырчылар "кыргыздарды жакын да жолотпойт экен" деп калышчу. Сени калыстар капа кылган жокпу?
- Биринчи күнү баарыбызды ырдын ортосунан токтотконунан маанайым чөгүп, италиялык контртенор үндүү балдарды угуп, ишенимим да өчө түшкөн. Ошол жерде казак-кыргыз биртуугандыгыбыз билинди, башкаларга караганда эки жак бир-бирибизди бөтөнчө колдоп турдук. Кийинки күнү "Дельмар" тобунун "Бишкекская ночь" ырын ырдап, чейрек финалдагы А.Румянцевдин сөздөрүн эстеп, ары-бери секирип, костюмду чечип ыргытып, жакшы эле тентектик кылдым. Бүтө жаздап калганда токтотуп, Алматыда англис тилинде ырдаган ырды кайра кайталоону өтүнүштү. "Blue" тобунун "One love" ырын аягына чейин угушту, ал эми британиялыктар ритм менен алакан чаап, кошо ырдашып колдошту.
- Омар, Кыргызстандын атынан алгач ирет катышып жатканың биз үчүн зор сыймык болгону менен өзүң үчүн чоң жоопкерчилик…
- Ушул туурасында ойлоп алып, чочулап кетем. Айрым ырчыларга салыштырмалуу жаңыдан сахнага кадам таштап келаткандардын катарындамын. Кудайдын буйругу экен, ушул сынак маңдайга жазылып калыптыр. Сынакта кичинесинен бери ыр менен чоңоюп, ыр менен жашап келаткан кыз-жигиттер. Мен профессионалдык деңгээлде киришкениме бир жарым жылдын гана жүзү болду. Бирок, тандоо турунда кандай аракет жасасам, финалда да болгон күчтү жумшайм.
- Өлкөлөр арасында атаандаштык күч болдубу?
- Үн, аткаруучулук чеберчилик атаандаштыгы күчтүү болгону менен бир-бирин көралбастык дегенди байкай албадым. Таланттуубу - эл колдоп алат, жакшы ырдагандарды биз деле туруп, кол чаап колдоп аттык. Ушул тапта ошол сынакта таанышкан Юлдуз Усманованын кызы, бир топ казакстандык ырчылар менен интернеттен кат алышып турам.
Сөзгө Омардын продюсери Нурсулан СЫДЫГАЛИЕВ аралашып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
- Алгачкы тандоо турларында демөөрчү издеп, аябай чуркадык. Биз ушул жагына келгенде бир-бирибизди колдой албайт экенбиз. Акырында, жол билетти Маданият министрлиги камсыздап, ал эми продюсер Назгүл Насиева каражат таап берип, чын дилинен каалоо айтып жөнөттү. Ал эми финалда убада кылган расмий демөөрчүбүз бар. Ушунча жоопкерчиликти моюнга алган соң, Омар экөөбүз тең болгон күч менен даярдык көрөбүз. Быйыл аталган сынактын алгачкы тандоо туру Казакстанда өткөнү бизге жакшы мүмкүнчүлүк болду. Кудай буюрса, Омар жол ачып берсе, эмки жылдан тарта бизден көп катышып калар. Бизде таланттар абдан көп. Сахнага чыккан канча, чыгалбай жүргөнү канча. Сыртка кетип калгандары да толтура.
Омар: - Алматы, Астанада жүрүп, кафе-ресторандарда ырдаган биздин балдарды кезиктирдим. Алар Кыргызстанда аракет кылып көрүп, бирок, акыры кол шилтеп сыртка иштеп кеткендер. Арасында италиялыктар менен теңтайлаша тургандары да бар. Бизде колдоп, түрткү берип турса, Кыргызстанды көтөрө тургандар арбын. Продюсерим түрткү бербегенде, мен сынакка катышпай да калат элем. Нурсулан байкеге, ата-энеме ыракмат айтам. Конкурста жанымда жүрүп, моралдык жактан жардам берген Канат Култаев менен Мирбекке ыраазымын. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн 4-5 адам курчап, бири чачын жасап, экинчиси жүзүн боеп, бири ырдатып жүрүштү. А мени Канат байке чачымды жасалгалап, макияж коюп жатты. Шартка байланыштуу жанымда болалбаган продюсерим финалда Кудай буюрса, сөзсүз жанымда болот.
P.S. Сүрөөн бурч!
Окурман, Кыргызстандын атынан эларалык деңгээлде ат салышка аттанган Омарга дем-күч берип, каалоо-тилек айткыңыз келсе, "Агымдын" сүрөөн бурчуна кат жазыңыз, смс жөнөтүңүз. Омардын көңүлүн алган кат же смс ээси гезит аркылуу Омар менен кезигип, эстелик сүрөткө түшүп, каалоо-тилегин бет маңдай олтуруп айтууга мүмкүнчүлүк алат. Биздин дарек: Чүй проспекти 132, электрондук дарек: aika01@mail.ru, ал эми смс үчүн кыска номур: 3030 (Agym деген сөздөн кийин аралык калтырып, смсиңизди баштай берсеңиз болот).




Учурдун жанып турган сахна жылдызы Мирбек АТАБЕКОВ продюсери менен кош айтышты. Чырлашып-талашып эмес, убадага туруп, келишимдин жоболорун акырына чейин аткарып. Экөө эки бөлөк жолго түшөр алдында элден бата тилеп, отчеттук концерт беришти. Мындан ары Мирбек өз арабасын өзү тартып, өз алдынча чыгармачылыгын улантмакчы. Төмөндөгү чыгарма ырчынын продюсери менен иштешип тургандагы акыркы ырларынын бири. Буга чейин кандай мыкты аталып, жалаң хит ырларды жаратып келсе, Мирбек мындан ары да ошол калыбынан жазбай, чыгармачылыктын ары татаал, ары сыймыктуу жолун татыктуу улашын тилеп, ийгилик кааламакчыбыз.

"Эл тилеги"
Сөзү Аселге, обону аткаруучунун музасына таандык
Бирде келет байлык, бийлик баарына,
Бирде кетет тайып, жаның сыздата.
Кайгырба, кайгырба
Сен жашоо шартына.
Тагдырга, тагдырга
Буйругу да, баары да.

Байкабайсың болуп турган бактыңды.
Аздык болот сага дайым ырыскы.
Каалаба, каалаба
Жамандыкты душманга
Таштаба, таштаба
Досторуңду азапка.

Жашоо деңизи,
Элдин тилеги.

Жылдап-айлап түшүнөрсүң баарына,
Жолуң кыска, жакшылыктын тартынба.
Чалдыкпа, чалдыкпа
Алданбачы байлыкка.
Айрылба, ыймандыктан жакынга

Каардуу күндөр өтөр жылдап аз-азда
Карыялар берер батасын сага.
Жараткан, жараткан
Жаралганды кубатта
Ааламга, ааламга
Көкөлөтүп асманга.