"Агым", 01.04.08 - 7-бет: Бомбейкат...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бомбейкат

Уйкаштырсак угабы?
Бакайата акимине
Талас деген жеримде
Бакайата элинде
Ташкудук деген айыл бар.
Сайсайлап чака көтөрүп,
Суу издеп жүрөт кемпир-чал.
Адашпай эле табасың
Атайлап аким кабар ал.
Аким болом дегенде
Болушкан элиң жөлөгүң
Колуңда бийлик турганда
Көрсөтүп койчу көмөгүң.
Чыгартып берсең сууларын
Сурабайт сенден бөлөгүн.
Сейдана БЕЙШЕБЕКОВА,
Талас, Бакайата району,
Ташкудук айылы




Үсөновго үнүбүз жетеби?
Борбор шаар "борзыйлар" базарына айланды
Урматтуу шаар мэри! Акчага күнү түшкөн сойкулар денесин сатса, акимиаттын, архитектуранын аткаминерлери шаардын жерин, абийирин сатып, сотко берсек, сот, тергөөчүлөр жер менен кошо өздөрү сатылып кетип жатат.
Шаардын калк жыш жайгашкан аймактарын кошо турган, стратегиялык мааниси зор, батыштан чыгышка созулган Ахунбаев көчөсү бүгүнкү күнү бөгөлүп, Репин - Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине чейин жолдун так ортосуна үйлөр салына баштады. Натыйжада миңдеген калайыктын жолу тосулуп, транспорт азабын тартып жатат. Ансыз да бүгүнкү күндөрү борбор көчөлөрүнө машине батпай, тыгын болуп, кырсык көбөйүп, адамдардын өмүрү кыйылууда. Жөө адам жүрө турган жол калтырбай, аллеялардан өйдө пивокана, күркө, машина токтоочу жайга сатып жиберген шаар билермандары шатыра-шатман жашоодо. Анткени алар сиз сыяктуу эле жөө баспайт, машине да тоспойт.
Колунда кокон тыйыны жок кембагалдар эптеп ылайдан үй куруп алса, аларды түрттүрүп салганга алы жеткен өкмөт жолдун чок ортосуна, парктарга салынган аксарайларды көрсө да көрмөксөн.
Арчабешик конушунда балабакча, мектеп, маданий тейлөө мекемелери курулат деген аянттар, түштүк БЧКнын, мүрзөнүн, жол түшөт деген жерлер сатылып кетти. Миңдеген калк балабакча тургай балдарын окуталбай, сугат сууга жетпей, 5-10 чакырым жерге жөө-жалаңдап самсып жүрөт.
Ушуга жеткирген "борзыйларды" жоопко тартып, жок дегенде И.Ахунбаев көчөсүндөгү жолубузду бошотуп берүүнү өтүнөбүз.
Байызбек ДУУЛАТБАЕВ, Арчабешик, Миңкуш көчөсү, 15 (0773) 65-37-58




Абайла, айланайын!
Оозунан от чачырайт
Кийинки убакта биздин аборигендерди ар кандай жалтыраган нерсе менен алдаган бузукулар көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Мисалы, "Сүйүү күнү" деген балакет эч качан кыргыз элинде болгон эмес, бир да эпос, бир да жомок, бир да оозеки чыгармада кездешпейт. Болгону бир поп падышасына кыянатчылык кылып, эки жашка нике кыйып койгон имиш. Ошол элибизге эч кандай тиешеси жок, бузуку ишти акыл-эси калыптаналек 2-3-класстагы балдарыбыздан баштап, ата сакалы ээгине эбак бүткөн эрендерибизге чейин таңуулап атабыз. Атүгүл мектептерге ошону киргиздик. "Валентинка" деген сүйүү баракчалар менен, көчүккө окшогон "жүрөкчөлөрдү" бири-бирине бердирдик. Анан кайдан мектепте окуган кыздардын боюна бүтпөсүн? Кызматта чоңдору менен секретаршалары бирин-бири куттуктамыш этип, кучактап өпкүлөп, арак ичип белгилеп атса, кайдагы сый, кайдагы этика, тартип? "Валентин күнү" деген шылтоо менен канчалаган эркек-аял ичип, кызып алгандан кийин бүт уятын, жоопкерчилигин унутуп, жаныбардык сүйүүгө берилип жатышат. Ушундай күндөрдөн кийин "мени алдап койду, зордуктап койду" дегендер канча, асылып өлгөндөр канча, үйбүлөлөр бузулганы канча?
Жаңы жылды тосуу деп токойдон арча кыркып келип, аны тегеренип шампан атуу кайсы кыргызда, качан бар эле? Бул христиандардын Христостун туулган күнүнө арналган диний майрамы кандайча бизге майрам, болгондо да эң чоң майрам болуп калды?
Эми анысы аз келгенсип, Санта Клаус да бизден чыккан деп олтурганыбызды кантип түшүнсө болот? Алайда каердеги дедмороз, каердеги Санта Клаус? Бул шизофрения эмеспи, туугандар?
Мына эми АКШнын Гаваясынан келген "Дүйнөлүк байыркы салттуу илимдер тутуму" деген бир фонд Кыргызстанда чоң өрт коет имиш. Көкүрөктөн сызылып чыккан тилек оттун түтүнү менен кошулуп, Улуу Жаратканга жетет имиш. Мунубуз баягы 100 грамм "жинди сууну" колго алып, таза тилек айткан сыяктуу кыйшык бата болуп жүрбөсүн? Ошондой кыйшык батабыздан үйбүлөлөр бузулуп, тукумубуз куурап бараткан жокпу?! Ак тилегибизди Жаратканга арак менен чылап жөнөтүп аттык эле, эми америкалыктардын түтүнү калдыбы? Ансыз да Европа, Америкада өрт тынбай жатат. Дал ушундай шумпайлар тоолорду, талааларды өрттөйт. Эртең Кыргызстандагы токой өрттөнсө ким өчүрөт? Жөн эле кооз сөздөрдү жазып алып, элди алдай берсе болобу?
Мен биздин элдин терең ойлонбой, ар кимди туурай бергенине ушунчалык таңгалам. "Вечный огонь" деп эстелик коюп койсо, биз аны чындап эле эстелик деп жүрөбүз. А кайсы жерде, кайсы тарыхта кыргыз ата-бабаларын от менен эскерчү? Атургай шам жагуу да болгон эмес. Шам жагуу христиандарда бар. Бул шамдай эле кыска өмүр жашап кеттиң деген маанини бериши мүмкүн, аны да ким билет?
А түбөлүктүү отту, жылдызды шайтанга сыйынган динбезер ордендер, секталар колдончу. Эгерде өрт жагуу өнөр болуп кетсе, эртең бүт жерлерде өрт коюу адети күчөйт, андан кийин эчким кепил боло албайт, тоолор, токойлор, жаратылыш өрттөнүшү мүмкүн.
Тилек МУРАТАЛИЕВ, Бишкек шаары




Тарых билет...
"Калыстык мөөрү - мыйзамдуулук"
Коомдо калыстык менен теңдик болгондо гана мыйзамдуулук өкүм сүрөт. Ал үчүн, тең салмактуу бийлик керек. Тең салмактуулук коомдогу өнүгүүнүн талабы. Бийликти жеке башкаруу - феодалдык коомдун калдыгы десек жаңылышпайбыз. Ошол феодалдык коомдун калыбынан чыга албай, өлкөбүздө үч жолу Башмыйзам кабыл алынса да, алардын чийкилигинен, бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун жоктугунан улам өкмөттүн жоопкерчилиги жоголуп, жылдан- жылга коррупция күч алууда.
Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамды эле алсак, Кыргызстандын эли өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу жүргүзөт. Демек, эл депутаттарды өзүнүн бийлигин жүргүзүү үчүн шайлады. Анан, депутат элдин талаптары каралган маселеде өзүнүн оюн 2,3 мүнөттө кеңири айталбаса, кандай болот? Андыктан, депутаттарга күн тартибиндеги маселе боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөөгө, ошондой эле партиялык фракциялардын санына жараша чек коюлгандыгы бул - Башмыйзамга түздөн-түз каршы келет. Депутаттар Башмыйзамда көрсөтүлгөн элдин укуктарына маани бергенде, мыйзам бузулмак эмес. Конституцияга каршы мыйзамдын кабыл алынгандыгын Конституциялык сот да байкабай калган. Дагы бир жагынан партиялык фракциялардын укугун кемсинтпей, тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрү каралуусу зарыл. Күн тартибиндеги маселе боюнча талкуу учурунда депутаттар кайсы фракциядан болсо да, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керектүү маанилүү сунуш-пикирлерин айталса, аны колдоо керек. Ал маанилүү сунушка көңүл бурулбаса, эч качан коомчулукта өнүгүү болбойт.
Абдинаби НАЗАРБАЕВ,
юрист, Кадамжай шаарчасы
Редакциядан: Автор андан ары өлкөнүн дагы бир топ жаңы мыйзамдарынын Конституцияга ылайыксыздыгын, каршы келерин ынанымдуу фактылар, укук нормалары аркылуу далилдөөгө аракеттенген. Гезит бети чакталуу болгондуктан, экинчиден, А.Назарбаевдин пикир-сунуштары КР Конституциялык соту тарабынан адистик менен каралууга жатарын эске алуу менен авторго редакцияга жазган катын толугу менен өлкөнүн Конституциялык сотуна жиберишин, андагы адистердин расмий жообун алышын сунуш кылабыз.




Кимди ким көрдү?
Кыргызстанды майрам басты
Ансыз деле майрамга бай мартка дагы бир майрам 24-март да кошулду. Бирөөлөрү "манты жеп майрамдайбыз, бул күндүн символу - манты" дешсе, бирөөлөрү "Акаев качкан күндү тойлойбуз" дешти. А ошол күнү кара жанды карч уруп, биртике жыйган-тергенин талатып-тонотуп жибергендерчи. Аларды көзүн май, көкүрөгүн дат баскан "революционерлер" талап-тоноосуз революция болбойт деп жооткотту.
Коомдук парламент дегени 29-мартта курултай өткөрөбүз деп комдонгон. Анысын апрелге жылдырдык дешти. Курултай өткөрөбү же "куру той" өткөрөбү, анысы белгисиз. Эмнеси болсо да саясый салгылаш жакындап келаткандай. Кимиси жеңет, кимиси жеңилет, кимиси анысын кандай майрам деп жарыялайт - убакыт көрсөтөр. Жеңгени да, жеңилгени да баары бир кыргыз! Саткыны да, сатылганы да кыргыз! Майрамдаган, тайраңдаган, ыйлаган да, шордогон да кыргыз! Өз арбайды качан согобуз, кайран кыргыз?!
САГЫНАЛЫ уулу Адилет




Чылпагын алам деп...
Акаевдин адашканын жөндөөгө болбойбу?
Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Бешимов мырза, "Агымдын" ?21 (573) санында Акаев саясатынын азабын тартып атабыз, дагы 50 жыл тартабыз депсиз. Туура, тартып атабыз, анткен менен бардык бийлик силердин колдо турат. 50 жылга жеткирбей эле оң түшкөнүн улап, сол түшкөнүн тескеп койсо болот го?! А сиз болсо Ысыккөлдөгү төрт пансионат илгертен казактардыкы деп түшүндүрүп атасыз. Эски союз урагандан кийин жалпы күч менен курулган ишкана, мүлк ошол мамлекеттин өзүндө калсын деген келишим түзүлгөнүн эмне үчүн эстебейсиз. Мейли, Аскар Акаев акылсыздык, өзүмчүлдүк, тууганчылык кылып Назарбаевге макул деп койгон экен. Эмне үчүн аны оңдоого Жогорку Кеңеш, анын ичинде сиз аракет жасабайсыз? Же Акаев бүт Кыргызстанды, анын ичинен парламентти Казакстанга тартуулап жиберсе деле, "ка-ап, ушинтип салыптыр, дагы 50 жыл азабын тартабыз" деп отуруп калабызбы?
Биз "казды туурап карганын буту сынат" болуп атабыз. Россия, Америка, атүгүл Казакстан сыяктуу алдуу-күчтүү мамлекеттер 50 жылгабы, 100 жылгабы, жерин арендага берсе болот. Мөөнөтү бүткөндө кетпесе желкесинен көтөрүп, секин чегарадан чыгарып коет. Сиз экөөбүз көтөрмөк түгүл көйнөгүнө кол тийгизе алабызбы? А сиз Кыргызстанга пайда алып келсе, бере бериши керек дейсиз.
Казакстанга берсек, Өзбекстан келе деп турат. Алардыкын аткарсак, наржактан Тажикстан чыгат.
Каркырадагы канча жүз гектир канжайлоону берсек, Ысыккөл пансионаттарын жери менен карматсак, көзгө басар ГЭСтерибизди суусу менен карматсак, кул болбогондо эмне болобуз. Ансыз да казак туугандар кыргыздарды арсыз кул деп ачык шылдыңдай баштады. Сатыктан же арендадан түшкөн акчаны биздин аткаминерлер бир заматта "ап!" эттирет. Анткени коррупция арааны ушунчалык ачык: эчнерсе ылгабай калды. А жер, суу, ГЭС деген маңдайга бүткөн байлык, берекебиз.
Караш НАСЕР, Бишкек, Акөргөө










??.??