"Агым", 01.04.08 - 4-бет: Экс-министр эмне дейт?..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Экс-министр эмне дейт?

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору:
"Америкалыктарга чалгынчы катары иштегендер
"Ак жолдун" арасында жүрөт"
- Аликбек мырза, сиз Тышкы иштер министри болуп турганда өлкөдөн эки америкалык дипломатты чыгардыңыз эле. Тыңчылык кылды, бейөкмөт уюмдарга жардам берип атат деген кине менен. Азыркы кезде ошол өзүңүз күнөөлөп келген жарандык коомдор менен тыгыз байланышта иштешип атасыз. Сиздин мындай позицияңызды кандай түшүнсөк болот?
- Сизге туура эмес маалымат жетиптир. Австрияда ОБСЕде элчи болуп жүргөнүмдө граждандык коомдор жалпы саясый абалдын өнүгүшүнө чоң таасир этерин билгем. Министр кезимде дагы НПОлорду колдош керек деп келгем. Азыр деле ошол позициядамын. Ал эми америкалык эки дипломатты чыгаруу чечими боюнча өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр да. Биздин мамлекетте Тышкы иштер министри мындай маселеге жалгыз өзү кирише да, чече да албайт. Ал жерде жалпы НПО деп айтылган эмес болчу. Бир-эки киши болгон жарандык коомдун арасында. Ошолор америкалыктарга чалгынчы катары иштеп, маалымат берип турган. Тилекке каршы, азыр алар "Ак жолдун" арасында жүрөт.
- Алардын ким экенин ачык айта аласызбы?
- Аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбай эле койойун. Себеби, бул мамлекеттик сыр. Эң жогорку тепкичтеги бийлик адамдарынын бул боюнча маалыматы бар. Ошого карабай унчукпай аткандарына таңгалам.
Ачыгын айтканда, мен ошол эки америкалыктын окуясы боюнча кайгырдым. Тилекке каршы, аягы ушундай болуп калды. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн ачыгын билдирип койойун. Ошол окуядан кийин Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамиле бузулбашы үчүн АКШ мамдепартаментинин жетекчисинин бири Ричерд Баучер мырза менен атайын жолугушуу өткөргөм. Жыйынтыгында мындай инцидент эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизбесин деген бүтүмгө келгенбиз. Ал сүйлөшүүнүн натыйжасында биздин өлкө "Миң жылдыктын чакырыгы" деген атайын программага кирди. Америкалык дипломатия бул программага эки тараптуу жакшы мамиледеги мамлекеттерди гана киргизет. Дегеле айтып койойун, ички саясат оңолмоюнча, ички саясый чечимдерди кабыл алуу механизмдери жакшы иштемейинче, тышкы саясат оңолбойт.
- 29-мартта Элдик курултай болбой калды. Бийлик тарабынан кысым болуп, өткөргөнгө имарат берилген жок деп атасыздар. Ал эми коомчулукта ушул маселенин тегерегинде кайчы пикирлер да бар. Уюштуруу иштеринен аксап калышты, бири-бири менен тил табыша албай атат деген сыяктуу…
- Акүйгө иштеген политтехнологдор ушундай ушактарды эл арасына таратууда. "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылына кирген 15 партия, 20дан ашык коомдук уюмдар, көптөгөн коомдук ишмерлер бар. Андыктан түрдүү пикирлердин жаралары мыйзамченемдүү көрүнүш. Бизде чечим кабыл алууда дискуссия, аркандай көзкараштар айтылат. Чечим кабыл алгандан кийин бир позициядабыз. Элдик курултайдын өтпөй калышына эки себеп болду. Биринчиден, президенттин тегерегиндеги кишилерге ишенбестик пайда болду... Себеби, алар кечээ бирди айтса, бүгүн башканы айтып атышпадыбы. Президент өзү келсе, курултайга катышса жакшы болмок деп ойлогонбуз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМ, УКК кызматкерлери түздөн түз Башмыйзамдын 23-беренесин бузганын баса белгилеп өтөйүн. Ал жерде: "Кыргызстандын граждандары курултай чакырууга жана жогорку бийликтегилерге сын-пикирин айтканга укуктуу" деп жазылып турат. Учурунда президент Курманбек Бакиев оппозицияда жүргөндө дагы ушундай шылтоодогу кысым болгон. Биз таңгалып атабыз, ошол кайра кайталанганына.
Президентке кат жөнөтөбүз. Келип катышып, биздин ойду да уксун. Сөзсүз эле көчөгө чыгып, митинг өткөрүш максатпы. Цивилдешкен коомдо жашап аткандан кийин, бир имаратка чогулуп сүйлөшөлүк. Биздин максат - тынчтык жол менен гана өзүбүздүн саясатты калың элге жеткирүү.
- Чет жактан бул коомдук кыймылды каржылаган уюмдар бар. Ошолордон акча келбей калып, өтпөй калды деген кептер да жок эмес.
- Бул дагы Акүй политтехнологдорунун жүргүзгөн саясаты. Элге бизди жек көргөзүү максатында. Ачык айтканда, чет өлкөлүк уюмдар деле келесоо эмес да, жөн эле акча бере койгондой. Коомдук кыймылга кирген партиялар, ишмерлер, коомдук уюмдар акча чогултуп атышат. Ошол чогулган акча каражатына курултай өткөрөбүз. Ал үчүн көп деле акча кетпейт. Имараттын ижара акысына, анан кагазга эле коробосо.
- Президент келбей койсо, дегеле бийлик тарабынан эчкандай реакция болбосо, кандай кадамдарга барасыздар?
- Бул суроого өзүм жалгыз жооп бергеним туура болбой калат. Андай болсо кеңешебиз да. Президент өзү келип катышпаса дагы, имарат бериши керек. Эгерде мындай кадамга барбаса, аягы жакшылыкка алып барбайт. Бийликке болгон элдин ишенбөөчүлүгү огобетер күчөп, радикалдуу күчтөр пайда болушу мүмкүн. Мамлекеттик маселелер боюнча альтернативдүү пикир, аркандай сунуштар болсо, Кыргызстандын прогрессивдүү өнүгүшүнө алып келет.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Жандырмак

Таймаштан тактык жаралабы?
Оппозиция менен бийликтин таймашы улам курчуп, тараптар колунда болгон куралын көтөрүп, ыкмаларын пайдаланып, өлкөдөгү оош-кыйыштарга, көйгөйлөргө бирин-бири күнөө-лөгөндөн тажашпайт. Бул эми саясатта боло берүүчү нерсе. Ошол эле учурда байкаган кишиге соңку учурларда бир жаңылык сезилет. Ал - саясый күрөш маданияты ыкшоолук менен болсо да, акырындап калыптана баштаганы.
Сыртынан караганда коомчулукка бийлик менен оппозициянын гана ар кандай деңгээлдеги таймашы көрүнүп, билинип турат. А бирок, айрым чыгаандарын албаганда, азыркы оппозиция башчыларынын басымдуу көбү абалды чектен ашыра курчуткусу келбегенин аңдоого болот. Мисалы, бизде көнүмүш болуп сөөккө сиңип калган ой жоруудан алганда, бийлик атаандаштарынын сабырдуу сөзү, кыймыл-аракети, өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча орчундуу сунуштары бийликтен корккондой, аны менен тил табышууга тырышкандай көрүнөт. Буга жапырт маалымдоо каражатарында оппозициянын ичара чыр-чатагы, өзара чекишмейи тууралуу соңку күндөрдө чыга калып жаткан кабарлар да шыкак болууда. Ушулардан улам, эскиче ойлоодон арыла албагандар "аа, демек, оппобайыңдын күнү бүткөн экен, эми итче тытышып, анан бийликке жагынып, ар кимиси өзүнчө ал тарапка кача башташат" деген бүтүмгө келишээри бышык.
Мындай ой жорууларды накталай кабыл алуу жаңылыш болуп калчудай. Себеби, чындыгында оппозициянын катарларын карасак, дээрлик бардыгы мурда бийликте иштегендер. Бийлик түзүмдөрүн, анда азыр иштегендердин кулк-мүнөзүн гана эмес, өзүлөрүн да жакшы билишет. Айрымдары менен жеке мамилеси да бар. Андыктан, тигинтип окуяларга, өлкөдөгү абалга карата сунуштарын, өз пикирин айтышса эле бийликке ишарат кылгандай, кайсы бир кызматтан үмүт кылгандай сезилет, көпчүлүккө. Чындыгында андай эмес. Мисалы, Абдыганы Эркебаев, баарынан да Алмазбек Атамбаев менен Феликс Кулов азыркы бийлик майтокоч берип чакырса да барышпайт. Тоюп бүтүшкөн. Бул саясатчыларга билишимче, кайра бийликке баргандан көрө буга чейин жыйган саясый кадыр-баркын аздыр-көптүр кетирип алышса да, жок дегенде инсандык, адамгерчилик аброюн, адебин сактап калуу бийигирээк турат окшойт. Аскар Акаевдин саясый жана инсандык драмасынан сабак алышкандай. Албаска аргалары да жок.
Дагы бир жагынан, аталган саясатчылар мамлекеттик кызматта өзүлөрүн толук сарптап, болгон кудурет-дараметин жумшап бүтүшкөнүн ачык айтуу керек. Эми өзүнө сын көз менен карай албагандарга саясат аягы эмне менен бүтөөрү бүдөмүк кумар оюну сыяктуу эле нерсе. Таптакыр шерменде болгонго жеткирбей, убагында четке чыгып, инсандык адебин сактап калуу да чындыгында эрдикке барабар нерсе. Бир гана жери, мындай кылдат жүрүштү көпчүлүк түшүнө бербей, саясатчы же бийликте болушу керек же өлүшү керек деген сенек ойго жетеленет.
Оппозициянын катарын карасак, текши эмес. Ага ар башка кишилер кирип калган. Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаевди салыштырууга, бир катарга тизүүгө таптакыр болбойт. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Булардын кимиси ким экендиги ушуга чейинки окуялардан улам дааналанып калды десек болот. Садырбаевди алсак, Масалиев доорунда эле Ош менен Өзгөндөгү кандуу окуяларды өз аң-сезимине таянып, бүт дүйнөгө жарыя кылганы белгилүү. Ал киши тарткан фильм коммунист Масалиевдин, демократ Акаевдин, революциячы Бакиевдин тушунда да колдоого алынбагандыгы эле көп нерседен кабар берет. Бекназаровдун жөнү башка. Аны интеллигент саясатчылар же эзели эл менен иштеп көрбөгөн ак сарай чиновниктери негедир жектеп, басмырлашат. Бул инсандын ачылганынан ачыла элеги көптөй сезилет. Аны Махно сыяктуу кабыл алганга да болбойт. Бийликке иштеп, анын күнгөй-тескейин жакшы билип калды.
Ушул өңүттөн алганда саясый күрөш маданиятынын жыты сезиле баштаганын Коомдук парламенттин пайда болушуна байланыштырса болот. Коомдук парламент чындыгында ашынган радикал оппозиция менен бийликтин ортосундагы жумшарткыч (буфер) катары кызмат кылуу максатын көздөгөндөй. Муну анын жетекчилери айтып да жүрүшөт. Ал эми бийлик тараптын чечкиндүүлүк менен кошо атаандаштарын да кеп-сөзгө келтиргенди үйрөнө баштаганы, булганган кадрлардан аздап болсо да арыла баштаганы билинүүдө. Кунт коюп байкаган, терең ойлонгон жанга бийликке өчөшкөндөн башканы билбеген ашынган оппозициянын ач-айкырык курсүрөөнүнө, ээ-жаа бербеген митингдеринен караганда жана чоң муштумга, ур-токмокко салып бийликке жутунгандан же андан түшпөй тырышкандан көрө дал ушундай көпүрө болуш, аң-сезим, билим күрөшү алда канча машакаттуу жана оор. Себеби, мында жеке таламдар артта калып, элди, өлкөнү өөрчүтүп-өнүктүрүш, карапайым калкты кудум 1917-жылдагы революциядагыдай кайра жаңыртыш керек болуп калат. Мезгил арымына жана учурдагы бийликтин деңгээлине байланышкан бир аз айырмасын албаганда, кыргыз коому чындыгында эле Россиядагы Октябрь революциясынан кийинкидей абалда тургандай. Калганы эки тараптын пейлинен дей туралы.
Садырбек Чериков