"Агым", 01.04.08 - 3-бет: Генерал Абдыгул Чотбаевди...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Генерал Абдыгул Чотбаевди...

Таңгалдырганы
Азыркы тапта чоңдордун, айрыкча саясатчылардын арасында экижүздүү, үчжүздүү адамдардын көбөйгөнү. Алар эл үчүн иштеп, мамлекетке пайда алып келүүнү ойлонбой эле, өз ара бири-бирин ушактап, жаманатты кылып, саясатта интриганы жайылтып жиберишти. Мындай нерсенин мамлекеттик кызматта иштеп, саясатта жүргөн адамдарга эмне зарылдыгы бар экени түшүнүксүз.Чындыгында биз, кыргыздар башка элдерден айырмаланып, калп сүйлөгөнгө, курулай жамандаганга, кээде болбогон нерсени жөнү жок эле ашыра мактаганга өтүп кеттик. Эмне жакшы, эмне жаман, ак, кара, акыйкат менен жалганды айырмалай албай калдык. Жөнөкөй адамдан тартып чоң саясатчылар арасында ушакчылар арбып баратканы таңгалдырат.

Күйүндүргөнү
Кыргызстандагы күн санап өсүп аткан кымбатчылык, карапайым элдин акыбалы оңолбой эле артка тартылып баратканы жан кейитет. Акыркы жылдары чоңдорубуздун көпчүлүгү элдин камын көрүп, өлкөгө пайда алып келүү үчүн бирдиктүү иштебей калышты. Ар кимиси өзүнчө өз кызыкчылыгын ойлоп, эптеп казна эсебинен капчыктарын толтурууну көздөп жүрүшөт. Эртеңки күнү мамлекетибиз кандай шартта калары түшүнүксүз. Өлкөбүздүн келечеги туман.

Сүйүндүргөнү
Россия менен Казакстандын токтоосуз өнүгүп, өсүп баратканына, элинин жашоо шарты оңолуп атканын көрүп абдан суктанам. Кээде туруп биз ошол мамлекеттердей өнүгө албай жатканыбызга арданам, ичим күйөт. Жок, такыр иштебей, итке минип калдык деп айталбайм. Аз да болсо ар бир тармакта өз ара орчундуу проблемалар чечилип, ошонун негизинде иш жүрүп атат. Бирок толук жыйынтыкталып, элди кубандырган натыйжалар өтө эле аз. Анан мындай көрүнүшкө канткенде сүйүнөсүң. Албетте, Кыргызстанда да сүйүнө турган нерселер бар. Алар биздин кооз жаратылышыбыз, кен байлыктарыбыз, каада-салтыбыз, элибиздин меймандостугу, шайырлыгы.




 

Көрөгөч Мамыт, көрдүңбү?
Өткөн жума күнү Россиянын ОРТ каналындагы "Поле чудес" көрсөтүүсүнө кыргызстандык Акбаралы мырза аялы, кызы, уулу менен катышып, олжолуу кайтышты. Оюн барабанынын жебеси "призге" туш келип, Акбаралы Леонид Якубович сунуш кылган 75 миң рублдан баш тартып, кызынын айтуусу менен "призди" тандаган. Көрсөтүүдө Кыргызстандын гимнин ырдап берген көчөт кыздын айтканы акжолтой болуп, тандаганы автомашина болуп чыкты.

Билерман Мамыт, билдиңби?
Эртең Биринчимай райсоту "Мен ишенбейм!" жаштар акциясынын мүчөлөрү Наргиза Абдылдаева, Жоомарт Сапарбаев, Гүлшайыр Абдирасулова, Айбек Бакасовдун үстүнөн козголгон ишти карайт. Булар 24-март күнү адамдарга манты, ага кошуп президенттин үч жыл мурда берген убадаларын баракча кылып таратышкандыгы үчүн айыпталып жатышат. Кыязы, милийса менен соттордун мындан башка кылар иштери жоктой.

Угарман Мамыт, уктуңбу?
"Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын кезектеги курултайы 19-апрелде болот. Анда партия төрагасы Азимбек Бекназаровдун отчету угулуп, төрага шайланат.
Эске салсак, айтылуу оппозиционер Азимбек Бекназаров бир аз мурда "мен төрагалыктан кетем, себеби партиялаштар арасында "Асаба" оппозицияда эле тура береби, биз да бийликке жакындасак деген адамдар болууда" деген мааниде пресс-конференцияда айткан. Бекназаровдун айтканы менен партиянын курултайы кай жагынан жакын экени аз убакыттан соң билинет. Себеби, төрагалыкка кайра эле Азимбек Анаркулович өзү шайланат деген божомол күч.



 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Белоруссия. 25-март күнү Минскиде оппозициянын жүрүшү болуп, ага катышкан бир топ оппозиционерлер кармалып, административдик жазага тартылган. Андан кийин кырктай адам аларга тилектештик билдирип, жыйын өткөрүштү эле, жыйырма мүнөттөн кийин алар да куулуп, таратылды.
АКШ. Президент Жорж Буш Украинага эки күндүк сапар менен келет. Ал Украина президенти Виктор Ющенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Украинанын НАТОго мүчө болуусуна колдоо көрсөтөт. Акыркы маалыматтарга караганда, бул идеяга Украинанын Россия ыптабы каршы чыгууда. Киевден Виктор Ющенкону далыга таптап коюп, Буш Бухарестке келип түшөт.
"Аль-Каида" акыркы кезде европа түспөлүндөгү адамдарды катарына тартууда, - деп билдирди ЦРУ директору Майкл Хэйден. Анын ою боюнча, "бул террористтик уюм европа түспөлдүү адамдарды 2006-жылдан тарта эле террористтик иштерге машыктыра баштаган. Ал эми айтылуу Усама бен Ладен азыр Ооган-Пакистан чегарасында баш калкалайт, ал "Аль-Каида" үчүн символикалык лидер катары гана калып, террористтердин чыныгы жетекчиси египеттик Аймана аль-Завахири болуп калды. "Аль-Каидага" европа улутундагыларды тартуунун бирден-бир себеби: АКШда кийин боло турган террактыларды камсыз кылуу.
Шенген зонасы 30-марттан тарта дагы кеңейди. Ушу күндөн баштап Польша, Чехия, Эстония, Латвия, Литва, Венгрия, Словакия жана Словенияда паспорт жана бажы көзөмөлү алынып салынды. Шенген зонасы деген аталыш Люксембургдагы бир поселоктун атынан коюлган. Анткени 1985-жылы бул поселокто Белгия, Нидерланды, Люксембург, Франция, Германия өлкөлөрү "Европа өлкөлөрүнүн айрымдарындагы паспорт жана бажы көзөмөлүн алып салуу жөнүндөгү макулдашууга" кол коюшкан.
Азыр Шенген зонасында бардыгы 22 өлкө бар, алардын ичинен Исландия менен Норвегия Евросоюзга мүчө эмес. Ал эми Улуу Британия, Ирландия, Кипр, Болгария жана Румыния сыяктуу өлкөлөр азыркы учурда Шенген зонасына кирелек.
Сирия. Дамаск шаарында чогулган араб өлкөлөрүнүн лидерлери Ирандан Перси булуңундагы үч аралды Бириккен Араб Эмираттарына кайтарып берүүгө чакырышты. Тегеран болсо муну куру жана негизсиз доомат деп, үч арал эмес, укум жер да бербей тургандыгын билдирди. Кыргыз бийлиги бул боюнча Ирандан үлгү алса, мыкты болмок.
Куба. Ушу жылдын февраль айында өлкөнүн Мамлекеттик советинин төрагалыгына Фидель Кастронун иниси Рауль Кастро келгенден кийин кубалыктарга электрондук техника сатып алууга чөнтөк телефондорду колдонууга уруксат берилди. Мындан сырткары, дыйкандар эми өндүрүш техникаларын атайын магазиндерден сатып алышат.
Кубанын АКШ менен ушу кезге чейинки суук селки мамилеси жакын арада өзгөрбөйт. Анткени, АКШ президенттигине талапкерлердин бири дагы Куба-Америка мамилелерин жакшы жагына өзгөртүү боюнча ойлорун айтышпады.
WWW булактарынан




 

Ивановка кыштагынын тургуну, 56 жаштагы Ш.Гнылей кармалды. Ал 16 жаштагы Л.Р.ны күчкө салып, зордуктоо аракетин кылган.
l
Чүй районунун Садовой айылынын жашоочусу, 21 жаштагы С.Рысбеков ооруканада жатат. Анын айтуусунда, кошунасы 22 жаштагы Э.Сариев экөө уруша кетип, Сариев Рысбековду аркага бычак менен сайып салган. Бул боюнча иликтөө иштери башталды.
l
Карасуу районундагы Нариман айылынын тургуну, 48 жаштагы М.Касымов жана Өзгөн районунун Зергер кыштагында жашаган 40 жаштагы И.Актаев 1кг марихуана менен колго түштү. Экөө мыйзамсыз баңгизатын алып жүргөнү үчүн тергөөдө.
l
Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан 32 жаштагы О.Костроминанын жүрөгүнө бычак сайылган сөөгү табылган. Милиция кызматкерлеринин катуу көзөмөлү менен күнөөлүү деп 54 жаштагы Н.Радионова кармалды. Азыр тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
l
Бишкектин 44 жаштагы тургуну Ж. Чокоев колго түштү. Ал Арча-Бешик конушунан 26 жаштагы Б. Шадыбекованы коркутуп акчасын тартып алган.

Даярдаган
Бурул МУСАБЕКОВА




Айкүр. Бүгүн Улуттук китепканада белгилүү юморист жана карикатурист Төлөгөн Карыкеев-Кимбайкенин биринчи жарык көргөн китебинин бетачаары - чыгармачылык кечеси өтөт. Китеп "Кимбайке" аталып, ага шарж-портреттер, карикатуралар жана Төлөгөндүн боорду эзген юморлору кирди. Китептин чыгымын атын атагысы келбеген ЖК депутаты көтөргөн. 1-апрелде күлкүгө карк болуп, китеп алгысы келгендерге саат 15.00дө китепкана эшиги ачык.
Таа. 29-мартта болгон макроэкономика жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеште Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик резервден дизелдик майдын литрин 20 сом 50 тыйындан сата тургандыктарын айткан.
Арстанбек Иманкулович, азыр жазгы талаа жумуштарынын 50 пайызы бүтүп калды, сиз аларды кимге саткан жүрөсүз? Мындай иштер апрелде эмес, январь-февраль айларында болушу керек эле да. Же атайын ушу убакытка чейин дыйкандарга күйүүчү май бербей кармоонун себеби башкадабы...
Бөк. Атбашы райондук экология кызматынын жетекчиси Майрамбек Ыбышев деген баатыр Атбашы токоюнан төрт кубометр жапжашыл бактарды мыйзамсыз кыйып жаткан жеринен райондук токойчулар кармап, азыр ага кылмыш иши козголуп, Атбашы менен Нарындын ортосунда чабагандап жүрөт. Облус губернатору Өмүрбек Субаналиев кызматка келгенден бери далай облустук, райондук чиновниктердин сары изине чөп салууда. Иш сотко ашабы, же бери жактан жайланабы?
Чик. Өткөн жылдын 23-октябрында УКК кызматкерлери тарабынан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн алты офицери кармалып, үчөө камакка алынган. Алар райондук ички иштер бөлүмүнүн начальник орунбасары Кудайберди Малабаев, Новопавловка айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги Радмир Бокушев, кылмышкерлерди издөөнүн райондук бөлүм начальниги Төрөбек Жумалиев камакта болсо, ал эми тергөө бөлүмүнүн начальниги К.Суранчиева, тергөөчүлөр А.Баялиев жана А.Байсабаев сейфтеринен табылган ок-дары, нашаа жыттанган наркозатты жогорудагы үчөөнө таандык деп кутулушкан.
Бул иш боюнча 27-февралда башталган сот ишинен бүгүнкүгө чейин жыйынтык жок. Кызыл шапкечендердин сотунан кандай натыйжа чыгат, көз салып турабыз.

Аскер САКЫБАЕВА