"Агым", 28.03.08 - 8-бет: Шанс толтура, эрк бєксє...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шанс толтура, эрк бөксө

"Биздин бийлик илгеркидей эле Москва эмне десе, ошону жасап атат"
Өлкөнүн бүгүнкү күнгөй-тескейи, азыркы абалдан чыгуунун жолдору жөнүндө саясат таануу илиминин кандидаты, профессор Орозбек МОЛДАЛИЕВ менен маектештик.

Маектеш жөнүндө маалымат
Молдалиев Орозбек Абдысаламович - 1947-жылы туулган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутун бүтүргөн. 1978-жылы СССРдин Ю.Андропов атындагы коопсуздук кызматы боюнча институтунда окуган. 1995-жылы Америкадагы аскер-аба күчтөрүнүн атайын операциялар мектебинде билим алган. 1996-жылы Германиядагы Европа борборундагы коргонуу экономикасы жана стратегия изилдөөлөр колледжин артыкчылык менен аяктаган. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте иштеген. 2001-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда иштейт.

- Орозбек мырза, Кыргызстан бүгүн саясый, социалдык-экономикалык чоң кризистин алдында тургандыгын бийлиги да, оппозициясы да айтууда. Ушу кризис, андан чыгуу жолдору жөнүндө айтсаңыз?
- Оппозиция эч убакта акыбал жакшы деп айтпайт. Себеби, социалдык проблемалар эч убакта көңүлдөгүдөй чечилбейт. Кайсы гана тармакты албайлы, түйүндүү проблемалар көп. Жумушсуздуктун айынан башка жакка кеткендердин алды өлүп келип атат. Бизнес жасоого миң түркүн тоскоолдуктар коюлган. Ошонүчүн жеке сектор жакшы өнүгө албай жатат. Акаевдин учурундагы сырттан келген бизнесмендерден миллиондогон "шапке" сурамай өнөкөт бүгүн андагыдан да күч алды. Бийлик эки-үч жылдан бери пикет-митинг болуп инвестиция келбей атат деген шылтоону бетке кармайт. Бардык өлкөдө оппозиция бар, инвестиция бере тургандар биринчи кезекте өлкөнүн тышкы карызына, коррупция деңгээлине көңүл бурушат. Алар жумшаган каражатын кантип үстөгү менен кайырып алганды ойлошот. Коррупция күчтүү болсо, булар баары бир жеп алышат турбайбы дешет. Мисалы, Ооганстан сыяктуу согуш жүрүп жаткан өлкөгө биздикинен канча эсе көп инвестиция келип жатат. Өткөндө азык-түлүккө баа көтөрүлгөндө аякта болгону, 0,5-1 сомго гана көтөрүлдү. Өкмөтү элге биринчи кезекте зарыл тамак-ашты кымбаттатпоо жөнүндө иш-чараларды жасады эле, баалар биздикиндей асмандаган жок. Кыргызстанда деле ошондой таасирдүү ыкмаларды колдонуп, бааларды көтөртпөй коюуга болот эле, эгерде биздин өкмөт майнаптуу иштесе.
Кыргызстан сыяктуу кичине өлкөдө тез тартип орнотууга болот. Айтылган сөзгө азыр эч ким ишенбейт. Ошонүчүн өлкө башчысы өзү үлгү көрсөтүшү керек.
Өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир бере турган жол, маданият сыяктуу индикаторлор бар. Ушулардан эле өлкөнүн абалын билсе болот. Өкмөттүн азыркы экономикалык абалды реалдуу чагылдырып, өнүгүү жолун ачык көрсөткөн экономикалык программасы жок. Рынокто жашап жатабыз деген менен, анын механизмдерин коррупция, мафия бууп атат, чыныгы рынок мыйзамдары иштеген жок. Өкмөт күчтүү болсо муну жөнгө салмак да. Мисалы, бизде мал кудайга шүгүр эле көп, бирок эт эмне үчүн арзандабайт? Себеби аны көзөмөлдөгөн мафия баланчадан кем саттырбайсың деп коет, ортомчулар ошону аткарышат.
Бийлик "бизде стабилдүүлүк бар" дейт. Стабилдүүлүк деген СССР учурунда болгон. Ошо стабилдүүлүк тыптынч туруп эле кыйрап калбадыбы. Ошон үчүн азыркы стабилдүүлүк алдамчы көрүнүш. Айлык, пенсияга акча кошкон менен аны инфляция, баалар жеп атса, пайдасы жок да. Электр энергиянын 40 пайызы жоготууга кетет дегенге ким ишенет? Башка өлкөлөрдө жоготуу 20 пайыздан ашпайт, демек биздеги жоготуунун жарымы чөнтөккө кетип атат да. Булардан чыгуу үчүн өлкө башчысында саясый эрк болуп, түйүндүү проблемаларды жара чаап чечип, өзү жеке үлгү көрсөтүш керек.
- Россия, Казакстан, Өзбекстан менен алака-катышта канткенде теңата мамиле күтүп, өлкөнүн кызыкчылыгын качан ойлойбуз?
- Кичинекей өлкөбүз деп кемсинип, өзүбүздү коргой албай келебиз. Европада Люксембург сыяктуу кичинекей өлкөлөр өздөрүн башкаларга тең деңгээлге коюп алышкандыктан, бардыгы менен теңата мамиле күтөт. Бийлик качан гана элине таянганда күчтүү болот, анын табияты ушундай. Мисалы, Грузияда президент Саакашвили Россия менен теңтайлаша сүйлөшкөндүктөн, Абхазия проблемасын Россия пайдасына чечтирбей кармап турат. Бизде мындай маселелерде бийликтин саясый эрки жок, ошон үчүн тышкы саясат да мажирөө болууда. Эки өлкөнүн кызыкчылыгы ушундай чечилди деген шылтоо менен өз жерлерибизди алдырып ийип отуруп калуудабыз. Мындай актануу сөзсүз күдүк ойлорго, жең ичинен сүйлөшүү болгон дегенге түртөт. Бизде деле теңтайлаша турган мүмкүнчүлүктөр бар. Мына, Путиндин өкмөтү карызын кечпеген жалгыз эле Кыргызстан калды. Африка, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөгү миллиарддаган карызын, атургай Тажикстандын карызын да мурдагы жылы эле кечкен. Тажикстан Россия базасы турганы үчүн акча алып атат, биз акча алмак түгүл экс-премьер-министр Куловдун кеңпейилдиги менен орус аскер базасынын коммуналдык кызматын да төлөп жатабыз. Россия үчүн Кыргызстан эмне гана кылган жок, тилди расмий кылды, экономикага кырарка боло турган ишканаларды карыз эсебинен кармата салуудабыз.
Террорчулукка каршы турган АКШ аскер базасын чыгып кетсин дегенге кынык алдык. Ой, ушу база турган үчүн террорчулар тынчып калганын неге түшүнбөйбүз? Болбосо, Баткен коогалаңында алар биз сыяктуу чабал, бийлиги алсыз өлкөдө башаламандык баштап, бара-бара ислам таасирине өткөрүү ниети бар экени түшүнүктүү эмес беле. Биздин бийлик илгеркидей Москва эмне десе ошону жасап атпайбы. Президент жок дегенде "эл менен, парламент менен акылдашып чечем" деп койбойбу. Бизди өлсөм да Кыргызстанда өлөм деген эркек башкарса жакшы болот эле.
- Чегара көйгөйлөрүн кантип чечсе болот?
- Кыргызстан мүчө болгон эларалык уюмдардын мыйзамдарына таянып чечсе болот. ШОС аркылуу чечүүгө да болот, анткени ал коопсуздук, террорчулук, сепаратизм проблемаларын чечүү үчүн түзүлгөн. Баткендеги жерлерибизге тажиктер отурукташып атат дейбиз, ошо жерлерди биздин эл сатып атпайбы. Элде өзүн-өзү коргоо инстинкти да төмөн. Бир мисал. Шамил Басаев деген террорчу Дагестанга кирем деди эле, жергиликтүү эл айры, күрөк, таяк менен Россиянын аскерлеринин алы жетпеген куралчандарга каршы чыгышпадыбы. Ошон үчүн элде дух болуш керек, элде дух болуш үчүн бийлик өзү үлгү көрсөтүп, духту ойготуп, күч бериш керек. Жарды, курсагы ачка адамда кайдагы дух?
- 12-апрелде өтө турган элдик курултай бийликке кандай таасир бериши мүмкүн?
- Курултайдын ишине бийлик көңүл бурбаса, албетте, эл нааразы болот. Учкундан жалын тутанышы мүмкүн. Биздин оппозиция конструктивдүү иштешели деп компромисстик позицияда туруп атпайбы. Эмне үчүн бийлик аларды укпайт? Укпаса, өз билгенин кыла берсе, 24-март окуясы жөн эле жомок болуп калышы мүмкүн. Пикет-митинг Горький аянтында гана өтсүн деген токтом Конституцияга каршы келет деп Консоттун экс-төрайымы Баекова бүтүм чыгарбады беле, ал азыр парламентте вице-спикер болуп туруп эмне үчүн бул маселени айтпайт?
- Эл кандай шартта бийликти угат?
- Бийлик легитимдүү болгондо гана күчтүү болот, эл ээрчийт, угат, анүчүн аны эл шайлаш керек. Үч айда түзүлүп, парламентке отуруп калган "Ак жол" партиясы легитимдүү эмес да. Болгону Бермет Акаеванын бир кездеги идеясы ушу партия аркылуу ишке ашырылды.

Аскер САКЫБАЕВА




  Сен жөнүндө сегиз сап

"Аша чаап сүйлөп иймейи болбосо..."
Бул ирет сегиз саптын сынында - Экономикалык өнүгүү жана соода министри
Акылбек Жапаров

Кабай Карабеков,
ЖК депутаты:
- Мен Акылбек мырзаны көптөн бери билем. Бирге иштешип, чогу жүрүп калдык дегендей. Албетте, иштин көзүн билген, кызматына кылдат мамиле кылган адам. Өкмөт тараптан коюлган маселелерди өз көзкарашы менен чечип, колдон келишинче жакшы иш алып барганга далалат жасайт. Бул анын өз алдынча мыкты иштей ала тургандыгын, чечкиндүүлүгүн айгинелейт. Ал эми кемчилик жагын айта турган болсок, менимче, Акылбек мырзанын чоң саясатта тажрыйбасы аз.

Роза Абдыраимова,
ЖК депутаты:
- Чындыгында мен бул киши менен жакындан таанышып, баарлашып көргөн эмесмин. Бирок, колдон келишинче жоопкерчиликтүү иштеп атат. Акылбек Үсенбековичтин да ишинде кемчиликтер болушу мүмкүн. Менимче, кандай кемчилик болбосун ал оңдоп-түздөп кетет деп ишенем.

Бегиш Ааматов,
коомдук ишкер:
- Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүү министрлигине жаңы гана келди. Эми терең ойлонуп иш кылышы керек. Себеби Кыргызстан экономикасында толгон- токой орчундуу маселелер каралбай жатат, кемчиликтери арбын. Эң алгач калкты жумуш менен камсыз кылып, жетишерлик айлык акы төлөп берүү зарыл. Экинчиден, азык-түлүк коркунучун жок кылуу керек. Биз өзүбүздүн азык-түлүктү сыртка сата турган өлкөбүз. Азыр сатмак тургай кайра Россия менен Казакстанга көзкаранды болуп калдык. Андан сырткары энергетика, көмүр казуу проблемалары да бар. Жапаров мына ушуларды жакшылап карап чыгып, өлкөгө пайда алып келе тургандай иштегени дурус.

Бекибай Мамытов,
ЖК төрагасынын кеңешчиси:
- Акылбек менин биртууган иним. Ал жөнүндө эч пикир айталбайм. Себеби өзүм да мамлекеттик кызматта олтурам.
Бурул МУСАБЕКОВА