"Агым", 28.03.08 - 6-бет: Жандырмак...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жандырмак

"Жарымы төгүн, жарымы чын...
Азыр өлкө башчы Курманбек Бакиевдин саламаттык абалынын айланасында ушак кылбаган, же аны көбүртүп-жабыртып таратпаган киши аз. Ажонун жаназасын окуганга камынып калгандар да жок эмес. Бийлик тарапты да түшүнсө болот. Болгонун болгондой айтайын десе, ушак-айыңга, имиш-жоромолго маш болуп калган карапайым эл, аны огобетер көбүртүп, чыктап-туздап, калемпирлеп, айтор, тири укмуштай кептерди заматта таркатып ийет эмеспи. Бул эми "Манастан" бери келаткан кыргыз адаты. Андыктан, Акүйдөгүлөр Бакиев тууралуу кабарды мыскалдап, тамчылатып берип атканы ошол. Дагы айтсак, элбашыларды ар дайым ушундай ушак-айың коштоп жүрөөрү табигый иш. Аны да бири өз максатында жайылтса, экинчиси - пайдаланат.

Европача жашап, батыштан үлгү алалы десек, мамлекет башчыларынын, андан кийинки жетекчилердин чын абалын болгондой айтып туруу керек. Мында да калкка зыяны тийбегендей, элди дүрбөтпөй маалымдоонун көп ыкмалары, түрү бар. Тек гана ошону билбей жатышат, Акүйдөгү балдар. Эптеп, ар балээден алыс болуп, кийин жообуна калбай, жандарынын тынчын ойлоп, эч качан тобокелге барышпаганы алардын оркойгон катасы, кемчилиги болуп отурат. Тобокелге барыш үчүн кесипкөйлүк жетишпейт, коркушат. Майнабы ушул, өлкө ушак-айың кепке толуп, оппозициянын чырагына жакшы эле май тамды.
"Шибегени капка каталбайсың" дегендей, чындык акыры билинип калат, аны менен кошо ошол чындыкты жашыргандардын абийиринде так калат. Айтсак, ошол эле Бакиевдин саламаттыгынын чын абалын бийлик канчалык жаап-жашырса да, ар кайсы булактардан билинип калууда. Мисалы, саясат иликтөөчү Нур Омаров, дагы бир нече кишилердин маалымдоо каражаттарына айткандарынан улам ушактар огобетер күчөп, расмий булактарга ишенич кетип калды. Ошол эле учурда "Ата Мекен" башчысы Өмүрбек Текебаевдин мындайда ачыктуулуктун үлгүсү катары Россияны атаганы, мурдагы президенти Б.Ельциндин абалын убагында жашырбай айтып турушкан дегени да чындыкка дал келбейт. Борис Николаевичтин саламаттыгы ошол кезде абдан кыйын абалда турганы, жүрөгүнө операция жасалып, жүрөктүн толтосуна кирип турган жоон кан тамырларын темир менен алмаштырганы тууралуу расмий эч билдиришпегени унутулуп калгандай. Ал тургай президенттин жеке дарыгери да бул тууралуу тымпыйып унчукпай, ар кайсынын башын чаргытып, Ельцин мурдун чукуп жатып каңылжаарына доо кетирип алышы мүмкүн деп дөөдүрөгөнү бар.
Мамлекет башчыларынын "ооруп калма" адатынын колдонула калчу себептеринин бири катары саясат иликтөөчүлөр ошол башчынын өз айланасындагыларды сынап көрүүнү каалагандыгын айтышат. Бул илгертен, өзгөчө дал Чыгышта көп колдонулуп келген саясый ыкма. Журт башчысы калп эле сыркоолоп калымыш этип, белгисиз бир жерге жатып алып аксарайдагылар кантишээр экен деп сынай карап, анан ары-бери чабалактагандарын четинен кетирип, ал эми ордун ээлегенди ачык көздөгөндөрдүн башын кесип салганы карт тарыхтан маалым. Бүгүн бул ыкма накталайынан колдонулбаганы менен ишеничсиз, же ачыктан-ачык касын тиккен жанжөкөрлөрдөн арылууда пайдаланылып калаары СССР урагандан кийин деле кездеше калууда. Мисалы, Өзбекстандын жетекчиси Ислам Каримов соңку жылдарда канча жолу катуу кеселдеп, тышка чыгып дарыланганы белгилүү. Айыгып келээри менен өкмөтү болбосо да бир топ министрлери, аким-көкүмдөрү алмашып калат. Көрсө, Исламжон-ака дарыланып эле жатып албай, өзү жоктогу өлкөнү алыстан байкап жүргөн экен.
Ушуну эстешкенби, айтор Курманбек Бакиев үч жылдан бери акыры эс алып, дарыланып жаткан Германияга Акүйү баш болуп, Көкүйү төш болуп, бир топ аткаминерлер Меккеге ажыга баргансып, ажого көрүнүп, абалын сурап барып келишти. Ал тургай оппозицияга кетет деген Алмаз Атамбаев да барып, көпчүлүктүн демин басса, кызматынан айрылып, ардактуу отставкага кеткен Үсөн ака Сыдыков да шамалдай болуп, кечээ-бүгүн ажого "ажылыкка" учуп барып келе калды. Айрым басылмаларга ишенсек, анын таза кыргыз мурдун көргөн, анан да элин-журтун сагынган ажобуз эреркеп, көзүнө жаш алган имиш.
Ал ортодо эмне гана ушак кептер жүрбөдү. Мындайда бийликтин саясый атаандаштарынын, бийлик адамдарына өчөшкөндөрдүн, таарынгандардын ташы өйдө кулап, ити чөп жеп калат эмеспи. Адеп узун укуругун салып, мамлекет башчынын абалына чочулагансып, дал радикал оппозициячылар чуу чыгарганы эсибизде. "Атты такаласа, эшек да бутун көтөрөт" болуп, алардын артынан жоош оппозициячылар да чуркурап калышты, элден калбайлы дегенсип. Дегеле азыркы коомдук парламентти уюштуруп, аны башкарып калгандардын көбү аң-сезими эбак алгалап кеткен кыргыз коомчулугун анчейин ынандыра албай жатат. Айткандарын, кылганын карасаң, мурдагы жана азыркы бийликти туурагандан башка көзгө саяр жаңылыгы жок. Аксыдагы эл сотуна келсек, Башпрокурор Сатыбалдиевдин айтканы чын өңдөнөт. Ага аксылыктар саясаттан тажашканын, аларды тынч жайына коюшун, саясатчылар курман болгон балдардын арбагын улам козгобошсун деп айтышыптыр. Бул бир. Экинчиден, элдик соттун курамын карасак, арасында Акаев убагында Акүйдө иштегенден артыгын чыгарган, ошондон улам кызматынан кетирели дешсе, бүт бийликтегилерди шерменде кылып, чатак салып, тирукмуштай ушактарды тараткан, акырында асман менен сүйлөшүп, тоо-ташты кыдырып калган бир инсанды таанып, жакамды кармандым, сотуңар ушул болсо, калганына тойдум деп.
Эгерде оппозиция чындап элге, өлкөгө күйсө, жаңы муундагы жаштар болбосо да сергек, эч нерсеге булганбаган колу да, дили да таза саясатчыларга, инсандарга жол берип, бапестеп чыкмак. Анын ордуна аларды көрмөксөн болуп, өзүлөрү дардалактап жүрүшөт. Ал ортодо аралары да тынч эмес, бирине бири тыңсынып, бирин-бири көрсө сиркелери суу көтөрбөй, жакалашканга чейин барышууда. Айтор, өлкөбүз тынч, элибизден кут кетпесе, бийлик бийликтей болсо болду. Саясатчылар жакалаша берсин.

Садырбек ЧЕРИКОВ




  Эгемендик эсеси

Бүгүнкүсү бүдөмүк, эртеңкиси эмне?
(Башы 4-бетте)
Байкап атасызбы, сокур эсепке сала келгенде деле кеп Турсун Турдумамбетов айткан көлдөгү 40 гектир жер эмес, андан алдаканча көп жердин Казакстанга өтүшү жөнүндө баратыр. Ага кошумча, депутат Аскар Салымбековдун эсебинде, Ысыккөлдөгү 125 пансионаттын 60ы казак туугандарга таандык. Аларга канча жер арендага берилгени тууралуу, менин билишимче, так маалымат жок. Эмне десе, жер 49 жыл арендага берилет, андан нары жериңди көчүрүп кетет беле деп айрым депутаттар оппоненттерин башка чаап атат. 49 жылга чейин же андан алдаканча мурда Кыргызстан түндүгүндө жаңы анклавдар пайда болбойт деп ким кепил болот? Жогоруда айтпадыкпы, Казакстан пансионаттары ансыз дагы анклав сыягында деп. Алардын айланасы чычкан мурду өрдөгүс чытырманга айланган. Көлдүн ортосун беттеп Казакстан чегаралары орнотулган. Жалпы кыргыз тургай, жергиликтүү калк аларды аралап көлгө түшалбайт.
Казакстан талабын аткарсак, артынан Өзбекстан чыгат. Ансыз да ЖК талкуусунун жытын алар замат кыргыз бийлигине нота жиберди: биздин 4 пансионатты да бергиле деп.
Бул - бир. Экинчиден, 49 жыл же андан көп жыл арендада кармап, ал аймакты өнүктүрүп-өстүрүп, айрым депутаттар бетке кармаган мыкты инфраструктураларды куруп, эми мөөнөт бүттү деп, өз ээсине кармата салган мамлекет дүйнө тарыхында жок. Алыс кетпей эле өзүбүз бөгүлүп-чөгүлүп аткан Россиянын Аляска сабагын эске алсак болот. Ырас, Россия учу-кыйырсыз зор өлкө экен, бир Аляска эмес беш Аляска берсе да чети оюлбайт.
А биз аларга же Казакстанга атаандаша алабызбы? Жерибиздин 99%и тоо. Же түштүк анклавдары азбы? Баса, түштүк элинин тентип-безип атканынын бир себеби жер-суу тартыштыгына байланыштуу экени жалганбы?
Казакстан менен Россия кызыкчылыгын коргогон Т.Турдумамбетов, К.Конгантиев, З.Курманов өңдүү кыргыз аткаминерлеринин кармаган калканы эмне? Бизге Казакстан күйүүчү май, буудай берип атат. Миңдеген мигранттарыбызды батырууда. Барынан да Казакстан Ысыккөлгө күргүштөтүп туристтерди , инвестиция жиберип аткан имиш. 4 пансионатты бербей койсок, Казакстан экономикалык санкция жарыялашы ыктымал деп господин Конгантиев өз элинин үстүнөн казак туугандарга чагым ташыйт. Эки элдин карым-катышына, достугуна доо кетет дейт.
Ушунун өзү, дегеле Кыргызстандын мурдакы да, азыркы да бийлигинин көчүк жаламай тышкы саясаты мамлекет башкарууда тажрыйбабыз жоктугун, өзалдынча чарба куруп,бийлик жүргүзүүгө даяр эместигибизди, оппозиция бийликке жетүү үчүн гана опулдаарын далилдейт. Кыргыз мамлекет курганына 2200 жыл болду деп Аскар Акаев асмандан чукуп тапса, Дастан Сарыгулов 6000 жыл деп көгөрүүдө. Тилекке каршы, мамлекеттик инстинкт али да ойгоно электиги бийлик саясатынан бадырайып көрүнүп барат. Адамзат тарыхынан белгилүү, андай инстинкт болбосо, географиялык болобу, климаттык болобу, айтор кандай шартта болсо да мамлекет куруу мүмкүн эмес. Ошонүчүн Россияга кошулсакпы, Казакстан же Өзбекстандын этегин кармасакпы деген маселе төгүн жеринен калкып чыга калып аткан жок.
Болбосо эли-жери биздикинен аз, экономикасы биздикинен чабал өлкөлөр дүйнөдө өтө көп. Коңшулары канчалык ири, канчалык бакубат, бай болсо да алардын көлөкөсүндө жан багуу үчүн элин сатпайт, жерин сатпайт.
Анын үстүнө мамлекеттер ортосундагы мамиле-байланыш 3-4 пансионаттын негизинде түзүлбөйт. Эки тараптын орток кызыкчылыгынын негизинде түзүлөт. Эсеби маселең, биз Казакстанга эң жакшы рынок болуп атырбыз. Өзүңүздөр билесиздер, өнүккөн өлкөлөр үчүн рынок чоң тартыш. Бүт дүйнөдө. Элибиздин жакырдыгынан пайдаланып, казак туугандар мал-жаныбызды текейден арзан сатып кетүүдө. Алар бизге жанар майды арзан берсе, биз аларга электр энергиясын арзан берип атабыз. Суубузга бир тыйын да төлөбөйт. Казакстан да, Өзбекстан да. А кандай пайдаланып жатышат?
Илгери суу чарба министри болуп иштеген компетенттүү адам - Калкаш Батыркановдун интервьюсунан мисал тартайын. А кишинин айтымында, Токтогул суусактагычындагы суунун 75,6%ин өзбектер, 8,3%ин казактар, 14,8%ин тажиктер алат. Ал эми Чүй сууларынын 42%и, Талас суусунун 53%и Казакстанга кетет. Айрым депутаттар Түркия курортторун бетке кармап атпайбы. Түркия Тигр, Ефрат дарыяларына суусактагыч куруп, анын сууларын коңшу мамлекеттерге сатып, казна кампайтып атканын эмнегедир эстегиси келбейт.
4 пансионатты берсек, Казакстан инвестициясы бизде суудай агат деп чыгышты. Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин Казакстан инвестициясы экономиканын реалдуу секторуна түшкөн жок. Валюта-финансы рыногуна түштү. Соода-сатыкка түштү. Ошонүчүн Кыргызстан банктарынын 70-80%и Казакстанга таандык деп жүрүшөт. Реалдуу сектордон Кант цемент-шифер заводу, айрым тоокен өндүрүшүн итбекер сатып алды же тартып алды. Анын үстүнө гидроэнергетикадан башка Казакстанга кызыгдар эчнерсе деле калбады. Ага Казакстан эле эмес, бүт дүйнө куштар. Анткени анын ээси болуу - суунун ээси болуу. Демек, Борбор Азияга экономикалык да, саясый да таасири артат.
Кыскартып айтканда, коомчулук козголбосо Ысыккөлдөгү 4 пансионат бүткүл жери менен, Каркырадагы 620 гектир аянт Казакстан карамагына өтөт. Жогорку жагдайларды эске алганда, Ысыккөл кыргыздар үчүн оомийин. Электр энергиясы башка мамлекеттин энчисине айланат. Анткени, алардын демилгечиси президент өзү болуп атыр. Ага айланасындагылардын кызыкчылыгы да арбын. Парламент калп эле кырданганы менен президенттин айтканынан чыкпайт. Бекер жеринен "бакма парламент" аталган эмес да…

Алым ТОКТОМУШЕВ