"Агым", 28.03.08 - 3-бет: Хайл, Сайракан!..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Кимдин талын кармайбыз?
Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резервдер мамагенттигинин директору Пайзуллабек Рахманов "Мамлекеттик фонддо кол тийгис запастан тышкары 30 миң тонна буудай бар. Буудай, нандын баасы жасалма жол менен эмес, табигый кымбатташы мүмкүн" деди. Биринчи вице-премьер И.Айдыралиев матрезервде 62 миң тонна буудай бар десе, Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров 73 миң тонна десе, кимисине ишенүүгө болот?
Экономика эңшерилүү үстүндө
Экс-депутат, белгилүү ишкер Темир Сариев ошентип айтты. Жашоо куну кутургандай кымбаттап барат. Өткөн жылы инфляция 20%ти чапчыган. Быйылкы жылдын 2 айында эле ал 5%ке жетти. Демек, дагы 20дан ашуун процент турганы турган. Импорт ички дүң продукциянын деңгээлине жетти. Ушул темп менен жүрүп отурсак, өзүбүз товар өндүрбөй эле импортко өлүмтүгүбүздү артып отуруп калабыз.

Бүлдүргүч адабияттар арааны
Аларды таратуу республика түштүгүндө түгөнөт десе, түтөп баратыр. ИИМ басмасөз кызматы Ош облусунун Карасуу район тургуну Р.Аманбаев "Хизб ут-Тахрир" диний уюмунун тыюу салынган китепчелерин таратып жатып колго түшкөнүн кабарлады.

Кыргызстан Бжезинскийден далыга тапталды
Америкалык атактуу саясат изилдөөчү, геостратег, эсил кайран СССРдин кулашына кудайды карабаган чоң салым кошкон Збигнев Бжезинский Грузия, Украина менен Кыргызстандагы "түстүү революцияга" оң баа берди. "Бул өлкөлөр ошол замат эле өркүндөп өсүп кетмек эмес, - деди ал "Georgian Times" басылмасына берген интервьюсунда. - Бирок ал революциялар аркылуу элдин эрки аздыр-көптүр ишке ашты"

Болжурова эл агартуу абалын божомолдоду
Билим жана илим министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, Кыргызстандын 75% мугалимдери 35-60 жаш, 14%и 35 жашка чейинкилер, ал эми 11%и 66 жаштан ашкандар. Акыркы 6 жылда орто мектептин төмөнкү классынын окуучуларынын сабакка жетишсиздиги эки эсеге, жогоркуларыныкы үч эсеге өскөн. 4-класс окуучуларынын 64%и эмне окуп атканын түшүнбөйт.

Кайыңды кант заводу "капут"
Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов Кайыңды кант заводу кылдыр-сылдыр иштегенине байланыштуу быйыл облуста кызылча өстүрбөөнү чечтик деди. Кыргызстан Кытайдын "кырма" кумшекери менен азыктанат. Ошолеле учурда Аламүдүн, Сокулук райондорунан миң гектирден ашуун айдоо жери ички мигранттарга үй куруу үчүн берилген.




Крим-аалы
Паспортун тартып алды
Бишкек шаарынан Гавриловка айылынын тургуну, 32 жаштагы А. Мамытов кармалды. Ал Беловодск кыштагынын жашоочусу, 38 жаштагы Д. Бейшеналиеванын паспортун жана акчасын күч колдонуп тартып алган.

Тоногучтар торго түштү
Талас шаарынын тургундары: 20 жаштагы Н. Орозбаев менен 19 жаштагы У. Турсунбеков Бишкектин Токтогул-Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинен 20 жаштагы А. Шамканованы коркутуп, күч менен үч миң сомун алып кетишкен. Учурда кылмышкерлер колго түшүп, тергөө иши башталды.

Сүзүп салып качып…
Сузак районунун Карамарт айылында жашаган 25 жаштагы К. Ажыматов "Мерседес-Бенц-600" автомашинасы менен келатып, Арсланбап айылынын тургуну, 25 жаштагы Курамаеваны сүзүп, жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Жабыркаган кыз ооруканадан каза тапты.

Кырчын өмүр кыйылды
Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинен "Фольксваген-пассат" автомашинасы "ВАЗ-2121" автомашинасы менен кагылышкан. Жыйынтыгында "ВАЗ-2121" машинесинин айдоочусу ооруканага жеткенде көз жумган. Ал эми экинчи айдоочу, 28 жаштагы А. Каргабаев ооруканада.

Мыйзамсыз куралдар
Алай районунун 1-май айылынын тургуну, 47 жаштагы М. Калдыбаевдин үйүнөн 16-калибрдеги ИЖ-17 номурлуу куралы табылган. Мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн Калдыбаев сот алдында жоопко тартылууда.
Ал эми Күнелек айылында жашаган 32 жаштагы Абдыкадыров да 1957-жылы чыгарылган 32-калибрдеги мылтык менен кармалып, тергелүүдө.




И - тагдаалы
Дагы бир заводубуз сатылды
Канттагы цемент, анан шыйпыр чыгаруучу заводдун акцияларынын 90 пайызы 1 жарым миллиард сомго (доллар эмес) сатылды. Өшөнтүп, өз цементибизге, шыйпырыбызга ээ боло албай, көзгө басаар ишканабыз жеке менчик бирөөнүн мүлкүнө айланды десек болот.

Баурдастар кепке келе баштады гой
Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы кыргыз-казак чегарасынын талаш жерлери боюнча 1930-жылдардагы документтерди казып чыгышты. Курамына Жоке депутаттары, аппарат кызматкерлери, ТИМ өкүлдөрү, "Кыргызгипрозем", мамкартограция, Мамкаттоо адистери кирген комиссиянын сүрүнөн чочудубу, айтор, казак тарап Кыргызстанга абдан зарыл кум-шагыл кени бар "Карьер" деген жерди башка талаа жерге айырбаштоого даярдыгын билдиришти.

Экономиканы шым-көйнөк тигип көтөрөбүз
"Жаман эле жаман", "кургуйга куладык", "өлдүк" деп асанкайгылана бергенден көрө бычмачы-тикмечилерибизди колдосок, аңга түшпөй, Айга кончудайбыз. Дегенибиз, бизде тигилген даяр кийимдердин 90-95 пайызы экспортко кетет экен. Тикмечилерди Кулов бекеринен колдобогондур.

Дранг, нах, Ошен!
Өкмөт биртоп министрлик, ведомстволорду түштүк борборго көчүрүү жөнүндө токтом чыгарды. Ага ылайык Чегара кызматынын жетекчилиги штабын кошо эээрчите, Баңгизат мамагенттиги, Миграция жана иш менен камсыз кылуу мамкомитети, Айылсуу чарба, кайра иштетүү министрлигинин суу чарба департаменти, ИИМдин уюшкан кылмыштар жана баңгизат бизнеси менен күрөш башкармалыгы Бишкек менен кош айтышып, аса-мусасын артынып, Ошко жол тартат экен.

Буюрса, токочко тоебуз
Өкмөт быйыл буудай талааларын дагы 400 миң гектирге көбөйтмөк болду. Бул былтыркыга караганда 43,3 миңге көп. Кудай буюрса, быйылкы күздө ал жерден 920 миң тонна дан алып, токочко карк болобуз дейт, өкмөт аке.

Жардам бергилечи
Урматтуу мекендештер! Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 18 жаштагы Кадыржан уулу Максат эки айдан бери операция күтүп жатат. Ал 5-класстан бери баспайт. Бутунун оорусу жети жашынан башталган. Эки тизеси тең бүгүлүп, катып калган. Анын кесепетинен тарамыштары өспөй, сөөктөрү ичкерип кеткен. Максатка жасалма муундарды салып, айыктырып, бастырса болот. Апасы Үркүнбаева Кенжебүбү учурда баласынын операциясына акча таппай, айласы кетип турган кези. Ал колунда бар, боорукер, бизнесмендерге жана кайрымдуулук уюмдардын жардам беришине ишенип, уулунун эртерээк басып кетишин Кудайдан тилеп отурат.
"Кыргызстан-Бишкек Халык Банк" филиалы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 390, БИК 125008, телефону 61-41-30, 61-40-99, Расчеттук эсеп: 1250280213210023, Үркүнбаева Кенжебүбү Эсенгуловнанын атына которулат.










??.??