"Агым", 28.03.08 - 24-бет: Андигидоттор...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Андигидоттор

Жетинчи кабат
Жапониялыктар менен биздикилер жасаган буюмдары менен мактанып атышат.
Жапон:
- Өткөндө бир эркек 39-кабаттан учуп кетип, жерге түшөөрүнө бир метр калганда курунан даракка илинип калыптыр. Ошентип, өзү да, куру да аман калды, - дейт. Антсе кыргыз:
- Ну и что? Болбогон нерсегеле мактана бересиңерби? Бизде деле бир кемпир 7-кабаттан асфальтка учуп түшүп, дайын-дарегин таппай калыптыр. За то, көлөчү жапжаңы бойдон, - деген экен.

Түш
Жол кырсыгынын натыйжасында Алмазбектен башкасынын баары жабыркады.
- Сиз кантип аман калдыңыз? - деп суроо узатышат журналисттер таңгалыштуу.
- Уктап калган экем. Ойгонсом авария бүтүп калыптыр….

Мергенчи
Токсондон ашып калган эки абышка сүйлөшүп отурушат.
- Мен жакында 30га чыккан аял алдым, - дейт биринчиси. - Бетинен бир жолуле өөп койдум эле, минтип балканактай болгон уул төрөп берди.
- Токтой тур, доске, мен сага бир жомок айтып берейин. Бир киши токой аралап баратат дейт. Бир убакта алдынан карышкыр чыгыптыр. Коркуп кеткен неме таягы менен бир чапса, карышкыр өлүп калыптыр. Эчнерсеге түшүнбөй артын караса, бир мергенчи турган экен.

Атып салат!
Бир жинди дарактын башына чыгып кетип, такыр түшпөй кыйнайт. Врачтар келет, алдашат - такыр жылыш жок. Анан айла кеткенде "менттерди" чакырышыптыр. Кызыл шапкечендер автомат менен атам десе да түшпөй койгон экен. Эми эмне кылмакчыбыз деп баш оорутуп отурганда, дагы бир жинди келип, чыбыкты тиги жиндини көздөй мээлеп, "Атып салам!" деп бакырат. Эртеден бери элдин эсин эки кылган оорулуу ошондо гана дарактан унчукпайле түшүп кетиптир. Таңгалышып:
- Сага жалдырап, коркутсак да болбой койдуң эле. Тиги келип чыбык менен коркутсале неге түшүп кеттиң? - деп сурашса, анда берки кебелбей:
- Омей, билбейсиңерби, ал жинди да, атып салат! - деп койот дейт.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ



  Келаткан шейшемби күнү, 1-апрелде окуйсуздар:

"Агымдын" сулуусу, келечекте дипломат болгусу келген Мелис кызы Айканыш кабарлайт:
Карьера жасоо кадамы же башчы болуунун бактысы эмнеде?
"Апамдын махабатынын" каарманы Эгемберди Бекболиевдин турмуштагы махабаты.
"Өз энеме жүк болуп, жек көрүндүм".