"Агым", 28.03.08 - 14-бет: Цех...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Цех

Журналисттер торбосу кантип толот?
Улуттук университет жогорку окуу жайлардын карлыгачы болсо, андагы журналистика факультети учурунда республикабыздагы журналисттик кадрларды даярдоочу жападан жалгыз борбор болуп келди. Факультет кандай ийгиликтерге жетишип, кандай көйгөйлүү маселелердин тегерегинде баш оорутуп атканын билүү максатында журналистика факультетинин деканы Абдыганы ХАЛИЛОВду сөзгө тарттык.

- Аудиториядагы лекция түздөн-түз студенттин мыкты адис болуп чыгышына 100% өбөлгө түзбөйт. Анүстүнө техника өнүккөн заманда жашап атабыз. Мыкты журналист чыгарыш үчүн студенттердин техникалык сабаттуулугун да жоюш керек дегендей. Дегеним, бул багытта кандай иштерди аткарып атасыздар?
- Албетте, журналисттик кадрларды даярдоого болгон талап таптакыр башка азыр. Мындан 10-15 жыл мурдагы мезгилге салыштырмалуу бүгүнкү күндөгү окуу системасы, окуу пландары өзгөрүлгөн. Чыныгы журналистмин деген адам сен айткандай, техниканы, компьютерди билиши керек. Заман талабы ушундай. Андыктан, "Басма сөздүн дизайны", "ММКнын технологиясы" сыяктуу бир катар сабактар бар. Кээбир сабактардын лекциялык бөлүмүн кыскартып, практикага көбүрөөк басым жасап атабыз.
- Кантип, кандай жолдор менен?
- Кандай адистикте окубасын, теория менен практика бири-бири менен айкалышып турушу керек. Теория жагынан мыкты, бирок, макала тургай чакан информация жаза албаган адамдарды кездештирип жүрөбүз. Студент лекцияны угуу менен гана чектелбестен, аны практика жүзүндө көрүшү зарыл. Кантип? Анүчүн сабак учурунда материал жазуунун, даярдоонун жолдорун иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. Бул үчүн көп иш-аракеттер жасалууда. Алсак, 2007-жылдын сентябрынан тартып компьютердик классыбыз толугу менен жаңыланды. Ал гана эмес, жаңы коюлган компьютерлер интернетке кошулган. Эртең мененки саат тогуздан кечки алтыга чейин студенттер каалаган убагында келип, интернеттен керектүү маалыматтарды алууга шарт бар. "Басмасөз дизайны", "ММКнын техникасы жана технологиясы" өңдүү сабактар ошол компьютердик класста өтөт.
Бир жума мурда ректорат жаңы үлгүдөгү видеокамера сатып берди. Мурдагы камерабыз иштен чыгып калган эле. Бул биз үчүн чоң кубаныч болду. Себеби, тележурналистикага тиешелүү сабактарды өтүүдө ал чоң өбөлгө болмокчу. Былтыр япон проектисине катышкан элек. Жазган долбоорубуз Япон өкмөтү тарабынан жактырылса, монтаждоочу стол, камерага ээ болобуз. Көптөн бери радиостудиябыз иштебей келген. Өткөн жылдын октябрь айынан тартып аны да ишке киргиздик. Учурда студенттерибиз сырттан жаздырып келген материалдарын ал жерден монтаждоосуна толук шарттар бар. Радио тармагына байланыштуу сабактар көбүнчө ошол студияда өтөт. Былтыркы жылдан тартып "Калем пресс" аттуу факультеттин гезити чыгып келет. Гезит ишине тиешелүү бардык жоопкерчиликти студенттер өз мойундарына алышкан.
- Көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлүү маселелерге да токтоло кетсеңиз.
- Баарыле сыдыргыга салгандай эмес. Бизде да чечиле турган, чечүүнү талап кылган маселелер бар. Алсак, журналистика багытында илимий кадрларды даярдоо жагы бизде башкы орунда турат. Бул тармакта илимий даражага ээ болгон 4-5 эле адам бар, Кыргызстан боюнча. Мунун башкы себеби - журналистика боюнча атайын диссертациялык кеңештин жоктугу. Аспирантураны аяктап, бирок, жактоо жагына келгенде көпчүлүгү кыйналат. Жылына 3-4 студент магистратураны аяктайт. Алардын ичинен жөндөмдүүлөрүн, билимдүүлөрүн өзүбүзгө алып калып, кадрдык катарыбызды толуктоого аракет кылып атабыз. Жаш окутуучуларды стажировкадан өткөрүү жагы да биз үчүн башкы көйгөйлөрдүн бири. Маселен, филология, тарых, физика жана математика адистиктери үчүн Академияда атайын институттар, бөлүмдөр ачылган. Ал жактан квалификациясын жогорулатса болот. А журналистика үчүн институт тургай бөлүм да жок. Россиянын алдыңкы окуу жайларында бизге стажировкадан өтүү үчүн орундар берилген эле. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы деп атайын кат даярдап атабыз. Эми биздин жаш окутуучулар ал жактагы окуу жайлардан стажировкадан өтүп келмекчи.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




 

Күрөш
Кореянын Джеджу шаарында болуп өткөн Азия чемпионатында жердешибиз Руслан Түмөнбаев (60 килограммга чейинки салмакта) Олимпиадалык оюнга жолдомо утуп алды. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Канат Бегалиев (60 кг салмакта) менен Данияр Көбөнов (74 кг салмакт) күмүш медаль жеңишти. Бирок, мындай ийгилик менен алар жайында Пекинге баралышпайт. Ошентсе да, май айынын башында Римде өтүүчү турнирде лицензия алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Футбол
Эларалык "Алатоо" футболдук турнири 25-мартта Кант шаарында башталды. Мелдештин алгачкы күнүндө "Наше пиво" командасына "Дордой Плаза" каршы чыгып, 1:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Жалпысынан бул ишчарага 13 команда катышууда. Байгеге кимиси ээ болуп, кимиси жеңилүү ызасын тартаары күлкү күнүндө маалым болмокчу.

Самбо
14-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында спорттун ушул түрү боюнча Ленин районунун биринчилиги кечээ "Динамо" спорт комплексинде старт алды. Мындай ишчаранын башкы максаты - самбонун абройун көтөрүү жана спортчуларыбыздын чеберчилигин арттыруу. Мелдеш төрт күнгө созулуп, жарым финалдык жана финалдык беттештер 30-апрелде өтөт.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


АКШ . Экс-биринчи леди Нэнси Рейган республикачыл-сенатор Джон Маккейндин президенттикке талапкерлигин колдоорун жарыя кылды. Шейшемби күнү Маккейн мырза Рональд Рейгандын 86 жаштагы жесири менен жабык эшик артында жолугушту. Маккейндин талапкерлигин колдогон белдүү саясатчылар арбын. Алсак, президент Жорж Буш жана анын атасы Маккейн тарапта экендиги маалым. Мындан сырткары, Американын мурдагы төрт мамлекеттик катчысы анын талапкерлигин колдой тургандыгын официалдуу жарыялашкан. Ал ортодо Жорж Буш Россиянын президенти Владимир Путин менен 6-апрель күнү Сочиде жолуга турганы маалым болду. Бул жолугушууда маанилүү деп эсептелинген маселелер каралат. Ошондой эле Буш мырза жаңы шайланган президент Дмитрий Медведев менен да жолугушат.
Кытай . Чет эл журналисттер тобу Пекинден Тибет автономиялык районуна сапар алышты. Анда 26 журналист, түрдүү өлкөдөн келген 19 ММК өкүлдөрү бар. Алардын башкы максаты - Лхасада өткөн башаламандыкты жеринен изилдөө. Учурда ал аймакта абал стабилдешкен. Эскерте кетсек, массалык баш-аламандыктан 623 адам түрдүү жаракат алса, 19у набыт болгон эле. Бул маселе боюнча Франциянын президенти Саркози да өз оюн билдирди. Анын айтымында, Кытай өкмөтү Тибеттин руханий лидери Далай-лама менен тез аранын ичинде сүйлөшүүгө барышы керек.
Ооганстан . Гелманд чөлкөмүндө Даниянын 550 аскери жайгашкан болсо, жакында алардын бирөөсү окко учуп, экинчиси жарадар болду. Ошол эле маалда бомба салынган автоунаа базарда жардырылып, 8 адам каза тапты. Ичер суусу түгөнүп, бейажал оо дүйнөгө сапар алгандардын артында калган бала-чакасы деле жыргап кетбептир. Не дегенде, Ооган калкынын 70%ы таза суу менен камсыз болбогонун өлкөнүн энергетика жана суу мин истринин орунбасары шардана кылды. Калк таза суу менен камсыз болушу үчүн 174 суу тазалоочу станциялар курулушу керек. Ал үчүн дүйнөлүк банк 7 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлдү.
Грузия . Эки өлкөнүн ортосундагы саясый мамиленин салкындап кетишинен улам 18 айдан бери Россияга самолет каттабай калган эле. 25-мартта биринчи жолу Тбилисиден Москвага учак менен жүргүнчүлөр сапар алышты. Андан эки күн өтпөйле Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакрадзе НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолугушту. Грузиянын НАТОго мүчө болушуна Москва каршы экендиги маалым. Алсак, Россиянын жаңы шайланган президенти Дмитрий Медведев Британиянын "Financial Times" басылмасына берген маегинде Грузиянын НАТОго кириши - Европанын коопсуздук системасын бузушу мүмкүн экендигин баса белгилеп өткөн.
Египет . Өлкөнүн президенти Хосни Мубарак Путин мырза менен Москвада жолугушкан. Андан көп өтпөйле мамлекеттик "Росатом" ишканасынын башдиректору Сергей Кириенко менен Египеттин энергетика министри Ахмед Хасан Юнис келишимге кол койду. Ал боюнча Россия Египеттин атомдук электр станциясын куруу тендерине катышат. Станциянын курулушу 2 миллиард доллардын башын жейт деп адистер айтышууда.
WWW булактарынан даярдалды