"Агым", 21.03.08 - 5-бет: Бет кџзгџ..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бет күзгү

Адахан Кимсанбаевич жөнүндө узун-учук, оңду-сол кеп оголе көп тарады. Гезитчилер кечээги Адахан менен бүгүнкү Адаханды салыштырып далай сындадык. Бу кишиден үн жок. Чын экен дедик. Анан чымчыма маек куралы деген ой кетти. Курдук. Болгону акылдуусунбай өттү-кетти баарлаштык. Анан калса бу кишинин убактысы тар экен. Чыкылдаган саат биз болжогон учурду тез эле өткөрүп жиберди. Наяти жөнөкөй маек болду.

Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин төрагасы:
"Колуңдан келген ишке белсен"
- Адахан Кимсанбаевич, эң оболу азыркы парламенттин иш максатына токтоло кетсеңиз.
- Мүмкүн болушунча ачык иштегенге аракет кылып атабыз. Кээ бир маселелерде мага караганда көбүрөөк маалыматыңар бар. Себеби, ар кандай сөздөрдү көбүрөөк угасыңар. Жаңы шайланып келген эл өкүлдөрүн сынап атпайсыңарбы. Сүйлөбөй балык болуп калышты деп... Парламенттин табияты такыр башка. Бардык мамлекеттерди карап көргүлө. Балким, анча-мынча КМШ өлкөлөрүндөгү эки-үч мамлекетте гана кыргыздардын "оорусу" болбосо. Негизинен парламент прокуратура, сот органы эмес, ал мыйзам чыгаруу органы.
- Парламентарийлерди элдин өкүлү дейбиз го?
- Мыйзам чыгаруу аркылуу элдин, шайлоочулардын кызыкчылыгын коргойт. Иштегенибизге үч айдын жүзү болду. Биз тек гана мыйзам жаратуу иштери менен алекпиз. Республикалык деңгээлдеги маселе болсо, парламент сөзсүз түрдө өзүнүн пикирин билдирип эле жүрөт. Азыр эле сиздин алдыңызда комитеттин төрагалары, фракциянын жетекчилери менен сүйлөштүк. Баалар жогорулайт деген кептер чыгып атпайбы. Дан азыктары кудайга шүгүр, жетиштүү. Быйыл канча жаздык, күздүк буудай себилгендигин эртең толук кандуу маалымат аласыздар. Канча тракторлор оңдоп-түзөтүүдөн өттү. Дегеле канча трактор бар Кыргызстанда? Канча миң гектар жерибиз бар? Кечээ жакында мыйзам кабыл албадыкпы - Кыргызстандагы бардык мүлктү каттоодон өткөрүү жөнүндө. Дасторконубузду жыйнап карап көрөлүчү, эмнебиз бар экен. Биз кандай деңгээлдеги мамлекетпиз дегендей. Мына ушундай суроолордун тегерегинде иштер жүрүп атат.
Апрелде "Саламаттыкты сактоо" жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын уксак деген оюбуз бар. Өзүңүз жакшы билесиз, СПИД менен ооругандардын саны көбөйүп баратканын. Майлысуу шаарындагы № 5 мектептеги балдардын тамактан ууланышы. Негизи ошол мыйзам кандай аткарылып атат? Аны талкуулап эле тим болбостон, жыйынтыгын чыгарып, президентке тийиштүү сунуштарыбызды кийрийбиз. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө - парламенттин комитетине жүктөлгөн. Башта андай мүмкүнчүлүгү жок эле парламенттин. Чөнтөк парламент болуп калды деген сөздөрдүн бары саясатчылардын чыгарып атканы. Иштейм деген кишиге толгон-токой маселелер бар.
- Мурдагы чакырылыштагы депутаттар эркин болчу. Ошол кезде өзүңүз да жөнөкөй, катардагы депутат элеңиз. Эски парламент менен азыркы парламенттин айырмачылыгын байкадыңызбы?
- Эркиндикти сиз кандай деп түшүнөсүз? Эгер, 1992-жылкы гезиттерди карасаңыз эркиндик деген Конституциянын алкагындагы эркиндик деп түшүндүрүлөт деп айтканбыз. Демократия деген ушинтип түшүндүрүлөт дегенбиз. Эмнесинен эркин эле, азыр эмнесинен эркин болбой калды? Сиз мага бир-эки мисалды келтириңизчи?
- Ошол кезде бийликке сиздер каалагандай сын айта алчу элеңиздер, туурабы? Экинчиден, депутат 5 жыл бою эчкимден көз каранды эмес болчу. Болгону башмыйзамга гана баш ийер эле. Депутаттар каалагандай элдин көйгөйүн айта алчу. Бүгүн ошондой жок деп атабыз.
- Эмнеге жок дейсиз? Мен сиздин сөзүңүзгө такыр кошула албайм. Сиз өзүңүз келип сессияны көрсөңүз. Бүгүн тогуз комитеттин жыйыны болду. Эмне деген гана сөздөр айтылды. Эмне деген сын пикирлер айтылбай атат. Ошол сын пикирлердин көпчүлүгүн, силер чымчылап аткан "Акжолдун" депутаттары айтып атат, Социал-демократтар, Коммунисттер айтып атат.
Айырмалап бергенде, мурда өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүүлөр пайда болгон. А бүгүнкү күндөгү өкмөт - парламенттик өкмөт деп айтсак болот. Себеби, парламент өкмөт жетекчисин сунуштайт президентке. Өкмөт жетекчиси өкмөттүн курамын киргизет. Башта президент киргизчү. Башта өкмөт менен парламент жоопкерчиликти бири-бирине түртө салчу. Мына ошентип, экөөнүн ортосунда аркан тартмай оюн. Азыр андай жок.
- Бир эле багытта, бир кишиге баш ийүү...
- Андай эмес, президент: "Бийлик элге кызмат кылышы керек" деп айтпадыбы. Сот бийлиги, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлиги болобу, бул мамлекетке кызмат кылуу. Мамлекетке кызмат кылуу дегенден кийин демек, багыты бар. Өкмөт кандай мыйзамдар керек болсо Жогорку Кеңешке киргизип атат. Биз колдой турганын колдоп, жакпаганын кайтарып берип атабыз. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алып, өкмөт аны аткарганга аракет кылууда.
- Азыркы депутаттардын кадыр-баркы кандай? Дегеним, мурда депутаттар менен бардык бийлик бутактары эсептешчү. Азыркылар Акүйдүн бир бөлүмү болуп калды дешүүдө.
- 1995-жылы алгач депутат болуп келгем. Андан бери 13 жыл өттү. Депутат Бекмамат Осмонов, Үсөн Сыдыков, Жамин Акималиев дегендер бар болчу. Не деген гиганттар эле. Биз ошолордун арасына келгенибизде, жаңы келген окуучу балдардай болуп калат элек. Себеп, алардын турмуштук дагы, депутаттык дагы тажрыйбалары жогорку деңгээлде болгон. Жаштар бизге талап койбодубу, мамлекетти башкарууга тиешебиз болуш керек деп. Бүгүн келген балдар менен, ошол кездеги депутаттарды кантип салыштырса болот. 1-класска кирген бала менен 9-10-класстын окуучусунун айырмасы бар. Ошентип, муун алмашып турушу керек. Азыркы келгендерди жаш балдар, жаш кыздар, эч нерсени түшүнүшпөйт деп сындоо мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир-эки жылдан кийин көрөсүз, булардын ичинен дагы суурулуп нечен-нечен деген азаматтар чыгат. Ал үчүн тек гана сабырдуулук керек. Генерал болуп эч ким туулбайт да.
- Мурда оппозицияда элеңиз. Азыр бийликтин адамысыз. Оңдон солго же солдон оңго өткөн кандай болот экен?
- Экөөнүн айырмасы жок. Үч жыл мурдагы сиз менен азыркы кездегиңиздин айырмасы бар да. А эмне үчүн силер өзгөрүп турушуңар керек да, Мадумаров өзгөрбөшү керек? Мен ушуну түшүнбөйм. 2004-2005-жылдары: "Ой бийликтен өткөн эмне жок?" деп ыйлактап жазып жүрбөдүңөр беле. Акаевдин уул-кызын мактап-жактап деле жазбадыңар беле.
- Сизди дагы укмуштай мактап жазганбыз...
- Аларга мен терең ыраазычылык билдирем.
- Гезиттин табияты ушундай: кээде мактайбыз, кээде сындайбыз. Мактаганда унчукпай, сындаганда каарымайды жакшы билесиздер...
- Чыркыраган чындыкты элге жеткирип, ушак-айыңдардан алыс болсо гана чыныгы гезиттин турмушу болот. Силерди өзгөрүп кетти деп көрүнгөн жерде каралап, жамандап жүргөн жерим жок да. Бир калыпта келатпаймынбы. Азыр сиздерге кандайдыр бир аракеттер болсо, коргогонго даярмын.
- Айтайын дегеним, убагында укмуштай күчтүү оппозиционер элеңиз. Не бир ойлорду айткансыз. Бүгүн ошол үн, сөз жок.
- Кудай буйруп, бир жерге министр болуп кетсеңиз, шыбагандын үстүнөн шыбакты жейсиң. Кыргыз ушундай калкпыз. Алыс кетсең көралбайт, артта калсаң жардам берип, кол суна албайт. Кеп Мадумаров жөнүндө эмес, кеп анын ээлеген орду жөнүндө болот. Макулсузбу ушуга? Бир сындырым нанды бөлүп жеп отурган, анан калемиңизди дагы бөлүшүп, экөөңүздөр каткырып, жайлап койдук, тимеле туздап, шыбап салдык деп отуруп макала жазган калемдешиңиз эртең эле сиз көтөрүлүп кетсеңиз, артыңыздан ушундай ушакты койо берет. А мен эмне үчүн ага капа болушум керек? Эгер, мени сындабасын, мен жөнүндө жаман сөз айтпасын десем, ордумдан такыр козголбошум керек. Үйдө жатууга туура келет.
Жорж Кеннеди жөнүндө китеп окуп атам, мүмкүнчүлүк болуп калганда. Ошол киши айтып атат: "Мен саясатка бараардын алдында толгон-токой алдымдан тосмолор чыгарын, артымдан не деген ушактар чыгарын, жакын досторумдун канчасы каршы болуп каларын билип туруп, ушул акыл-эсим менен ушул жолду тандап алдым" деп.
- Башында бул бийликке каршы элеңиз. Тагыраагы 2005-жылдын 24-мартында. Бир күн өтпөй вице-премьер болуп дайындалып калдыңыз?
- Мындай да, андай сөздөрдү дале болсо, менин жанымда жүргөн жигиттердин чыгарганы. Эгер, бул дүйнөдөн өзүмдүн жүзүмдү, принцибимди сактап калам десең, ушак сөздөрдөн алыс болуш абзел. Мына азыр президент катуу ооруп, мунусун, анысын алдырыптыр деп атышпайбы, тобоо кылыш керек да. Мен эки күндүн биринде сүйлөшүп турам, акыбалын сурап. Ошондой сөздөрдү чыгарып аткан азаматтар дагы караш керек да эки жакты. Сиздин коллегаларыңыз мага суроо берип атышат "Эмне үчүн президент эс алууда" дешип. Машинаны дагы бир жылда бир техникалык кароодон өткөрөт. "Үч жылдан бери эмне үчүн отпуска алган жок?" деп бирөө дагы суроо бербейт.
Президенттин денсоолугу мыкты. Жакын арада келет. Быйыл жайында дагы эс алуу болбойт. Эмне үчүн? Себеп, КМШ өлкөлөрүнүн, ОДКБнын президенттеринин жыйыны Бишкекте өтөт. Анан кантип эс алат, ошол мезгилде. Бул деген жөн эле келип жыйын өткөрүш эмес. Бир документти даярдаш үчүн, бул жерде отуруп көздүн майын агызыш керек. Башка мамлекеттердин президенттери бир жылда эчен жолу эс алууга чыгып атышат.Бир дагы киши ушул маселени көтөрүп чыкпайт.
- Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнов биригип президенттикке даярданып атыптыр деген имиштер бар.
- Мына ошол "даярданып атыптыр" деген сөздүн автору ким экенин сизге айтып берейин. Бирок, ал киши уят болуп калат. Эки-үч киши биригип, кечинде сырадан согот. Анан ушинтип койбойлубу дейт. Президент, Мадумаров, Үсөновдордун ортосуна чокту ыргытпайлыбы дешет. Мунун 1991-жылдан бери келаткан бир автору бар.
- Ким?
- Эми аны айтканда не пайда? Мен ушак сөздөн алысмын. Аны тактап, так болгон күндө дагы, сен ушинтиптирсиң дегенден бийигирээкмин. Кыргызстандын жарымы билет, кандай киши, эмне технологиясы менен эмне максатта чыгарып атканын.
- "Кыргыз элим байыганда, мен семирем" деп айтканыңыз бар эле. Сиз семирипсиз, кыргыз эли байыдыбы?
- Кайдан көрүп турасыз, семиргенимди? Мен аскерден бери дал ушул боюм 181 см. менен жүрөм. Салмагым ошол мезгилдегиден 4 килограммга азыраак азыр.
- 24-мартты майрам деп мыйзам кабыл алдыңыздар. Ошол күнгө кандай баа бересиз? Дегеним, көп адам зыян тартты...
- Революция кайсы учурда пайда болот айтыңызчы?
- Бийликке нааразычылык башталып, өзгөрүүгө өтүш максатта.
- Революциянын автору ким?
- Авторлору көп азыр.
- Абдан туура айттыңыз. Көкүрөк каккандардын көпчүлүгү автор болуп жүрүшөт. Бирок, революциянын автору Кыргызстандын эли. Революция классикалык маанисинде, бийлик эскиче башкара албай калганда, калк эскиче жашоону каалабай калган учурда гана пайда болот. Кыргызстан 2005-жылы ошол кырдаалга кептелген. Ошондуктан, "элдик революция" деп табылганы туура. Эл болбосо, эч ким эчнерсени өзгөртө албайт.
(Уландысы 12-бетте)










??.??