"Агым", 18.03.08 - 6-бет: Билгени бар го?..•

Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум


  Билгени бар го?

Жоомарт Сапарбаев, коомдук парламенттин депутаты:
"УКК коркутуп-үркүтүп атканы чындык"
- Жоомарт, "Мен ишенбейм" акциясы өз максатына жетпей калды окшойт. Дайыныңар чыкпай кетти.
- Эмнеге антип ойлойсуңар. Кудай буйруса мындан ары да улантабыз. Мисалы, бүгүн "саясый зоопарк" деп аталган саясый акция уюштуруп жатабыз. Кече "Акжол" партиясынын парламентке келгенине 3 ай болбодубу. Ошол мааракени ушундай белгилейли деп чечтик. Парламенттин алдына чыгып, жаш саясатчылардын театрлаштырылган чоң акциясы өтөт.
- Бийлик жактан кысым болуп жаткандыр.
- Ооба, айрым мүчөлөрүбүздү УКК чакырып, коркутуп-үркүтүп жаткан фактылары бар. Негизи эле бардык бийликтердин оорусу ушул турбайбы. Коркконго кош көрүнөт болуп, аңдып эле жатып калышат. Өнүккөн өлкөдө жашап жатабыз деп мактанып жатышат. Анда демократиянын принциптерин унутпаш керек да. Бул өлкөдө өз пикирибизди айтканга биздин да укугубуз бар.
- Силерге эмне жетишпейт? Кыргызстанга сонун турмуш орноду деген пикир бар.
- Айткандар айта берсин. Өзүңөр билесиңер, бийликти басып алышып, өз билгенин кылып жатышат. Бизге эмне жетишмек эле. Кыргызстанда адилеттүүлүктүн карааны да жок болуп жатса. Биздин өлкөдө уят-сыйыт, адилеттүүлүк жана өнүгүү деген таптакыр болбой жатат. Айрым саясатчылардын каалоо-тилеги менен иш жүрүп жатат. Көрдүңөр, бул парламент кимдин каалоосу менен келгени баарына маалым.
- Парламент жакшы эле иштеп жатпайбы.
- Койсоңорчу, Акүйдүн кареги менен тең айланган депутаттар жакында электр энергияны менчиктештирип, болгондо да чет элдиктерге, анан Каркыра менен Көлдөгү 4 пансионатты Казакстанга берип кутулушат окшоп калды. Аларды ушул маселелерге добуш бересиңер деп апкелген да. Андан кийин алардын да кереги жок.
- "Акжолчулардын" баарысы депутаттыкка татыксызбы?
- Баардыгын татыксыз деп айтканга болбойт. Бирок, кандай жол менен келди деген маселе туулат да. Миңдеген шайлоочулардын укугу тебеленип, мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатса, ал эми буларың "лам" деп ооз ачалбай отурушат. Эң эле аянычтуусу ушул да.
- Саясатта кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасың?
- Билбейм эми, бул парламент эч кандай өзгөрүү кылалбайт го. Чынчынына келгенде буларды депутат деп айтууга да тил барбайт.
- Сен коомдук парламенттин депутатысың. Дегеле, парламентиңердин дайыны жок го?
- Биринчиден, алдыдагы иш-чараларга даярдык көрүлүп жатат. Эл менен болгон жолугушуулары уланып жатат. Бирок, дале баягы Акүй саясаты, коркутуп-үркүтүп, жолугушууларды үзгүлтүккө учуратканга аракет кылууда. Мисалы, кечээ Нарында ошондой окуяга туш болуп кайтышты.
Коомдук парламент деген көчөгө чыгып эле митинг-пикеттерди уюштурбайт да. Эл билгенден, парламентибиз иштеп эле жатат.
- Коомдук парламенттин коомдогу орду жана ролу кандай?
- Жаман эмес. Коомдук парламент - Кыргызстандагы ар кандай маалыматтардын өзөгү. Кыргызстандыктар биздин парламент аркылуу туура маалымат алса деген тилек бар. Кудайга шүгүр, биз ошол тилегибизге жеттик окшойт. Бийлик азыр коомдук парламентти укпайт, анысы талашсыз. Бирок, коомго таасирин тийгизет.

Манас ОСМОН




  Такталалы, тазаралы

Кылчык жүндүү кыргыз кою репрессияланган, эми актоо зарыл
Урматтуу редакция! "Репрессияланган кылчык жүндүү кыргыз кою" деген макалам "Жылдыз" деген жашыруун ат менен сиздердин "Асаба" гезитине (3-июнь, 1993-ж.) жарыяланган. Конкурска түшкөн ал материалдагы көтөрүлгөн маселе азыр дагы актуалдуу деп ойлойм. Анткени өзүңүздөр билесиздер, өлкө президенти ЖКга, кыргыз өкмөтүнө өгүнү жасаган билдирүүсүндө малдын асыл тукумун арттырууну айылчарбасынын алдыдагы негизги милдеттеринин бири деп атады. Көптөн-көп суранарым: ушул макаламды "Агымга" да кайталап басып койсоңуздар.
Жумаш КОЙЧУМАНОВ,
КРУИА илимине эмгек сиңирген
кызматкер, педагогика илим кандидаты

Кудуреттүү кудайа-а,
Койду жакшы жаратты,
Башка малдын жанында,
Майда акча сыяктуу!
- деп Молдо Кылычтын "Мөлказалындагы" саптар ай! Кой эти ай, жүнү, сүтү, териси, майы, атүгүл койдун көңү ай! "Сабатсыз" ата-бабаларыбыз койдун анатомиясын жана физиологиясын, зоотехникасын жана ветеринариясын чучугуна чейин билип, кой тукумун: козу, күрпөң, борук, токту, кунан кой, ирик, дөдөн кой, соолук кой, субай кой, тубар кой деп, алардын жашы жана жынысы боюнча атай билиши башка элдерден айырмалап турат. Алар койлорду куутка кошуу, төл алуу жумуштарын табияттын мыйзамченемине ылайыктап жүргүзүшкөн. Алар багып келген жүндүү кыргыз койу баа жеткис, бабалардын жогорку баасына татыктуу болгон.
Ал эми 30-жылдарда кой тукумун асылдандыруу ишин баштагандар улуу орустук шовинистик көзкарашта болушуп, кыргыз элинин таламдарын эмес, орус империясынын кызыкчылыгын көздөгөн (1916-жылы Россиянын 121,2 млн.койу болуп, анын ичинен 4 млн. гана уяң жүндүү болгон. Уяң жүндүү кой өстүрүү ага зарыл эле). Кыргыздын кылчык жүндүү куйруктуу койу жалган ушак менен репрессияга туш болуп, "улутчул" болуп жок болуп кетти.
Ушул убакта Кыргыз республикасында 3 тукумдагы кой өстүрүлөт. Саны жана продукт алуу көлөмү боюнча уяң жүндүү кой 92%, жарым уяң жүндүү Тянь-Шань койу 7%, жарым кылчык жүндүү куйруктуу Алай койу 1%ти ээлейт. Мынакей кыргыздардын тили бурмаланганы аз келгенсип, кыргыз койу да жоголуп баратат.
Ошондуктан, кой өстүрүү чарбасына рынок экономикасына ылайык төмөнкү сунуштарды айтар элек:
1. Бабалардан калган кылчык жүндүү куйруктуу койлорду реабилитациялап, тирүү калгандарын боштондукка чыгарып, алардын ар бир чарбада эркин өсүшүн камсыз кылгандай чараларды көрүү керек. Койдун санын өздүк наркы арзан турган эт, май менен өздүк чарбаларды камсыз кылала тургандай, ал эми кыргыздын улуттук буюмдарын (бозүйдү тутуусу, ала кийиз, шырдак ж.б.) жана улуттук кийимдерин (ак калпак, кементай, тебетей, тон, ичик, кийиз өтүк, кийиз байпак ж.б.) жасоого адистешип жаткан жана жаңыдан адистешүүчү өнөр жай комбинаттары жүн, тери менен камсыз кыла тургандай (албетте бул буюмдардын жана кийимдердин экспортко көп санда чыгарыла турганын эске алуу менен) өлчөмгө жеткирүү талап кылынат. Бара-бара жергиликтүү жана жеңил өнөржайларынын кылчык жүнгө жана сапаттуу териге болгон муктаждыгын да толук камсыз кыла тургандай санга жеткирүү жагын эске алуу керек.
2. Кыргыздын кылчык жүндүү куйруктуу коюна жалган жеринен "улутчул" деген күнөө коюлуп, эми акталгандыктан, анын этинин, жүнүнүн, терисинин сапатын уяң жүндүү койлордун эти, териси, жүнүнүн сапаты менен салыштырып илимий деңгээлде баалап, маалымдоо каражаттары аркылуу калың журтту тааныштырса дурус болор эле. Анткени уяң жүндүү кой тукуму жөнүндө да көп сөз бар. Ал бийик тоолуу жерде ылайыкташпаган, чыдамы жок. Практиктер "кандай шартта болбосун 100 козудан 20 козу чыгашага учурайт" - дешет. Чындап текшере келгенде экономикалык жактан чыгымга дуушар кылып жатканын да айтып жатышат. Мисалы, 11-беш жылдыкта Алай районунун 3 чарбасы алай тукумундагы кой өстүрүп, кой башына 3,7 - 6,8 сомдон киреше алса, ошондой эле шартта уяң жүндүү кой өстүргөн беш чарба кой башына 1,1 сомдон чыгашага учураган. Эгерде ушундай болсо, рынок шартында бул койлорду өстүрүү керекпи? Өстүрсөк канчалык көлөмдө, кандай жерлерде өстүрүүбүз керек? Бул маселени терең ойлонуп чечүүнү суранам. Карылар "жети өлчөп, бир кес" дешет. Ошондуктан аксакалдарды чогултуп, билерман окумуштууларды беттештирип, ата-бабанын "мал баксаң кой бак, каймак кетпейт чараңдан" деген насаатын орундатуунун тегерегинде баарлашуу керек го?!