"Агым", 18.03.08 - 5-бет: Бџлдџзєр тиши тийген жер..•

Коомдук-саясый гезит
№20, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум


  Бүлдүзөр тиши тийген жер

"Бийлик төбөлдөрү карапайым калкка гана короз"
"Үңкүр да болсо, үйүм болсун"
- дейт кыргыз. Ал эми ошол үңкүрдөй үйгө да жетпей аткан кыргыз саны арбын. Турмуш шартка байланыштуу айылдан борбор калааны көздөй агылып келаткан замандаштарыбыздын саны күн санап көбөйүүдө. Жыйынтыгында эчбир шарты жок, шаар көркүн бузган жаңы конуштар пайда болду. Айрым адамдар жерди басып алып, өздөрү каалагандай үй салып жиберген. Мындай өнөкөт март ыңкылабынан кийин күч алганын кантип танабыз. Өткөн жылы өзүмбилемдик менен жер басып алып, үй салып жибергендердин эмгеги талаага кетти. Себеби, мамлекет тарабынан мыйзамсыз жерге салынган үйлөр түртүлүп салынган эле. Мындай тагдырга Төмөнкү Аларча айылындагы Акбосого жаңы конушунун айрым тургундары туш болгон. Биз аталган аймакта болуп, чакан репортаж уюштуруп кайттык.

"Согуштан" кийин
Шаардын чет жагында жайгашканына карабай, бул аймакка көп маршруткалар каттайт экен. Акбосогонун кире бериш жеринде жайгашкан көпүрө бар. Ошол көпүрөнүн эки жагында тең мыйзамсыз салынган 112 үй (болжол менен) түрттүрүлгөн. Алгач көргөн адамдын жүрөгү опколжуй түшөт. Дегеним, көзалдыма согуштан кийинки айылдын абалы тартылгансыды. Бир үйдү тургузуу үчүн канчалаган карапайым адамдын эмгеги кетти дейсиң. Баарынан да жебей-ичпей чогулткан акчаларычы. Учурда үйлөрүнөн айрылгандар бирөөлөрдүкүндө квартиралап баш калкалап жүрүшөт. Айрымдары бир бөлмөлүү кепе салып алышып, кыштан өлбөстүктүн күнүн көрүп чыгышкан.
Биз үйүнөн айрылган айрым адамдарды сөзгө тарттык. Өзүн Кубан деп тааныштырган байке сүрөткө түшүүдөн баш тартты.

Кубан:
"180 миң сомго зыян тарттым"
- Былтыр 6 сотых жерди бирөөдөн 60 миң сомго сатып алып, үй тургузгам. Былтыр орозо маалында эптеп салган үйүмдү түрттүрүп кетишти. Жалпы жонунан 180 миң сом зыян тарттым.
- Бул жерге үй салууга уруксат берилген эмес да. Силердин иш-аракетиңер мыйзамсыз болуп атпайбы?
- Карапайым адамдарга келгенделе мыйзам иштеп калат. Бир тоок уурдаганы үчүн соттолуп кеткендер толтура. Ал эми миллиондордун "башын" жуткандар соттолбой-этпейле басып жүрбөйбү. Ататүрк паркын мисалга алалы. Ал аймакка жалаң байлар особняк салып алышыптыр деп угабыз. Эмне үчүн алардыкын сүздүргөнгө бийликтин күчү жетпейт?

Кабыл Разаков,
Ош шаарынан:

"Өлбөгөн жерде калышабыз"
- Болжол менен 1 миллион 800 миң сом чыгым болдук. Биз турган жер көпүрөнүн оң жагы, жалпысынан 97 үй курулган эле. Наркы өйүздө 15 үй салынган. Эртең орозо башталат деген күнү сүздүрүп кетишпедиби. Эмгегибиз талаага кетти. Көпчүлүгүбүздүн үй-жайыбыз жок. Кыштан өлбө жаным, өлбөлөп чыктык. Биз көргөн кордукту ит көрбөсүн.
- Мындан ары эмне кылайын деген оюңар бар?
- Үйлөрүнөн айрылган адамдарды чогултуп атабыз. Кайрадан үй салуу үчүн.
- Жаңы салынган үйлөрдү кайрадан түрттүрүп койсо, не кыласыңар?
- Өлбөгөн жерде калабыз. Биз оюнчук эмеспиз да. Былтыр чыдадык. Эми андай окуя кайталанбайт. Эгерде, ушул жерде байлардын особняктары курулган болсо, эчким келип түрттүрө алмак эмес. Ушундай теңсиздик бизди өтө намыстантты. Өз жериңде жашап атып укугуңдун тебеленгенине арданат экенсиң, өзүңдү экинчи сорттогу адамдай сезип.
Мына ушундай, окурман. Президент былтыркы жылы каттамын өзгөртүп, Ататүрк паркына күтүүсүз сапар алган эле. Анда парк территориясына тиешелүү аймакка мыйзамсыз салынган дворецтерди көрүп таң калган жайы бар. Мындай "беспределге" күбө болгон ажо тиешелүү адамдарга эртерек чара көргүлө маанисинде буйрук берген. Бирок, ушул күнгө чейин жыйынтык бололек. Бизде ушундай, "крышасы" барларга эчкимдин тиши өтпөйт. Карапайым калкка гана "короз" боло калат, азыркы бийлик төбөлдөрү...

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Пиарас

Кыргызстанды 24-марттын карааны аралай баштады. Калкты кантип алаксытабыз?..
Президент К.Бакиев өткөн жылдын 18-майында Ататүрк атындагы паркты аралап көрүп, парк зонасында мыйзамсыз курулуп жаткан особняктардын жөн-жайын билип, бул маселени териштирип, мыйзамдуу жолго салууну табыштаган. Ошондон бери ага тиешеси бар, түздөн-түз көзөмөлгө ала турган мамлекеттик кызматтар болгону фактыны констатация кылгандан башка эч нерсе жасаган жок. "Агым" былтыркы жылдын июль айында эле Ататүрк паркындагы курулуш объектилери боюнча атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, жүздөн ашык жекеменчик особняк ээлеринин аты-жөнүн, үй номуру менен сандан-санга жарыялап, жалаң бийликте тургандар үй салган бул жерден майнап чыгарына шектенген. Айткандай эле болду. Андан бери далай убакыт өтсө да, паркка үй салып алган 123 адамдын биринин да мышыгын "пыш" деген адам чыкпады.

Өткөн жумада президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов бул проблеманы коллегияда карап, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин оюн укту. Бүгүнкү күндө паркка салынган үйүн сатып же көчүп кеткен киши жок. Бардыгында особняк ээлери же тууган-уругу жашап жатат. Курулуш күнү-түнү дебей уруксат берилгенинде да, берилбегенинде да кызуу жүрүүдө. "Карга карганын көзүн чукубайт" дедиби, шаар мэри Данияр Үсөнов да, аты-жөн атагандан алыс кетпеди.
Тизме башындагы Апас Жумагулов өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, кайсы маянасына паркка особняк салган? Азыр го бу киши Россияда бизнес кылып жүрөт. Акаевдин тушунда КТР президенти, президенттик администрация башчысы болгон Аманбек Карыпкулов Аксы окуясына катышы бар-жогун ачык айтпаганы менен, паркка үй салганды жакшы өздөштүргөн. Уурдап албаса, акчаны кайдан алганы бизге кызык. Ушу учурда мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов, ЖК вице-спикери Азиз Турсунбаев, ЖК депутаттары (мурунку парламентте да, азыркыда да) Арзыбек Бурканов, Рашид Тагаев, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Сооронбай Жээнбеков, Юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков, кызматтан эки эле ай мурда кеткен Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Ататүрк паркынан 10 сотых жер алып, ага особнякты качан, кайсы каражатка курушкан? Курманбек Осмонов да өмүр бою сот системасында, өкмөт структурасында, ЖКда жүрүп качан, кайсы маянасына особняк салганын, Бишкек, Көлдөн килейген-килейген үйлөрдү алганын айтып койсо, журналисттер кайра-кайра а кишинин там-ташын санап отурбайт эле. Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамда мамлекеттик кызматта турганда эч кимдин бизнес кылууга укугу жок. Бизде мыйзамды биринчи кезекте бийликте тургандар өздөрү бузушат. Мамлекеттик кызмат бизнестин булагы экени небактан бери белгилүү. Турсун Турдумамбетов деген отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, мурда акаевчи, эми бакиевчи "азамат" бар. Мамлекеттик мүлк комитетинин жетекчиси болуп туруп, канча жылдык айлыгына паркка особняк салганын айтып берсе, жакшы болор эле.
Ушу жерден мыйзамды сыйлоо, бийликке ишеним жөнүндө айтуунун ыңгайы келип жатат. Мыйзамды сыйлай турган, эл үчүн деп кызмат кылып жатабыз деп күпүлдөшсө, күрөө тамыры чыга түшкөндөр ушинтип башынан сасып, чирип жатса, карапайым адамдар эмнеге мыйзамды сыйлап, аларга ишениши керек? Эң кызыгы, бийликтин башындагылар да абалдын ушундай экенин көрүп-билип турушат. Өзүнүн талуу жерине тие турган мындай маселени да мерчемдүү даталарга болжоп, элдин көңүлүн алаксытуу максатында пайдалангысы келет. Мунусу менен кимди алдайт болду экен?
Себеби, алдыда 24-март келатат. Ага чейин коомчулук көңүлүн башка окуяга буруш керек. Билермандардын айтымында да, мындай талылуу жекеменчик маселеси адатта Акүйдүн жетинчи кабатында журналисттер алдында ачык айтылчу эмес.
Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үй курулуштары боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал дагы изилдеп чыккан соң гана, акыркы чечим кабыл алынаары белгилүү болду. Ал комиссия чындап эле түзүлүп иштейби, иштесе, кандай жыйынтыкка келерин аман болсок угарбыз. Же 24-март өтүп кеткенден кийин эле анын дайыны чыкпай калабы, муну да көрөбүз.

Аскер САКЫБАЕВА












??.??