"Агым", 14.03.08 - 6-бет: 7-кабатта...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 7-кабатта

Сөз менен сөөк мүлжүштү
10-январдагы президенттин кайрылуусунда коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча президенттик администрациянын кезектеги коллегиясы болду. Администрациянын экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дыйканбаевдин докладында өлкөнүн азыркы абалына баа берилип, президент койгон тапшырмалар аткарылбай атканына токтолду. Министрлер, ведомство жетекчилери абдан начар иштеп жатышат. Экинчиден, макроэкономиканын темпи басаңдап, баалар күн санап өсүүдө. Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызматкерлердин деңгээли аман эле болсун, азыркы шарт-талапка туура келбейт. Ошонүчүн президент койгон тапшырмалар аткарылбай калуу коркунучунда турат. Мисалы, президент конкреттүү 65 тапшырма берсе, бүгүн анын 5и гана аткарылган, зарыл болгон 40 мыйзам долбоорунун 25и Жогорку Кеңешке сунуш кылынса, алардын экөө эле кабыл алынган.
Дегеле, арбир тармак, министрликтин өзүнчө көйгөйү бар. Ошону менен катар министрлик, ведомстволордун ишин координациялоо жөнгө салынбагандыктан, алардын арасында бири-бирин түшүнбөгөндүк, кайталоо, кээде максатсыз эрегишүү да күч алган. Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова менен Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробекованын бир эле маселе боюнча эки башка көзкарашынан улам талашып-тартышуулары, экономика жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтымында, "Маймак" эркин экономикалык зонасын жабууга аракет кылып жатса, Талас облусунун губернатору ал зонаны жаптырбоо максатында ЖК "Акжол" фракциясына көз жашын көлдөткөн кат менен кайрылганы буга мисал. Ушу сыяктуу карама-каршылыктар, айрым жетекчилердин функционалдык милдеттерин айра түшүнбөгөндүктөрү көп тоскоолдуктарды жаратууда.
Экинчи маселе, борбордун Ахунбаев көчөсүндөгү Ататүрк паркында башаламан салынып келаткан менчик үйлөрдү куруу ушу тапта да улантылып келүүдө. Акүйдүн жетинчи кабатынан, мэриядан жана башка шаардык майда кызматтардын курулушту токтотуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрүнө эчким кулак салган жок. Эң кызыгы, ал паркта элден башкача 10, 15 сотых жер участогун алып, үй куруп жашап жаткандар жогорку кызматтагы адамдар жана алардын туугандары. Коллегияда шаар мэри Данияр Үсөнов "парктан жер алып, үй куруп жашап жаткандардын бардыгы ушу жерде жүрүшөт, биз буларга эчнерсе кылалбайбыз" деп, 123 адам бул жерде үй салып жашап жаткандыгын айтып, төмөнкү фамилияларды атады: Апас Жумагулов, Аманбек Карыпкулов, Болот Абилдаев, Турсунбай Бакир, Курманбек Осмонов, Сооронбай Жээнбеков, Карыпбек Алымкулов, Леонид Калашников, Рашид Тагаев, баардык ички иштер министрлери, Жогорку соттун мүчөлөрү, УКК министри.
Парктан жер участокторун берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү атайын прокуратуранын прокурору Галина Пугачевага тапшырылса, ал дагы парктан жер алуу менен чектелген.
Жалпысынан абалыбыз жакшы эмес. Алдыда азык-түлүк кризиси келатат. Коллегияда чыгып сүйлөгөн министрлердин сөзүнөн кырдаалдан чыгуу үчүн реалдуу сунуш кылынган чечим, демилге байкалбады. Эки маселени үч сааттан ашык караганынан эле министрлердин иштөө темпин, убакыт менен эсептешпеген ыкшоолукту байкоого болот.

Аскер САКЫБАЕВА




  Аначы

Редакцияга келиптир. Акыйкаттык издеп жүрөм, жалганчылыктан буулуп баратам дейт. Ордолуу Оштон адилеттик издеп келсем, бул жериңер деле биздей окшойт, үнүмү угузалбай жатам деди. Айлам кетип, силерге келдим дегенинен арыз-арманын угуп, аначы болдук. Тыңдап көрөлү.

Ураим Жамалов:
"Шылуундарды тескеген жан жокпу?"
- Мен 2000-жылдын 17-мартында 14 кишиден турган комиссия мүчөлөрүнүн катышуусу менен Таралга айылындагы кой кыркым пунктунун материалдарын кароо үчүн айыл өкмөттүн 23-мартындагы №4 токтомунун негизинде "мүлк сатылат, орду там куруу үчүн берилет" деген келишим менен алган элем. Бирок, ортодон мыйзамды одоно бузуп, Шадыбаев Мамыт курулуш материалдарын сатуучу базарда иштеген Алимбеков Калыкбердини салык инспекциясына ээрчитип барат да, сатып алуу үчүн кайрадан келишим түздүрөт. Эң эле кызыгы, документтер өзүнүн атына катталып, ортомчулугуна 100 миң сом жана 100 шифер алат. Ошондон көп өтпөй эле Алимбеков Калыкберди кой кыркым пунктун 7 күндүн ичинде бузуп кетээри менен Шадыбаев Мамыт бош калган жерин эч кандай документи жок эле Бакиров Ашим дегенге сатып жиберет. Натыйжада, мен ортомчу шылуундардын кесепетинен өз менчигимден ажырап, бүгүнкү күндө койкыркымдын документтерин кучактап гана кала бердим. Бул кишинин учурда көптөгөн былык иштери ачыкка чыгып, кылмыш иши козголсо да, натыйжа чыкпай койду.
Урматтуу президент!
Анын мындай шылуундук менен менин укугумду тебелеп, өз менчигимден ажыратып, мыйзамсыз иш алып баргандыгы жана алдамчылык менен күн көрүп жүргөндүгүнө чекит коюп, мыйзам чегинде чара колдонуп берсеңиздер. Сизге "Агым" аркылуу кайрылуудан башка арга калган жок.




  Үч кошкон собол

Кумтөр. Жарык. Китеп
1. Кумтөр кенин мамлекеттештирүү жөнүндө маселе көтөрүлүп жатат. Буга сиздин пикир кандай?
2.Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Токтогул ГЭСинде суу көлөмү 30 метрге түшүп кетип, энергия иштеп чыгуу кыйын болуп атат шылтоосу менен мекемелерге, турак-үйлөргө жарык берүүнү чектей тургандыгы менен элди "сүйүнттү". Электр энергияга бай өлкө болгонубуз кайсы?
3.Акыркы кезде кандай китеп окудуңуз?

Сабыр Жумабеков, медицина илиминин доктору, профессор
1. Кумтөр кени боюнча маселени ийне-жибине чейин билбейт экем. Бирок депутат Исабеков көтөрүп жаткан маселе негиздүү болсо, анда бул маселени кароого неге болбосун.
2. Эгер проблема жалаң эле ГЭСте болсо, анда жогорудагыдай чарага барса болот. Бирок бизде мындай да, кайсы бир обьект менчиктешүүгө кете турган болсо, ал банкрот абалга жеткирилип, муну жеке менчикке гана өткөрүү керек. Антпесек такыр сызга отурабыз деп элди ынандырууга аракет кылышат. Бул такыр башка проблема, буга башкача мамиле керек.
3. Ильдар Ахтямовдун "Ортопедиянын дүйнөлүк практикасында чоң муундарды протездөө" деген китебин окудум.
Жамин Акималиев, дыйканчылык институтунун баш директору, академик
1. Чудинов айтып атпайбы, "эң жаман кожоюн - бул мамлекет" деп. Эгер кыргыз эли үчүн чоң мааниге ээ мындай кенбайлыгыбызга татыктуу мамиле жасабасак, бизди ким сыйлайт? Кумтөрдүн жалпы запасы 7,5 млрд. доллар экен. Бир кезде Акаев кетирген катаны оңдобосок, мындан ары да өзүбүзгө зыян келтирген болобуз. Жок дегенде жалпы кендин 70 пайызы мамлекеттики болушу керек.
2. Мен бул проблеманы жакшы билем. Негизи Токтогул ГЭСине 20 млрд. кубометр суу батат. Суу көлөмү 5,5 млрд.га түшкөндө "мертвая точка" башталат. Азыр суу көлөмү 6,7 млрд. кубометр экен. Жанагинтип өчүрүүлөр айла кеткендеги иш. Бул жерде күнөө өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинде. Ал жерде иштегендер буга чейин эмнени карап, кантип иштеп жүрүшкөн? Эгер алар иштеп жүрүшсө абалдын ушундай болору бир жыл мурда белгилүү болмок. Алардын азабын эми эл тартууда.
3. Ч.Айтматовдун "Сардал кыз" деген чыгармасын окудум. Көркөмдүгү боюнча мурдагы чыгармаларына жетпейт экен.
Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун төрайымы
1. Кумтөр кени башынан эле эл үчүн ачык болгон эмес. Четэлдиктердин мени иренжиткени, алар кыргызга күйбөйт тура. Алар Көлгө уу төккөндөн деле кайра тартышпайт. Кокус ал кайра мамлекетке алынса, аны мамлекет алабы, же акционердик коом болобу, кандай иштейт, бул да чоң маселе. Президенттин алдында жакырчылыкты жоюу боюнча атайын бир фонд бар экен, ага каражат Кумтөрдөн түшмөк. Биз азыр ушуну изилдеп жатабыз.
2. Эгер абал чындап эле алар айтып жаткандай болсо, анда биз үчүн чоң коркунуч бар. Бирок мына суу жок ГЭС жарылганы турат деп элди ишендирип туруп, менчиктештирүүгө өткөргөнү жатышабы деп да шек санайм.
3. А. Дюманын "Спустя двадцать лет" деген чыгармасын ар кайсы жеринен чолуп окудум.

Аскер САКЫБАЕВА