"Агым", 14.03.08 - 4-бет: Сессия..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 

Казактар "энчилеген" пансионат,
эркин экономикалык аймак жана 24-март
Фракциялар ичинде талкууланган маселелер арасынан бул жумада Ысыккөл жээгиндеги 4 пансионатты Казакстандын расмий менчигине айлантуу долбоору ири өңүт алды. Маселе алдыңкы эки фракцияда тең талкууланып, атургай "Акжолду" да эки көзкарашка бөлдү. Президенттин өкүлү К.Конгантиев бул долбоор кабылданбаса, эки мамлекеттин мамилесине доо кетерин белгилесе, "акжолчулар" арасында бул пикирди да коштогондор чыкты. Бул маселе "экинчи революцияны жаратарын" эскерткендер да чыкты. А бирок, "жерибиздин чарчы аянты да сыртка кетпесин" дегендер басымдуулук кылганы менен маселе дале чечилбей күзгө жылды. Баса, мыйзамдолбоорун жактап келген өкмөттүн өзү да "Казакстан союз маалында ээлик кылган пансионаттарын алса, анда Өзбекстан да эртең менчигибизди бер деп чыгарын" жашырбады.
Ал эми палатанын кечээги жыйыны И.Өмүркулов, А.Каримов жана спикер А.Мадумаровдун туулган күнү, ошондой эле К.Исабеков Улуу Петр I орденине, ал эми И.Жунусов доктордук даражага жетишкенин куттуктоо менен башталып, ушул салтанаттык нотада парламентарийлер Конституциялык соттун төрайымы Чынара Мусабекованын антын алышты. Андан соң, депутаттар тарабынан энергетика абалы кооптуу деңгээлге жеткени, казино, компьютердик оюн залдары актуалдуу көйгөйгө айланышы, жертитирөөдөн жапа тарткан региондор, сырттан келген мекендештердин паспорт, жарандык алуу маселеси туурасында айтылды. Ушул аркыл маселелер алкагында жаңырган жазгы талаа иштерине даярдык боюнча 20-март күнү өкмөттүк саат өткөрүлө турган болду.
Региондордогу эркин экономикалык аймактарды жоюу позициясын тутунган Экономикалык өнүгүү министри А.Жапаров бул ирет Таластагы "Маймак" ЭЭКны жоюп берүү өтүнүчү менен парламент алдына келди. Бирок, колдоо табалбады. Ортодо улуттук спорт оюндарын эки эмес, төрт жылда бир өткөрүү, маркум төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин элесин түбөлүктөштүрүү маселеси чечилип, президенттин айрым кайчы пикирлери кабылданды.
Сөз акыры 24-мартка да жетти. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, бул күндү майрам деп белгилөө демилгеси менен Юстиция министри М.Кайыпов келди. Анын пикиринде, эгер майрам деген бүтүм чыкса, революция, төңкөрүш деген талашка чекит коюлмак. "Элдик революция экени чын, бирок, эмне өзгөрдү? Эл эмне деп чыкты эле, а бүгүн өлкөдө эмне болуп жатат? Биздин максат - бир үйбүлөнү экинчисине алмаштыруу эмес болчу" дешти социал-демократтар. "Эч нерсе өзгөрбөдү дегендерге айтып коеюн" деп спикер жаңы бийликтин артыкчылыктарын, арасына ШОСту кошо санап кирди. "Эгер ошондо революция болбогондо, азыр ушул жердеги көбүңөр парламентте эмес, башка жерде олтурмаксыңар. Арбир элдин пейилине жараша экен. "Кетсин" деген сөзү менен Кыргызстан дүйнөгө таанылып олтурат. Бир ууч саясатчы бийликке келди дейсиңер, ошондо шайлоонун натыйжасына нааразы болуп чыккан эл. 16-декабрдагы шайлоодо тескерисинче, бир ууч саясатчылар ар трибунада билдирүү жасап, ал эми бүт Кыргызстанга майрам болбодубу. 24-март - Кыргызстандын жаңы баракчасы!" деген төраганын жалындуу сөздөрү жеңдиби, айтор, мурдагы чакырылышта четке кагылган бул сунуш 62 добуш колдоо тапты. Ошентип, ар жыл сайын 24-март - элдик революция майрам күнү катары белгиленип турмакчы болду.

Айнагүл САПАРБЕК кызы




 

Каркырадан 620 гектар жер, Ысыккөлдөн 4 пансионат казактарга кеткени атат. Мындай темп Кыргызстандын келечегине доо кетирбейби?
Тайырбек САРПАШЕВ, экс-депутат:
- Бул маселе мурдагы парламентте, ага чейин да көтөрүлүп келген. Атайын депутаттык комиссия түзүлүп, Каркырада болуп кайтканбыз. Илгертеден ата-бабаларыбыз чегараны тоо кыркалары жана суунун агымына карап аныктап келишкен эмеспи. Ошол барышыбызда суу тоо кыркалары менен кетпей, жайлоонун ичин көздөй агарына күбө болдук. Жергиликтүү калк менен баарлашканыбызда да, ал жер бизге таандык экенин айтышты. Өкмөттөн ушул маселени кароо сунушу түшкөндө, ал мыйзамды ратификациялабай койгонубуз эсимде. Артка кайтарып бергенбиз. Жаңылбасам, ошол маалда президент Казакстанга расмий визит менен бармак эле. Бул өтө орчундуу маселе. Тарыхый документтердин негизинде такташ керек. Пансионат маселелерине келгенде да ойлонуп иш кылганыбыз жакшы, мамлекетибиздин келечегин ойлосок…

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти:
- Казактар көлдүн жээгине 60 пансионат куруп жибериптир деген сөздөр бар. Союз убагында курулган 4 пансионатты да бергени атабыз. Ага кошуп Каркырадагы 620 гектар жерибиз да кеткени турат. Анын ордуна казактардан биз эмнени алабыз? Эмне биздин жерибиз ушунчалык эле көппү, аркимге таратып бере бергидей…

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, "Эркиндик" партиясынын лидери:
- Биздин партия бул маселеге башынан эле каршы болуп келет. Көл жээгиндеги ондогон пансионаттарды казактарга бердик. Мындан сырткары бир топ жерибиз башкалардын көзөмөлүндө. Көлүбүз казакташып кеткендей. Дагы 4 пансионатыбызды, Каркырадан 620 гектар жерибизди бергени турабыз. Каркыра - Манас бабам жердеген ыйык жер. Биздин президент улуттун кызыкчылыгын коргош керек. Орто Азиядагы эң чоң заводдордун бири болгон цемент заводун Казакстанга берип, эмне пайда таптык?

Сейит ЖААНБАЕВ, улуттук билим берүү академиясынын кызматкери:
- Жерди берген - энесин саткан менен барабар. Мамлекеттин бүтүндүгү анын территориясында, эне тилинде. Илгери Кыргызстандын чегараны белгилеген картасы жок болчу, ошондуктан 24-30-жылдардагы карталарга таянып иш жүргүзүүдөбүз деп атышат. Ар ким эле өзүнүн билген картасына таяна берсе, эмнебиз калат? Мисалы, Кытайдын окуу китептеринде Кыргызстан деген жер жок. Биздин көп жерлерибиз Өзбекстан менен Казакстанга өтүп кеткен, союз маалында. Жерди четинен кертип бере бергенде болбойт. Мындай саясат акыры мамлекетибиздин жоголушуна алып келет. Үзөнгүкуушдан эчак эле айрылганбыз. Эми Каркыраны казактарга, Ысыккөл аймагынан 800 гектардан ашык жерди Россияга бергени атабыз. Таластын Маймак тарабындагы көп жер Казакстанга өтүп кеткени качан. Мындай маселелер Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен жерлерде бар. Ал эми көрүнөсү көрүнө, көмүскөсү көмө кытайларга, түрктөргө сатылып кеткен жерлерибиз канча. Керек болсо, Казакстандын тээ, Иле дарыясынын боюна чейин биздин ата-бабаларыбыз жайлап, кыштап келген. Мындай мисалдарды айта берсек толтура. Эмнеге биз алардан ата-бабабыз басып өткөн жерибизди сурагандын ордуна, кошумча кылып берип атабыз?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Бирдемеге ардеме

Бөдөш Мамырова,
Коомдук парламенттин депутаты:
"24-марттын максаттары ишке ашпады"
- Бөдөш Мамыровна, Акүй парламенти 24-мартты расмий майрам деп кабылдады. Коомдук парламенттин пикири кандай?
- Иним, 24-марттагы революцияны эч качан танбашыбыз керек. Ал күнү чынында өзгөрүү болуп, Акаевдин үйбүлөлүк бийлиги кулаган. Бирок, кашайып, ошол революцияны бир эле күн көрүп калдык. Айтайын дегеним, максаттары ишке ашпай калды. 24-мартты расмий майрам деп жарыялашканы бир топ кооптонууларды жаратат да. Мисалы, ошол күнү көптөгөн дүкөндөр талоонго учурап, айрымдары мээнетинен кол жууп калышпадыбы. Революциядан кийин канча адам атылып кетти, муну элдин баары билет. Эми ойлоп көр, 24-мартта майрамдап жүрсөк кандай болот?
- Каркыранын тагдырын талкуулабадыңыздарбы?
- Аны талкуулап, өз оюбузду билдиребиз. Карасаң, кыргыздардын берешендигин. Уялбайт экенбиз. Илгертен бери жер сатып келатабыз. Коңшуларыбыз да көнүп бүтүшүптүр. Бизге келишсе эле кооз жерибизге көз артып келишет экен. Анткени жер сата берип, аларды да көндүрүп алыптырбыз.
- Электр энергиясы боюнча жакында бир чечимге келебиз деп жатышат. Сиздер эмне дейсиздер?
- Электр энергиясы - Кыргызстандын эң талуу маселеси. Ал тармак илгертен эле проблема болуп келатат. Бийликтегилер бир түрлүү жолго салалбай коюшту. Кулов премьер-министр болуп турганда С.Балкыбековду ишинен кетирген кемчиликтери үчүн кызматтан алуу боюнча сунуш берсе, Акүй укпай койду. Ошондо биздин партия айтканбыз, Токтогул каскадында суунун көлөмү азайып баратат деп. Ошол учурда 7 млрд. куб суу калган эле. Азыр 6,7 млрд. куб калыптыр. Эми аракет кылымыш болуп жүрүшөт. Ой, тийбегилечи, жерди алмашпай, энергияны сатпай өз жайына койгула деп кыйкыргандан башка арга жок.
Манас ОСМОН