"Агым", 14.03.08 - 3-бет: Хайл, Сайракан!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


l Сая-саалы
"Ак жолдон" арстан чыкты
Ал Акбаралы Кабаев экен. Азыркы бийликтин парламенти - "Акжолдон" депутат шайланыптыр. Мурдагы энергетик, азыркы депутат Акбаралы Кабаев электр станцияларын менчиктештирүүгө каршымын деп чыкты. Акыры эмне болот: мандатынан ажырайбы же эл алкышына ээ болобу - белгисиз.

Субаналиев кредиттер суусун сыгып, кирин жаюуда
КР президентинин пресс-кызматынын билдирүүсүнө караганда, Курманбек Бакиев Айылчарба министри А.Ногоев менен губернаторлор К.Сыйданов, Ө.Субаналиевден телефон аркылуу отчет алыптыр. Өмүрбек Субаналиев мырза бир кезде айылчарба кредитин алгандардын акчасын мамлекетке кайра кайрып жатканын айтканда президент катуу кубаныптыр. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү аткаминерлер экен, айрымдарына кылмыш ишин ачтырып жибериптир. Эл Субаналиевди "Каттани" деп субай-салтаң атабаса керек.

Укук коргоочулар укурук талап кылууда
АКШ "Кылым чакырыгы" долбоорунун негизинде Кыргызстанга 17 млн. доллар бөлмөк. Баса айтабыз, бекер. Айтылуу Азиза Абдирасулова баш болгон укук коргоочулар аны бербегиле, берсеңер президент Бакиев авторитардык бийлигин бекемдөөгө жумшайт маанисинде кыймыл уюштурду. АКШ ак да, көк да дейлек.

Майрамда, сайранда, Кыргызстан!
Ансыз деле майрамга март Кыргызстанга дагы бир майрам кошулду. "Акжолчу" парламент 24-мартты кыргыз революциясынын жеңиши катары баалап, ал күндү майрамдагыла деп токтом токуду.

Турсунбек Акундун турнири
Жаңыдан Акыйкатчы ээрин минген Турсунбек Акун Ош, Жалалабат облустарын оодара кыдырарын жарыя кылды. Аяктагы түрмөлөрдүн абалы менен таанышам дейт. Аксы районундагы "кандуу жекшембинин" алты жылдык чогулушунда чоктой кызуу сөз сүйлөйт. Акыйкатчынын 138 "аткаминери" бар экен, анын 15%ин кыскартып, калганын алты айдан кийин айдайт имиш.

Кыргызстан экономикасы эшек такалап атабы?
Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашев 2007-жылы Кыргызстанга 1,6 миллион турист келгендигин, арбири орто эсеп менен 500 доллар берсе дагы 800 млн. доллар мамлекетке киреше түшүргөнүн маалымдады. Ал эми эмгек мигранттары, - деп айтты ал, жылына өлкөгө 700 миллиондон 1 миллиард долларга чейин киреше киргизип турат. Өзүңүздөр билесиздер, өлкө бюджети бир миллиардга жетти деп төш кагып атырбыз. Тигил логиканы ээрчисек, өлкө экономикасы эшек такалап атыптыр да...

Соцдем партия өкүлү 4 пансионаттын соодасын бычты
ЖК депутаты Дамира Ниязалиева Казакстан талашып аткан пансионаттар жайгашкан жер эле 15 миллион доллар турат деп чыкты. Ошондо дагы 53 гектир жер эски, эң арзан баа менен. Анын айтымында Кыргызстанда 300 гектир жерге Казакстан менен Өзбекстандын 20га жакын курулушу жайгашкан. Казакстан Ысыккөлдөгү пансионаттарды сатып албайбыз, бекер бергиле деп омуроо какты кылууда. Дагы бир жаңылык: Данияр Үсөнов 1-вице-премьер боло калганда Көлдөгү пансионаттарды Казакстанга бекер тартуу кылып, келишимге кол коюп жибериптир.



l Крим-аалы
Бомждор бири-бирин өлтүрүп...
Борбордун Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн подвалынын биринен бомж Б.Мамбетовдун өлүгү табылган. Свердлов райондук изкубарлар М.Исаков, Т.Пиржанов деген бомждорду кармашты. Булар Б.Мамбетов менен уруша кетишип, сабап салышкан экен.

ОПГ мүчөлөрү кармалды
2006-жылдын 4-августунда К.Кыдырмышевдин ок тийип өлгөн денеси Асанбай кичирайонунан табылганы кабарланган. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери аны өлтүрүшкөн Э.Өзүбеков, А.Ибраимов дегендерди кармашкан. Экөө М.Карасартовдун кылмыш тобунун мүчөлөрү болгон.

"Хизб-ут-тахрирчи" ликбез уюштуруп
Ысыката РИИБнүн изкубарлары Ивановка айылынан ушул айылда жашаган Т.Кубатбеков деген жаш жигиттин колуна кишен салышты. Ал "Хизб-ут-тахрир" партиясынын баракчаларын айылдаштарына таратып жүргөн экен.

Эт эмес, баланда жейсиңер
Жаз келип, эт жегилери келгенби, Т.Тажибаев, А.Кузнецов деген эргулдар Чалдовар айылынын тургуну Ю.Яковенко дегендин сарайынан уй уурдап кетишкен. Панфилов райондук изкубарлар буларды тез эле кармап, экөө эми күнөөнү бири-бирине шылтап жаткан кези.

Билсеңер кабарлап койгула
2007-жылдын 21-мартында Бишкектин Гагарин-Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 23тө белгисиз айдоочу 26 жаштагы Акбашев Иличбек Үсөновичти койдуруп кеткен. Натыйжада, Иличбек №4 шаардык ооруканада өзүнө келалбай көз жумган. Бул окуянын күбөлөрү болсо, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн №409 кабинетине же 68-07-59, 53-01-83 телефондоруна чалгыла. Анонимдүүлүк сакталып, сүйүнчүсү болот




l И - тагдаалы
"Кечиккен ырлар"
Тургунбек Бекболотов деген мыкты акын бар. Анын жан-дүйнөсүнөн оргуп чыккан ырларын көпчүлүк билет. Эки жыл мурда биринчилерден болуп,эларалык Байдылда акындын наамындагы сыйлыкка ээ болгон. 18-март күнү, 14-00дө улуттук тарых музейинде акындын "Кечиккен ырлар" жаңы китебинин бетачар кечеси өтөт. Сиз дагы келиңиз.

"Уникум"
Замира Молдошева стилист катары Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөгө да таанылып келаткан таланттуу чыгармачыл айым. "Уникум" аттуу 2008-жылдын жаз-жай айларына арналган концептуалдуу коллекциясынын бетачарына кесиптештерин, анын чыгармачылыгына кызыккандарды чакырат. Бетачар 18-мартта Опера-балет театрында өткөрүлүп, джаз музыкасы жана банкет коштойт. Жаңылангыңыз келсе буга келиңиз. Билет алуу үчүн телефон: 0543 90-47-67

Долондун ары жагында деле "өнөр" бар
Жакында Нарын обладминистрациясынын мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссиясынын жыйыны болду. Анда №3 ПЛУАД жетекчиси К. Кадыркуловдун жүрүш-турушу каралды. Атбашы районунун Дыйкан айлынын жашоочулары Т. Сарукеев, М. Калчакеев, А. Сейитказиев анын үстүнөн арыз жазышкан. Алардын алты жылкысын Кадыркулов алып кеткен экен, кылмыш иши козголду. Ошондой эле Нарын шаарынын көчөлөрүн ремонттоо боюнча тендерди да анын ишканасы утуп алып, бирок жарытылуу иш жасаган эмес. Ага бөлүнгөн каражат туура эмес колдонулган. Жогорудагы фактылардын негизинде обладминистрация транспорт жана коммуникация министрлигине Кадыркулов кызматына туура келбей тургандыгы жөнүндө кат жолдоду.

Лотереяны байкагыла
Кыргыз республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын буйругуна ылайык, 2008-жылдын 11-мартында "Лотереяларды өткөрүү боюнча дирекциясы" мамлекеттик мекемесине 2002-жылдын 27-августунда берилген "Кыргызстан" көз ачып жумгуча лотереясынын 35-п күбөлүгү чакыртылып алынды. Мындан ары бул лотереяларды сатууга тыюу салынат. Эгер мындай лотереялар сатылып жатканын байкап калсаңыз, 62-15-98, 66-63-28 телефондоруна чалып коюңуз.

Башпрокурор алдын алуудабы?
Башпрокуратура кечээ 2002-жылы болгон Аксы окуясында октон курман болгон А.Үмөталиевдин өлүмүнө тиешеси бар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши Кыргыз республикасынын Ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевге жана башкаларга ачылды. Мындан башка дагы канча адам жоопко тартылаары азырынча белгисиз.