"Агым", 14.03.08 - 2-бет: "Акжол" акыйкатка чакырат..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Акжол" акыйкатка чакырат

Ибрагим Жунусов:
"49 жылдан кийин балдарыбыз бетке түкүрбөйбү?"
Бүгүн бизди бүтүн Кыргызстан карап турат. Ошол эле учурда оппозиция да парламент ушул келишимди өткөрсө, азыркы бийликти аңтара чабууга аз да болсо шыпаа болот эле деген ойдо алакан ушалоодо. Казакстан Көлгө төрт жылдыздуу, үч жылдыздуу отелдерди курса, биздин эл ошол жерде иштейт деп, биз ошого макул болуп жатабыз. Ал жакта да биздин кыргыздар казактардын колунда иштөөдө. Бул жерде алардын колуна иштеп берет деп макулдугубузду берип, ошого ыраазы болсок, анда биз коркоктун коркогу экенибизди көрсөтөбүз. Мына, Казакстан президентинин резиденциясына карап көрүңүздөр. Резиденция берилгенден мурда 7 метр ары жагында дубалы бар эле. Резиденцияны бүткөндөн кийин жанагы дубалды жолдун ортосуна чыгарып, тротуарды дагы жарым метр бул жакка коюп туруп орнотуп алышкан. Аны баардыгыңыздар көргөнсүздөр. Ошол жерде эл малын айдап кетип жатканда машина уруп кеткен адамдарга дагы эчким жооп берген жок. А биз уруксат берип жатабыз бүгүн дагы. 49 жылга берсек, бизде калат деп жатасыз урматтуу Турдумамбетов мырза. 49 жыл эмес, 9 жылга берсеңиз дагы кийин бул нерсени алалбайсыз. Мына Советабадды 25 жылга бергенбиз. Мен Советабадга чектеш жерде жашайм. Ошол жерде Карабагыш деген кыргыздын айылы калып калды. Советабадга курулган имараттар Кыргызстанга тиешелүү болчу. Азыр жер да, имараттар да Өзбекстандын карамагына өттү. 25 жылга берилген келишимдин бүткөндүгүнө 20 жыл болду. Бир сотых эмес, бир метр жерин бүгүнкү күндө алалбайбыз. Алганга күчүбүз жетпейт. Шахимарданды канча жылга бергенин эчким билбейт? Шахимардандын бир укум жерин да азыр алалбайбыз. Себеби, биз күчсүз мамлекетпиз. А бай мамлекет бүгүнкү күндө бизди башкарып, зекип турат. Биз ага өзүбүз уруксат берип, башыбызды ийип отурабыз. Мына, жөнөкөй эле мисал алып көрүңүз. Кошунаңыз бай болсо, жөнөкөй эле үйдө кошунаңыз менен сиз жашасаңыз, кошунаңыз бүгүн сиздин үйүңүздүн ичине, кечирип коюңуз, улуу сөздө уят жок, туалет курса, ушул туалет ушул жерде туруп турсун, жер сеники, туалет меники десе, сиз макул болосузбу?
А бүгүнкү күндө биз "хоп майли" деп колду көкүрөккө коюп Каркырадагы канча бир жүз гектир жерди, Көлдөгү 4 пансионатты бергенге макул болуп отурабыз. Буга кол коюлган деп жатасыз, урматтуу Турдумамбетов мырза. Ошол келишимди карасаңыз, өзгөрткөнгө уруксат деген жери бар. Туурабы? Өзгөрткөнгө уруксат, өзгөртөлү муну. Эгерде биз кол коюп койдук эле деп баардык нерсени бере берсек, эртеңки күнү бизди эл эмне дейт? Көл-эне силерди кечирбейт. Көл-эне кыргызды кечирбейт. Бүгүнкү күндө силер ушул нерсеге барып, ушул нерсеге макул боло турган болсоңуздар. Көл-эненин кусурунан өткөн кусур жок. Биз бүгүн буга макулдук бербешибиз керек. Анан эртең көрөм, оппозиция биринчи ушул нерсени айтат. Мына булар сатып жиберишти, "Акжол" партиясы дейт.
Өзбекстан эртең эле чыгат "Рахат" биздики, бизге бергиле деп. Эмне үчүн Казакстанга бердиңер, бизге бербейсиңер деп. Мына, чыкты бүгүн. Эртең аларга дагы беришибиз керек. Себеби, Советабадды дагы бергенбиз, Шахимарданды дагы бергенбиз. Эртең "Рахатты" беребиз. Бүрсүгүнү Бишкектин ортосундагы жерлерди өткөрүп беребиз. 49 жылдан кийин биздин балдарыбыз эмне дейт? 49 жыл мурда менин атам, менин апам ушул парламентте "Акжол" партиясынын атынан отурганда ошолор добуш берип өткөрүп койду эле деп биздин балдарыбыз дагы жер тиктери шексиз.
Туристтер деп жатасыздар. Туристтер келип жатат. 13 миллиард сом пайда алып келип жатат. Ушул 4 эле пансионатты бербей койсок, туристтер бизге келбей калабы? Ушул 4 пансионатты бербей койду деп бизге Россиядан туристтер келбей коебу?
Мына, Байкоңурду алалы. Советтер Союзунда курулган. Казакстан алып калды. А бүгүн Казакстан Россияга Байкоңурду мынча миллион, мынча миллиард төлөбөсөңөр, ракета учурбайсыңар деп жатат. А биз болсо бекерге бергенге даяр болуп отурабыз.
Эң жаман көргөн Акаевдин тушунда сатылбаган, Акаевдин тушунда парламенттен өткөнгө уруксат бербегенди, эмне үчүн бүгүн өткөрүшүбүз керек? Эмне үчүн биз жаман көрүнүшүбүз керек бүгүнкү күндө?
(Макала депутаттын "Акжол" фракция жыйынынында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде даярдалды)




  Ардемеге бирдеме

Кубанычбек Жолдошев, ЖК депутаты:
"Акүйдөн эчким бычак такаган жок"
- Кубанычбек мырза, "акжолчу" депутаттар Каркыра жайлоосун казак туугандарга өткөзүп берет өңдөнүп калды. Сиздин жеке пикириңиз кандай?
- Азырынча өткөзүп берели деп шымаланган эчким жок. Жөн эле күн тартибине киргизип, ушул маселени талкуулап берсеңер дешти. Муну айрымдары казактарга өткөзүп бериптир деген саясый боёк сүртүп алышыптыр. Мына, өзүңөр көрдүңөр, башка фракцияларга салыштырмалуу биртоп "Акжолчулар" каршылыгын билдиришти. Талкуулап, кеңешип, тарых алдында жооп бергидей болуш керек да.
- Негизи берилиш керекпи?
- Азырынча ачык айтуу кыйын. Анткени бул дале болсо бышалек маселе. Себеби көптөгөн маселелер бар экен. Акыркы чечимге келиш үчүн комитетте карап, фракциянын оюн билип, анан коомчулукка билгизебиз.
- "Акжолчулардын" жалпы ою кандай?
- Аркандай болуп жатат.
- Акүйдөн бычак такап болсо да кабыл алдырат деп жатышат го.
- Акүйдөн азырынча эчким эчкандай көрсөтмө берелек. Алардын пикирин билбейт экенбиз. Ар бир депутат өзүнүн оюн фракцияда айтышка укугу бар.
- Мунун жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз?
- Мен билбейм. Жыйынтыгы мезгили келгенде билинет.
- Электр энергиянын тагдырын кандай чечмек болуп жатасыңар?
- Бул боюнча бизге маселе коюлган жок. Келсе карап чыгып, эл пайдасына оодуруп чечип беребиз.
Манас ОРОЗБАЙ уулу




  Жумасереп

Ашуудан кимиңер ашырдыңар? Акаевби?..
Кылымдап орустун мойнуна минип күн көрүп келатып, жашаганды үйрөналбай койдук. Эгемендик жылдардан бери дүйнө коомчулугу теңине албай, мамлекеттик түзүлүш, ички жана сырткы саясатыбызды үлкөн күчтөр аныктап отурат. Мындайга кулдук сезимден арылбаган калк катары баа бериш керек. Акүй менен көкүйгө муштум кезеп, тиш кайраган менен кээде аларды да күнөөлөгүң келбей кетет. Анткени, балекеттин баары бир ууч элдин өзүндө болуп жатпайбы. Ыйык китептерде деле айтылыптыр, коомчулук кандай болсо, биз өздөрүнө ылайык башчы жөнөтөбүз деп. Тарыхты карап көрүң, кыргыз бар болгондон бери кокту-колотто жашап, бир туалет салганга да акылы жетпептир. Тактап айтканда, үй салган эмес, илим изилдеген эмес, бала окутуп сабатын жойгон эмес. Муну тарых далилдеп отурат. Көчмөн калк экен, тиккен бозүйүн чечип төөсүнө же эшегине артып, журтун таштап кете берген. Дүйнөлүк цивилизациянын карааны жылт эткен жакынкы эле тарыхты алалы. Жумуруят катары түзүлүп, баш көтөргөн кайсы кыргызды бетибизге калка кылып чыгалабыз?
Кыргыз улутунун трагедиясы өзүнө туура жана оң баа бералбагандыгында болуп жатат. Кокту-колотто жашап, бирбиринин малын уурдап, чабышып, уруу урууга бөлүнүп, андан калса катынын жула качканын жашырып эмне кереги бар? Ооба, акылы зирек, көөдөнү тунук, укмуш элбиз. "Жеңенин бир саны кайниники" сыяктуу макал-лакаптарыбыз да толтура. Бирок, ошол жакынкы тарыхтан бери, тактап айтканда, Жантай баатырдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин эл сатып, жер сатып келатканыбызды кайсы коңулга бекитсек да оркоюп көрүнүп турбайбы. Кумтөр, Үзөңгүкууш, Сох, Кемпирават, Шахмардан ж.б.у.с. сөзүмдүн жандуу далили. Эмне десеңер ошо дегиле, уурулук, жалганчылык , кошоматчылык сөөгүбүзгө сиңип бүткөндөй. Мисалы, Аскар Акаев 15 жылдын ичинде Аксыны аткылап, Үзөңгүкуушту сатып, мамлекеттин майталканын чыгарды да, качып кетти. Кезегинде "сизден өткөн укмуш жол башчы жок" деп кулдук урганбыз. Айрым кошоматчылар ашууда ат алмаштырбайт деген түшүнүктү жайып жиберишкен. Акаев качан бизди ашуудан ашырды эле? Чынчынына келгенде ашуудан ашырбай эле, кайра ашуунун аска-зоосуна такап, өзү качып кеткен. Кийинкилери болсо, Каркыра сыяктуу жайлоолорду казактарга өткөрүп бербесек болбойт деп шымаланып жүрүшөт. Кыргыздын алтын кени, электр энергиясы, таламандан калган завод-фабрикалары түрктөрдүн, корейлердин, казактардын колуна өтүп кеткенин али күнгө чейин эл толук билелек.
Укмуш эй, ким бийликке келсе эле мамлекетти сатам, менчиктештирем дешет да, кайдагы бир эларалык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди өлкөгө апкелишет. Саткынчылык көнгөн адатыбыз десең, чычалашат. Кошоматчылыгыбыз деле андан кем эмес. Мисалы, азыр сурап көрөлү, кыргыздын кыйын кыздарын атап бераласызбы? Санап киребиз: Жаңыл Мырза, Курманжан Датка жана андан кийинкиси Чолпон Баекова деп. Биз сыяктуу өнүкпөгөн элдердин амбициялары да укмуш болот экен. Азыр көпчүлүгү көкүрөк кагып, биз укмуш элбиз деп жүрүшпөйбү. Ал эми мен сыйлаган Дастан Сарыгулов аксакал айтып отурса, бүткүл дүйнө кыргыздардан тараган имиш. Туура, эли-жерин ким сүйбөйт? Бүт кыргыз улутчул. Бирок, тарыхтагы айрым чындыктарды кабыл ала жүрүү, эл катары өзүбүзгө реалдуу баа берүү деген нерселер зыян эмес, кайра утуш деп ойлойм.
Анан калп эле аргументи жок улутчул көрүнө берген жасалмалык улутубуздун кадырын жогорулатарына күмөнүм бар. Кыскасы, 2200 жылдан ашуун тарыхы бар кыргыз эли тарыхтын дөңгөлөгүндө тепселип баратат. Саясат дегениң өз жолу менен. Ошол саясатың бизди кайда жетелөөдө? Эч кимибиз билбейбиз.

Манас ОСМОН