"Агым", 14.03.08 - 14-бет: Майкечен маек..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Ырчы Токтобүбү Черикчиева:
"Кызыксыз аял эмесмин,
ошон үчүн жолдошум кызганат болуш керек"
- Токтобүбүнү Кыргызстанга белгилүү бир мырза артынан ээрчип, жанында коштоп жүрөт деп уктук, ушул чынбы?
- Ошол менин артыман ээрчип, жанымда коштоп жүргөн белгилүү мырза ким болду экен? Мен өзүм да таң калып, көргүм келип калды. Айткандар ошол мырза менен тааныштырып койсунчу. (Күлдү). Өзүмдү үйбүлөгө берилген "однолюб" адаммын деп эсептейм.
- Жолдошуң менен чогуу жашабай калыптыр деген маалыматты алганбыз...
- Ой, аны ким айтты?! Кудай сактасын, чогуу эле жашап жатабыз. Ортобузда Медина деген беш жашар кызыбыз бар. Эми элге таанылып калган адамдардын артынан ар кандай ушактар айтыла берет. Бир чети мени ушинтип сөз кылып койгондоруна чоң ыракмат! Демек, мен тирүүмүн, мен бармын, мен белгилүүмүн, элге керек экенмин! Мени сөз кылып турушсун, абдан ыраазымын! Мейли, мындан да башкасын айта берсин. Бирок, мен өз абийиримдин алдында тазамын. Жолдошумду сыйлайм . Анын кызганчаак жайы бар.
- А сенчи?
- Жок, кызганчак деле эмесмин. Бирок, кызгана турган жерде кызганып коюш керек. Жөнөкөй, кызыксыз аял эмесмин, жолдошумду кызганта турган аялмын. Ошон үчүн кызганат деп ойлойм.
- Жолдошуң кайсы кызматта иштейт?
- Ал да мен сыяктуу эле мамлекеттик мекемеде иштейт. Бирок, чыгармачыл адам эмес.
- "Кыздын чырагы кырк" деген макалды кандайча түшүнөсүң?
- Бул макал сөзсүз эле ажырашкан кыздар кырк жолу күйөөгө тийиш керек дегендик эмес. Кыздар ар кандай шартта жолдошунан ажырап калышы мүмкүн. Ошол кыздарга карата жубатуу иретинде айтылган макал болсо керек.
- Эгер бул жашоого кайрадан жарала турган болсоң, эмне кылат элең?
- Кээде отуруп ойлонуп калам, жашыбыз өтүп баратат. Көп нерсеге үлгүрбөй баратабыз деп. Эгерде кайра жаралып калсам, мүмкүн башка кесиптеги адам болуп калат белем. Бирок, баарыбир чыгармачыл, элдин көңүлүн көтөргөн, ырчы болмокмун деп ойлойм. Кээде көңүлүң чөккөн кез болот, ошондо музыка коюп, же концерттерге барып эс алам.
- Эмне жөнүндө көп ойлоносуң?
- Мен жалгыз кызмын. Эркек да, кыз да биртууганым жок. Атамдын көзү өтүп кеткен. Апам, эки балам бар. Ушулардын турмушун көп ойлоном, өлгөндөн корком. Бирөөгө жакшы-жаман көрүнүп, оокат топтоп атабыз. Тапкан-ташыгандарыбыз балдарыбызга буюрса экен, алардын жакшылыгын көрсөк экен дейм.
- Жиниң келип, ачууланганда аны кантип басасың?
- Ачууланганда кыйкырып-кыйкырып, анан унчукпай калам. Эмоциямды дароо эле чыгарып салам. Мүнөзү назик аялдардын катарына кирбейм, эркектердикиндей мүнөзүм бар.
- Эмнеге өкүнөсүң?
- Өкүнгөнүм жаштыгыбыздын өтүп баратканы. Чыгармачылыкта көп нерсеге жетишейин дейсиң.
- Адам эмне үчүн калп айтат?
- Адамдар өзүн актап, жакшы көрүнүп, күнөөсү болсо аны алып салыш үчүн калп айтат болуш керек. Өзүмчүл адамдар да көп калп айтат го.
- Сен калпты көп айтасыңбы же азбы?
- Мен калп айталбайм. Кээде калп айтып койсом, тез эле ачыгы чыгып калат. Атүгүл бир нерсени аяп койсом да ал эки эсе чыгаша болуп кетет.
- Үйдө кандай кожойкесиң?
- Жакшы эле аял болушум керек. Тазалыкты жакшы көрөм. Биринчи үйдү тазалап туруп, анан өзүмдү карайм. Палоону, дымдаманы жакшы көрөм. Тамактын баарын маңызын чыгара жасайм.
- Артисттердин кээ бирөө сахнада өзүн эркин сезүү үчүн ичип чыгышат экен, сен да ичип чыккан күндөр болду беле?
- Жок, сахнага ичип чыкканга болбойт. Эми таптакыр ичпейм деп айтпайм, бирок, концерттен кийин куттукташкандар болот. Кааласаң ич, каалабасаң ичпе.
- Ичкиликтин кайсы түрүн жактырасың?
- Ичкиликтин бирөө да жакпайт, жаман көрөм.
- Пиво да ичпейсиңби?
- Эми анча-мынча ичем, бирок, баарыбир ал деле ичкиликтин катарына кирет да.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Пиарас

Көңдөй челек кантип каңгырайт?
Кыргызда акыркы кезде эмне көп? Шоу жылдыздар көп. Таш ыргытсаң жөн адамга эмес, "жылдызпыз" деп жүргөнгөндөргө тиет. Бардыгынан оңой оокат "жылдыз" болуу экендигин мүлдө кыргыз көрүп турат. УТРКда анча-мынча таанышың болуп, аз-маз кыңылдап, анан продюсер дегендердин колуна түшсөң эле бүттү, бир айдан кийин "менин фигурам 90х60х90" деп теледен түшпөй чыга келесиң. Бизде экономика эңшерилип баратканы менен шоу бизнес гүлдөп баратканын көрүп турабыз. Алакандай Кыргызстанда атактуу болуш алеки сааттык иш. Бир ыр жазып, клип тарттырып, аны теледен, радиодон он жолу кайталаса эле болду, "жылдыз" болуп чыга келесиң. Эртеси эки-үч гезит интервью алып, ичкен тамагыңан жакшы көргөн итиңе чейин жазып чыгышат. Өзүңө окшогон эки-үчөөнү кошуп, дагы атактуу он ырчынын аты-жөнүн кошо чаптап, спорт ордосуна концерт койсоң, бүттү, сенин "жылдыз" экениңе ээрчиме тополоң шек келтирбейт. Анан теленин, радиолордун тусовкаларына үзбөй катышып, кокус сен жөнүндө эч ким сөз кылбай баратса, өз чөйрөңдөгү бирөөлөрдү жамандап, качан аял аларыңды, же күйөөгө тиериңди айтып гезиттерге интервью берсең, бери дегенде үч-төрт ай дуулдайсың.
Азыр сахнада жүргөн жакшынакай улан-кыздардын өздөрүн өздөрү алдап, же замандын ушундайлыгына шылтап, убактылуу атакка, акчага азгырылып алтын убактысын кетирип жатканына өкүнөсүң. Алар өздөрү деле ырчылыкты, сахнаны акча табуу булагына айлантканын билип турушат. Кокус алардын бирөөнө бирдеме десең болду, көралбас, алардын талантын кордоп жаткан болуп чыга келесиң. "Үнүң жок болсо кантип ырдап жүрөсүң?" дегендерге "үнүбүз жок болсо да кыргыз элине кызмат кылып жатабыз" деп кайра өзүңдү беттен алган "жылдыздарды" да көрүп жүрөбүз. Кыргыз элине ушинтип кызмат кылбай эле койсо чоң жакшылык кыларын эзели ойлонуп да койбосо керек. Ушундан улам бир кезде Бек Борбиевди, Майрамбек Осмоновду бекер эле сындачу экенбиз деген ой келет экен. Илгерки муундагы ырчылар, артисттер сахнанын ыйыктыгын, залдагы элдин сүрүн аябай сезип, ар бир чыгармага кан-жаныңдан жаралган баладай мамиле кылчубуз дегендерин эстеп, бүгүнкү ырчы сөрөйлөрдү, алардын концертин көрүп, Ош базарынан башка эч нерсе элестете албайсың. Бүгүн өнөрдүн барк-баасы мезгил менен эмес, бир жолку залдын толгону менен ченелип калды.
Биз буларды айтып, эски муундагыларды ностальгия кылгыбыз келбейт. Ар кимдин өз мезгили, ошого жараша күйөрмандары болорун түшүнөбүз. Тек гана өнөрдүн баркы кеткенине, сахна касиети жоголгонуна, талаптын такыр жоюлганына өкүнөбүз. Кыларга иши, саларга кушу жок жаш жигиттердин "биз Ошто белгилүү талант болсок, бияктагылар бизди теледен көрсөтпөй талантыбызды муунтуп атат" деп атайы пресс-конференция өткөрүп, өздөрүн кайра жаралбас талант көрсөтүп, долуланганы ич ачыштырат. Мунун бардыгын көрүп тургандардын оюн сурасаң, "заман ушинтип атса, буларың да ошого жараша болот да" дешет. Эң өкүнүчтүүсү, азыр ушуларды көрүп-билип, жакшы-жаманын айта тургандар бирдеме айткандан жаа бою качышат, тигилерге да, буларга да жаман көрүнгүсү келбейт. "Бирдеме десең өлтүрүп кеткенден кайра тартпайбыз дегендери бар экен. Кой айланайын, андан көрө жөн оокатыбызды кылалы" дешет. "Жылдыз" сөрөйлөр, буга ким заказ берди деп ойлобой эле койгула, көптөн бери жыйылып келаткан ичкүптүмдүн чекесин гана чыгардым.
Француздардын бир атактуу импрессариосу "ырдагандар көп эле болот, бирок алардын ичинен личность гана сахнада, адамдардын эсинде калат" деп айткан экен. Анысыңарындай, мышыктыкындай үнү бар, ырчы санын көбөйтүп, бирок сахнанын кутун, баркын кетирип аткан азыркыдай ырчы сөрөйлөрдү убакыт өзү ушатып салат деген ойдобуз.

Аскер САКЫБАЕВА