"Агым", 11.03.08 - 16-бет: Омей!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу
"Калаасынан"

Жылдыздар жылмайтат...
Султан САДЫРАЛИЕВ:
"Мен каапыр аталып, мусулман Акбар чокунуп…"
…Бир күнү Акбар 20дай адам менен мечитте намазга жыгылып олтурат. Бир маалда колуна бычак көтөргөн даңкыйган бир адам кирип келет да: "Араңарда мусулман барбы?" деп кыйкырат. Эч ким үндөбөйт. Тигил дагы өкүрөт. Аргасыз арасынан бирөө туруп: "Эми, мен мусулманмын. Эмне болду?" дейт. Тигил аны эшикке ээрчитип жөнөйт.
Ээрчитип келген жагына келишсе, тигил адам кой мууздай албай, мечитке жардам сурап баш баккан экен. Макул болуп келген мусулман да шаардык болуп, ал экөө да мууздай албай, бечара койду кыйнашат. Айла жок, тигил киши кайра мечитке кирип келет. Колунда канжалаган бычак! "Деги араңарда чыныгы мусулман барбы?" деп жини менен дагы кыйкырат. Баары унчукпайт. Акыры олтургандардын баары мусулмандар чыгармачыл адам эмеспи деп, Акбарга үмүт менен карашат. Аргасы түгөнгөн Акбар ордунан козголуп: "Арабызда жалгыз мусулман бар эле, аны да жайлапсыңар" деп христиандарча чокунуп коет имиш.



Акбар досум акыркы кезде намазга жыгылып, мусулманчылыкка ниетин буруп жүрөт. Бир күнү мен жашаган көп кабаттуу үйдүн короосуна келип алып, "Султан эле Султан" деп кыйкырып атат. Балконго чыксам: "Жүр, намазга барабыз" дейт. Мен эми намаздын бардык эрежелерин аткарбаган соң, жума намазга гана барып турам. Ага капа болдубу, Акбар досум биздин короодо, элдин көзүнчө туруп алып: "Сен каапырсың, мусулман эмессиң" деп кыйкырып кетип калды.




Назар салгыла, кеңеш
Көпчүлүк бийкечтер өз мүчө-келбетине нааразы болуп, эл арасынан качып, атургай айрым учурда депрессияга чалдыгышат. Урматтуу бийкечтер, ыры менен 90Х60Х90 атыккан КУНДУЗ сиздерге өз сыры менен бөлүшүп, кеңешин да аябайт:
- Өзүмдү дайым бир формада кармап жүрүү үчүн уйку алдында тамактанбоого аракеттенем. Менин рационумда жашылча-жемиш басымдуулук кылат. Суюктук көп ууртап турам. Андан сырткары, бийге барам. Жаз да келип калды, эгер күн жылый түшсө, аэробика же фитнеске барам деп пландоодомун.
- Өз мүчө-келбетине нааразы бийкечтерге берер кеңешиң кандай?
- Курбулар, арбирибиз өзүнчө сулуубуз, келбеттүүбүз. Кудай баарыбызга өзүбүзгө таандык сулуулук, келбет берген. Ошол себептен, кандайдыр кемчилик таап алып, андан тартынып, элден уялып кереги жок. Келбеттүү мүчө жашоодо башкы нерсе эмес, эң негизгиси, жандүйнөңүз аруу, сулуу, таза болсо болду. Ошол нерсе сырткы келбетиңизге чагыларын көңүлүңүзгө түйүңүз! Бирок, албетте, окуу же жумуш убактыңыздын баарын алса да, спорттун бир түрү менен машыгууга аракет жасаңыз. Эркти күчтүү кылып, денсоолукка зыян келтирбегендей диета тутунганыңыз да ашыктык кылбайт. Эч качан өзүңөрдөн кемчилик издебегиле!



Жылдыздан жанмаанай
Гүлзат БАЙЗАКОВА:
"Жаздан жаңылануу күтөм"
Чыгармачыл дүйнө, үйбүлө түйшүгү менен алпурушуп жүрө берсем да, өлкөдөгү окуяларга кайдыгер болалбайм. Анткени, биздин жандүйнө назик. Кандайдыр бир жагымсыз окуя болуп кетсе, көңүл чөкпөй койбойт.
…Ырдап-бийлеп жүрө берсек, эл бизди эч нерсе менен иши жоктой сезер, булар ойлонбойт дешер. Бирок, бизден - чыгармачыл адамдардан өткөн сезимтал жан жок болсо керек. Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт деген сыңары эле.
…Жаздын сонун күндөрүндө жашап турабыз. Жаңылык күтөм. Жакшылык, аманчылык тилейм. Жаңыруу, жаңылануу күтөм, ошол нерсе бардык мекендештеримдин жандүйнөсүнө чагылса дейм. Балким, ошондо гана бай-кедей болгон бөлүнүү, өлкө кечирип жаткан кыйынчылык жоюлар. Дегеле, ушул жаздан эңсегеним, күткөнүм - адамдардын ички ааламы аруулансын!




 013 бурчу

Алмаз АЛЫКУЛОВ
Жаңыдан ыр дүйнөсүнө аралашып келаткан жаштардын бири. Чыгармачылыктын даңгыр жолунда ийгилик тилөө менен, окурман, Алмазды сиздер менен тааныштырып коюуну туура көрдүк.
Курагы: 23 жашта
Жерлиги: Жалалабат
Кесиби: музыкант
Зодиак белгиси: эгиздер жылдызы
Хоббиси: спорт
Ишенгени: Кудай
Сүйүнгөнү: жарык дүйнөдө жашап жатканы
Кыялданганы: өнөрдүн өтөөсүнө чыгуу
Ыйык тутканы: апасы
Өзүнө жаккан сапаты: кичипейилдиги
Өзүнө жакпаган сапаты: жалкоолугу
Сүйгөн тасмасы: кыргыз кинолору
Сүйгөн ыры: "Кусалык"
Алгач аткарган чыгармасы: "Чексиз сүйүү"
Сүйгөн тамагы: шорпо
Сүйгөн жаныбары: ит
Кумири: атасы - куудул Жаныбек Алыкулов

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Келаткан жума күнү,
14-мартта окуйсуздар

"Агымдын" сулуусу, келечекте адвокат болгусу келген Азамат кызы Айназик кабарлайт:
l Түштүк аймактары неге артта калган?
l Аялдарда эмне үчүн рак оорусу көп?
l Ырчы Мирбек Атабеков кыргыз сахнасынан кетеби?