"Агым", 07.03.08 - 22-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

4-мартта "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
П-168. Алтынбек, аял албай машине алганың туура болуптур. Колдойбуз. Машине деле аялдай, ичине жатасың, жууп-тазалайсың, курсагын тойгузасың. Кайда тентип жүргөнүңдү билбейт, мээңди жебейт. Жиниң келсе кетирип, тоюс, сатып ийесиң. Аял алып биз жыргаптырбызбы. Алган "Гольфаканың" акжолтой болсун! Мирчу, Нурлан, Руслан.
п-169. Инженер Аалиев Шара, аман жүрөсүңбү? Нарында сен чыгарган кудуктун канчасы калыптыр, уктуңбу? Мага кудугу жок эле шор труба бердиң эле, азыр да турат. Ыракмат. Турсунбеков Темиркан.
П-170. Экс-төрагалар кворум жок деп сессиялар нормальный өтчү эмес. Ала кушту атынан чакыр дейт. Кворум дебей эле прогул деп ачык айтып, каттап, ырахаттанып, эсалып жүргөн депутаттарга административдик чара колдонуш керек. Адахан мырза кворумду жогото албаса, легендарный төрага наамын берип, орден менен сыйлоо керек. Дада.
П-171. Неберем Айзатты 11-март туулган күнү, кызым Айгүлдү, неберем Альбинаны 8-март майрамдары менен куттуктайм. Чыңденсоолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Бар болгула. Сейдана Бейшебекова.
П-172. Өткөндө КТР ветерандары Эшимканов Мелистин кабылдоосунда болгонбуз. Ичибиздеги дарттын баарын төктүк. Акырында "25 миң сомдон айлык алып ачкадан өлөбүз дегендер эмне болот?" десек, "келип иштешсин, өздөрүн көрсөтүшсүн" дебедиби Мелис. Ыраазы болдук. Жамандыгы жок бийик адам экен. Зарыл Мамбеталиева.
П-173. Адептин өзү - акылдын көзү. Алдаган карыз, алдабас парз. Абдинаби Назарбаев.
П-174. Кыргыздар, пара алсам баламдын күнүн көрбөй калайын, пара берсем энемдин арбагы урсун деген ат менен пара албайбыз, бербейбиз деген бир айлык өткөрүп көрбөйлүбү. Коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы этабы болуп жүрбөсүн. Ай ким билет, Кудайдан болуп ишке ашып кетсе кыргыздын жарымы кырылып калабыз го. Азамат.
П-175. Колумда жок жардымын деп кейип-кепчип / Байларыңдын жашоосуна көңүл бөлбө / Айткандарын так аткарып, так иштешсе / Бай болоруң анык го, тегиз мүлдө / Угуп туруп ойлоном китти дагы / Сүздүрүшүп коебу деп Ысыккөлгө. Сейдана Бейшебекова.
П-176. Союз убагында мекемелерге барганда кезекте туруу үчүн стулдар, дааратканалар болор эле. Азыр ыйман кетип, отургуч турмак, туалеттерге кулпу салып алышкан. Ошондуктан мекемелерге барсаңар алаңарга торбо байлап алгыла. Караш Насер.
П-178. Өзгөн районундагы Мырзаке айылынын тургуну Иманкулов Насирдин Иманкуловичти 8-март туулган күнү менен куттуктап, чың денсоолук, ишине ийгилик калаайбыз. Достору Карыбек, Ыбыш, Баймырза, Курман.
П-179. Замира менен Барчынайды кыз-келиндердин майрамы менен куттуктайбыз. Жолдоштору Ажыбек, Курман.
П-180. Карындаштарыбыз Назгүл, Каныгүл, Бактыгүл, Нооруз, Акылайды 8-март майрамдары менен куттуктайбыз. Чың денсоолук, иштерине ийгилик каалайбыз. Агалары Садырбек, Эмил, Таалайбек.
П-181. Энебиз Даминова Сабираны 3-март туулган күнү жана энелердин майрамы менен куттуктап, чың денсоолук, ишине ийгилик каалайбыз. Неберелери Азамат, Арген, Нурсултан, Аскар, Ислам.
П-182. Орус-славян университетинин студенти, уулубуз Хусанов Айбекти туулган күнү менен куттуктайбыз. Бекем денсоолук, узун өмүр, окуусуна ийгилик каалап, кыргыз элине ак эмгек кылган юристтерден болушуна тилектешпиз. Атасы Исманали, апасы Мавлюда.
П-183. Максат кудам, куттуу болсун сыйлыгың / Туурдан таңшып туйгунуң / Кермеңизге ат туйлап / Кемибесин бийлигиң. Кудагыйым Гүлшайырды, кыздары Зульфия, Назиманы 8-март жана Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Нарын суудай узун болсун өмүрүңөр / Арчадай жашыл болсун көңүлүңөр / Дениңер сак болсун, башыңарга кут консун. Чоң кудагыйыңар Турдубүбү.
П-184. Бишкектин тургуну апам Калмырзаева Сайраны, сиңдилерим Гүлкайыр менен Айзиректи 8-март майрамдары менен куттуктайм. Аларга чың денсоолук, узун өмүр каалайм. Манзура.
П-185. Кадамжай районунун Чекелик айылында жашаган апабыз Халимова Караматты 8-март майрамы менен куттуктайбыз. Апабызга денсоолук, дайыма биздин төрүбүздө күлүп-жайнап жүрө беришин каалайбыз. Кыздары Жумагүл, Барчынай, Чынара, Умсунай жана уулу Козубай.
П-186. Жээним Сайраш Кенжееваны 8-март майрамы менен куттуктайм. Сүйүктүү жээнимсиң таякеңе, / Таякең өтө эле мактайт дебе. / Затың да, атың да төп келишкен / Өзүңдү төрөгөн эжекеме таазим кылбаска башка не. / Башыңа ырыскы, кетпес дөөлөт, бакыт конуп, / Өмүрлүү бол, кол жетип жашоодогу тилегениңе. Ч.Каримшах.
П-187. Абакан шаарында жашап-иштеп жатышкан Тулекеева Нурияны 5-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Жолдошу Азизге салам жолдоп, чың денсоолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайбыз. Ракила, Абдимуса.
П-188. Жездем Түлөкеев Мүкүлдү 9-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Эжем Гүлбарчынга, апам Канышайга, атам Саркулга, сиңдилериме салам жолдоп, алдыдагы майрамдары менен куттуктайбыз. Ракила, Абдимуса.
П-189. Жолдошум Калматов Абдимусаны 15-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Чың денсоолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайбыз. Келинчеги Ракила, балдары Уулкан, Динара.
П-190. Ө.Текебаев баш болгон кыргыздын тыңчыкмалары Америкага барып 10 күн сый дасторкондон тамак жеп, ашкан устукандарын түйүп келип, март айында чыр дасторкон жайып таратат шекилдүү. Жолдошев Абдимиталип.
П-191. Урматтуу Бегалиева Гүлжамал Кармышаковна! Сизди 8-март жаз майрамы менен чын пейилден куттуктайм. Чың денсоолук, узун өмүр жана жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Сизди урматтап сыйлаган бир кыз.
П-192. Ажарлуу, сүйкүмдүү Гүлмира Тилепбергенованы улуу да, сулуу да 8-март майрамы менен куттуктайбыз. Жаркырап жердин бети гүлгө толсун / Өмүрүңө бакыт-таалай кут консун! / Дайыма сен басуучу узун жолдор / Ачылып түркүн-түстүү гүлгө толсун! / Турмушта эң бир сонун жашап өт, / Өзүңдөн башкалар үлгү алгыдай. Конокбай, Каримшах.
П-193. XX кылымдын башында капитализмден тажаган революционерлер көп болуп бардык элге тараган экен. Кыкеңдер мындан да куру эмеспиз. Азикеңди колдоюн десең эле "революционная ситуация" жок го. Турсунбеков Темиркан.
П-194. Кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлерден өтүнүч. Чет өлкөгө кетпегиле. Четөлкөлүктөр элдин акчасын алып калышат. Андан көрө кыргызстандыктарга жардам бергиле, каражатыңарды элдин пайдасына жумшагыла. Айнура.
П-195. Сосновка айылындагы апам Рыскүлгө, мамам Жаннага, эжеке Назгүлгө, сиңдим Салтанатка салам жолдоп, 8-март майрамы менен куттуктайм. Нургүл.
П-196. Бишкектин тургуну, байкем Бакытка жана жеңем Чолпонго салам жолдойм. Жеңе, майрамыңыз кут болсун. Нургүл.
П-197. Бирөөлөр малын жоготуп, бирөөлөр акчасын жоготуп кейишет. Мен сүйгөн кызымды жоготуп кейип турам деп досума айтсам, көрүп келгенсип, аның Кореяда жүрөт дейт. Чынгыз Абасбек уулу.
П-198. Куурагандан күнүм келип батынган: / Кеч баштамак жокпу гений, батылдан, / Хан начарбы, командасы жаманбы, / Күндөн-күнгө калкын катка батырган?! Эркин Жаныбеков.
П-199. Жашоонун кубанычына ортоктош, санаалаш адамдарым Зарыл, Гүлмира, Бегайымды жадыраган жаз майрамы менен куттуктайм. Көтөргөн салмагын куттуу үйдүн, / Силер козголбос зоосуңар. / Ар дайым үмүт, тилекти арнаган, / Мен үчүн таянар тоосуңар. / Болгула саламат дайыма, / Урабас, бузулбас улуу тоо сымал. А.К.Мирбек.
П-200. Реферат, курстук иш, дипломдук иш… Конституция жазабыз. Каалоочулар кайрылгыла! Авиатор 24.
Жеңүүчүбүз - (П-197.) Сүйгөн кызын жоготкон Чыңгыз, редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА




  Жанмаанай

Ошондо жаз эле…
Мына , "өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, көптөн күткөн жаз да келди. Ар бир жаз майрамы болгон сайын дайыма сен эсиме түшөсүң. Экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албайбыз дечү элек, андан бери төрт жылдын жүзү болуптур. Капырай, антташкан экөөбүз деле өз күнүбүздү көрүп, эки бөлөк, эки башка жашоону башыбыздан кечирип атабыз. Азыр ойлосом ошол кездеги экөөбүздүн сүйүүбүз сүттөй таза экен. Ошо таза сүйүүбүзгө чыккынчылык кылдык. Жок, сүйүүмө мен чыккынчылык кылган жокмун. Ал сүйүү менде дале жашайт. Мен аны жүрөгүмдүн түпкүрүнө сактап калдым. Баардыгына сен күнөөлүүсүң. Аны өзүң деле билесиң. Бирок, сүйүүгө чыккынчылык кылганыңды мойнуңа алгың келбейт. Мага деген сүйүүңдү эң жакын курбума алмаштырбадыңбы. Ошондо, жаз айы эле. 8-Март күнү мени куттуктап келгениңде, курбумду тааныштырып, сүйүүмөн ажырадым. Курбумду бир көрүп эле сүйүп калганыңды айттың. Мага канчалык оор болсо да, сени аны менен кое берүүгө туура келди. Башка аргам жок болчу. Бирок, курбумдан тапкан сенин башкача сүйүүң узакка созулбады. Эки айдан кийин кайра келдиң. Кечирим сурадың. Сүйүүдөн көңүлүм катуу калыптыр. Кечире албадым. Бир кездеги, сенсиз жашай албайм деген сөзүңдү кайталадың. Бирок, ал сөзүңө ишенбедим. Кызык, андан бери сенсиз жашай албайм деп дагы канча кызды сүйдүң болду экен? Бул сөздү курбума да айтканыңды билем.
Мына, жаз майрамы да жакындап калды. Майрамда сен да мен сыяктуу ошол кезди эстейт болдуң бекен? Же...

Назира КУЛМАТОВА