"Агым", 07.03.08 - 14-бет: Шоу калаасынан...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңырык

Жылдыз Осмоналиева:
"Адам бай тургай, бактылуу да болушу керек"
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көптөгөн эларалык сыйлыктардын лауреаты, кыргыз ырларынын колоритин заманбап мааниге салып ырдаган саналуу профессионал ырчылардын бири - Жылдыз Осмоналиева. Германияда, Россиянын башка шаарларында жеке концерттерин берген. Бир нече жылдан бери Москва шаарында турат. Жылдыз айым менен 8-март майрамынын алдында байланышып, маекке тарттык

- Мен Кыргызстанда каалаганымдын баарына жеттим. Ал эми Россияда, өзгөчө Москва шаарында толгон жаңы мүмкүндүктөр бар. Токтоп калбай, ар дайым алга жүрүш керек. Москва шаарынын динамикасы энергияга толтуруп, жашоо илебин жаңыртат. Жалкоолонбой эмгектенсең, сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетесиң. Менин көзкарашымда Кыргызстанда эмгек үзүрүн азырак көрөсүң, моралдык жактан да канагат алышың керек да... Адам бай тургай, бактылуу да болушу керек. Кыргызстанга кайтамбы? Мага эки мамлекетте тең жашаган жагат, - деди ал.
Жылдыз Осмоналиеваны жакындан тааныгандардын баары анын назиктигине суктанышат. Бирок ал жандүйнөсүнүн күчтүүлүгүн далилдеп келет. Чыгармачыл сахнадагы назик образ менен катар жакшы эне да, ийгиликтүү ишкер айым да. 2006-жылдан бери ESMOGROUP компаниясынын директору.
- ESMOGROUP - консалтинг компанияларынын тобу. Ал бизнес чөйрөсүндөгү консультациялык кызматтардын бүт тармагын камтыйт. Кыргызстандын рыногунда башкаруу жана финансы консалтинги менен иштеген компания катары көбүрөк белгилүүбүз. 2006-жылдан баштап инвестициялык консалтингге кирише баштадык. Ушу тапта адистик консалтингдин үстүндө иштеп атабыз. Москвадагы тренинг-борборубуз 2006-жылы эшигин ачкан. ESMO - эч кандай которулбайт, жөн эле жагып калган сөз.
Жылдыз айым өзүн космополиттердин катарына кошот. Бүгүнкү күндө аялзаттын ролу жана ага коюлган талап арбын дейт.
- Учурдагы коом аялзатын жашоонун аркыл, ары ийгиликтүү болуусуна "мажбур" кылууда. Бирок эч нерсеге карабастан, өзүнүн аялзат экенин эчкачан унутпашы керек! Мындай оор шартта аялга ийкемдүүлүк гана жардам берет.
Чыгармачылык экинчи планга өтсө да, Жылдыз Осмоналиева ар түрдүү кечелерге, презентацияларга чакыруу боюнча барып ырдап жүрөт. Маселен, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу элчиси Аттокуровдун чакыруусу менен "Нооруз - 2008" майрамына катышат. Ырларын Казакстан менен Кыргызстандын радиотолкундарынан угуп келебиз.
- Биринчи иретте мен чыгармачыл адаммын. Бизнестеги амбицияларыма карап, Кудайдын бергенин "жаап" салууга укугум жок.
- Аялзат бактысынын сыры эинеде?
- Эне экендигинде.

Нуржан АЛЫМКАНОВА




  Бирден - экиге...

Айбек КАРЫМОВ, "Кылым муза" продюсердик борборунун жетекчиси:
"Өзгөдөн мурда өзүңдү тааны"
- Айбек мырза, "Кылым муза"- кыргыз музыкасы үчүн" деген ураандын алдында акция баштаптырсыңар. Сөздү ошондон баштасаңыз.
- Учурда кайсы кафе-ресторандарга кирбейли, чет элдин музыкалары жаңырат. Кыргыз ырлары сейрек угулат. Бир жолу түштөнүү үчүн кафеге кирсем, казактын бир ыры жаңырып атыптыр. Ойлодум, ар кайсы улуттун ырларын катары менен коюп атса керек деп. Тилекке каршы, бир саат бою казак ырларын угуп отурдум. Анан администраторду чакырып, кыргыз ырларынан коюп берүүсүн өтүнсөм, жок экенин айтты. Мына кызык, Кыргызстанда жашап атабыз да, бөтөн элдин музыкасын угабыз. Намыстанып, анан ушул ишти баштоону чечтим. Ошондон улам өткөн жумадан тартып "Кылым музасы" - кыргыз музыкасы үчүн!" акциясын баштадык. Кылым карыткан кыргыз күүлөрүн, Рысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сындуу залкар обончулардын, азыркы эстрада ырчыларынын чыгармаларын камтыган тандалма ыр жыйнагын чыгарып, борбор шаарыбыздагы кафе-ресторандарга бекер таратып атабыз. Бул акциябызды республикабыздын бардык аймактарында өткөрүү планыбыз бар.
- Жаңы саамалыкты кандай кабыл алып атышат анан?
- Алгач "Кабар" агенттигинде журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдүк. Анан акциябызды "Жалалабат" кафесинен баштадык. Аларда кыргыз ырлары жок экен. Кафенин жетекчилиги биздин демилгени колдоорун билдирип, белегибизди сүйүнүү менен кабыл алды. Мындан сырткары, кытайлардын "Пекинская утка" деген ресторанына бердик. Кытай рестораны экенине карабай, кыргыз музыкалары бар экени бизди кубантты.
- Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчылар бөлөк элдин ырларын уурдап "жылдыз" болуп атышат. Минтип отурсак, өзүбүздүн улуттук маданиятыбыздын түбүнө жетип албайбызбы? Анүстүнө, бул тармак өнүкпөйле, өчүп бараткандай.
- Жаш ырчылардын чыкканы бир четинен кубандырат. Өкүнүчтүү жагы - айрымдары башка улуттун ырларын которуп, өзүнүкү кылып ырдап жүрүшөт. Бул өтө жаман көрүнүш. Биздин улуттук колорити бар музыкабызды жеригени деп түшүнсөк болчудай. Бул маселе боюнча жаш ырчы жигиттерге көп эле айттым. Казактардын: "Кыргыздар биздин ырларды которуп алып, "жылдыз" болуп кетишти" деп айтканын уккан убагым болгон. Өзүбүздүн "Алтын казынада" ырларыбыз толтура. Ошолорду деле кайрадан иштеп чыкса неге болбосун?
Улуттук маданиятыбызды жоготуп, түбүнө жетип алышыбыз мүмкүн деп атпайсыңбы. Менимче, антип кооптонуунун кереги жок. Себеби, кыргыз улут болуп турганда, маданияты эчкачан өлбөйт. Маданияттын өнүгүшү экономикага байланыштуу болот. Андыктан, бул тармакка жакшылап көңүл бурулса, финансылык жактан колдоо болсо, сөзсүз өнүгөт. Жамандыр-жакшыдыр акырындап маданиятыбыз өнүгүп баратканын мойнубузга алышыбыз абзел.
- Маданият кызматкерлеринин айрымдары саясатка аралашып башташты. Алсак, кесиптешиңиз Ибрагим Жунусов учурда депутат. Балким, сизде да саясатка аралашуу тилегиңиз бардыр?
- Бул суроого чечкиндүү жооп бере албайм. Саясатка сүңгүп кирип кетем деген ой азырынча жок. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" демекчи, балким, убагы келгенде аралашса аралашып кетермин...
Маектешкен
Нурканбек КЕРИМБАЕВ