"Агым", 07.03.08 - 12-бет: Сыраяк...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сыраяк

Гүлжан Кулмамбетова:
"Жашоонун романтикалуу кечтери жагат"
Гүлжан Кулмамбетова кесиптештеринин арасынан айжаркын жүзү, аргендей үнү менен айырмаланып турат. Ал - тележурналист, КТРдин "Кыргызстан" маалымат программасынын алып баруучусу, филология илиминин кандидаты. Маектешимдин жандүйнөсү таза, ички маданияты бийик, жаркылдаган тамашакөйлүгүн бааладым.


- Гүлжан айым, кичине артка кылчайып, өспүрүм кезиңиздеги кыялданууларга токтолсок...
Ал кезде мектепти жакшы бүтүп, ата-энемдин ишеничин актасам деп кыялданчу элем. Айылдагы кыздар шаарга барууну, чоң окуу жайына өтүүнү самайт эмеспи. Менин да бирден бир эңсөөм ушул эле. Калаанын кабат үйлөрү, асфальт төшөлгөн жолдору, таң атпай жумушка шашкан эли, дегеле шаар турмушу менин максатыма түрткү болучу... Кыялдануу деле жаш курак менен тең жарышат турбайбы. Азыр көбүнчө ойлогонум ушул: балдарыбыз акыл-эстүү, терең билимдүү, эмгекчил болсо экен деп. Анын үстүнө шаарда чоңойгон балдардын кызыкчылыгы башкачараак болуп, өз алдынчалыкты билбей калабы деген санаркоого батам. Андыктан, мен үйдө айыл жашоосунун ыргагын сактап келем. Маселен нан бышырып, камыр жайып, очокко тамак жасап, самоор коюп дегендей. Бирок, баары бир элет кереметине эчнерсе жетпейт.
- Айтыңызчы, балдарыңыз удаа төрөлсө да чыкыйган келбетиңиздин сыры эмнеде? Же фигураны сактап эмизген жоксузбу?
- Жок, андай эмес. Илгери бирөө "жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын" демекчи, мен дагы "балам ачка калганча - балтайып кетсин фигура" деп эле эне сүтүн чектеген жокмун. Эми бул купуя деле сыр эмес. Өзүмдү кыйнабайм. Болгону күнүгө үч маал тамактанам, бирок эч убакта курсак керилип калгычакты эмес. Жумасына үч ирет фитнеске барам... Анан дагы кышы-жайы дебей муздак суу куюнам. Бул адамды абдан сергек алып жүрөт.
- Чыгармачыл адам катары дагы эмне менен алектенесиз?
- Эргүү келгенде ыр жазам, бирок көп эмес. Иероглифтерден баш адашып, кытай тилине кызыктым. Анан дагы дүйнөгө таанымал улуу философтордун, акылман-ойчулдардын таамай айткан учкул сөздөрүн кыргыз тилине которуп жүрөм.
- Сиздин кайгырган, депрессияга түшкөн учурларыңыз көп болбойбу?
- Мындай учурлар болбой койбойт. Кээде оор депрессияга батканда, аябай ачуум келгенде бирөөгө катуураак тийип алышым мүмкүн. Ичкүптүмдү чыгарып албасам, кыйнала берем. Бирок, жаман сөз айтпаганга, терс кыял көрсөтпөгөнгө аракет кылам.
- Урушчааксызбы?.
- Жок, таптакыр андай эмес. Мен конфликттен, чыр-чатактардан качып турам.
- Бат сүйүнүп, бат кайгырбайсызбы ?
- Тез сүйүнөм. Ал эми болор-болбос нерселерге кайгырбайм. Капаланганда "бул учур да өтөт" деп өзүмдү жооткотом.
- Кандай белек алганды жактырасыз?
- Гүлдү. Дегеле чын ниеттен чыккан белектин баары кымбат...
- Тойлорго көп барууну кандай көрөсүз?
- Ашыкча шаан-шөкөттү жактыра бербейм. Алты-жети саат эзилип отуруудан тажап кетем. Бирок, бирөөнүн жакшылыгына кесирлик кылган болбойт, жүрөгүң менен кубанып, жакшы каалооңду арноо менен өз убагында узаган жакшы деп билем. Көбүнчө стол жасалгалап, мейман күткөндү жактырам. Мага жашоонун романтикалуу кечтери таасир берет. Сергүү аласың.
- Ичимдиктерге кандайсыз? Арак, вино, пиво...
- Арак деп чочутпаңызчы. Ичимдикке табитим жок. Ыгы келгенде аз гана кызыл шарап татышым мүмкүн.
- Чыныгы сүйүүгө жетип, "даамын" таткандан көрө, жетпей калуу маңыздуубу?
- "Жеткенчекти жетпестен калган жакшы , жетип азап жегиче арман жакшы" деп Таттыбүбү эжебиз ырдаган тура. Бирок, таза сезимдер менен баш кошуп, жарыңды барктай билсең, ал дагы сага ошондой аруу мамиледе болсо, бактылуу үйбүлө курулат. А эгер арзыгандардын жолдору эки башка болсо, аруу сезим өмүр бою жүрөктөрдө сакталып, сый бойдон калганы жакшы. Барктуу дагы.
- Кокус дейли, сиз келечекте чоң сүйүүгө кабылдыңыз. Кандай кадамдарга барат элеңиз?
- Оо, андай сезимге кабылганым качан, кадамды да туура деп туруп, бирге таштадык... Жүрөккө орногон ошол нерсени аздектейли, жаңырта бергендей ал көйнөк эмес да.
- Жигитчиликтин кандай сапаттарын баалайсыз ?
- Эң башкысы эрктүү-туруктуулугун, намыскөйлүк, эмгекчилдигин баалайм. Анан үйбүлөгө ата катары карамдуу болсо дейм.
- Көкүрөгү бай, көптү билген адамдар менен баарлашуудан ырахат аласызбы?
- "Кылым жаша - кылым оку" демекчи, көптү билген адамдар менен баарлашууда, алардын жан дүйнөсүндөгү бийиктигин, руханий байлыктарын сезүү менен өзүмдөгү байкалган боштуктарды толтурууга далалаттанам.
- Гүлжан айым, сиз жашсыз, Кыргызстандын эң бардар адамынын жубайысыз. Мындай шартта эркелик кыласызбы?
- Сурооңуз кызык экен. Бизди көз караштарыбыздын төп келүүсү, түшүнүүчүлүк, жандүйнөбүздүн гармониясы, өтө жылуу сезимдердин орношу сыяктуу көп нерсе бириктирип турат. Мен буюрган нерсени токпейил кабыл алып, эч качан асмандагы айды чапчыбайм. Андай чалчактоо менин табиятыма жат. Анан дагы балдарымдын атасынын байлыгын санабастан, денсоолугу менен башынын амандыгын гана тилейм.
- Түбөлүк жашоо жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?
- Түбөлүктүү эч нерсе болбойт да. Өлбөстүк реалдуу эмес, анүстүнө дүйнөгө эч ким түркүк болбоптур. Ошондуктан бир келген өмүрдү аздектеп, тирүүлүктү барктап өткөнүбүз оң го.
- Өлүмдөн коркосузбу?
- Корком. Бирок, "бир башта - бир өлүм" дейт, кечинен берсин.

Маектешкен Асланбек САРТБАЕВ




  Жанмаанай

Үшүк алган көңүл
Аял байкуш жакшы эле ушу күнү майрам болсо дейбиз.Тилекке каршы майрамдагыдай маанай күндөлүк турмушта байкалбайт. Күндөлүк жашоо куну кутургандай кымбаттап, сырткы чөйрө, ичибиз да тарыгандан тарып барат. Адам таянып турган эки нерсе - ишеним жана үмүт. Бүгүн экөө тең жок. Кимге ишенип, эмнеге үмүт артаарыбызды билбей, карайлап турабыз.
Ушундайда аял бечара эмне болуп атат? Ал сатылып, зордукталып, кордук көрүп атат. Күйөөсү багалбай таштап кеткен балдарын багуу үчүн кара жанын карч уруп жатат. Айласы кеткенде баласын да сатып атат. Анан дагы аны күнөөлөп коебуз. Аялды баласын сатууга түрткөн эмне экендигине баш ооруткубуз келбей эле, аны жек көрүп уяткарууга киришебиз. Саясаттагы, турмуштагы болгон жамандыктан бардыгы аял аркылуу чыгып жатканын билгибиз келбей, аялдын өзүн күнөөлөйбүз.
"Аял улуу да, сулуу да" деп акындар алдырып жиберүү үчүн эле айтышса керек. Канчалык бекем, башты бийик көтөрөйүн десем да акыркы кезде соккуга көп дуушар болдум. Балким ошондондур, негедир мен үчүн майрам жоктой.

Аскер САКЫБАЕВА