"Агым", 07.03.08 - 11-бет: "Аял жакшы - эр жакшыбы?"...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Каалганы "каккан" Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ
"Аял жакшы - эр жакшыбы?"
Кален Сыдыкова, публицист
- Мунун эки мааниси бар. Биринчиден, бул сөздү ата-эне, улуу адамдар айта берип, кыз баланы турмушка тарбиялаган. Улам уга берген соң бир нерсе ойлонуш керек да. Анан кыздар "Ии, мен жакшы болсом күйөөм да жакшы болот турбайбы" өңдүү өзүнчө ой-жорууларга, жыйынтыктарга келишкен. Кыскасы, турмушка даярдашкан. Экинчиден, турмуштук чындыгы да бар. Жолбашчылар да мыкты аялдын кеп-кеңешине каала-каалаба муктаж болот. Ошондон улам Каныкей ападай асыл ойлуу аялзат идеалы келип чыккандыр. Ал эми аялынын анчейиндигинен азап чеккен жолбашчылар көп кездешип жатпайбы.

Аял канчалык сулуу болсо, ошончолук абийирдүү болуш керекпи?
Калбүбү Менсеитова,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
- Кызык суроо экен… Алган жары жакшы чыкса, эркектин бактысы ачылат, зоболосу көтөрүлөт. Албетте, аялзаты болгондон кийин сулуулук да керек. Ошого жараша, жараткан акылды, абийирди да кошо берсе. Жутуп ийчүдөй сулуулугу бар, бирок, абийирсиз болсо, андай аялга баш кошкон эркектин шору.

Байдылда акын аялдарды "Бала эле төрөп бербесе, балталап салчу калк экен" дептир. Кошуласызбы?
Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:
Биринчиден, Байдыке акындардын арасынан таамай, курч айткан жан болгон. Экинчиден, анын айткандарына эчким кошулбай койбойт. Андыктан айымдар чычалабай эле коюшсун, бул турмуш чындыгы. Мен да толук кошулам.

Эмнеге кыздуу айылдын ити уктабайт?
Аалы Туткучев, төкмө:
- Мынча болду эми эки маанисин айтайын. Азыркы мааниси сатуучу Кыргызстан болуп, алуучу коноктор уктабай чуркап жүрөт. Мааниси: кыргыздар азыр баарын сатып жатат. Өзгө эмес, өзгөгө. Ошол себептүү өлкө уу-дууга түшүүдө. Эски мааниси болсо жөнөкөй: кызы бар айылга ким гана барган эмес, анан бөтөн кишиге кайсыл ит болбосун үрөт да.

Сезимге бүткөн дарт канткенде айыгат?
Бурулкан Нуракова, КР салык жана жыйымдар комитетинин басмасөз кызматынын жетекчиси:
- Сезимге бүткөн дарт абдан оор болот. Аны эч бир жардам, аракет да айыктыра албайт. Болгону бир гана дарыгери бар. Ал - убакыт. Убакыттын өтүшү, мезгилдердин алмашуусу гана дарылап, айыктырат. Негизинен сезим, сүйүү дүйнөсү керемет болот эмеспи. Сүйүүгө чумкуган жан баарына аяр, назик, жумшак, боорукер карап, өзү да ошондой мамилени, көзкарашты күтөт. Андыктан, бул улуу дүйнөнү аруу анан бийик тутса, эч убакта сезимге жараат салбайт деп ишенем.

Аялың жакшы болсо жакаң агарат, жаман болсочу?
Азимбек Бекназаров, экс-депутат:
- Абийириң кетет. Мына өзүбүз күбө болбодукпу. Акаевдин абийирин аялы Майрам эле ачып-чачып салбадыбы. Алымбек датканын зоболосун Курманжан датка көтөргөнү айтылып келет.

"Кыздуу үйдө кыякчы, кымыздуу үйдө аякчы" дегенди кандай түшүнөсүз?
Аскат Сулайманов, актер:
- Кадимкидей эле түшүнөм. Мисалы кызы бар үйгө барып калса эле ойкуп-кайкып, ойноп-күлгөндү сүйгөн кыз жандуу эркекке айтылса керек. Анүстүнө кызы бар үйдөн жуучу да кетпейт да. "Кымыздуу үйдө аякчысы" азыркы арак саткан жерди айланчыктаган эле жүз граммчыларга да тийет.

"Кызга кырк үйдөн тыюу" деген эмне?
Бегимай Бекбоева, ырчы:
- Кыз баланын адебине, кылар ишине, баскан-турганына, сүйлөө маданиятына карата жасалган мамилелер, сабактар кыздын ата-энесинин эле эмес, ага-тууган, айыл-апа, атургай бүт уруусунан бери көзөмөлдө болгон. Ошондон улам бул сөз чыккан. Анткени кыз башка жердин бүлөөсү боло турган соң, ал жактан ошол кыздагы сапаттар менен ал элдин бүт жашоосу, мүнөзү бааланып, таразаланган.

Эмне үчүн бейиш энелердин таман астында?
Дүйшөн Чотонов, экс-депутат:
- Мунун философиялык өтө терең мааниси бар. Эне деген улуулуктун чексиздигин, бийиктигин билгизген сөз. Жөнөкөй айтканда, энесин сыйлабаган адам бу дүйнөдө да, оо дүйнөдө да жыргал көрбөйт дегендик.