"Агым", 04.03.08 - 5-бет: Саясий салат..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Саясий салат

"Мен келерки шайлоого даярданып жатам"
- Мухтар мырза, сизди партиялаштарыңыз ак кийизге көтөрүп, "кыргыздын үчүнчү ажосу болот" деген имиштер тараган болчу. Чын-бышыгын өз оозуңуздан тактап койсок дедик эле…
Мухтар Өмүракунов, "Замандаш" партиясынын лидери:
- Мындай сөздөр болгон, бирок мен дароо эле баш тарткамЖеке өзүмдө мындай план таптакыр жок. Эми эски саясатчылар жаңы муундун саясатчыларын көралбай, ар кандай ушактарды таратып, жаманатты кылууга кызыкдар экенин жакшы билем. Мындай арам аракеттер суу кечпейт. Азырынча 2012-жылы өтө турган парламенттик шайлоого партиябыз алдынала даярдыктарды көрүүдө.
- Сизди өткөн парламенттик шайлоодо Сауд Арабиясынан 10 млн. доллар алганы жатыптыр деген да кептер чыккан. Дегеле, сизди саясатчы катары Сауд Арабиясынын кыйындары жактырарын айтып жүрүшөт…
- Ооба. Шайлоо учурунда ушундай сөздөр тараган. Бирок, мындай ушак-айыңды тараткан саясатчылар бир нерсени эсине түйүп алышса болмок: өздөрү каралангандары аз келгенсип, мени каралоодон айланышабы?! Менин жана партия лидерлеринин эчкандай Сауд Арабия өлкөсү менен байланышы жок. Ошол парламенттик шайлоо астында бизге эл аябагандай тартыла баштаганда, айласыздан ушундай кара пиарларды уюштурушкан. Атургай чет жердеги мигранттардан Өмүракунов 8 млн. доллар алыптыр деп да жалган маалымат таратышкан. Кайталап коеюн, мунун бардыгы менин, ошондой эле партия лидерлеринин кадыр-баркын түшүрүү аракетиндеги ыплас саясат. А чындык башкада…




"Текебаевден сурагыла"
- Жумасарлык мырза, сизди "кулак-сөөмөй" алган экинчи адам катары Текебаев расмий айтып чыкты эле. Андан соң бул боюнча кылмышкерлер кармалды дешкен. Тергөөнүн жыйынтыгы чыктыбы?
Жумасарлык Нуржанов, Мамлекеттик антимонополия агенттигинин директору:
- Мен бул боюнча эчнерсе дей албайм. Текебаев айткан "сөөмөй-кулак" белегин да алган эмесмин. Кылмышкерлердин кармалышы, тергөө дегендер боюнча менин эч кандай тиешем да, маалыматым да жок. Эгер кызыксаңар, ушул сөздү тараткан Текебаевдин өзүнөн сурагыла.




"Мен ордумда эле отурам"
- Сизди Чүй губернаторлугунан кетет деген сөздөр болуп жатты эле. Буга бирден-бир себеп Карабалта базарын ээликтеген иниңиздин айрым осол кадамдары экени да айтылууда. Чын-төгүнүн айтып берерсиз?
Кубанычбек Сыйданов,
Чүй облусунун губернатору:
- Мен муну билбейт экенмин. Бул тууралуу алгач силер жаздыңар эле. Андан соң "Азаттыктан" айтылды, "Аалам" жазды. "Атамбаев келет экен, Исабековго указ чыгыптыр" өңдүү кептерди. Бирок анын баары жалган болуп чыкты. Исабеков СЭЗге кетти. Атамбаев эч жерге барган жок. Мен ордумда эле олтурам. Калган сөздөр жөн эле ушак.




"Орток акча деген ойго келбейт"
- Өмүртөрө мырза, өткөн саныбызда сиздин партиялык акчага карата мамилеңиздин учугу айтылды эле. Чын-төгүнүн аныктарсыз?
Өмүртөрө Жангабылов, "Жаңы Кыргызстан" саясый партиясынын лидери:
- Биринчиден, бул маалымат так эмес. Экинчиден, орток акчасы дегендей партияда эч орток акча жок. Андай эле жулунуп жеп жиберчүдөй акча партияда болбостугун баары эле билет. Кайсы бир иш-чаралар өтөрдө гана атайын каражаттар каралат. Болбосо, бул маалымат биздин партия өткөргөн көптөгөн иш-чараларга байланышуу айтылса керек. Ал каражаттын ар бир тыйынына чейин эсеп-кысабы болору да жалпыга анык. Мындай маалыматты таратуунун өзү уят. Адамгерчиликке да жатпайт.

Даярдагандар: Асланбек САРТБАЕВ, Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ




  Алкымдан азап

Саякатчы инженердин "шалаакылыгы"
Акыркы мезгилде Кыргызстан үчүн канын, жанын аябаган, улуттун арнамысы үчүн жалгыз жаралгандай сезим калтырган, жалган патриот жарандарыбыз өтө эле көбөйүп, өздөрүнөн башкалар таза эмес экендигин даңазалап эле келе жатышат. Алардын көпчүлүгү сууга салсаң чөкпөй, отко алсаң күйбөй турган касиетке ээ. Эмне үчүн дегенде, мындай турпаттагы адамдардын ар дайым тепкичтен-тепкичке көтөрмөлөп, жөлөп турган көзгө көрүнбөгөн колдоочулары болот экен. А мындай адамдар кичине тешикке чычкан киргендей кирип, аюу чыккан үңкүрдөн да чыга калса, кудум эле кереметтүү жомоктордогу ханзаадаларды элестетет. Анан алар жалган дүйнөдө жөн эле жүрө бербей, жан багуунун айла-амалы үчүн, өзүнө ыңгайлуу болгон оң, сол чөнтөгүнө дайым акча түшө турган майлуу, сүттүү жерлерди кудуреттери күчтүүлөрдүн тайоосу менен алып, өмүр бою каражанын арам жол менен табылган каражат аркылуу багып жүрө беришет. Анан эле акырдын ичинде толо жем болсо, чычканча жеп, майланышкан оозун аарчыбай эле басып кетишет. "Кыргызгаздын" экс-башкы инженери Керимбек Сарбашев дал ошондой адам.
Быйыл көгүлтүр отундун кымбаттаганы менен кыргызстандыктар башка түшкөнүн көтөрүп, кыштан эптеп, араң жан чыгып келе жатат. Бирок көгүлтүр оттун саякатчысы, инженер Керимбек Сарбашевдин айынан Түштүктө газ дайынсыз жоготууга учурап келгендигин "Кыргызгаздын" адистеринен башка эч ким биле бербесе керек. Ушул маалга чейин. Антип айтып жатканыбызга төбө чачты тик тургузган сандардын чатагы менен коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери жөнөткөн ноталар далил болот. Газдын кымбаттап кетерин өткөн жылдын жай айларында эле массалык маалымат каражаттары жазып, газды үнөмдүү пайдаланып, учурунда өзбек агайындарга дүйнөлүк баа менен төлөбөсө өчүрүп саларын кулаккагыш кылып жүргөнбүз. Бир канча млн. сом турган газдын дайынсыз жок болгондугуна "Кыргызгазда" он жети жылдан ашык иштеп, Россияда өтө дыкат кесиптик билим алып келген инженер Керимбек Сарбашев күнөөлүү экен. Анын ишке кайдыгер, шалаакы мамилесинен улам, мамлекет жалпысы 6 миллион сомдук чыгым тарткан. Өзүн таптаза эсептеген башкы инженер Керимбек мырза көрсө жашыл акчаларга сатылып келип жаткан көгүлтүр отунду кыштын келишине чейин эле көмүскө жайлап жүргөн экен.
2007-жылдын сентябрында Кыргызстан Өзбекстандан 210 миң куб. метр газды пайдалангандыгы боюнча кагаз жүзүндө документ бар экен. Бирок эмнегедир октябрь айына келгенде эле бир да куб. метр газды Кыргызстан албагандыгы боюнча акт түзүлгөн. Эки айдын ортосундагы мындай айырмачылык чыккандыгынан улам "Кыргызгаз" 5 миллион 479 миң сом чыгым тарткан. Мындай абалдын түзүлүшүнө 2006-жылы эле көгүлтүр отундун уурдалып жаткандыгы боюнча маалыматтар берилип, Өзбекстан чегара курууну өтүнгөн. Ошондон улам "Кыргызгаздын" жогорку жетекчилиги карышкырга кой кайтартканын билбей эле ишеним артып, биздин пакиза, таза деп эсептеген инженер текшерүүчү, каарманыбыз Керимбек Сарбашевди уурулукту жой деп түштүккө жөнөтүшкөн тура. Эстеп көрсөм, Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" чыгармасындагы "башы жоктор" жөнүндөгү икаясы аргасыз эске түшөт. Анда мындай деп айтылат: "Үч мергенчи аңчылыкка чыгып, бири аюунун ийнине мойнун салат. Бир караса жок, эки караса жок, үчүнчүсүндө баягы мергенчини ийинден сууруп чыгышса башы жок имиш. Кечинде баягы башы жок мергенчинин кемпирине келип, күйөөсүнүн жок башы туурасында сурашса, "Ой кашайгырлар, анын башынын жогунан тебетей тиктирбей жүрбөймүнбү" деген имиш. Анынсыңарындай көгүлтүр отундун уурдалышын жойгону "Кыргызгаз" махинацияга баш-оту менен малынган Керимбек Сарбашевди билбей жөнөтүшүп, уурдалып жаткан газга дагы бир ууруну кошуу менен кыргыз газ огобетер чыгым тарткан. Жогорудагыдай жоготуулардан улам Өзбекстан атайын эсептегич прибор коюп, кыкеңдердин көгүлтүр отун аркылуу саналуу келемиштердин байуусун токтотууга багыт алган. Ага карабай биздин Түштүк магистралдардагы "белгилүү газ көпөстөрү" башкы инженер Керимбек мырзанын колдоосу менен газды эсепсиз жоготуп келишкен. Эсептегич прибор көрсөтүп турса да, биздин шылуундар мынча алган жокпуз деп ооздорун кур чөп менен аарчып, тайраңдап шапар тээп келишкен. Мындай уурулукту токтотом деп Сарбашев Түштүккө, Өзбекстанга бир нече жолу барып, "Кыргызгазды" баш аягы 400 миң сомго чыгымдап, жасаган ишинин эч бир дайны чыккан эмес. Мындай мителик өнөрдү башкы инженер кайдан жана кимден үйрөнгөн?
Ошондуктан "Кыргызгаз" Түштүктөгү газды ким уурдап жаткандыгын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүүгө аргасыз болгон. Комисиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында башкы инженер Керимбек Сарбашевди күнөөлүү деп таап, кызматтан алуу сунушун "Кыргызгаздын" акционерлер кеңешине беришкен. Ушу менен эле кеп бүтпөйт. Биздин каармандын күлкү келтирген окуяларын кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.

Аскат АСЫКЕЕВ