"Агым", 04.03.08 - 13-бет: Эски журттун кєзџ...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эски журттун көзү

Көйнөктүн кири жуулат, көңүлдүн кири жуулбайт

Мындан эки жыл мурун гезитибиздин "Көшөгө" рубрикасына Бишкектин чет жакасындагы айылдардын биринен 82 жаштагы ата келди. Кийингени тыкан, басканы тың ал: "Мага кемпир таап берсеңер" деп жарыясын таштап кетти да, жарыя чыккан соң эки күндүн биринде чалып турду. Тилекке каршы, жарыясы 5-6 жолу гезитке жарыяланса да, кемпир таап бере алган жокпуз. Түгөй издеген атанын жарыясын окугандар таңгалбай, күлбөй койгон жок. Бирок, ал кары адам кең үйүндө кызы, эки небереси менен жетиштүү оокатта жашаса да, кобурашканга, чай ичишкенге, анда-санда кызына болгон таарынычын бөлүшкөнгө гана эмес, жандүйнөсүнө да тынчтык издегенин билишпегендир…

Кадыресе карылардыкы…
Борборубуздагы Ленин районуна караштуу эки кабаттуу, эскилиги жеткен бул имаратты көпчүлүк биле бербесе керек. Ичине кирсең бирин-бири жөлөп-таяп, араң басып жүргөн, бүжүрөгөн кары адамдар жашоосунун акыркы күндөрүн ушул жерде өткөрүшүүдө. 50 орундуу бул үйгө кароосуз калган 55 жаштан жогорку аялдарды, 60 жаштан ашкан эркектерди кабыл алышат. Күнүмдүк ичкен тамактарынын баасы 55 сом. Күнүгө эт менен тамактанышпаса да, күн алыс берилип турат. Интернаттын директору Дикенбаева Дамира Нурдолетовнаны маекке тарттык.
- Бул жерге түшкөндөрдүн көпчүлүгү кайсы улуттагылар?
- Кыргыздар аз, көпчүлүгү орус улутундагылар. Балдары үйлөрүн сатып, Россияга кетишет да, улгайып калган ата-энелерин бул жакка ташташат. Кээ бирөө балдары менен батышпай, же оорулуу болуп калып, багар-көрөрү жок келгендер. Өмүр бою жашаган өз үйүнө караганда, бул жер алар үчүн алда канча тынч, жакшы болуш керек. Себеби, кээде балдарына жолугуп келели деп кетишет да, тез эле келишет.
- Улгайып калган адамдар жаш баладай таарынчаак, сөз көтөрө албай калышат эмеспи, алар менен иштешүү кыйын болсо керек?
- Чындыгында эле кыйын. Биздин айлык маянабыз да аябай аз болчу. Жаңы жылдан кийин кичине көбөйттү. Санитаркалар жетишпейт. Анткени, жумушу оор, айлыгы аз. Карыялар менен да тил таап иштеши керек. Кээ бир карыяларыбыз дааратканага жетпей, жаткан жеринен эле булгап салышат. Аларды жууп-тазалоо санитаркалардын милдети.
- Эгерде бул жерден бирөөсү көз жумуп калса, акыркы сапарга өзүңөр узатасыңарбы же туугандарына бересиңерби?
- Туугандары болсо, аларга кабар жиберебиз. Алып кеткендери бар, а кээ бирөө келбей да коет. Анда аларды мамлекеттин эсебинен көмөбүз.
- Эртеден кечке карылар эмне менен алектенишет?
- Денсоолугу чың, тыңдары ашканага жардам беришет. Короону шыпырып, кээси түймө түйөт. Кээде көчөгө чыгып кетишет да кечинде келишет.
- Арак ичип, мас болуп келип чыр салгандар да болобу?
- Дайыма эмес, бирок болуп калат. Бирок, биз аларга бир-эки жолу эскертүү беребиз. Эгерде оңолбосо, жыйналыш өткөрүп, аны интернаттан чыгарабыз. Негизи, бул жакка келгендер адегенде медициналык кароодон өтөт. Психикалык жактан жабыр тарткандарды, жугуштуу оорулар менен ооругандарды кабыл албайбыз.
- Ушул жерден көңүлдөрү келишип үйлөнгөндөр болду беле?
- Ооба, азыр бир үйбүлө бар. Ушул жактан таанышып, үйлөнүп, өздөрүнчө бир бөлмөдө жашашат.
Бул имараттын кызматкерлеринин коштоосунда карылардын жашаган бөлмөлөрүн кыдырып көрдүк. Эки-экиден бир бөлмөдө жашашат экен. Алардын көз карашында кандайдыр бир тагдырына нааразычылык, таарынуу бар. Карылар үйүнө келген чоочун адамдардан да жылуулук издешет. Кыргыз улутундагы бир-эки ата-апаны маекке тарталы десек, баардыгы баш тартып, айылдагы тааныштарыбыздын көрүшүн каалабайбыз деген сыяктуу сөздөрдү айтышты.
Элита карылардыкы
Андан кийинки сапарыбызды Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүн көздөй уладык. Тилекке каршы, директору ордунда жок экен. Бирок, Ленин районуна караштуу карылар үйүнө салыштырмалуу бул имараттын көрүнүшү, жашоо-шарты алда канча жогору экени сырттан эле дароо байкалат. Бул жерде иштеген кызматкерлерден алган маалыматтарга караганда, мында жалаң чоң кызматта иштеген, же бай адамдардын улгайган ата-энелери, тууган-туушкандары келишет экен. Кыргызстан боюнча бул үйдү "элиталык карылар үйү" аташат.
"Ушул интернаттын короосунда жайгашкан 4 сотых бакча бар. Бул бакчага "көз арткандардын" саны күндөн-күнгө өсүүдө. Жакында Бишкек шаарынын мэриясынан келдик деп беш-алты киши бул жерге жыйын өткөргөн. Алардын айтуусу боюнча, карылар үчүн бакчанын ордуна эки кабаттуу 300 орундук үй салышат имиш. Бирок, кийин дагы келип кетишти. Ошондо алардын сөзүнөн бул жерге карылар үчүн үй салынбай эле, бассейн, мейманкана, бильярд ойноочу имарат салынарын уктук. Жада калса, ушул карылардын жашаган жерин да көз жаздымга калтырбай ээлеп алгылары келгендер көбөйдү. Карыларга бассейндин, же бильярд ойноочу залдын кереги жок" дейт ысымын атагысы келбеген интернаттын кызматкерлеринин бири. Ал жердеги карылар да эмнегедир биз менен маек кылуудан баш тартышты. "Жыргаганыбыздан ушул жерде жашап атыптырбызбы, тааныштарыбызга биздин каякта экенибизди билгизбей эле коелу" деп намыстанышат.
Улуу сөз уңгусу
Карылар үйүнөн кайтып келатып, Жаш Гвардия бульварынан улгайган аксакал атага карылык тууралуу суроо бергибиз келди. А киши сексен жаштагы жазуучу Жумакадыр Эгембердиев экен.
- Чыңгызхан ооруп аткан учурунда улукмандан: "Үч миң адам баласынын жазакер кишилеринин ичинен эң жаманы, акмагы - ата-энесин сыйлабагандар" деген кеңеш угуп, ушуну мыйзамга киргизип койгула деген. Чыңгызхандын "Язуу" деген мыйзамында ушул бар. Демек, улгайып, карып, алдан тайып бараткан, ооруган адамды балдары эмне болгон күндө да багыш керек. Аларга жөн эле тамак берип, кийим кийгизип коюш баккандыкка жатпайт. Булардын жандүйнөсүн оорутпаш керек. Бул дүйнөдө алар өздөрүн ашыкбаш, керексиз адам катары сезбесин. Бир жолу карылар үйүнө барып калсак, улгайып калган кыргыз кемпир боздоп ыйлап атыптыр. Эмнеге ыйлап атканын сурасак, бизге бул жактан жаман мамиле кылып атышат дейт. Көрсө, анын аябай жакшы көргөн баласы бар экен. Ошол баласынын баш кийимин жаздыгынын астына катып алып, күнүгө анын жытын жыттап, андан сагынычын таратып жүрүптүр. Бир күнү текшерүү келет деп баласынын баш кийимин алып, бул жактагылар өрттөп салышыптыр. Негизи ал жерге балдарын тажатып, арак ичип, чыр салып, тынчы кеткен адамдар да келишет. Алардын өздөрүнүн убалы. Бирок, өткөндө Нарынга барып, ал жердеги карылардын "пенсияга чыктык, эми балдарыбызга түрткүнчү болбой, эртең менен эрте аң уулап, бүркүт салып чыгып кетели да, кечинде алар уктаганда келели деп чечтик" дегенин уктум. Жоро-жолдоштор менен чогуу карыган эң чоң бакыт делет.
Байбичеси 65 жашында каза болгондо Түгөлбай Сыдыкбеков: "Мен кыргыздын каргышына калсам керек" деген. Себеби, бизде "Жолго чыксаң атың өлсүн, карыганда катының өлсүн" деп каргаган. Кыргыз карыганда уул-кызыма, келиндериме этек ачтырбай, байбичемдин алдында кетсем экен деп тилейт. Жубайынан айрылган кары эркекти аялындай эчким карабайт.

Даярдагандар:
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Салтанат КЫДЫРМАЕВА