"Агым", 29.02.08 - 22-бет: Пейджер..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайга сын пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна sms-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, sms-билдирүү жөнөтүңүз. "Пейджердин" сүрөөнчүсү - "Аю" соода маркасы.

26-февралда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
1 SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы
менен - $ 0.50. Техникалык колдоо кызматынын телефону
62-33-22. Кызматтан Кыргызстандагы бардык уюлдук байланыш операторлорунун (BITEL, Mobi, KATEL, FONEX, MegaCom) абоненттери пайдалана алышат.

П-157. Кыргызстанды 5 жылда бутуна тургузуунун жолу төмөндөгүдөй: 1. Путинди 5 жылга президенттикке сурануу. 2. Акча көп айланган жерге министрлерди кытайлык жарандардан шайлоо (алар пара алса колунан ажырап калат). Быры.
П-158. Министр С.Раевге. 150 млн.эли бар Россия эмгегин баалаган орденин берген А.Иманалиевага өзүбүздүн кыргыз эли, чиновниктер баалай албай жатат. Жакын арада "референдум" өтүп калса бир пунктуна киргизип койгула. Эл колдоп берсин. Карабалталык Быры.
П-159. Кайчылап жанымды бирөө кескендей,/ Жүрөк сыздап билинбей кан агат./Ийнелеп бирөө сайгылап тешкендей,/ Жүрөк муздап, күрөө тамыр араң кагат./ Жатамын дартымды айтып даттанып кимге барарымды билбей,/ Абалымды сурап келсең кире бер, эшик ачык турат илинбей./ Жүрөктүн сыздаганы, муздаганы эмнеси?/ Дарысын тапсаң, арзанга сатсаң/ Гүлдөй ачыламын,/ Таруудай төгүлүп чачыламын./ Мага керек тез, тез, тез жардам. Ч.Каримшах.
П-160. Энергетик сөрөйлөргө наалат. Тез-тез свет өчүрө беришет. Мисалы: Акөргө конушунун № 43 кварталында 20-23.02.08. 36 саат свет болбоду. Себеби менен өчтү дейин десең, кээ бир адамдарды кычаштык кылып айлап-жылдап өчүрүп салган фактылар бар. Борбордо ушундай болсо, кыштактагылар эмне болду экен? Караш Насер.
П-161. Бүгүнкү жумушуңду эртеңке калтырба. Караш Насер.
П-162. Президент Бакиевдин жактырган саясатчысы Т.Акун, өтө колдогон ишмери Н.Мотуев болсо жыргаптырбыз... "Эшегине жараша тушагы" деген ушу да. Кыргыз бийлиги шуттар "маскарапоздор" менен көркүнө чыгып, жарашып эле калды. Асылбек.
П-163. Бүткүл дүйнөгө С.Чокморов аркылуу таанылган кыргыздын өңү К.Бакиев, Т.Акун, Н.Мотуевге окшошуп өзгөрдү. Кыргызстанда башка фотомодель табылбай калганбы? Асылбек.
П-164. 22-февралдагы "Агымдын" үч кошкон соболунда Манас Ордо коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевден "Россиядагы мекендештерибиздин өлтүрүлүшүн кантип токтотобуз?" деп сураганбыз. Ал ислам динин ооздукташ керек деп жооп берген. Деги А.Усупбаевдин акыл-эси ордундабы? Төө десе бээ деп жооп берген. Жөнү жок ислам динине асылуунун да чеги болор бекен? Сиз кандай дейсиз урматтуу окурман? Максат Мамбетов.
П-165. Пайгамбар миражга барган тура. Эмчегинен, алигисинен илинип-асылып турган жылаңач аял менен эркекти көрүп оозу биздин Ошту карай ачылып таң калат. Периштеден: "Булар кимдер? Эмне күнөө кылган немелер?" деп сурайт. Анда периште: Булар ойноштук кылган эркек менен аял. Экөө кыяматка чейин ушинтип тура беришет" деп жооп берет. Аа, биздин бир аял эмес ондогон-оңбогон опурталдуу "оюн" менен ойногон аял-эркектер, түнкүсүн ко-ой, түштө чатын саткан "жп" кыздар кантээр экен деп "боорум ооруп", жогорку көрүнүш элестегенде жүрөгүм "тык" токтой жаздап, тез жардам чакыртчу болдум. Кокус көз жумулуп кетсе ким жооп берет?.. Ч.Каримшах.
П-166. Урмат Барктабасовго денсоолук, чет жерде жүрсө да үйбүлөсү менен аман-эсен болсун, Атамекен деп соккон жүрөгү дагы Атамекен деп сого берсин, элине көп жардам берген, дагы эле жардам бере берсин. Жылдыз Желденова.
П-167. Каракөл шаарынын тургуну, 11-класстын окуучусу Мурат кызы Маликаны туулган күнү жана музыкалык мектепти ийгиликтүү бүтүшү менен куттуктайбыз! Малика, сага чың денсоолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана ойлогон ой максатыңа жетип акылдуу, ыймандуу, кайрымдуу кыз болушуңду тилеп, атаң Мурат, чоң атаң Сейдин, чоң апаң Кенже жана биртуугандарың.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА