"Агым", 29.02.08 - 12-бет: Туристтер - Санта-Клаустардын белеги...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргызстан жомокту чынга айлантабы?

Туристтер - Санта-Клаустардын белеги
Турусбек Мамашев жетектеген Туризм боюнча мамлекеттик агенттик туристтерди тартуу максатын аркалап, шведциялык окумуштуулардын изилдөөлөрүн PR катары колдонууда. Маалым болгондой, Аяз Ата, Дед Мороз, Санта-Клаустар кыска мөөнөт ичинде жер шарындагы бардык балдарды кыдырып, белегин таратууга жетишип калуу үчүн жаңы жыл түнү сапарын биздин Каракулжа тоолорунан баштаганы шарт экен. Бул иш-чара коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратып, бири ата-бабабызда болбогон, керексиз нерсе дешсе, бири чет элдик туристтерди тартуунун эң сонун жолу деп атышат.

"Кыргызстан - Санта-Клаус жергеси" брендин түптөп, эларалык коомчулукка жайылтуу максатында 22-25-февралда жергебизде "Кыргызстан - Санта-Клаус мекени" аттуу биринчи эл аралык кышкы фестивалы өттү.
Иш-чара фестивалдын башкы каармандары кыргыз, казак Аяз Аталары, европалык Санта-Клаус, орус Дед Морозу, ирандык Ходжи Нооруздун катышуусунда Аларча улуттук паркында Аяз Атанын расмий резиденциясынын пайдубалын түптөөдөн башталды. Аяз Атанын үйү чоң туристтик комплекс, атайы балдар келип жомоктогу каарманы менен жолугушуп, жаңыжыл алдында кыялдарын айтчу жерге айланмакчы. Дал ушул резиденциядан маалы келгенде бардык Аяз Ата, Санта-Клаустар, Дед Мороздор дүйнөнүн бардык тарабына балдарга белек алып жөнөшөт.
Бул мифологиялык каармандардын балалыктан калган жылуу элеси дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын жүрөгүндө сакталып калган. Бардык балдардын сүймөнчүгү болгон кеңири таанымал миллиарддаган кирешелерди алып келген бренд. Фестивалдын ачылыш аземиндеги пресс-конференцияда Турусбек Мамашев кыргыздардын бактысы чоң экенин айтты:
- Туризм - Кыргызстан экономикасына чоң киреше алып келе турган тармак. Бүгүнкү күндө биз креативдүү жаңы проектилерди ишке ашырып, көнүмүш нерселерге жаңыча көз караш менен мамиле кылуудабыз. "Кыргызстан - Санта-Клаус жери" брендин пайдаланып, өлкөбүздө кышкы туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөбүз. Анткени чет элдиктер үчүн Санта-Клаус таанымал, кирешелүү бренд. Келечекте мамлекетибиздин туризм секторун көтөрүп кетчү долбоор.
Фестиваль Кыргызстан бермети Ысык-көлдө уланды. Ири беш дин агымы: ислам, католицизм, православие, буддизм жана иудаизм бириккен Ташкул Ата рух ордосуна келгенде, меймандар мемиреген жымжырттыкка батып, өздөрүн ааламдын майда бөлү-гүндөй сезгенин билдиришти. Рух ордонун сахнасынан "Ордо-Сахна" фольклордук этнографиялык театры "Жалындаган аттар" жаңы альбомунан чыгармаларды аткаргандан кийин, арткы көшөгө ачылып, көл жээктен ар улуттагы алты Аяз Ата кирип келгени учурду жомокко айлантты. Ага кошумча чет эл меймандары теплоход менен сейилге чыгышты.
Эсептөөлөрдү жүргүзгөн швециялык СВЕКО компаниясынын вице-президенти Эрик Северин Санта-Клаус бекеринен Кыргызстанга туш келбегенин, эң бир кооз жерлерибиздин туристтик багыттагы келечеги кеңдигин баяндады. Ошондой эле Северин мырза Швед мамлекети жаратылышты сактоодо Кыргызстанга жардам берерин билдирди.
Меймандарды эларалык стандартта салынган Karven Four Seasons жана Karven Иссыккуль клубу кыргызга таандык меймандостук менен кабыл алды. Баардык шарттары түзүлгөн, денсоолук чыңдоочу жайлары, спорт менен машыккан комплекстери, таза абасы, Алатоо, Ысыккөл өңдүү ажайып керемет жаратылышы чет элдиктерди эле эмес, өзүбүздү да мекенибизге суктантты! Түштүк Индиянын туроператорлор ассоциациясынын президенти Натаражан Рама Кришнан биздин жергебизге сүйүүсүн билдирди:
- Мен Кыргызстандан жылдын төрт мезгилиндеги түстөрдүн бардык спекторун көрдүм! Индия бай, өнүккөн өлкө, жылыга миңдеген туристтер кышты самап Европа мамлекеттерине сапар тартышат. Кыргызстанга индиялыктар келбегени кыргыздардын эмес, индиялыктардын арманы. Индиялыктар Кыргызстанга келип эсала баштарына ишенем.
Karven Four Seasons клубунда бардык Аяз Аталар журналисттер менен маек курушту. Кийингенибиз ар башка, жүргөн унаабыз бирибиздики топоз, бирибиздики бугу болсо да, тилегибиз окшош: дүйнө элдерине жакшылык алып келип, биримдикти, тынчтыкты, жакшы тилектердин орундалышын аркалайбыз!











??.??