"Агым", 26.02.08 - 12-бет: Тагдырдын тайгџлџк ташы...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Апамдын жүзүн кантип карайм…
Апам экөө-бүздүн ортобуз-дагы ушул жагымсыз окуяга мен себеп-кермин деп өзүмдү-өзүм ушул кезге
чейин күнөө-лөйм. Бирок, андай болушун каалаган эмесмин. Жаштык - мастыктын айынан…

Мен төрөлгөндө эле атам менен апам ажырашып кетишиптир. Мени атам алып калыптыр. Өз атам, өгөй эненин колунда тарбия алдым. Чоңойгонго чейин чоң апам да мага: "Таш боор энең сени карабай таштап кеткен. Кызым эмне болду деп сага бир да жолу келип койгонго жараган жок. Ушундай да мерез катын болобу" деп өз энемди далай жамандап жүрдү. Акыры өгөй энем мени батырбай, айла жок, атам тааныштар аркылуу өз апамды шаардан издеп тааптыр. Кантсе да өз кызың эмеспи, эми өзүң тарбияла деп атам апама мени таштап кетти. Апам аябай сулуу, жапжаш аял экен. Бирок, менин келишимди ал анча каалабады. Шаарда жатаканалардын биринде турат экен. Ушул кезге чейин турмушка чыккан эмесмин дейт. Анткен менен жакындан бери бир жаш жигитти үстүнө киргизип алыптыр. Жаш күйөөсүн Марат деп тааныштырды. Марат апамдын жанында баласы сыяктуу эле аябай жаш көрүнөт экен, ага эмнеге тийип алды деп адегенде таң калып да жүрдүм. Эртең менен апам Марат экөө жумушка кетет, мен үйдө керээлди кечке жалгыз калам. Кечинде ээрчишип кайра келишет. Ошентип, окшош күндөр өтө берди. Бир жолу Марат иштен эрте келди. Мага деп атайы балмуздак, шоколад ала келиптир. Экөөбүз бир топко чейин апам жок, ар кайсыларды сүйлөшүп отурдук. Буга чейин Марат менен деле мынча ачылып сүйлөшкөн эмесмин. Анткени, апам мени жаш күйөөсүнөн кызгана берчү. Аны Марат да байкаптыр. Ушул күндөн баштап Марат мага түштө бир маал келип кетчү болду. Анысын апам билчү эмес. Апам жокто экөөбүз эзилише сүйлөшөбүз. Акыры экөөбүздүн мамилебиз сүйүүгө айланды. Адегенде жөн эле кучакташып отурчубуз. Кийинчерээк өбүшө баштадык. Акыры мен ага кыздык намысымды арнадым. Мен аны чын дилимен сүйүп калдым. Кечинде апам келсе Марат экөөнүн чогуу жатып алганын көрүп, мен да кызгана баштачу болдум.
Арадан билинбей эле үч ай өтүп кетиптир. Бир күнү Марат түшкө маал адаттагысындай эле келип калды. Экөөбүз тамактанып алып, сүйүү оюнуна кириштик. Буга чейин күндүз үйгө эч ким келчү эмес. Жаңы эле энеден туума жылаңачтанып чечинип, махабат кумарына киришкенде эшик тыкылдап калды. Ким болушу мүмкүн деп унчукпай, демибизди ичибизге катып, тыңшап калдык. Аңгыча сырттан өзүнүн ачкычы менен эшикти ачып, апам кирип келди. Биз эмне кылаарыбызды билбей, дендароо болуп туруп бердик. Апамдын өңү кубарып:
- Демек, кошуналардын айтканы чын турбайбы... Өз көзүм менен көрөйүн дегем… - деп каргылданган үнү менен сыртка ызаланып чыгып кетти. Марат экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей, төшөккө сулк жаттык.
- Болор иш болду, боесу канды. Эми экөөбүз ачыкка чыгышыбыз керек. Мен сени сүйөм, сени алам, сага үйлөнөм, - деген сыяктуу сөздөрдү айтып атты Марат. Мага анын бир да сөзү кулагыма кирген жок. Эси-дартымдын баары эле апамда болуп атты. Эми анын бетин кантип карайм, ал эмне болот деген ой эсимен кетпейт. Марат экөөбүз азыр апам келсе, аны менен жакшылап сүйлөшөлү деп көп пландарды куруп, кечке күттүк. Бирок, апам келбеди. Ызасына чыдабай бир нерсе болгон жокпу деп менде жан жок.
Ошол бойдон апам дайынсыз жоголду. Издебеген жерибиз калбады. Бирок, эч жерден таппадык. Мен апамдын жоголгонуна өзүмдү күнөөлөп, жанымды коерго жер таппай жүрдүм.

Марат экөөбүз жашап алдык. Бирок жашообуз деле ошондон кийин оңолуп кетпеди. Үйдө күндө уруш-талаш, ызы-чуу. Акыры Марат да мени таштап кетти. Мен үйдө жалгыз калдым. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, Кудайдан, апамдан дайыма кечирим сурачу болдум. Эмне үчүн ушундай жеңил ойлуулукка алдырдым экен деп өзүмдү жемелейм. Эгер мен шаарга апама келбесем ал Марат экөө бактылуу жашамак беле дейм. Баарына мен күнөөлүүмүн деп жанымды эзем.
Жакында апамдын бир курбусу аны Россияда соода кылып жүргөн жеринен көргөнүн айтып келди. Жүрөгүм ылдыйлап, күнөөм бир аз жеңилдей түшкөндөй болду. Бирок, эми апамдын жүзүн кантип караар экемин…

Н. МАМБЕТОВА




  Адахандын ымандай сыры

Ким күнөөлүү?
Ардайым ушул суроону өзүмө берип, жообун таппай келем,-деп сөзүн баштады Адахан (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү).- Менде азыр баары бар. Небере-чөбөрөмө чейин жете тургандай байлык топтоп койгом. Бизнесте ийгиликке жетишип, атым элге таанылды. Сырттан караган адамга менин жашоом бейиштей сезилиши мүмкүн. Бирок, канча жылдан бери каргашалуу бир окуя жүрөгүмдү өйүп, сарсанаага салып келет. Анда сөз башынан болсун.

Мектепте атаман, көчөдө хулиган
Кичинемден ата-энем мени эрке өстүрдү. Анткени, үйдүн эң кенжеси элем. Менден улуу агаларым өзүнчө түтүн булатып, бизден бөлүнүп кетишкен.
Эркеликтин айынан жаман иштерге көп бардым. Мектепте атаман да болчумун. Менин караанымды көргөндө балдар кирээрге тешик таппай калышаар эле. Анүстүнө спорт менен машыккан жаным областык деңгээлдеги мелдештерге катышып, алгылыктуу ийгиликтерге жетишип калган элем. Мындай жетишкендик мага дем-күч берип, өзүмдү жерде эмес, көктө жүргөндөй сезип жүргөн убагым. Өзүмө окшогон он чакты баланын башын кошуп, чакан "банда" түзүп алганбыз. Өзүбүздүн классташтарга гана эмес, башка мектептерге да барып "налог" салчу элек. Ар дайым ушул көрүнүш. Көчөнүн көркүн чыгарып, ызы-чуу салганыбыз салган. Канча жолу милицияга түшүп чыксак да, көңүлүбүз калган жок. Кайрале баягы көнгөн адатыма түшөм. Оңолоюн деген эч бир ой жок.
Тун сүйүү
Ошентип жүрүп он биринчи класска көчтүм. Жиндилигибиз калмак тургай, күчөгөндөн күчөп барат. Күндөрдүн биринде биздин класска коңшу мектептен бир кыз которулуп келди. Сырткы сулуулугу менен ички жандүйнөсү төп келишкен, бир көргөндө эле адамды өзүнө арбап алган кереметтүү жан эле. Аты Лиза экен. Ага жолуккандан тартып, мен оңолуу жолуна түшүп, башка адамга айланып бараттым. Кантип ага жагынуунун жолун таппай, күндө ойлоном. Аны ойлоп канчалаган түндөрдү уйкусуз өткөрдүм. Бир гана оюмда Лиза. Көрсө, мен тун сүйүүгө кабылыптырмын.
Акыры ага сезимимди билдирдим. Шагымды сындырган жок, кыз-жигит болуп жүрө баштадык. Кайда барбайлы, дайыма чогуубуз. Ал кезде экөөбүздөн өткөн бактылуу жан жок эле. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны аяктаган соң баш кошуу башкы планыбызда болчу. Бирок, баары тең биз ойлогондой болгон жок. Бактыбызга балта чабылды.
Айрылыш жол
Мектепти аяктап шаарга жөнөдүк. Лиза журналистика тармагына өтүп, мен юридикалык факультетинин студенти болдум. Шаарга келгени сүйүктүүм экөөбүздүн мамилебизге чекит коюлду. Адаттагыдай эле жолугушууга барган элем. Негедир анын кабагы салыңкы, көздөрү шишип калган. Күтүүсүздөн "мындан ары мамилебизди улантпай эле койолу" деди. Же себебин айтып түшүндүрүп койсо боло. Унчукпайт, мелтирейт да турат. Такып сурап туруп алдым. Акыры болгон окуяны айтып берди. Алгач укканда башка бирөө катуу союл менен чапкандай эле болду. Көпкө ишене албадым. Көрсө, бала-чакалуу болгон ортончу агам анын күйөөгө тие элек эжесин зордуктап кетиптир. Өзү жалгыз эмес, достору менен.
Кош бол, сүйүүм!
Байкем үчүн мен жооп бердим. Башкача айтканда, Лиза менен кол үзүүгө туура келди. Көп өтпөй ал башка бирөөгө турмушка чыгып, мен жалгыз калдым. Канчалык оор болсо да, чыдабаска айла жок эле. Тагдырдын мага кылган таш боорлугу муну менен эле токтоп калса не! Сүйүктүүмдү күйөөсү менен көлдө эс алып жүргөн жеринен койдой мууздап кетишиптир. Алты айлык боюнда да бар экен.
Тагдырдын оор сыноосуна туруштук бере албай ичип кеттим. Акыры досторумдун, ата-энемдин акыл-насааты менен 5 маал намаз окуп, кудай жолундамын. Жараткан берем десе берет турбайбы, таштап койгон окуумду аяктадым. Азыр турмушум жаман эмес. Жашым келип калса да үйлөнө элекмин. Негедир, Лизадан бөлөк кызды жактыра албадым. Канчалаган кыздар менен тааныштым, мамиле курдум. Бирок, Лизага жетпейт. Менин мындай тагдырга туш болушума ким күнөөлүү? Эжесин зордуктап койгон байкемби, же тагдырыма моюн сунуп кала берген өзүмбү? Алигиче жообун таппай келем...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ