"Агым", 15.02.08 - 8-бет: Кыянат кайым...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кыянат кайым

Адамга аң уулобу
же саясый аң-сезимби?
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Орус такырбаштары
Алар кыскарта чаап, өздөрүн "скиндер" деп коет. Скиндер алгач 80-жылдын аягында андагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда пайда болгон деген маалымат бар. Абалы алар топтошкон зөөкүрчалыш балдар экен. Көрүнгөндү уруп-сабап, талап-тоноп дегендей жолдор менен акчалуу болгон жаштар "Северное сияние" кафесин байырлайт. "СС" деген анда кафенин чакырыгы катары айтылса, кийин фашисттик маани алып кетип атпайбы. Анын үстүнө айрымдары фашисттерди туурап кийинип, символикаларын пайдаланып, андай "ажыналыгын" коммунисттик режимге каш кайтаруу катары түшүндүрөт. "Караларга" каршы маанай кийин, 1993-жылдан баштап Санкт-Петербургду кавказдыктар каптай баштаганда пайда болот.
Алар фашисттик символиканы баса калып пайдаланганы менен өздөрүн эчкачан фашист атабайт. Социал-демократ атайт. Батыш скинхэддеринен дагы бир айырмасы: АКШнын кул ээлөөчүлүк конференциясынын желегин өтө жактырат. Ал желек өзүңүздөр билесиңер, 1861-1865-жылы Американын түндүгү менен түштүгү кырылышып согушуп атканда пайда болгон. Желекти жеңине, жок, дагы дааналап көргөзгүсү келсе, "бомбер" курткасынын далысына тигет экен. Айрымдары Гитлердин портретин, 88 деген санды тигип алат дешет. 88и "Хайль, Гитлер" дегенди билгизет.
1992-жылы Москвада скиндер ондоп саналчу, кийинчерек социологдор эсебинде 2000-3000ге жетти, Петербургда да ошого чамалаш, Нижний Новгороддо миңден ашуун, Саратов, Краснодар, Иркутск, Омск, Томск, айтор Россиянын баардык шаарларында жүздөп, миңдеп саналат. Бирок расмий маалымат аябай азайтып айтат. Москвада "Штрум", "Русское гетто", "Белые бульдоги", "Вальгалла", "Крэк" өңдүү көптөгөн музыкалык скин-топ бар. Петербург менен Ярославлда андай топ бирөө эле экен. Экөөн тең СС "өлүк баш" дивизиясынын урматына "Totten-kof" деп бирдей аталат.
Скиндерди артараптан жөлөп-таяган "Под ноль", "Сполох" өңдүү басмасөз да аз эмес. Орус улут союзунун (РНС) "Штурмовик" "Нация" басылмалары скиндер идеясын ачыктан ачык колдойт. Интернетте скинхэддерге багышталган ультраоңчул сайттар бар. Америка скинхэддеринин "Stormfront" сайтында "Орус күзгүсү" аттуу атайын бөлүм иштейт.
Бул окуп-билгендеримди эмне үчүн саймедиреп атам? Скинхэддер кыймылы жалаң эле "караларды" жалпайта чапкан бандиттердин уюму эмес, коомдун кандайдыр бир бөлүгүнүн аң-сезимине айланып баратканын баса белгилөө үчүн. Аларды саясый уюм деп айтууга, албетте, негиз жок. Бери калганда, азырынча. Алардын 80 проценти жогорку класс менен профтех окуу жайларынын окуучулары, көптөгөн скиндер жашаган же окуган жеринде топтошкон майда бандалар дешет. Бирок Москвада темирдей тартип менен өтө саясатташкан "Скинлегион", "Blood & Honor - Русский филиал" уюмдары бар. Алардын мүчөлөрү жүздөп саналат. Ошондой эле уюмдар Петербургда "Русский кулак", Нижний Новгороддо "Север", Ярославлда "White Bears" ("Ак аюу") аталат.
Аларды ашынган оңчул, улутчул уюмдар, партиялар социалдык база, ишенимдүү резерв катары пайдаланып атканы турулуу. Эсеби маселең Константин Касимовский жетектеген Орус улут союзу, Илья Назаренко баштаган "Улуттук фронт" оңчул радикалдары Москвада, Юрий Беляевдин Улуттук-республика партиясы Поволжья менен Краснодар шаарында скиндерди бабына келтире пайдаланат дешет. Алар уюштурган митинг, жүрүштөргө скиндер жан-алы калбай катышат экен. Скинхэддер менен атактуу Эдуард Лимонов жетектеген Улуттук-большевиктер партиясы иштеп атат. Алардын тукуруусу менен скинхэддер Воронеждеги араб студенттеринин жатаканасынын таш-талканын чыгарган.
Экинчиден, орус басмасөз маалыматына караганда, Россия скинхэддеринин башка мамлекеттердеги "кесиптештери" менен да байланышы күч. АКШ, Германия, Австриядагы скинхэддер өкүлдөрү алар менен баймабай катышып, "тажрыйба" бөлүшүп турат. Айталы, Америка Ку-клукс-клан жана НСДП/АОсунан, Германиянын "Викингдер", Немис элдик союзунан (экөөнө тең Германияда тыюу салынган) ж.б. "скинхэддер менен иштешүү боюнча адистер" дамамат каттаары тууралуу маалымат көп.
Ошентип скинхэддер эртедир-кечтир чоң саясый кыймылга айланып кетиши ыктымал. Азырынча алар ашынган улутчулдугу, аеосуз террору менен гана атагы чыгууда. Анткени биздеги сыяктуу эле Россияда өспүрүмдөр көчөдөн өз алдынча билим алып атат. А көчөгө мигранттар батпай кетти. Москванын айланасында эле 1,5 млн.катталган мигрант бар. А катталбаганы канча?..
"Континент" гезитинен окудум. Орустун бир такырбашы интервью бериптир. Москвада кавказдыктар мурда эле калың катмар болчу, эми кытай, түрк, ортоазиялыктар толуп кетти, негрлер баңизаттарды көчөдө ачык эле сатып жүрөт дейт. Арзан күч болгондуктан жумушка жалаң ошолорду алып атат, биз жумушсуз калып атырбыз, же айлык акыбыз төмөндөгөндөн төмөндөөнүн үстүндө дейт. Анын үстүнө аларда клан системасы күчтүү экен, жумушка бизди эмес, өздөрүнүн айланасынан орнотуунун бардык айла-амалын жасайт экен дейт.
Бир четинен жүйө барбы? Бар. Эсеби маселең, биздин эл сыртка кетип атат. Алардын ордун кытайлар, түрктөр, өзбек, тажик ж.б. улуттар басууда. Эгерде экономикабыз жөнгө салынып, мекендештерибиз кайра агып келе баштаса, Россия скинхэддери сыягындагы кандайдыр бир кыймыл жаралбайт деп ким кепил болот?
Көчүң кайда бурулат, кыргыз?
Скинхэддердин колунан жантаслим болгон жердештерге байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министрлиги орус өкмөтүнө нота жибериптир деп башында айттык. Бу дагы имиш иретинде. Бирок имиш болбосо да андан эмне өзгөрмөк?
Баса, Вишневский мырза андай аракеттен да "эки мамлекеттин мамилеси бузулатты" табат. Арийне бул Кыргызстандыкы орус өкмөтүнө жиберген биринчи эле нота эмес, акыркысы эместигин да бөрктөй көр. Өткөн кылымдын акыркы жылдарында эле Россиядагы скинхэддер террору эларалык резонас жараткан. Түштүк Араб республикасы, Бенин, Судан, Нигерия ж.б. "кара" түстөгү мамлекеттер элчилиги удаама-удаа Россия өкмөтүнө нааразылык нота жөнөткөн. Андан бир да мамлекеттин Россия менен мамилеси бузулган жок. Скинхэддер террору да токтободу.
Мекендештер скинхэддер колунан мыкаачылык менен мерт болбош үчүн кыргыз бийлиги эмне кылыш керек? Миграцияны албетте, таптакыр токтотууга мүмкүн эмес. Ал дүйнөлүк процесс. Тек минималдуу кыскартуу аракети зарыл. Кыргыз бийлиги тескерисинче, граждандары көртурмуштун айынан улам көбөйүп тентип кеткен сайын кубанып кол чаап, шарт түзүп атабыз деп көкүрөк койгулайт. Шарт түзгөнү ушу: Россиянын аркай шаарларына пайда-батасы жок консулдуктарды, өкүлчүлүктөрдү ачып, ансыз да аябагандай көп чиновниктер армиясын арбытып, кабыргасы бирден саналган калктын канын сүлүктөй сордурууда. Алардан башка канча бир чиновниктердин акырына айланып, килейген комитет иштейт. Ушулардын бардыгы биригип келип, өз демилгеси, өз чөнтөгүнөн иштеп аткан, айталы, "Замандаш" коомдук уюмунун аткарган ишинин бирин жасабайт.
Эмне десе, эмигранттар миллиардаган акча жиберип атат дейт. Ал туура. Алардын акчасы менен натуралдык чарба айыл элин багып атат. Коомду козголоңдон сактоого көмөгү тийүүдө. Ошол эле учурда алар өндүрүшкө түз түшкөн жок, реалдуу экономикага кызмат кылалек. Башка өлкөнүн экономикасына иштеп атат. Алардан алынган салык башка өлкөнүн казнасына түшүүдө. Экинчиден, башка мамлекеттин демографиялык маселесин чечүүгө да жардамы тийип, жакшылыгы жугууда. Депутат Улукбек Ормоновдун айтымына караганда, Екатеринбург (мурдагы Свердлов) шаарында эле өткөн жылдын 5 айында 1215 кыргызстандык Россия граждандыгын алган. Өчүрөттө турганы андан көп. Миграция комитетинин маалыматы боюнча 2005-жылы 38 миң кыргызстандык РФ граждандыгын алса, ал сан 2006-жылы 50 миң адамга жеткен. Жыл сайын ушинтип 1,5 эсеге жакын көбөйүп отурса, эсептеп багыңыз. Кыргызстанга алып келип, аттап-тондоп узаткан В.Жириновский Мамдумада кыргызга окшоп өздөрү жабышып аткан калкты боорго тартып, ассимилация кылуу керек, б.а., орусташтыруу зарыл маанисинде маселе көтөрдү.
Экинчиден, республикада эмгекке жарамдуу калк бар болгону 2,5 млн. Анын 1 миллионго жакыны, болгондо да мыкты адистери, интеллигенциянын билимдүү өкүлдөрү, ийкемдүү ишкер, бизнесмендер башка мамлекеттерде жүрсө, 483 миңи жумушсуз болсо, анан кантип экономикабыз өсүп атат деп көкүрөк кагабыз? Же реалдуу экономика биздин республикада адам күчүн талап кылбай калганбы? Расмий маалымат боюнча кетип аткандардын 90%и 19дан 45 жашка чейинкилер. 50%и жогорку билимдүү. Ушул темп менен жүрүп отурсак, 10-15 жылда өлкө кара күч жактан дагы, акыл эмгегинен да өчөйүп жерге отурат. Азыртан эле айыл-апада мугалимдер, врачтар жетишпейт. Чегара бойлой жайгашкан айылдар аңгырап ээн калып, башка мамлекет жарандары жайбаракат жайгашып атканы жазыла берип жыртылды.
Кайсы бир саясат изилдөөчү жазды, бул процесс миграция эмейле эвакуация деп. Мындан башка таамай аныктама табуу мүмкүн эмес. Албетте андай агымды патриоттук сезимди ойготуу менен эле токтотууга да болбойт. Анүчүн экономиканы өнүктүрүп, адам шекилинде жашоого шарт түзүү зарыл. Ал Кыргызстанда качан ишке ашат - белгисиз. Андыктан миграция маселеси Кыргызстанды дагы бир улут коопсуздугу коркунучуна такады.

Алым ТОКТОМУШЕВ