"Агым", 15.02.08 - 4-бет: Жандырмак...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жандырмак

Кайпакбайлар,
же саясый орозонун пайдасы
В генах, дело
Орус накыл кебинен
Дегеле кыргызды кудай дипломат кылып жаратып койгонбу, же ушундай миң жүздүү элбизби, таңгалам. Жакамды карманып да ийем кээде: "Тобо-оо, ушундай эл экенбиз го" деп. Бийликке, аким-өкүмдөргө жагалданып, жасакерленген жагынан бул жалганда эч бир жанды алдыга салбасыбыз белгилүү. Анан, чындык чыркырап турса да жандын тынчын ойлоп, кийин дагы эмне болуп калабыз деп алды-артына чөп салып, ар бир сөзүн мыскалдап-чыпкалаган, аяк-быягына он жолу каранып туруп, анан кайпактап туруп бирдеме демиш болгон кыргызды Байдылда айткандай, оозго муштагың келет. Кыргыздын жанда жок кырк мүнөзүнүн калганын айтпай туралы. Албетте, анын баары эле жаман дегенге болбойт.
Ал дегеним Улуттук телерадиокомпаниядагы тирешүүгө байланышкан. Акыл-эси ордунда, алгы ой жүгүрткөн, көрөңгөлүү максат менен жашаган илим-билимдүү замандаштарыбыз УТРКда башталган түпкү жаңырууну кош колдоп жактаганы жактаган. Себеби да айдан ачык болуп турат. Телекөрсөтүү азыркы заманда чындыгында улут аң-сезимин аныктап, тарбиялап, агартып-көгөртчү, же тескери буруп айбанга айлантчу, калың журтту, өзгөчө жаштарды кайбарчылыкка алып барып таштачу идеология куралынын эң башкысы болуп калганы дүйнөгө маалым. Ушуну көкүрөккө бекем түйүп, элдин, өлкөнүн, коомдун жаркын келечегинин чын мүдөөсүн ойлогон мамлекет жетекчилиги бар экендиги улам дааналанууда. Бул жетекчиликтин атын атоонун кажети жок, баарына эл тараза, эл көрүп турат. Бул күндөрү чындыгы тээ 17-жылдагыдай эле эл жаңырып, аны менен кошо улут сезими жанданып, өтө-өө кыйынчылыкты, азап-тозокту баштан далай кечирип жаткан учур. Ошол караңгылыктан, маданий-идеологиялык туңгуюктан элди алып чыгууну чындап көздөгөндөрдүн катарында УТРКнын азыркы жетекчиси да турганы талашсыз нерсе. Бул кишинин чын дүйнөсү, ой-мүдөөсү кылган иши менен коштолуп турганына мен айтпасам да, журчтулук күбө. Жаңынын, адалдын душманы да көп болоору илгертен эле айтылуу. Чындыгы, бүгүн дал ошол жаңы менен эски, ак менен кара ачык болбосо да, коомчулуктун аң-сезиминде жанкечтилене алышып жаткан кез.
Ушундай мезгилде баарынан да эскилерге, эскиче ойлоп, жашап, жедеп сенек болуп, мээси илгерки койчунун жаргак шымындай кагжырап катып калгандарга кыйын эле болду. Кургурлар же жаңыга аралаша албай, жаңычылдар алар менен келишпей, же жамаатта жок, же иште жок, айтор куурады го, байкуштар. Бул эми орустар айткандай, "в генах дело". Кыргызча айтканда, алардын тегиндеги, мээсиндеги ушундай тубаса майыптык үчүн бүтүндөй коом сенек болуп тура бербейт да. Акылы сергек, теги таза, алдыңкы ой-мүдөө менен жашаган, иштеген инсандарды ээрчийт, алардан үлгү алат, калың эл. Мындайларды түкшүмөлдөп, кайпактабай эле атын атасак, куту сүйүнөөр. Мисалы, жакшы санаалаш достор, курбу-курдаштар, тааныштар бүгүн агынан жарылып, теледеги жаңылыкты узун кеп кылып, сүйүнүп жүрүшөт. Себеби, акты ак, караны кара деш керек болуп калды. Улуттук башкы телеканалда азыр калыс байкагандарга кандайдыр жаңы нур, дем, мазмун даана сезилип да, көрүнүп да турат. Жигердүү, билимдүү, учур талабы менен жашаган жаштар, накта үлгү болоор журналисттер, инсан жетекчилер ишке киришти. КТРдин "кара жащик" аты акырындап өчүп, кутсандыкка айланып баратат десек жарашат. Эми ушул дапдаана нерсени көргүсү келбей, көзү көрүп турса да, сокурланымыш, акчыланымыш, акылгөйлөнүмүш болгондорду карап туруп, каның кайнайт.
Айылдан келген, саясат менен иши жок карапайым кишилер болсо бир жөн, аттуу-баштуу эле инсандар, чиновниктер, баарынан да журналист кесиптештердин кайпактап, маселенин төркүнүнөн ала качып, камгактай кайсактаганычы. Буга өкмөттүк чоң гезиттин кабарчысына Конституциялык соттун белгилүү эле мүчөсүнүн кечээ жакында эле жооп бергени мисал. Кабарчынын бардык болгон беш суроосунун төртөө УТРКдагы реформага ал кишинин жеке мамилеси тууралуу берилсе да, анын бирөөнө да так жооп бербей, кабарчы "бээ" десе, юрист "төө" деп отуруп алганына жол болсун. Баягы эле жалпы супсак сөз, так берилген суроону тоокту тооруй чуркап, бирок, эч бир баса албаган корозчо айланып-тегеренүү менен "интервью" бериптир. Ал го бийликке жакпаган жеке оюн ачык айтууга акысы жок мамлекеттик чиновник деп коелу, а бирок эркин, төбөлөрү көрүнүп калган кесиптештердин биздин гезитке УТРКдагы кырдаалга карата кайпактап жооп бергенин окуп, түңүлдүм.
Улуттук башкы телеканалдын биротоло жаңыланышы, албетте, эскиче иштей бергенге, же дээринде эч нерсеси жок, бирок, өтө эле ашына бергенге көнүп калган бир топ кызматчыларды майтокочтон куру калтыраары анык. Ошону ойлогондо түн уйкусу качкандар саясый орозо кармап, ооздорун бекем бекитишиптир. Эми кыргызчасынан туздап-калемпирлеп айтканда, орозонун бир жагынан саламаттыкка да пайдасы бар. Дене-бой бир сыйра ашыкча нерседен арылып, тазарып дегендей. Тек гана саясый болобу, диний болобу, айтор, дегеле орозо кармаганда пайгамбардын айтымында эң башкысы - дил тазарат дечү эле. Ылайым саясый орозого ооздорун бекем бекитип, ушунча убакыт чыдагандардын дили, пейили да оңолуп, бул саясый акциядан аман-эсен адалданып чыгышса болду.

Садырбек ЧЕРИКОВ




  Үч кошкон собол

Кайрадан толкун, 4 пансионат, сүйүү
1.Азимбек Бекназаров баштаган Революция комитети жаз чыгары менен жалпы элдик жүрүш баштайбыз деп атат. Кошуласызбы?
2. Казакстан элчилиги Ысыккөлдөгү төрт пансионат биздин менчик. Аларды сатып алуу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес маанисинде билдирүү таратты. Сиздин көзкараш?
3. Ыйык Валентин күнүнө мамилеңиз?

Жусуп Жээнбеков,
ЖК депутаты:
1. Биринчиден, Кыргызстанга кайра-кайра революция кыла бергидей, мамлекет оюнчук эмес. Андан тышкары элдик жүрүш деп айтканга эчкимдин акысы жок. Аны эл ээрчийби, ээрчибейби - ошону ойлонуп туруп сүйлөш керек. Элдин атынан азыркы учурда парламент, анан президент гана сүйлөөгө укуктуу. Бул революцияга ишенбейм дагы, кошулбайм.
2. Кааласа үстүндөгү имаратты, мүлктү сатып алсын, а жерди болсо сатпайбыз. Жер сатылбайт. Аренда төлөсүн. Мен бул маселени комитетте карап, өкмөткө кайтарып жибергем. Конституцияда "жер байлыктары сатылсын" деп жазылып калбадыбы, мен ошого түздөн-түз каршымын.
3. Мен үчүн эки жаш кайсы күнү сүйүшсө - ошол күн майрам. Ал эми азыр ар кимди туурап, майрам десе эле күнүгө майрамдап жүрө берсек, качан иштейбиз?
Жаркынбек Касымбеков, жаш саясатчылар форумунун мүчөсү:
1. Эгерде алар Конституциянын деңгээлинде мыйзамдуу нерселерди талап кылса, анда мен колдойм. А баягыдай жөн эле "кетсин" деп, же болбосо эч бир негизи жок күнөөлөрү болсо, мен ага кошула албайм. Анткени, ошол эле азыркы А. Бекназаров айтып аткан күнөөлөргө кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн дагы байланышы бар.
2. Көзгө басар байлыгыбыз Ысыккөлдүн, ошондой эле жер кен байлыктарынын сатылышына каршымын. А аренда жөнүндө сөз болсо анда ал таптакыр башка кеп. 20-25 жылга арендага жерди алып, иштетип, кирешесинин кандайдыр бир пайызын жергиликтүү, республикалык бюджетке которсо биз эмнеге ага макул болбошубуз керек.
3. Мен абдан жакшы кабыл алам. Эртең менен жубайым экөөбүз бири-бирибизди куттуктадык. Кичинекей эки кызым эки жүрөкчө беришти. Кечинде майрамдык дасторкондо чогуу отурабыз.
Кусейин Исаев, профессор:
1. Биринчиден, мен буга кошулбайм. Себеби, маселе Азимбектин өзүндө. Азимбек мурунку бийликтин учурунда түрмөгө түштү, соттолду. Азимбектин айынан Аксы окуясы башталды. Ошонун азабынан жети жигит каза болду, эмдигиче ушул ызы-чуунун аягына чыга элек. Үч жыл жалаң жыйналыш, пикет менен жүрдүк. Биз качан элдин курсагын тойгузабыз? Миллионго жакын адамдарыбыз тентип жүрөт. Россиянын кең талааларында канчасы ар кандай себептер менен каза болду. Эки айдын ичинде Санкт-Петербург, Москва шаарында сегиз кыргыз өлтүрүлдү. Кыргызстандын жаранынын кара курсактын айынан өлгөнү же өлтүрүлгөнү мамлекетибиз үчүн чоң күнөө. Ошол маселелерди чечкендин ордуна революциялык комитет түзөбүз дейт. Бул революциялык комитет жалпы журт тарабынан колдоого ээ болбойт.
2. Бул жер кыргыз мамлекетинин, элинин менчиги болуш керек. Советтер Союзу учурунда мамлекеттердин ортосундагы улуттук байлыктар, улуттук менчиктер башы ачылбагандыктан бул маселе чыгып отурат. Ошон үчүн цивилизациялуу жол менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек. Казактар убактылуу экономикалык кубаттуулугуна салып биртууган кыргыз элин басмырлаганы туура эмес. Аягы жакшылык менен бүтпөйт.
3. Эми бул майрам Европадан келген. 1777-жылдан бери Россияда майрамдалып келатыптыр. Кыргыз элинин байыртадан бери келаткан кыздарга болгон ыйык мамилесин сактап, сүйүү сезими да ыйык катары кабыл алынса, бул майрамга каршылыгым жок.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА