"Агым", 15.02.08 - 2-бет: Ормон опуза дейби..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Ормон опуза дейби…
Өткөн сандарыбызда Д.Чотоновду "Кыргыздардын оң-сол канатын бириктиреби?" деп жазганбыз. Ичкиликтерге катуу тийген белем, дароо Дүйшөн мырзага атырылгандар атырылышып, ормон опузага алып киришиптир. Ичкиликтердин мындай коркутуусунан Д.Чотоновдун корко турган түрү байкалбайт. Анан да Түштүктө калың электораты бар. Минтип эле басмырлай беришсе, би-ир балээ чыгып кетпес бекен?

Парламенттеги коррупциядан
ЖК депутаттары тээп жүргөн "Camry" маркасындагы машинелер Эмиратта 15-17 миң доллар турса, Кыргызстандын автобазарында 21-22 миң доллардан сатылат. Кызыгы, Жогорку Кеңешке келген ушул 75 машине 31 миң доллардан келгени, мындай келишимге экс-депутаттар М.Султанов, А.Келдибеков, К.Ташиев, К.Самаков катышып, ортодон бирдеме көрүшүп, ар автоунаадан 10 миң доллардан кытып калышканбы? Бу боюнча иликтөөлөр жаңы депутаттарды кызыктыра баштады.

СДПК менен "Акыйкат" кыймылы биригеби?
Өткөндө СДПК төрагасы А.Атамбаев менен "Акыйкат" кыймылынын координатору А.Жекшенкулов жашыруун жолугушуп, алдыдагы пландарды тактап алышты. Булардын жылуу маанайда сүйлөшкөнү байкалган соң, эки тараптагы саясый күч биригеби дегендей ойлор жаралууда. Азырынча ашыкча кептерди айтып, олуялык кылбай туралы.

Түнгө жашынган талапкер…
Омбудсменге талапкер Арстанбекова аттуу айым Т.Акундун Казакстанга түн жамынып барганын, аяктан Б.Акаева менен жашыруун жолукканын айтып чыкты. Бул катардагы каралообу, же Тукебиздин ойт берме жоруктарыбы?..

А.Абдимомуновдун "косяктарын" билесизби?
Спикер А.Мадумаров ЖК иш башкармалыгынын начальниги А.Абдимомуновду кызматтан алганда чуулдап чыгышты эле, "жакшы иштеген, депутаттарга кам көргөн адамды ээрден оодарышты" деп. Көрсө, А.Абдимомуновдун артында кө-өп "косяктары" чыгып, ошонун негизинде көчүккө тебилгенин ырасташууда. Бу боюнча да атайын материал жакында жарык көрмөкчү…

Мэр Ж.Исаковдун былык-чылыктарынан
Ош мэриясына былтыр 5 млн. сом өкмөттөн которулуп, анын эсебине Кытайдан автобустар келген. Мындай олжонун үстүнө мэр Ж.Исаков замдары менен 3 "жип" автоунаасын кошуп, бөлүп алышканы боюнча айтылууда. Быйыл болсо 6 млн. сом өкмөттөн бөлдүрүп алышты, эми канчасын өөнөгөнү калышканы белгисиз. О.э. оштуктар быйыл үзгүлтүксүз светтин өчкөнүнө, суунун дайыма жок болгонуна нааразы. Эми Ж.Исаковдун артында жама-ан илинчектери кылтыя баштаганы байкалууда. Кылтак деле алыс эмес.

Иса мырзанын чочок тою
Кечээ "Алтын Казына" ресторанына И.Өмүркулов небересинин сүннөт тоюн өткөрүп, бир катар саясый лөктөрдү чакырды. СДПК фракциясынын депутаттарынан башка А.Жекшенкулов, М.Абдылдаев, Т.Кулмурзаев өңдүү саясатчылар болушту. Бул тойго СДПК төрагасы А.Атамбаев келбегени көпчүлүктү таңгалдырып, Иса мырзаны ыңгайсыз абалга калтырды.

Уруулар курултайга камынышып…
Коомчулукту уруулашмай козутуп койгон белем, эми чо-оң эле саясатчылар өз урук-туугандары менен тыгыз сүйлөшүүгө өтүштү. Бу боюнча жаңы идеялар жаралып, жазында үлкөн саясатчылар урууларынын курултайын өткөзүүнү пландаштырууда. Буга чейин Саруу, Солто урууларынын фонду түзүлгөн болсо, эми Сарыбагыш, Моңолдор, Мундуз урууларынын тыңчыкмалары баш көтөрүп, курултай камын көрүшмөкчү.

Соттолгон эргул БШКга
БШК мүчөлүгүнө талапкер А.Бекматов аттуу эргулду 1998-жылы Ноокат райондук соту 5 жылга эркинен ажыратканы боюнча документтер көтөрүлүп, жакында кызыл чеке жаратканы туру. Эгерде А.Бекматов чындап БШКга өтүп кетчү болсо, эмне болот? Мунун артынан "бакыйган" кылмыш ишин кийинки санда беребиз.