"Агым", 12.02.08 - 9-бет: Моралдык кодекстин айынан…• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Моралдык кодекстин айынан…

80-жылдары кыргыз мамлекеттик университетинде гуманитардык илимдердин бири боюнча кыргыздан чыккан биринчи илимдин доктору иштеген. А киши илимдин эле алдыңкысы болбостон, өз студенткаларына да өзгөчө көңүл бөлүп, жаккандары менен каалагандай ойноп-күлгөндү жакшы көрчү. Ошондой ойноп-күлүүнүн аркасы бир студент кыздын боюна бүтүү менен аяктайт.

СССРдин коммунизмди куруу боюнча моралдык кодекси кычырап турган учур. Аялы университеттин жетекчилигине арызга отуруп, тиги адам жамааттын партиялык жыйналышына түшүп, акыры партчогулуш "моралдык жактан туруксуздугу, адепсиз жүрүш-турушу үчүн партиядан чыгарылсын" деп чечим чыгарса, тиешелүү министрлик аны В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна которулсун деген жолдомо берет.
Тиги киши аялы менен ажырашып, боюна бүтүргөн кызга үйлөнөт да, кыз-келиндер институтуна иштөө үчүн келет. Университет жок дегенде эркек аралашкан жер болсо, бу жер жалаң эле кызыл-тазыл кыз-келиндер. Тиги ошондо "дурайындын партиясы, аморально деп коюшат да, кайра байтал базарга жиберишкени эмнеси?" деп сөгүнөт. Айла жок, көнгөн адат калчубу, кыздардан жолдуу болуп, бир жыл ичинде эки кыздын боюна бүтүрөт. Партиялык чогулуштан жүрөгү калган неме, болгон аракетти кылып, эки чатакты эптеп басат. Ушундан кийин кыздарга көз артпай турган болуп, эми кыздар менен эмес, келиндер менен мамиле күтүүгө өтөт. Кийинчерээк пенсияга чыгып, карылыкка баш койгон учурда өзүнүн жоруктарын тели-теңтуштарына айтып берип, сейилбактарда эс алып, убакыт өткөрчү. Бир күнү борбордук сейилбактын отургучунда бою түз, башы гана бираз кыйшайып өлүп калган аны жакындары жарым күн бою издеп жүрүп араң табышты.



Сүйүүдөн тамган тамчылар
Эркек аялды анын өзүнө чейинки досторунан кызганат, аял эркекти өзүнөн кийинкилерге кызганат.
***
Сүйүү деле каймак май сыяктуу, канчалык муздак болсо, ошончолук жаңы болуп кала берет.
Марсель Ашар, француз драматургу
Сүйүү менен жалгашуунун ортосунда чоң айырма бар: жалгашуу ыңгайсыздыкты жок кылса, сүйүү аны жаратат.
***
Эркек менен аялдын ортосундагы жалгашуу - бул укмуш, эгер аял да, эркек да бири-бирине бап келсе.
Вуди Аллен, америкалык кинорежиссер, актер
Махабат майданында үч башка аял менен мамиле түзсөң болот: биринчисине үйлөнөсүң, экинчисин сүйөсүң, үчүнчүсүнө акча төлөйсүң. Мунун бардыгы бир эле аял болушу мүмкүн, анткени иштин баары акчадан башталат, анан сүйүп каласың, аягында үйлөнөсүң.
***
Идеалдуу аял, эмеле сиздин көзүңүзгө чөп салгандай сизге абдан берилип жана мээримдүү болот.
Саша Гитри, француз актеру

Он экинчи палата
Сегизинчи класста окуп жүргөндө, тишим ооруп райондук ооруканага жатып калдым. Палатада мен, бир кемпир, анан эки жаш келин бар. Келиндин бири биздин айылдык, бирок башка айылга турмушка чыккан, менден төрт эле жаш улуу.
Түн бир оокумда күлкүдөн, шыбырашкан үндөн ойгонуп кеттим. Биздин айылдык келин "күйөөм дегеле жанымды койбойт, кайната-кайненемден уялып өлмөй болдум, эртерээк эле сарайга бөлүнүп кетсек жакшы болот эле" десе, экинчиси "күйөөм мени алакачып кеткен, жашаганыбызга үч жыл болсо да балалуу бололекпиз. Экөөбүз чогуу жатканда ал "каалап берсең, экөөбүз тең каалаганда гана балалуу болобуз" дей берет. Мен аны сүйбөсөм, кантип каалайм?" деген үндөрдөн уйкум умачтай ачылды. "Ии де, күйөөгө тийгендер ушундай болот тура" деп ойлоп, тиги экөөнүн сүйлөшкөнүн таңаткыча тыңшап жаттым. Бул мен үчүн эркек-аялдын ортосундагы мамиле боюнча биринчи ликбез болду.
Эртеси баягы экөөнөн көз албай карайм. Өзүм да кызыктай болуп жүрөм. Дем алыш күнү алардын бири туугандарыныкына кетип, палатада үчөөбүз эле калдык. Түшкө маал берки кемпир башка палатадагы бирөө менен чай ичишкени кетип, мен бактардын арасына барып Асанбек Стамовдун "Нөшөрдөн кийин" деген китебин окуп, андагы сүйүүгө арбалып жүрөм. Бир топтон кийин палатага келип, эшикке колумду сунган боюнча тык токтодум. Палатадан шумдуктай үндөр чыгып, керебет кыйчылдап… Шарт бурулуп кетип баратып, коридордун аягындагы палатадан биздин кемпирдин чыны көтөрүп чыгып келатканын көрүп, буйдала түштүм. Эгер ал палатаны ачса, эмненин үстүнөн чыгат деген ой келди. Аны шап колдон алып, эшикке жетеледим.
- Эмне болуп кетти?
- Азыр… тигилер чыксын, анан киресиз. - Кемпир мага таңгала карап, бери басмак турсун, жоолуктан кулагын чыгарып коюп, эшикти тыңшап калды да:
- Ии-ий өлүксүздөр, кантишет ботом? - деп туруп калды.
Экөөбүз ээрчишип, бакка жөнөдүк. Кемпир мага ооруган жерлерин айтып наалып келатып, тигилер эсине түштүбү, "балам, биз да жаш болгонбуз" деп койду. Бир топтон кийин кара кийинген, мурутчан жигит сыртка чыкты эле, артынан чачы жазылган, халатынын боору бүчүлөнбөгөн биздин айылдык келин кошо чыгып, көздөрү жайнап, тигиге бирдемелерди аябай айтып келатат. Жигит оорукананын дарбазасына байланган атка шап минип, чылбырды кармап турган келинди эңкейип бетинен өптү да, атка камчы басып жүрүп кетти. Келин да, биз да аны көпкө узатып кала бердик…
Бурулча




  Сактансаңар, сакталасыңар

Сүйүүгө энчи жок
Эгер аял... болбосо
Гезит-журналдарды аңтарсаң, жалаң эле эркектердин интимдик жашоосу, денсоолугу жөнүндөгү маалыматтарды окуйсуң, аялдар жөнүндө маалымат негедир аз. Менин сиздерден сураарым, аял узак убакыт бою эркек менен катнашта болбосо эмне болот?
С.Жакыпбаева, Кант
Жооп: Жакшы болбойт. Биринчиден, мүнөзүңүзгө таасир берип, кырс болуп, көңүлүңүз чөгүңкү жүрөт. Ийкемдүү болалбай каласыз. Экинчиден, эркек менен катнашта болбосо, денсоолукка түздөн-түз таасир тийгизет, климакс эрте келет.
Кантип сактанам?
Күйөөгө кыз бойдон тийсең, бирок дароо эле балалуу болууну каалабасаң, сактаныш керек да. Биз билген ыкмалардын баарысы тең эле бала төрөгөн аялдарга ылайыкталган. Өз денсоолугуңа зыян келтирбей, күйөөңдүн да көңүлү калбагандай кылып бойго бүтүүдөн кантип сактанса болот?
К.Сурабалдиева, Ташкөмүр
Жооп: - Спиралдан башка дары, үч, төрт, алты айда бир сайылчу уколдордун көптөгөн түрлөрү бар. Бирок, дарыны же уколду өз каалаганыңыздай колдоно берсеңиз, денсоолукка зыян келиши мүмкүн. Ошондуктан жолдошуңуз менен жашаган алгачкы күндөрү эле поликлиникага барып, гинеколог менен кеңешип, абалыңызды ачык түшүндүрүп, ал кандай кеңеш берсе, ошону жасаган туура.
Түштөн ишке...
Мен күйөөм менен жатканда дайыма эле канааттана бербейм. Күйөөм дайыма эле "сен каалап атасыңбы?" деп сурай берет. Көңүлүн калтырбаш үчүн "ооба" деп коем. Ал өзү канааттанса эле болду, тескери карап жыргап уктап кетет. Же ары кетпей, же бери болбой көзүм чакчайып мен калам. Ушул абалды кантип түшүндүрсөм болот?
Н.Кулатбаева, Нарын
Жооп: - Күйөөңүздүн маанайын байкап туруп, сиз да алдынала даярданыңыз. Демейдегиден ачыгыраак болуп, анын күч-кубатын мактап, аны дайыма каалай турганыңызды, атургай түшүңүздө да ал сиз каалаган нерселерди жасаганын айтып бериңиз. Түш көрбөсөңүз деле сизди күйөөңүз кандай эркелетүүсүн кааласаңыз, ошону түшүңүз кылып айтып бериңиз. Мындай оюңуз күйөөңүзгө сөзсүз жагып, каалаганыңызды аткарарына ишене берсеңиз болот. Интимдик жашоого да маани берип, кыялдансаңыз, жашооңуз кызыктуу болот.
"Сүйөм" дебегени эмнеси?
Биз чоң сүйүү менен жаңы эле үйлөндүк. Үйлөнгүчө күйөөм мага "сүйөм" дегенди көп айтчу. Азыр ал сөздү мен көп айтып, күйөөм аз айтчу болду. Балким ал мени сүйбөй баратабы деп ойлочу болдум. Кеңеш берсеңиз?
А.Караталова, Бишкек
Жооп: - Бул, үйлөнгөндөн кийинки кадимки эле көрүнүш. Сиз чочубаңыз, күйөөңүз сизди сүйөт. Эркектин психологиясы ушундай, бир жолу далилдегенин кайра кайталагысы келбейт. Бирок ал сүйгөнүн сөз менен эмес, кылган мамилеси, кам көргөнү менен көрсөткүсү келет. Кыйнасаңыз, күнүгө эле "сүйөм" деши мүмкүн, бирок сизге ушу керекпи? Андан көрө сизге кылган мамилесине көбүрөөк көңүл буруңуз.